28.05.10
  Өкмөт жыйыны

Өкмөттүн 27-майда өткөн жыйынында өлкөдөгү
саясый жана экономикалык процесстерге тиешелүү сегиз маселе күн тартибине коюлду.
Аларды талкуулоонун жүрүшүндө алдыдагы референдумду өткөрүүдө бир катар проблемалар бар экендиги, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер аянттары мурдагы
президент К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө мыйзамсыз берилип кеткендиги, мамлекеттик жөлөкпулдарды таратууда "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы тарабынан кызмат акысы жогору болуп жаткандыгы, профсоюздарга тиешелүү мүлктөр да мыйзамсыз
менчиктештирилип жеке колдорго өтүп
кеткендиги маалым болду.

Референдум, К.Бакиевдердин мүлктөрү,
Дооронбек Садырбаевдин ысымын калтыруу...

Референдум жөнүндө Убактылуу Өкмөттүн Декретине кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча баяндама жасаган УӨнүн төрайымынын орун басары Ө.Текебаев алдыдагы референдум жай мезгилине туш келгендиктен уюштуруу иштеринде бир топ проблемалар боло тургандыгын айтты. Анткени азыр добуш берүүгө укуктуу жарандардын саны 2 миллион 2 жүз миң деп эсептелинсе да, алардын 25%ы эмгек мигранттары катары чет өлкөлөрдө жүрүшөт, дагы ошончосу туруктуу катталган калктуу конуштарда жашашпайт. Башкача айтканда ички мигранттар. Ошондуктан бул жолу тизмелерди тактоо көп кыйынчылыктарды жаратмакчы.
Ө.Текебаевдин сунушу боюнча ар бир үй-бүлөгө үй-бүлө мүчөлөрүнүн курамы, алардын катталган жери жана иш жүзүндө жашап жаткан жери жөнүндө бланктар таратылып берилмекчи. Ошентип эки тизме түзүлөт. Бири негизги тизме болсо, экинчисине катталган жеринде жашабаган жарандардын аты-жөндөрү киргизилмекчи. Бул тизмелердин сапатын жакшыртууга мүмкүндүк бермекчи. Сунуш өкмөт мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды.
Дагы бир көтөрүлгөн маселе добуш берүү учурунда коопсуздукту камсыздоо жөнүндө болду. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө акы төлөп берүү маселеси да көтөрүлдү. Анткени, Ө.Текебаевдин айтуусу боюнча, азыр Борборшайлоокомдун эки мүчөсү иштөөдөн баш тартып жатышат. Жергиликтүү комиссиялардын мүчөлөрүнүн арасында да мындай көрүнүштөр кезигиши мүмкүн.
Убактылуу Өкмөт "Айнаш Компани" ЖЧКсынын объектисин, "Солнышко" пансионатынын жер участокторун жана объектилерин улутташтыруу жөнүндө декрет кабыл алды. Төрайымдын орун басары А. Бекназаровдун маалыматы боюнча бул объектилер мурдагы президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө менчик укугунда таандык болгон. "Айнаш Компани" "Ысык-Көл-Аврора" пансионаты менен келишим түзүп, "Кескен-Сеңир" туристтик комплексин куруу үчүн 1,5 га жерди 49 жылга ижарага алган. Эми ал жердеги курулуш 90 пайызга курулуп калган. А.Бекназаровдун айтуусунда ал келишим мыйзамдарды бузуу менен түзүлгөн. Жогоруда аталган объектилер да мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталган. Эми ошол объектилер мамлекетке алынып, айрымдарынын курулуштарын аяктоо, башкаларын башкаруу боюнча укук Мамлекеттик мүлк министрлигине берилмекчи. А.Бекназаров мыйзам бузууга жол беришкен бардык кызмат адамдары жоопкерчиликке тартыла тургандыгын да билдирди.
Финансы министринин милдетин атка-руучу Т.Сариев мамлекеттин менчигине өтүп жаткан жер участоктору менен объектилерди мындан ары пайдалануу боюнча механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
Кыргыз армиясын формалуу кийимдер менен камсыз кылуу буга чейинки мыйзамдарга ылайык тендер өткөрүлүү менен жүргүзүлүүчү. Коргоо министринин милдетин аткаруучу И.Исаков мындай практиканын натыйжасында айрым фирмалар баалары арзан болгондуктан жеңип кетип, натыйжада министрликтин өзүнүн ишканалары заказсыз калып жатышканын айтты. Алардын тиккен кийимдеринин сапаттары талаптарга толук жооп бербейт. Ошондуктан мындай заказдарды министрликтин ишканаларына жайгаштыруу зарыл. Бул боюнча да тиешелүү чечим бир добуштан колдоого алынды.
Аракеттеги көрсөтмөгө ылайык, жөлөкпулдарды алуучуларга жеткирип берүүдө "Кыргыз почтасы" АКсы сумманын 2,6 пайызы өлчөмүндө кызмат акы алуучу экен. Өкмөткө караштуу Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиги аны 2,1 пайызга
чейин төмөндөткөн. Ошол эле учурда ведомстволук көрсөтмөгө ылайык, агенттик жөлөкпулдардын таратылышын жылына бир жолу гана текшере алат. Бул айрым тартип бузууларга жол берген. Ошондуктан УӨнүн мүчөлөрү ведомстволук көрсөтмөгө бул текшерүүлөрдү ай сайын жүргүзүүгө уруксат берген өзгөртүүнү киргизүү чечимин кабыл алышты.
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоочу фонддун каражаттарын бөлүштүрүүчү ыйгарымдуу орган жөнүндө маселени кароодо республикалык профсоюз уюмуна тиешелүү объектилердин мыйзамсыз менчиктештирилиши боюнча өкмөт мүчөлөрү тарабынан профсоюздар федерациясынын төрагасы К.Осмоновго көптөгөн дооматтар коюлду. Ошондой эле профсоюздук акысыз жана жеңилдетилген баалардагы эс алуу жолдомолорун апрелдеги митингдер убагында каза болушкандардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жаракат алышкандарга берүү сунушу айтылды. Бул сунуш да бир добуштан колдоого алынды.
Күн тартибиндеги дагы бир маселе - Кыргыз Республикасынын эл артисти Дооронбек Садырбаевдин ысымын "Кыргызтелефильм" студиясына берүү жөнүндө болду. Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү бул маселеде бирдей пикирде болушуп, А.Бекназаровдун маркум Д.Садырбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү сунушун да колдошту. Мындай сунуш 2006-жылы парламент депутаттары тарабынан көтөрүлүп, бирок ал кездеги президент К.Бакиев тарабынан эске алынган эмес. Эми бул боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн ал сунуш Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги президенти Роза Отунбаевага берилди.
Азимбек Бекназаров 28-майда Д.Садырбаевдин элесин эскерүү иш-чарасы Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, 29-майда ушундай эле иш-чара Ош шаарында өткөрүлө тургандыгын билдирди. 30-майда Д.Садырбаев туулган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда анын эстелигин ачуу аземи өткөрүлөт.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу".
Сүрөттөрүн тарткан С.АЙЫЛЧИЕВ




