25.05.10 Мыйзам тебеленип, чындык чыркырап жатпайбы
Жумгал районунун К.Акиев, А.Молдокеев, М.Алыбаев атындагы орто мектептеринин мугалимдери тарабынан кайрылуу жазабыз. Себеби, Жумгал районунда 2010-жылдын 19-апрелинде билим берүү тармагынын кесиптер бирлигинин 4-конференциясында өткөрүлгөн кайра шайлоо легитимсиз деп айтмакпыз. Себеби, Жумгал райондук билим берүү тармактык бийликтин төрагасы К.Ниязбеков өзү мыйзамды одоно бузуп, Т.Турсунбаева атындагы баштапкы профсоюз уюмунун төрайымы Ниязбековду эмне болсо да өткөрүш үчүн өзүн пленум мүчөсү кылып документ жасап алган жана пленумга мыйзамсыз мүчө болуп Ниязбековду шайлаган.
Мыйзам бузуу Лама атындагы орто мектептин кесиптик бирлигинде да болду. Өзү болгону 21 мугалим жана 5 техникалык кызматчы иштешет. Мындай мектептерден сандык жагынан Жумгал районунда А.Садырбаев атындагы орто мектеп, Кекилик уулу Жолдошбек атындагы орто мектеп, Б.Кожоналиева атындагы орто мектеп, Н.Крупская атындагы орто мектептер бар. Бирок, аталган мектептерден пленум мүчөлүгү сандык жактан жетпейт деп шайланган эмес, бирок Лама атындагы орто мектептен Роза Кыдыралиева пленум мүчөсү болуп шайланган.
Миң-Куш шаарчасынан мыйзамды одоно бузуп, бала бакчалардын жана балдардын спорт мектебинин атынан пленум мүчөсү деп мектеп жана бала бакчасына тиешеси жок адамды - айыл өкмөттүн кызматкерин өзүнүн кызыкчылыгы үчүн шайлап келген. Жумгал райондук билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин 4-конферен-циясы мына ушундай мыйзам бу-зуулар менен өттү.
Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов катышып, өзү процедуралык каталарды кетирип, конференциянын экинчи бөлүгүн өзү башкарып, Ниязбековду өткөрүү үчүн жанталашып, мыйзам бузуулар болуп жатса да, көрмөксөн болуп 4-конференцияны өткөрүп жиберди.
Биз, карапайым мугалимдер, төмөндө кол коюп, эгерде КР билим берүү тармактык кесиптик бирликтин борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов жана анын жердеши К.Ниязбеков мыйзам бузуп, легитимсиз конференцияларды өткөрүп, мугалимдердин укугун өзүлөрү тепсеп жатса башкалары эмне кылат? Кыргыз Республикасынын кесиптик бирликтеринин федерациясы аталган фактыларды текшерип, Жумгал райондук билим берүү тармагынын кесиптик бирлигин конференциясын мыйзам чегинде кайра өткөрүүнү талап кылабыз. Талап аткарылбаса, Жумгал районунун көпчүлүк мектептери кесиптик бирликтен чыгып кетүүгө аргасыз болобуз.

С.Тыныстанов, М.Асанбаева, Ж.Жолдубаева, Ж.Абдыразаков, Н.Дөөлөтбекова, бардыгы болуп 79 адам кол койгон.




