![]() |
|
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Шаар башчы ой бөлүшөт Чүй облусунун батыш тарабында жайгашкан Кара-Балта шаары республикабыздагы ири шаарлардын катарына кирбегени менен өлкөбүз үчүн маанилүү өнөр жай ишканалары менен башка мамлекеттерге кеңири таанымал. Жалпы Чүй облусунун ишканалары өндүргөн өнөр жай продукцияларынын 73 пайызын Кара-Балта шаары берет. Учурда мында республикалык маанидеги 26 өнөр жай ишканалары үзгүлтүксүз иштеп, жылына 8 млрд. сомдук продукцияларды өндүрөт. "Аффинаж заводу" акционердик коомунда өндүрүлгөн алтын дүйнөлүк стандартка жооп берип, ал эл аралык соода уюмдарында өзгөчө бааланат. Уран калдыктарын иштетүүчү "Кара-Балта тоо кен комбинаты" акционердик коомунун да өзгөчө орду бар. "Имоту Энтерпрайз" ишканасы молибден өндүрүп, өнөктөштөрүнүн ишеничине ээ. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында калаанын кайратман эмгекчилери кандай экономикалык көрсөткүчтөрдү жаратты, тургундардын социалдык, маданий көйгөйлөрүнүн чечилиши, алдыда аткарылуучу милдеттер тууралуу Кара-Балта шаар башкармалыгынын башчысы Оомат Казакбаевдин макаласын окурмандарга сунуш кылабыз. Калкы кайратман Кара-Балта калаасы Тарыхтарды барактап Көрсөк, шаар макамы Кара-Балтага 1975-жылы берилген. Ал Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаары менен жашташ. Республиканын Министрлер Кеңешинин чечими менен шаар аймагына Кара-Балта, Кош-Тегирмен шаар тибиндеги кыштактарынын, Калинин айылынын, жанаша жайгашкан колхоз-совхоздордун жерлери кирип, калаа бардыгы 3152 гектар аянтты ээлейт. Шаар тогуз жолдун тоомунда жайгашкан. Эл аралык Ташкент-Бишкек-Алмата, Ош-Бишкек авто, Ташкент-Тараз-Бишкек-Балыкчы темир жолу да биздин шаарды аралап өтөт. Шаарда каттоодо тургандардын саны кырк эки миңге жетип, эли көп улуттуу. Эми төрт айдагы тармактар боюнча көрсөткүчтөргө токтолуп кетейин. Өнөр жайы Республикадагы кыйчалыш кыр-даалга карабастан, үзгүлтүксүз иштеди. Сөзүм куру болбосун десем айрым статистикалык маалыматтарга таянсам. Алсак, төрт айда шаардын ишканалары тарабынан чыгарылган продукциялардын көлөмү 12,509 млн. сомду түзүп, пландык көрсөткүч 109 пайызга аткарылган, 2009-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 262 пайызды түздү. Алтын аффинажын кошпогондо өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 757 млн. сомдон ашты. Жогорку көрсөткүчтөрдү жараткан ишканаларга кыргыз тоо кен комбинатын, "ЭТЗ" өндүрүштүк бирикмесин, Аффинаж заводун, "Ал-Суу-Алко" ЖЧКсын, "Кара-Балта килем" ак-ционердик коомун, "Имоту Энтерпрайз" акционердик коомун, "КЗСИ" ЖЧКсын жана башкаларды кошууга болот. Кара-Балта шаарындагы 1019 чарбалык-өндүрүштүк мекемелердин көпчүлүгү иштөө ыргагын басаңдаткан жок, бардыгы экономикалык-социалдык маселелерин чечүүгө аракеттеништи. Билим берүү Мекемелеринин бардык багыттар боюнча каржылоо үзгүлтүккө учураган жок. Шаар башкармалыгы жалаң мугалимдердин социалдык жардамына 62 миң сом, мектептердин коммуналдык кызматтарына, электр энергиясына, сууга, жылуулук үчүн 3,5 млн. сом чыгымдарын төлөп берди. Билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо, оңдоо иштерине кошумча 4,5 млн. сом бөлүп берүү каралды. Ошондой эле кошумча 1,5 млн. сомду күтүүсүз кыйчалыш кырдаалда мектептерге пайдалануу үчүн сактап турабыз. Спорт Маселесине шаар башкармалыгы дайыма өзгөчө мамиле кылат. Ушул