Ар бир үй-бүлөгө анкета таратылат
Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен селектордук кеңешме өткөрдү.
Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө референдумдун азыркы мезгилде Кыргызстандагы эң маанилүү саясый окуя экендигин белгиледи. Анын пикири боюнча ички жана тышкы миграцияга байланыштуу шайлоочулардын тизмесин түзүү референдум өткөрүүдөгү негизги кыйынчылыктардан болуп калмакчы.
Мына ушуга байланыштуу шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жүрүшүндө ар бир үй-бүлөгө анкета таратылып, үй ээси добуш берүүчү үй-бүлө мүчөлөрүнүн кайда жүргөндүгү жөнүндө маалымат бермекчи.
Анын айтымында, жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформанын маңызы тууралуу калк арасында кеңири алкакта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү - референдум өткөрүү боюнча мамлекеттин башкы милдеттеринин бири. Ошондой эле Теке-баев референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча тогуз мобилдүү топтун түзүлгөндүгүн маалымдады.
М.АЛАГУШЕВ




Инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт
27-майда Кожомкул атындагы спорт ордосунда BishkekBuild курулуш жана Power Kyrgyzstan энергетикалык көргөзмөлөрүнүн ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземинде сүйлөгөн сөзүндө Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Т.Сариев жыл сайын бул өңдүү көргөзмөлөрдү өткөрүү курулуш тармагынын өсүшүнө жана инвестицияларды тартуунун мүмкүнчүлүгүнүн арбышына далил болуп жаткандыгын белгиледи. Ал эми энергетикалык комплекске арналган көргөзмөнү өткөрүү - бүгүнкү күндөгү актуалдуу жана учурдун талабына жооп берүүчү көрүнүш.
"ITECA-Ala-Тоо" кыргыз көргөзмө компаниясынын директору В.Линовицкий көргөзмөнү өткөрүүгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн Убактылуу Өкмөткө ыраазычылыгын билдирип, өткөн жылга салыштырмалуу көргөзмөгө катышкан компаниялардын саны 14 пайызга көбөйгөндүгүн белгиледи. Көргөзмөгө Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан жана Түр-киядан 51 компания катышууда.
Р.ЖЕТИГЕНОВ