![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек АТАМБАЕВ: "Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат" Бирок Бекназаров менен Сариевдин сөзү таптакыр башка нерсе, документтерди жок кылуу, каякадыр кетип аткан акчаларды эч кимге көрсөтпөө тууралуу болуп атпайбы? Кээ бирөөлөр Атамбаев шайлоого даярдана баштады дешет. Атамбаевдин дегеле шайлоого барайын деген ою жок. Атамбаев Роза Отунбаевга экономиканы көтөрүүгө жардам бергиси гана келет. Бирок Атамбаев прокуратурадагы бир кожоюндун ордуна экинчи бир ко-жоюн келишин каалабайт. Ошондуктан, мен Роза Исаковнага бир чечимге келбесеңиз болбойт деп айттым. Сыртыбыздан ынтымактуудай түр көргөзүп, калк бизге ишенип калды дегендей эл мал эмес да. Элди мал деп ойлогондорго мен таң калам . Элибиз мал болсо бизде эки жолу революция болот беле? ...Кыргызстандын келечегин ойлоп отуруп кээде коркуп кетчү болдум. Бир күнү менин жаагымды жап кылып коюлары мүмкүн. Эртең менен Дүйшөбаев мага доложит этип, "киши өлтүрүүгө адистешкен үч киши эмне себептен качканын биз билебиз, этият болуңуз", - дейт. - Демек, тиги кишилердин качканы кокусунан эмес экен да? - Куралсыз кишилер капыстан кантип качып кетсин? Алар кимдир -бирөөлөр тарабынан атайылап качырылган. - Сиздин кесиптештериңиздин бул чыр боюнча пикирлери кандай? - Мага азыр эле Өмүке(Текебаев) дагы чалды . Сүйлөшөлүчү дейт. Мен азырынча убактым болбой жатат дедим. Кесиптештеримдин көбү айтпай эле коёлучу дешет. Эмнеге айтпашыбыз керек? Эртең Атамбаев жок болуп калса эл эчтеке билбей, манкурт бойдон калат экен да? Эмне үчүн биз маселени тымызын чечишибиз керек? Эмне үчүн элден жашырабыз? Анда биз мамлекет болбойбуз да. - Азимбек Бекназаровду кандай көз караштан улам күч органдарынын үстүнөн куратор кылып бекиткенсиздер? - Азимбек Анаркулович 7-апрелге чейин таптакыр башкача киши болчу. Чынын айтайын, мен аны тааныбай жатам... - Роза Отунбаева бир чечимге келиши керек деген сөзүңүздү кандай түшүнсөк болот? - Роза Исаковна биздин Президент. Декрет менен болобу, бир чечимге келиши керек. Эгер эл өкмөттө ушундай башаламандык өкүм сүрүп, калайык калкты алдоого аракеттер болуп атканын көрчү болсо референдум нормалдуу өтөөрүнө көзүм жетпейт. Роза Исаковна Президент катары өзүнө жоопкерчиликти алышы керек. Ал ошол эле Башкы прокурорду кылмыш ишин козгоого мажбурлап, эгер Атамбев күнөөлүү болсо каматууга тийиш. Мен бүт өмүр бою отурганга да даярмын. Кечээ эле интернет сайттарга Бекназаров менен Бектур Асановдун сүйлөшкөн сөздөрү жарыяланып кетти (мындайдын дагы далайы чыгат). Бекназаров ачык эле менин тилимди албагандардын баарынын үстүнөн кылмыш ишин козгойм дейт. Бул эмнени каңкуулайт? Акча рэкети аз келгенсип, эми кадрдык рэкет жасап атат. Бул боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алынышы керек да. Же мен өз тарапкерлеримди чакырып, прокуратурада отурган "досторду" сыртка кууп чыгышым керекпи? Эртең мындан да курчураак фактылар калкып чыгат. Мен тим эле төбө чачты тик тургузган нерселерди билем. Кыргызстанда болуп аткан быкы-чыкыларды дүйнөнүн бүт чалгындоо кызматтары угуп турушат. Анан уккандарын акырындан чыгара беришет. Кыргыздын бир жакшы сөзү бар: -"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат", - деген. - Мындай чыр-чатактар Кыргызстандын тышкы кадыр-баркына залакасын тийгизбейби? - Кыргызстанда кайсыл мамлекет менен болбосун иштешүүнүн рычагдары бар. Муну Казакстандын мисалынан эле көрдүңүздөр. Биз өз көзүрүбүздү көргөзөөр замат алар дароо чек араны ачышты. Керек болсо башка көзүрүбүздү деле көргөзөбүз. - Сиздин сунушуңүз кандай, Бекназаров менен Сариевди кызматтан четтетүү керек дейсизби? - Мен кызматынан кетсин дебейм. Мен соттук териштирүү жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну