![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Азыр абал оор. Ушундай учурдан пайдаланып, ар кандай жолдор менен бийликти колго алсак деген адамдар болсо, өтө жаңылышат. Азыркы учурда бийлик үчүн дагы бир тополоң болуп кетсе, өлкөдө эмне болуп кетээрин элестетүү кыйын. Азыркы абалда элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, мамлекетибиздин бекемдүүлүгү үчүн Кыргызстандын бүт эли акыл-эсти бир жерге топтоп, дүйнө жүзүн таң калтыргандай болуп туруп, алдыда боло турган шайлоону демократиялык жол менен өткөрүү негизги милдет болуп турат. Добушуңарды уурдатпагыла! Мен карыя катары, эски партиялык кызматкер катары ар түрдүү саясый кыймылдарга, партияларга, алардын жетекчилерине айтар элем - Кыргызстанды гүлдөгөн, өнүккөн таза өлкөгө айландырууга багыттал-ган кыска жана узун мөөнөттөгү программаларыңарды бүткүл элге жеткиргиле, түшүндүргүлө, ынандыргыла. Ошондо кайсы партияга добуш берерин эл өзү эле тандап алат. Убактылуу Өкмөттүн декретинин негизинде өлкөнүн президентин шайлоо бир жарым жылдан кийин өтө турган болду. Буга да акча менен эмес, акыл менен, алдыдагы программалардын терең маанилүүлүгү менен аракетиңерди кыла бергиле. Ушундай ак жол менен бийликке келишиңерди мен каалайт элем. Мен карыя катары силерден өтө суранат элем, участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнөн баштап мамлекеттик шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө чейин "кара кылды как жарган" калыстык менен иштеп бергилечи, күнүмдүк турмушту ойлоп, тыйын-тыпырга сатылбагылачы, бир адамдын добушун да бурмалабагылачы? Өлкөнүн азыркыдай оор абалда калышына шайлоолордун туура эмес, бузулуп өткөрүлгөнү дагы себеп болду. Элди ойло, өзүңдү ойло, эртеңки келечекти ойлоп, алдыдагы шайлоолорду так өткөрүп бергилечи! Кыргызстандын ар бир шайлоочусуна айтар элем, эл үчүн, мамлекет үчүн ак кызмат кыла турган адамдарга добушуңарды бергилечи, күнүмдүк оокат үчүн алданбай, өзүңдүн, балдарыңдын жана мамлекеттин эртеңки күнү үчүн добушуңду бер! Бүгүн саткан добушуң, - балдарыңдын, өзүңдүн жана элдин шору. Сатылган добуштардын натыйжасын көрдүңөр го! Корчубек АКНАЗАРОВ, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, республикага өзгөчө эмгек сиңирген ардагер Адам эсиргенде, байлыкка, мансапка чиренгенде "бирди" көрөт деген сөз туура экен. Өткөндө Каракол шаарындагы мурдагы "МИР" театрында эл менен жолугушуу болуп, мурдагы мүлк министри Т.Турдумамбетов келди. "Жерди бүт саттыңар, эми эмнени сатасыңар?" деген бир адамдын суроосуна Т.Турдумамбетов өйдө туруп, колун кесеп: "Эми сени сатабыз", - деп жооп берди. Эл жерге түкүрдү. Ушундан улам суроо туулат, эмне үчүн Т.Турдумамбетов жоопко тартылган жок? Ал адам он беш жыл ичинде элдин мүлкүн сатып, өзүнө сиңирип, мурдагы бийликке берип бүттү го?! Турдумамбетов "эми сени сатабыз" деген Мурун, кийин иштеген жетекчилерден дагы түз, таза маданияттуу иштегендери бар. Баарын эле жаман, начар деп айта берсек кудай жакшы көрөбү?! Муну кылдат кароо зарыл. Тагдыр деген оюнчук эмес. Тагдырдын ташына кимдер туш келбеген. "Мамлекеттик машина" козголгондо, бир адамга каршы турганда жалгыз адам туруштук бере албайт тура. Канчалагандар өз учурунда күйгөн. Алардын баарын эле иштен алууга болобу? Абийир деле жол бербейт го. Азыркы тапта жер-жерлерде "Ата Мекендин" мүчөсүмүн, СДПКнын мүчөсүмүн деп эле белгисиз адамдар ура-ураа менен келишип, ар кандай кызматта отурушат. Татыктуусуна эч ким каршылык кылбайт, убактылуу болсо дагы отура беришсин. Бирок, алар эмне иш аткарып жатат, кеп ошондо болуп жатпайбы. Эл ишенчи аткарылдыбы? Элге керектүү иш жасалдыбы? деген суроо туулат экен. 6-7-апрелден кийин Каракол шаарынын мэрлигине К.