өткөн төрт айда "Манас" спорт комплексинин жетекчилиги, спорттун түрлөрү боюнча федерацияларынын, эмгек жамааттарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында шаардын спорттук командалары аймактык, республикалык ири 33 спорттук иш-чараларды өткөрүшүп, ага үч миңге жакын ышкыбоздор катышты. Жергиликтүү бюджеттен спорттук эмеректерди алууга элүү миң сом, спортту өнүктүрүүгө 824 миң сом, Кара-Балта футболдук командасынын керектөөсүнө 10 миң сом бөлүнгөн. Маданият Тармагына байланышкан ишчаралар жыл башында Рождество майрамын өткөрүүдөн башталды. Шаардык маданият үйүндө белгилүү эстрада ырчылары, Абдымомунов атындагы Улуттук академиялык театрынын артисттеринин концерти шаардыктарга эстетикалык ырахат тартуулады. Маданияттын очогу болгон маданият үйүндө тематикалык салтанаттуу кечелер, викториналар, дискотекалар дайыма өткөрүлүп, ага катышуучулардын саны арбын. "Мисс Кара-Балта", "Жылдын мыкты мугалими - 2010", "Эне тил күнү" конкурстары жогорку уюшкандыкта өткөнүн белгилей кетүүм керек. Бул бардык маданий иш-чаралар шаар башкармалыгы тарабынан колдоого алынып, бул тармакка каражат бөлүү көп оорчулук туудурбайт. Турак жай коммуналдык чарбасы Өз ишмердүүлүгүн канчалык жогорку деңгээлде, талаптагыдай жүргүзсө шаардыктардын күндөлүк жашоо-турмушунун деңгээли ошончолук жогору болору шексиз. Бул маанилүү багытка үстүбүздөгү жылга жалпысынан 34,3 млн. сом жумшоо каралган. Себеби сүйүктүү шаарыбыздын ар бир жашоочусу таза, ыңгайлуу, жарык көчө менен басып, ысык, муздак суусу, электр энергиясы, газы үзгүлтүксүз берилген, канализация тармагы иштеген үйдө жашагысы келет. Көбүнчө шаар башкармалыгынын канааттандырарлык ишин коммуналдык кызматтын аракетине жараша баалашарын биз жакшы түшүнөбүз. Ошондуктан тазалоо, көрктөндүрүү жумуштарын аткарууга 1-майга чейин 3,5 млн. сом чыгымдалганы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Атайын түзүлгөн иш-планга ылайык шаардын айрым көчөлөрүн оңдоо, жарыктандыруу, таштанды төгүүчү жайды куруу, эки паркты жакшыртуу жумуштары ырааттуу жүргүзүлүп жатат. Соода-сатык, кафе, күркөлөрдү куруу үчүн ишкерлерге жер бөлүктөрүн берүү аукцион аркылуу жүргүзүлөт. Мында атайын долбоор менен курулуш жүргүзүүгө уруксат беребиз жана алар архитектуралык бардык суроо-талаптарды аткарууга тийиш. "Кара-Балта суу канал" муниципалдык ишканасынын адистеринин, жумушчуларынын ичүүчү суу тармагын такай оң абалда кармоого көргөн аракеттерине шаар тургундары ыраазы. Инвестиция-ларды тартуу Шаар тургундарына байланышкан көйгөйлөрдү четтетүүгө багытталып, бул жаатта жетишкендиктер арбын. Алсак, 2009-жылы шаардын төмөнкү бөлүгүн суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча чыгымы 29,5 млн. сомго бааланган долбоор аяктоо алдында. Ушул жылдын төрт айында "Мосдорстрой" ЖЧКсынын эмгек жамааты, 2600 метр аралыктагы суу түтүктөрүн, 3 суу бөлүштүрүүчү жайда насосторду алмаштырган, капиталдык оңдоодон өткөргөн. Жылдын экинчи жарымында шаардын ичүүчү суу тармагы ушул эле АРИС программасы тарабынан бөлүнгөн 28,1 млн. сом каражаты менен оңдолот, таштанды ташуучу, суу ташуучу машиналар, таштанды контейнерлери, экскаватор (11,3 млн. сом) сатылып алынат. Бул долбоорлорду колдоо иретинде бюджеттен 1,1 млн. сом бөлүнгөн. Курчап турган чөйрөнү коргоого багытталган суммасы 4,5 млн. сомдук эки долбоор жылдын экинчи жарымында ишке