сунуштап атам. Балким мен күнөөлүүдүрмүн, чындап эле 400 миң доллар пара алгандырмын? Кеп ушул жөнүндө болуп атат. - Бул маселени Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү өзүңүздөрчө талкуулап көрдүңүздөрбү? - Мен ачык айтайын, өкмөттүн отурумдарында бул маселени эки-үч жолу көтөргөм. Ошол эле Сариевге сен саботаж менен шугулданып атасың деп айткам. Азыр саботаж кылган болбойт. Тескерисинче, эл ар бир жума сайын жакшы жагына өзгөрүүлөр болуп атканын көрүшү керек. Жумгалда, Ак-Талаада, Баткенде жолдорду эчак оңдоого киришиш керек болчу. Бекназаров "Атамбаев менин прокурорлорумду чакырып атат" дегенде мен ага да айткам. Биринчиден, бул сенин жеке менчигиң эмес. Экинчиден, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча комиссиянын төрагасы, төрайымдын биринчи орун басары катары менин иш үчүн керек болсо баарын чакырганга укугум бар. Маевкадагы иш боюнча башкы прокурорду чакырсам, Бекназаров аны атайылап Ысык-Көлгө жиберип ийиптир. Мен түшүндүм да, ал жактан сүйлөшкөндөн эч натыйжа чыкпайт. Баары эле жабылуу аяк жабылуу бойдон калышын каалашат экен. - Убактылуу Өкмөттө биримдик жок болсо, Сиздин мындан аркы кадамдарыңыз кандай болот? - Эми мындай да. Үч киши чогулса деле биримдик болбойт. Бирок Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Роза Отунбаеваны колдоп жатат. Биримдик жок болгон менен көпчүлүгү бир. Өлкөбүз үчүн таза, ак ниет иштеп берсек дешет. Эки- үч адам өз оюндарын жүргүзүп жатканы - бул өкмөттө жалпы максат жок дегенди билдирбейт. Ал эми менин жеке кадамым жөнүндө болсо, мен иштеп атам, иштешим керек. - Президенттик, парламенттик шайлоого барбайм дедиңиз, эмне үчүн мындай чечимге келдиңиз? - Биринчиден, президенттик шайлоо бир жарым жылдан кийин болот. Алдыдагы референдумда биз Роза Исаковнаны шайлабасак ит эле болобуз. Баарыбыз чуркап беребиз, Роза Исаковнаны шайлайбыз. Парламенттик шайлоого, албетте, партия катышат. А мен катышпайм. Анткени, жок дегенде жаңы өкмөт келгенче беш ай болсо дагы тажрыйбамды, Кыргызстанды бат эле көтөрсө болоорун көрсөтүп коёюн деп жатам. Жазып алган Мамат Сабыров, "Кыргыз Туусу" Финансы министринин милдетин аткаруучу Темир САРИЕВ: "Мамлекеттик бюджетти каржы министри өзгөртө албайт" Убактылуу Өмөттүн жетекчиси Р. Отунбаева бул чечим коллегиалдуу түрдө кабыл алынып, бөлүнгөн каражаттар Өкмөттүн көзөмөлү алдында максаттуу сарпталгандыгын бир нече ирет тастыктаган. Убактылуу Өкмөттүн аппарат жетекчиси Э. Каптагаев да бул маселе боюнча бардыгын тактаган оюн айткан. Үстүбүздөгү жылдын 12-14-май күндөрү чындыгында эле өтө оор кыр-даал түзүлгөн болчу. Эң башкысы, ба- киевчилердин реванш алуусуна, өлкөнүн түштүгүндө кан төгүлүүгө алып келишине жол бербөөсүнө чечкиндүү чараларды көрүү керек эле. Ушундай шартта каржы тармагына жооптуу адам катары мага атайын операцияны каржылоонун булагын таап, каражат бөлүү тапшырылды. Түшүнүктүү себептерден улам мунун баары жашыруун кырдаалда жасалган. Бул ишке укук коргоо органдары тарабынан айрым банктардын үкөктөрүнөн алынган мурдагы президент К. Бакиевдин тегерегиндеги адамдар каткан акчаларды жумшоону туура таптык. Бул акчалар банк үкөктөрүнөн тийиштүү органдар тарабынан козголгон кылмыш иштеринин алкагында атайын түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусу менен алынгандыгын жана каржы министрлигинин кызматкерине жооптуу сактоого өткөрүлгөндүгүн тастыктаган актылар бар. Бул максатка бюджеттен бир тыйын да жумшалбагандыгын өзгөчө баса белгилегим келет. Бүгүнкү күнгө карата бул каражаттардын баары сарпталган жок жана капыстан түзүлө калган кырдаалда пайдалануу үчүн сакталып турат. Албетте, кийинчерээк сот тарабынан бул акчалар банк үкөктөрүнөн алынышы мыйзамсыз деп