Абдуба-лиев аттуу жигит отурду. Мен ал бала жөнүндө сиздерге эч нерсе айтпаймын. Өзүңүздөр эле убакыт таап баарлашып көргүлөчү. Мурдагы мэр Н.Т.Алиев иштеп турганда шаар бир топ эле оңолуп калган болчу. Ал бала деле (Н.Алиев) 1967-жылы туулган, жаш, келечеги бар, маданияттуу, билимдүү, өтө жөнөкөй, ишти уюштура билген, бюджетти түшүнгөн жетекчи болчу. Шаар эли ал эмне себептен кетти деген суроого жооп таба албай отурат. Мурдагы вице-спикер К.С.Исабековдун Жети-Өгүз элине колдоо көрсөтүп, "Кумтөр" боюнча ж.б. аткарган ишин көл эли билет. Ушундай атуулдар эмне себептен ишке тартылбайт. Эгерде К.С.Исабеков облуска келгенде убактылуу болсо дагы көп иштер аткарылмак, шайлоолор ийгиликтүү өтмөк. Андай адамдар менен көл эли сыймыктанат. Мен өзүм "Ак Жол" партиясына мүчө болгон эмесмин. Кудай буюрса "Ак шумкар" партиясына кирүүгө, ал партияга кызмат кылууга үмүтүм бар. Алдыдагы шайлоодо "Ак шумкар" үчүн таза, так, адилет иш алып барамын деген үмүттөмүн. Э.БАРЫКТАБАСОВ, Каракол шаары Элдик өкмөт угар бекен? Согуш чыкканга чейин Чоң Чүй каналын казууда иштеп, 1942-жылдын май айында 19 жашымда аскерге кеттим. Согушка бир тууган агам Куттубай экөөбүз бирге аттанып, тагдырдын буйругу экен, агам кан күйгөн майданга жөнөп, мени болсо Сибирге жумушчу батальонуна жиберишти. Кузбасс көмүр бассейнине келип, "Молотовуголь" трестинин №4 шахтасында иштедик. Жаныбызда темирди эритип, танк чыгарган завод бар болчу. Биз ошону отун менен камсыз кылчубуз. Ал кезде шахтанын жумуш шарты адам чыдагыс абалда эле. Жашаган барактарыбыздын ичи суук, тамак-аш жетишсиз. Эсимде, чириген картошка менен малга берчү тоютту жээр элек. Ар күнү эртең менен турганда ар бир барактан 7-8 киши зыңкыйып өлүп калаар эле. Ордуна жаңы толуктоолор келип турчу. Бир жолу мындан көрө майданга кетели деп "бунт" чыгардык.Шахтанын начальниги майданга сурангандардын бардыгын чогултуп алып, түшүндүрүү иштерин өткөрдү. Аскердик белетибизди чогултуп алып, брон берип коюшту. Ушундай катаал шарттарда иштеп жүрүп, Жеңиш майрамын шахтыда тостук. 1945-жылы июль айында жер астынан көмүр казып жатканда топурак урап кетип басып калды. Төрт айдан ашуун госпиталда жатып дарылангандан кийин экинчи топтогу майып деп таап, үйгө кетүүгө уруксат беришти.Ошентип, кырчындай төрт жыл өмүрүмдү Мекен үчүн арнап келдим... Атадан балага мурас болуп тиккен бак калат, салган тамың калат эмеспи.Мен картайып ары жакка жакындаган сайын салган тамым, жашаган үйүм да жакындап баратат.Дегеним, 4-5 жылдын бери үйүмдүн пайдубалы сыртка тээп, жарака кетип, ылдыйлап чөгө баштады. Оңдогонго жараксыз, бузуп кайра салыш керек экен. Антүүгө менде дарман жок. Менин ушул муктаждыгымды туура түшүнүп, тиешелүү уюмдар жардам берип коюшаар беле... Дагы бир мүдөөм, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына, катышуучуларына ыйгарылган ат араба, автоунаа ж.б. жардамдар мага берилген жок. Буга чейин эч жерге арызданып барбадым, ал турмак эч кимге деле айткан жокмун. Эми алдан-күчтөн тайганда гана элдин үнүн элдик өкмөт угаар бекен деп кайрылып жатам. Сагын ТУРДУБАЕВ, согуштун ардагери, Москва району, Мураке айылы
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||