28.05.10
  Поэзия

Алыкул Осмонов сыйлыгынын лауреаты
Атантай АКБАРОВ:
"Бийлик-куш учат силер кармап алган,
Байлык-муз эрийт силер тайгаланган"

Атантай Акбаров кыргыз поэзиясынын 80-жылдарындагы муундун чыгаан акыны. Анын "Кудайдын ыры" аттуу жыйнагына Алыкул Осмонов жана Молдо Нияз атындагы адабий республикалык сыйлыктар ыйгарылган. Түркиянын Жалалиддин Руми атындагы сыйлыгынын ээси.
Анын тандалган ырлары кыргыз поэзиясынын жана түрк поэзиясынын антологияларына жарык көргөн, мектептин окуу программасына киргизилген. Мекенчил акын катары окурмандарга таанымал. Түбөлүктүү тема болгон сүйүү ырлары да жүрөккө жакын көркөм
боёкторго бай.
Акындын ырлары орус, украин, өзбек, казак, түрк ж.б. тилдерге которулган.
Атантай Акбаров калемдештеринен айрымаланып обончу катары угармандарга белгилүү. Анын "Өзүңдү сүйдүм" аттуу ыры казак, өзбек, азербайжан жана түрк өнөрпоздору тарабынан аткарылып, элдин жүрөгүнө жеткен ырлардан болду. Сөзүн да, обонун да өзү жараткан "Өмүр керемет", "Өзүңдү сүйдүм" ж.б. ырларын кыргыз эстрадасынын таланттуу ырчылары А.Иманалиева, А.Султанова,
Э.Кайып кызы, Д.Раимбекова, Р.Абдубалиева ж.б. элге тартуулап жүрүшөт. Т.Бектурганов, И.Аманбаев, К.Артыков, Ө.Козуев, К.Абдыкадыров сыяктуу обончулар анын ырларына обон жаратышкан.
А.Акбаров чебер публицист катары дагы окурмандар арасында
таанымал. Көп кырдуу талаттын ээси, калемдешибиз Атантай Акбаров учурда эр ортону элүү жашка кол берип турган учуру. Кутмандуу курагы менен куттуктап, чыгармачылык дагы далай ийгиликтерди жаратаарына жакшы тилек билдирип, Байдылда акын айтмакчы Атантайдын акын катары ашуудан берген ыр-отчетунан окурмандарга сунуш кылдык.
Редакциядан

Тирүү мекен
Биз көз жумган соң бир ууч топурак болуп-Атажурт менен бир бүтүндүккө айланабыз. Ал эми азыр-Улуу Жараткан бизге жадыраган жашоо, тикелей тирүүлүгүн ыроолоп, бир тамшаным өмүрдө башыбыздан ылдый бакты-таалайын төгүп турган тапта биз өзүбүздүн акыл-парасатыбыз, тили-жүзүбүз, ички кудуретибиз аркылуу Атажуртубуздун рух-кубатын ааламга чагылдырып, өз алдыбызча ойлоп турган, ошол ойлогонубузду төп келтире сүйлөп турган, мээнеттен дөөлөт жаратып, ырдап да, бийлеп турган, мезгил менен жолу улаш, түбөлүк менен ою улаш, баарына бий, баарына жооптуу - ТИРҮҮ МЕКЕН экенбиз. Мына ошол башыбызга конуп турган бармактай бактыбызды барктап, көз ирмемдик тирүүлүгүбүздү көздөп, көрктөп өтсөк дейм...


Тирүүлүктө
биз тирүүлөй
мекенбиз!
Тууган жерден түйүп алып топурак,
Ата-бабам жоону сүрүп келишкен.
Кан майданда каза тапса, дал ошол
Топуракты бейитине себишкен.

Мекен ошол-атаң, анан бабалар,
Ошон үчүн Ата Мекен аталган.
Мекен менен бир тагдырлаш, бир дене
Экениңди сен да туйгун, жаш адам.
Өмүр жолдун өрүн көздөй баратып,
Өзүбүз да көп байкабайт экенбиз.
Тизе бүкпөй баба салтты улаган
Тирүүлүктө биз тирүүлөй Мекенбиз.

Сыйыртмактай тоскоолдорду чарт үзүп,
Сыймык, даңкын көтөр, боорум,
Мекендин.
Жакшы ыр менен жакшы иштерге
өлүм жок,
Жашоону актап жарк этпесең бекерсиң.