Өзүбүздүн күчүбүзгө ишенели
Пансионат, эс алуучу жайлар көп жайгашкан Чолпон-Ата, Бостериде жашагандар: "Мас Айдардан (Акаевдин уулу) соо Максим коркунучтуу" деп зыркырап калышкан. Себеби Максим кыргыз болбогондуктан, кыраан бүркүттөй эркиндикти сүйгөн кыргыз элин жылан көргөндөй кыжырланып жек көрүүчү экен. Ошону менен бирге, көзүнө эмне жакшы көрүнсө, мыйзамда жеке менчикке кол тийбестигине карабастан, менчик ээсинен тартып алуучу экен. Буга Көл жээгиндеги пансионаттардын тартып алынганы күбө.
Бүгүнкү күндө "кара булут" тараганга сүйүнгөн эл эс алуучу жайларга "Элдики" деп жазып, кайта ээсине, кыргыздарга кайтарып жатышат. Ошондуктан, жабыркаган ишкер чыныгы кыргыз болсо: "Кой кокуй, К.Бакиев менен Максим Бакиевдин кулчулугунан кыргыз элин сактап калган асыл жигиттерибиздин түбөлүк эрдиги үчүн мүңкүрөп отуруп калбай, колуман келген ишти андан ары улантып, кыргыз мамлекетин сактап калуу үчүн аздыр-көптүр салымымды кошоюн", - деп ата-журттун келечеги үчүн аттанышы керек. Экинчиден, талап-тоноого дуушар кылган К.Бакиевдердин кесепети да. Андыктан ишкер, бизнесмендер Эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылып, биздин кризиске учурообузга түздөн-түз Бакиевдер күнөөлүү болгондуктан, алардын Швейцариядагы жана башка банктардагы акчаларын Кыргызстанга кайтарып бергиле деп кайрылышпайбы. Акча тапканды билгенден кийин, мыйзамды билишет, укукту билишет эмеспи.
Чет өлкө тааныбаса, тааныбай эле койсун, ага эмне анчалык күйүп-бышып, андан көрө баарыбыз жапа-тырмак көтөрүлүп, чет жактан жардам сурагандан көрө, колдо болгонубузду жумшап, ишибизди илгерилетүүгө аракет кылалы. Сырттан келүүчү инвесторлорду күтүп отурбай, өз ичибиздеги байларыбыз калың кара кыргыз үчүн ар-намыска келип, финансы жагынан өз мамлекетибизди өзүбүз колдошубуз керек. Башкадан бечара болуп кайыр сурагандан көрө, өз күчүбүзгө ишенгенибиз тоодой тирек эмеспи? Ошондуктан, эң биринчи өз күчүбүзгө ишенели.
Мукан УСУБАКУНОВ,
Ысык-Көл району,
Сары-Камыш айылы





Өлкөбүз байыса, эл бай болот
Кыргыз эли - улуу эл. Демек, эл ичиндеги: "Элдин көзү көп", "Эрге - эл менен жер кымбат", "Элди жеңүү мүмкүн эмес", - деген сөздөр бекер жерден айтылган эмес чыгар. Мына, 7-8-апрелдеги кандуу окуя кыргыздардын жүзүн ачты. Бул бийликти ким кулатты? Оппозиционерлердин түрткүсү, 86 жигиттин ак өлүмү, биринчи иретте Талас элинин күрөшү себепкер болду. Оппозиционер Болотбек Шерниязовдун уюштуруучулугу, чагылгандай тез планы эске аларлык. Ал адамга эли Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам берсе да аздык кылат деп айтар элем. Буга маани бергендер жана маани бербегендер да бар.