киргизилет. "Кара-Балта суу канал" муниципалдык ишканасына калдыктарды тазалоо жайларын оңдоого 1 млн. сом бөлүнүп, курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгы үч миллион сомго чейин каражат бөлүүнү чечти. Республиканын чыгыш күрөштөрү федерациясы шаарга баасы 215 миң сомдук спорттук буюмдарды белек кылып берди. Ушул жылдын февраль айынан баштап Кара-Балта окуу борборунда "Билим берүү программалары аркылуу ички мигранттарды со- циалдык, экономикалык интеграциялоо" долбоору иштей баштады. Бул долбоордун башкы максаты - ички мигранттардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган окууларды өткөрүү. Европа бирлиги мигранттардын бул окууларын уюштурууга, жардам алууга эки жыл ичинде 760 миң сом бөлүп берет. Немистердин окутуу ассоциациясы "Жаштар сергек жашоо үчүн" долбоору боюнча 2,900 еврону шаарга эки этап менен бөлүүнү чечти. Шаар башкармалыгы чет элдик инвестицияларды алуу үчүн өкмөттүк эмес уюмдарды, коомдук бирикмелерди активдүү тартууга дайыма шарт түзүп берет. Өздүк каражатыбыз чектелүү болгондуктан, жактырылган долбоорлорду чечүүгө муктаж багыттарга жумшоого кызыкдарбыз. Бюджеттин аткарылышы Төрт айда пландагыдан 2,4 млн. сомго кемип, салыктардын бардык түрүнөн 27,9 млн. сом топтолгон. Буга республикадагы туруксуз абал түздөн түз кедергисин тийгизди деп ачык айтууга болот. Эми абал өз калыбында, күнүгө төлөм каражаттары боюнча карыздарын жоюуга аракеттенгендердин катарлары өсүп баратканы кубандырат. Шаар боюнча 2009-жылы 78,6 млн. сом топтолуп, пландан тышкары 4,8 млн. сом жыйналган. Аткаруучу иш-пландарыбыз Шаардык кеңештин сессиясында бекитилген атайын программада даана аныкталган. Алардын орчундууларына токтолсом: Быйыл өндүрүлүүчү өнөр жай продукцияларынын көлөмүн 25,8 млрд. сомго жеткирүү, кошумча өнөр жай ишканаларын ачуу, куруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт тармактарын өрчүтүү, шаар тургундарынын социалдык негизги көйгөйлөрүн чечүү. Бул маселелерди чечүү топтолгон каражаттарга байланыштуу экени талашсыз. Биз бардык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен шаардын киреше бөлүгүн 132 млн. сомго жеткирүүнү ойлонуштуруудабыз. Бул каражаттар негизинен билим берүүгө, туракжай коммуналдык кызматтарына, маданиятты, спортту өнүктүрүүгө багытталат. Жакында жарыяланган жаңы Конституциянын долбоору менен кенен таанышып чыктым. Негизги мыйзамдарды колдойм, анда эми мындан ары өзгөрүү болбойт деген ишеничтемин. Июнь айында өтүүчү жалпы элдик добуш берүүгө биздин шаардыктар активдүү катышып, өз пикирлерин билдирет деген ойдомун. Бул да биздин аткара турган негизги милдеттердин бири. Оомат КАЗАКБАЕВ, Кара-Балта шаар башкармалыгынын башчысы
WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Алия Бактыбек:
Алия Тонова:
Жамалбек Ырсалиев:
Пресс-служба Ассоциации "Дордой":
Жамиля ОРМУШЕВА:
Асылкан ШАЙНАЗАРОВА: Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу, профессор...
Нуркулов Канат, журналист... Айбек Усенов
Баймуратова Нурила...
Мелис Эшимканов...
Кабул Юлдашев:
Министрликтин жообу:
Турсунали Толомушов:
Асыран Айдаралиев:
подполковник Т.Сусунбаев:
Жумаш Назаров:
Турсунали Толомушов:
Майрам АКАЕВА...
Академик Аскар АКАЕВ...
Академик Аскар АКАЕВге...:
Aidai Masylkanova:
Кыргыз атуулу:
Аскар Акаев:
Кабыл Шабданов
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
|
|
|
| |||||||||||||||||