Мээнет гана жасай алат дөөлөттү,
Жаның-элге, дениң-жерге карыздар.
Дооруң сатар, ишиң сатпайт, оо кандаш,
Мезгилиңде мезгилден күч агып кал.

Жер карасаң жексен болот Мекениң,
Жан жалп өчсө, ууч топурак экенбиз.
Тизе бүкпөй баба салтты улаган.
Тирүүлүктө биз тирүүлөй Мекенбиз!

Өлүм өксүп, өмүр аны бөктөрүп,
Муң азайса, Ата Журттун куту артар.
Түбөлүкккө Мекен даңкын көтөрүп,
Тирүү Мекен боло берсин урпактар!!!
Кыргыздын жылдызы өчкөн күнү жокмун!
Эки миң жылды бүгүн жуп өтүктөй
Бутума ойго батып кийип турам.
Кайкалайт үч миң жылдык калпагымдай,
Асманга бел курчоомдон кирип турам...

Октолуп күүлөйт мезгил дөңгөлөгүн,
Ойлосом кечээ гана төрөлгөмүн.
Антсе да Алмустакта жашагансыйм,
Абалкы Кыргыз Ата өңдөнөмүн.

Төрөлсө кыргыз чүрпө мен жашарып,
Көгөрсө кыргыз, кошо көгөрөмүн.
Кыргызды кыргыз чапса, мен кыйылып,
Кыргызды кыргыз атса, мен өлөмүн.

Бир көздүн агы менен карасындай
Кыргыздын бирге куурал-жыргалы да.
Ааламдын бар байлыгын тең койсо да,
Арзыбайт кыргызымдын тырмагына.

Модадан чыккан шымдай калат шылдар,
Эл ишин эрлер гана бүткөрүшөт.
Кыргызды кул кыламын деген кулдар
Кылычтай сабым тийип мүрт өлүшөт.

Булбулмун ырлар сунам бейпил чакта,
Кургурмун туудай турам кыйын тапта.
Ажалды мен бир силкип токтото алам,
Аз элим: "Өлбөй тур!" - деп милдет такса.

Кан кууруйт калпыс бассак акыл-сотум,
Калкымдын эртеңине-бүгүн жоопмун.
Кыш кылып миң кылымды кынайм, бирок,
Кыргыздын жылдызы өчкөн күнү жокмун!

Эки миң жылды бүгүн жуп өтүктөй
бутума ойго батып кийип турам.
Кайкалайт үч миң жылдык калпагымдай,
Асманга бел курчоомдон кирип турам...

Жараткан жана Атам
"Жараткан жазалайт!.." - деп айда
айтышат,
Кудайды Азезилге айлантышат.
Кимиңе айтты жаман сөздү Кудай?
Жөн жерден кимге каарын төктү Кудай?
Жок! Кудай кечет акыр күнөөлүүнү,
Жараткан үчүн Кудай күнөөлүбү?

Атам да түк эч кимге каты айтпаган,
Бир мүнөз жан болуучу, калп айтпаган,
Алпейим, бала кыял, момун эле.
Үйдөгү Теңир эле, сонун эле!..
Эч кимдин акысын жеп, көпкөн эмес,
Эч кимди капа кылып сөккөн эмес.

Аталар издейт кээде балдарынан
Өзүнө окшоштукту ар жагынан.
Атам да мени: "Мээрман сарым..." - дечү,
Мен үчүн баарын берчү, жанын берчү.
Көөдөнгө көп сөзү уюп, ыйман болчу,
Ал кептер көөнөрбөгөн мыйзам болчу.

Атамдын мен бир үзүм жаны өңдөнүп,
Кубанам, кечем кээде азаптарды.
Амандык, бакыт тилейм балдарыма,
Пендемин, кээде унутта калат баары.
Унутам өз башатым-атакемди,
Атүгүл ыйык башат-Жаратканды.
Атаке, өзүңө окшоп баласакмын,
Өзүмдү төрт балам деп төрт бөлөмүн.
Өзүңдү мен унутсам, асман ыйлап,
үн-сөзсүз жоктогонун көп көрөмүн.
Улуу Көк азыргаче аза күтүп,
Үстүнөн түшүрө элек көк көйнөгүн.