табылса, анда алар өлкөнүн бюджетине өткөрүлөт. Менин А. Бекназаров менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүм мына ушул каражаттардын бөлүнүшүн жана сарпталышын документ түрүндө мыйзамдаштырууга байланыштуу болгон. Айтмакчы, бул сүйлөшүүнүн аудио каражаттары аркылуу берилишинде монтаждоонун элементтери бар. Айрым бир сүйлөмдөрдүн жалпы контексттен жулунуп алынышы сүйлөшүүнүн маанисин өзгөртүп койгон. Баса, өзүнүн биринчи басма сөз жыйынында Атамбаев бул акчалар тууралуу эч нерсе билбейм деген, ал эми өкмөттүн токтомундагы өз колун көргөндөн кийин башкача сүйлөй баштады. Эгерде Атамбаев өзү УӨ отурумдарына катышпай, кабыл алынган чечимдердин, анын ичинде өзү кол койгон токтомдордун аткарылышына көз салууга жетише албай жатса, бул улам-улам басма сөз жыйынын өткөрүп, эч нерсе менен бекемделбеген айыптарды тагууга шылтоо боло албайт эмеспи. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети мыйзам аркылуу кабыл алынаары жана ага эч ким, жада калса министр да өз каалаганындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акысы жок экендиги баарына белгилүү. Ошондуктан каржы министрлиги кайда, качан жана канча акча бөлүү керектиги көрсөтүлгөн мыйзамдын беренелерине негизделген план менен иштейт. Мен бюджетти аткаруу саясаты сыяктуу эле кадр саясаты да ачык жүргүзүлүп, ал өлкөнүн жарандарынын көз алдында экендигин бир нече жолу билдиргем. Мына ушундай шарттарда Каржы министрлиги Сариевдин "жеке чарбасы" боло алабы? Бир чоң министрликти бир адамдын кызыкчылыгына иштейт деп курулай айыптоо - чоң саясатчы үчүн татыксыз жорук. Айтмакчы, Каржы министрлигинде көп жылдардан бери иштешкен адамдар буга окшогон айыптоо эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болгондугун мага айтышты. Атамбаев мырза мени Өнүктүрүү фонду боюнча позициям үчүн бир нече жолу сындап келди. Ал мени колдо бар акчаны өлкөнүн керектөөсү үчүн жумшай албагандыгыбыз үчүн айыптайт. Мен бул тууралуу мурда да айткан элем, дагы бир жолу кайталап коёюн. Ооба, Өнүктүрүү фондусу боюнча биздин позицияларыбыз эки башка. Атамбаев бул фондуну жоюу керек деп эсептеп, ушундай демилгени көтөрүп чыкты. Ал эми мен болсо Өнүктүрүү фондун Өнүктүрүү банкы кылып кайра түзүүнү сунуш кылгам. Өлкөбүзгө инфратүзүмдү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылаган жана республикада ишкердиктин өнүгүшүнө көмөктөшкөн каржы түзүмү керек. Мунун баары ачык-айкындуулуктун шартында иш билгилик менен турмушка ашырылышы керек болчу. Ал эми бүгүн кандай болууда? Фондду жоюу процесси башталды. Банкроттуулук жөнүндө мыйзамга ылайык, белгилүү бир мезгилге чейин Фонддун эсебиндеги акчаларды пайдаланууга болбойт. Андан тышкары, ушул күндө Фонддун милдеттемелерин ким аткараары али белгисиз. Бул Фонддун эсептеринде Россия мамлекети берген кредиттик каражаттар сакталган. Бул каражаттарга көпчүлүктүн көөнү бурулган жана алар боюнча төлөмдөрдү ишке ашыруу керек болчу. Эгерде Өнүктүрүү фондуна бул акчалар Фонддун башкы кредитору болуп эсептелген Каржы министрлигинен келип түшкөндүгүн эске алсак, кандай болгон күндө да ал акчалар Өкмөттүн эсебине кайтарылышы керек. Бирок, Атамбаевдин демилгеси менен акчалар Өнүктүрүү фондунан Резерв фондусуна которулуп коюлган. Эми бул каражаттарды ким, кандай шарттарда жана канчалык өлчөмдө пайдалана ала тургандыгы белгисиз. Жыйынтыгында акча бар болгону менен аны пайдаланууга келгенде чоң көйгөйлөр пайда болду. Инфратүзүмдүк долбоорлор каржыланбай, жолдор оңдолбой турат, бюджет тартыштыгын жабууга мүмкүнчүлүк жок. Эмне үчүн мындай болууда деген суроо туулат. Өнүктүрүү фондусуна байланыштуу маселени биз ар тараптан карап, негиздүү чечишибиз керек. Жазып алган Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||