Эми Убактылуу Өкмөт биринчи иретте өлкөдө күчтүү тартипти орнотуп, тазалык менен элибизге жаңылануу киргизип, экономиканы көтөрөт деп ишенебиз. Бардык өлкөдө оппозиция бар, ал болгон, боло берет.
Тонолгон өлкөгө завод, фабрика курмайынча сурана берүүдөн эч майнап чыкпайт. Күчтүү куралданган армиябыз болбосо, сырткы душмандан көп коркунуч туулат. Эгерде ички, сырткы душмандан уруш-талаш чыкса, биз сурангыча көп кырылуу болору шексиз. Өлкөбүз байымайынча, эл байыбайт. Жакыр өлкөдөн эл эмне жардам сурайт. 20 жыл манкурт болду, кыргыз элибиз. Эми көзүбүздү ачалы, курулуштарды ирилештирели, айыл чарбасын өнүктүрөлү, оор өнөр жайды куралы. Сырткы өлкөлөр менен достукту күчөтөлү. Ар бир жаран өз өлкөбүз үчүн ак ниет күрөшөлү. Жалаң кыргызча сүйлөп эл башкарган, Алайдан чыккан ак байбиче Курманжан энеден, басмачыга төшүн тоскон Уркуя Салиевадан, кызылча талааны гүлдөткөн З.Кайназаровадай баатыр энелерден, Манасты - Манас кылып жөлөк болгон акылдуу аял Каныкей энеден, ат үстүндө салгылашкан найзачы кыз Сайкалдан ж.б. аялзаттарынан үлгү алып жаштар, карылар жапырт чыгып, өз өлкөсүнө ак эмгегин арнашсын! Союздун жакшы жактарын өзүбүзгө пайдаланалы. Эр азаматтардан күчтүү, акылман жигиттерди өлкө башчылыгына алып келели. Убактылуу Өкмөттүн башчыларын иштетип, күчүн алалы.

Бактыгүл БАЙСЕЙИТОВА,
Каракол шаары




Өлгүм келет, спонсор керек
Өзүбүздүн эле Кыргызстан жергесинде өмүр бою жашап жүргөн бардык жарандар туурасында айтмакчымын. Жазаты келип, суусу бүтүп, киши дүйнөдөн кайтса, ушу маркумду жерге коюу үчүн бар болгону эки метр эле жер керек. Ушуну да аз эмес, бир канча миң сомго сатып алуу керек. Маркумдун балдары же ата-энелери кайгыга батып, оор жоготууга учурап отурса, кыргыздын макалында айтылгандай, "Үйрөнгөн адат калабы, же уйга да жүгөн салабы" кылып, бир нерсени сатып жүргөн кишиге (коммерсанттарга) кыйын экен да... Тирүүбү, өлгөнбү, аны менен иши жок турбайбы. Көрүстөндөгү эки метрлик жердин баалары жылдан-жылга аябай эле өсүп келүүдө. Мисалы, мындан беш-алты жыл мурда 1000-1200 сом болсо, азыр 15-25 миң сомго чейин жетиптир. Кала берсе булар коммерциялык көрүстөн да экен. Эгерде тааныш-билиш кылып ортомчу салсаң 10-11 миң сомго араң жаман-жуман жеринен берет экен.
Бул эмне деген шумдук, кандай уятсыздык. Деги ушуга тиешеси бар кишилерде адамгерчилик, анча-мынча уят барбы? Же алар өлбөс болуптурбу, кудайдан анча-мынча корксо боло. Маркум бул жарык дүйнөдө кандай жашады ким билет, же сөзсүз өлгөндө да, жата турган жери үчүн акысын төлөп кетиш керекпи? Же кээ бир адамдар кыйынчылык үчүн эле төрөлөбү. Туура, маркумдун ата-энесиби же башкасыбы, кыйналып-кысталып турса да, ошол акчаны эптеп таап берет дечи, сөз анда эмес. Бул жерде бир нерсе түшүнүксүз. Мүрзөдөн түшкөн миллиондогон акчалар кайда кетип, кимдин чөнтөгүнө түшүп жатат. Же башка-башка акчалар жетишпей Өкмөттүн бюджетинеби же мэриянын эсебинеби, же дагы бир башка акчага тойбогон ач көздөрдүн үй-бүлөлүк бюджетине түшүп жатабы? "Балык башынан сасыйт" демекчи, барган сайын заман бузулуп, турмуш кымбаттап, өлүм да кымбаттап, бай чиновниктерден башка карапайым калкка эле кыйын боло турган болду. Эгерде мүмкүн болсо жогору жактан ушуга тиешеси бар кишилерби, Убактылуу Өкмөттүн жетекчилериби же мэриянын кызматкерлериби, иши кылып кимиси болсо да бул маселени карап анча-мынча ушу жактарга да көз салып турса жаман болбойт эле.
А.УМАРОВ, Бишкек шаары