Атаке, а мен болсо бул жарыкка
Өзүңдү ал дүйнөдөн кайрый албай,
Былтыр жаап, кайра ээриген карды дагы
Кайрадан баштагыдай кар кыла албай,
Өзүмчө өзөк күйүп өрттөнөмүн,
Кечээ өткөн күндү, атүгүл бар кыла
албай...
Күнүмдүктүн
кулдарына
Көр дүйнө көзүңөрдү жаап калып,
"Пайдадан" башкага ой бөлбөйсүңөр.
Керемет сулуулукту көрбөйсүңөр,
Жашоого өгөйсүңөр, дөдөйсүңөр.

Кулсуңар креслого чөгөлөгөн,
Башчынын баскан изин өбөсүңөр.
Кызматы жоктор менен учурашпай,
Машаяк өзүңөрдү көрөсүңөр.
Салпылдап Силер өөдө чыгып алып,
Ылдыйга кыктап аткан каргалардай,
Адамдык сапатыңар калбай барат.
Бар билген "өнөрүңөр" алдап алмай...

Бийлик-куш учат Силер кармап алган,
Байлык-муз ээрийт Силер тайгаланган.
Ушакты артынан кууп, айдап алган...
Урдум мен, баарыңарды майдаланган!

Бамбук
Өз-өзүнчө дароо өспөйт бамбуктар,
Шашылышпайт шамалга бой кергенге.
Бек кармашкан кол өңдөнүп эң алгач
Тамырларын сүңгүтүшөт тереңге.

Жер алдында тамырлары алардын
Айкалышып, тордой болуп чырмашат.
Бир максаттуу улут окшоп бамбуктар,
Биримдиктин улуу ырын ырдашат.

Тамырлары жетилгенде тарсайып,
Асманга аткан фонтандардай зуулдап,
Ар күн сайын бир кулачтан өсөт да,
Токой болуп толкуп чыгат шуулдап.

Көралбастык, саткындык жок аларда,
Оо алардын жол-мыйзамы башкараак.
"Өзүм гана өссөм" деген ой болбойт,
Алар такыр бирин-бири таштабайт.

Тамыры да, тагдыры бир бамбуктар,
Биримдиктин символу окшоп турушар.
Адам туруп өсүмдүктөн бир өрнөк
Алса болот өсөм деген улуттар.

Динозаврлар жана кыргыздар
Динозаврлар баардыгы тең алп эле,
Жердин үстүн жеке бийлеп жатчы эле
Маани берип алар ойго алчу эмес,
Майда жандар сыйлаганын калп эле.

Алар билбей биримдиктин керегин,
Билбей зор күч жок экенин акылдан,
Бирөөсүнүн бирөөсү оюп карегин,
Чыгаандарын жайлай берди жашынан.

Акылдуусун азуулусу жей берсе,
Ушул дүйнөң ууга айланар, арман ов!..
Динозаврлар канча кыйын болсо да,
Жер үстүндө бирөө тирүү калган жок...

Эң байыркы эл болсо да Чыгышта,
Эшик-төрү көрүнгөнгө таланып,
Динозавр сыяктанып кыргыздын
Чыгаандары келет улам азайып.

Пайгамбарлар
баардыгы акын болушкан...
"Чыныгы акындар- пайгамбарлар".
(Пьер Леру-француз философу)
Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Ай-ааламдан асылдыкты чогулткан.
Өткөөл салып сүйүү менен ыймандан,
Акыйкаттан Кудайга жол согушкан.

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Азаттыктын улуу ырын созушкан.
Байлык, бийлик, алктын болгон курманы,
Адамзаттын бактысы үчүн оорушкан.

Кудай берген миссияны пир тутуп,
Алар дайым мезгилинен озушкан.
Өмүр-жашын узартсак деп адамдын,
Өз өмүрүн курман чалып коюшкан.

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан,
Мен да көктөн аян тыңшап келемин.
А пайгамбар болбой койгон себебим,
Ыйык жолго небак түшкөн элденмин.

Акындык не? Билгенге зор Ааламды
Алакандай жүрөгүңдөн өткөрүү.
Акын болуу-ар бир ырың аркылуу
Адамзатты бир тепкичке көтөрүү!..

Пайгамбарлар бардыгы акын болушкан...