18.05.10
  Жабырлануучунун жанында жүрдүм

Журналист, фотосүрөтчү Кубатбек Осмонов
Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн
7-апрелде Ак үй алдынан жабыркап, борбордук ооруканаларда жаткан мекендештерибиздин
ден соолуктарын жакындан сурап, ал-акыбалын билүүгө аракеттенген. Өзү да 7-апрелде
Ак үй алдындагы көптөгөн эпизоддорду
сүрөткө тартып алган.
Биз журналисттин баяндоосун окурмандарга сунуш кылмакчыбыз.
Сандан кирген ок акыректен чыгып...
Эси жок эски бийликтин куралсыз өз элине ок аткан дыгын айыптоодобуз. "Өлүү болуп көрдө жок, тирүү болуп жерде жок" дегендей К.Бакиев жана башка атка минерлер элге батпай калды. Кимдин канчалык деңгээлде зор зыян келтиргендигин мыйзам аныктайт. Эл душмандары колго түшөт. Жаза колдонулат. Ал эми окко учкандардын, оор, орто, жеңил жаракат алгандардын убалы кимге? Борборубуздагы ооруканаларда жаракат алышкан жүздөгөн жарандарыбыз дарыланышууда.
Темир жолчулардын ооруканасынын башкы врачы С.Сулайманов, хирургия бөлүмүнүн башчысы А.Ааматов менен ок тийген он жабырлануучуну көрдүк. М.Канкулуевдин эки бутуна, А.Абликеевдин бир бутуна ок тийген. БТРдин жанында болгон 17 жаштагы О.Камчыбековдун аркасына тийген ок жүрөктүн астынан чыккан. Б.Токтосуновдун башынан ок жанып өтүп, жаракат алган, жыгылып колу сынган. Ажалы жок экен, "эмнегедир эңкейген болчумун, менин башымды жаныган ок алдымдагы адамдын башын тешип кетиптир, ал дароо көз жумду", - дейт Бакай капалуу.
Ал эми Чекис Зарлыкка желим ок тийип, контузия алган. Чыгаан жигиттердин бири Румен Асеновдун (Ак үйдүн алдынан окко учкандардын үчүнчүсүн ташып жатканда) жамбашынан кирген ок табарсыгынан чыга жаздаган. Кансырап ооруканага жеткизилген. Жабыркагандардын баарына операция жасалган.
Бакиевдер "адегенде желим ок колдонгонбуз", - деп актанбай эле коюшсун, адегенде эле снайпер менен куралсыз элге ок атылган. Сыргак Дүйшебаевди 7-апрелде саат 11.30да снайпер акырегин талкалай аткан. Ордунан араң козголуп, травматология жана ортопедия ооруканасында жатат. Ал эми Б.Жунусовго, А.Атакуловго тийген ок денелерин тешип кеткен. М.Мамбетовго тийген ок табарсыктан кирип, жамбашын тешип чыккан. А37-22БИ "Ауди" автомашинасы менен Чолпонбек Мусаев автоматчан мыкаачыларга жакындаганда пулемет менен башка атышты. Бир аздан соң жабырлануучуну алып кетүүгө үч бала мыкаачыларга кол булгалап: "Атпагыла, алып кетели", - дешип машинага барып алып чыгышканда, дарбазанын батыш жагында болчумун. Ошол кезде келаткан балдарга кайрадан октор атылды. Экөө кулаган болчу. Бирөө Дуулат Бейшеналиев экен, ок тизе сөөгүндө туруп калган, буюрса, операция жасалып, сакайчудай. Үйүндө беш баласы багуусуз калды. Аялы жансактоонун айынан Түркияда. Жыйырма алтыдагы Айбек Молдобаев дарбазанын жанынан эң биринчи ок жеген, врачтардын катуу көзөмөлүндө. Алтынбек Абылмежитов өлгөн бирөөнү тез жардамга салып жатып, милиционерлерден башынан жаракат алган.
Уулунун окко учканына ызаланган кабинасы кызыл КамАЗдын айдоочусу "Ала-Тоо" аянтынын батыш жагына (азыркы боз үйдүн ордуна) токтоду. Ал да окко учту, жанындагылар жабыркады. Кууланган, кубулган Токтайым Үмөталиева: "Мен алар менен сүйлөштүм, эми ок атышпайт", - деди, ага ишенген элдин жоон тобу Ак үй дарбазасына жакындаганда удаа-удаа ок атылып, беш киши зыян тапты. Токтайымдын "Форумдун" жанынан да революционер балдардын аракетин токтотууга жүгүрүп жасаган Бакиевди жактоо аракетин жаңы элдик өкмөт эске алганы оң.
Экинчи агыш КамАЗдын айдоочусу элдин жоон тобу менен Ак үйгө бет алды. Анын кабинасын да снайперлер аткылашты. Айдоочусуз калган машина үч адамды тепсеп кетти, мен да аз жерден илинбей калдым. Буттарынан жаракат алган Айдин Намазов, Канат Токтонов жана ич органдарына залал келген Бахтияр Мамасалиев Кудай буюруп аман калыптыр, үчөөнө тең ооруканадан жолуктум.
БТР келип токтогондо Асылбек Айдаркуловдун белине тийген ок ичинен чыгып, Тагайбек уулу Раджибектин акырегине ок тийип аман калышкан.
Сергей Кривошеевге Ай үйгө кире бериштен ок тийип аман калса, Жакут Эсеналиевдин милициялар тарабынан далысы сындырылган. Чындыгында элге ок аткан эски бийликти кулатыш кыйындыкка турду. Эл эртеден кечке ачка да болушту. Элге ичээрге суу, жээрге нан ташып жүрүп Жанузак Батырбековдун бети, жону кырк пайызга күйүп, буту-колу сынган, абалы өтө эле оор.
"Саат он сегиз отуздар чамасында жанымдагы баланын башына ок тийип, каза тапты, аны көтөрүп жатканда мени атты", - дейт Тахир Жумабаев.
ЗИЛ - 131 автомашинасын айдашып, дарбазаны ачууга аракет кылгандардын бири, жаралуу Данияр Ашыралиев: "Жаңы шайланган Убактылуу элдик Өкмөт жакшы иштеп берсин, ошондо бардык элдин жашоосу оңолот," - дейт чоң үмүт менен.
Чолпонбек менен чогуу киргендердин бири Төлөбай Жусубалиевдин денесин ок тешип аман калган. Ал эми Бакиев тарабынан уюштурулган провокаторлор түртүп жиберип, Дүйшөбек Шейшекеевдин буту сынган. Ридван Гасанов да Кыргызстандын адилеттүү келечеги үчүн күрөштө оор жаракат алган. Ок өпкөсүн тешип кеткен. Баялы Төрөбековдун бутуна, ичине, белине ок кирген.
Улуттук хирургия борборубузда да чыгаан хирургдардын колунда дарыланып жаткандар көп. Бөлүм башчылар Өскөн Салибаев, Эрнис Тилеков менен жаралууларды көрдүк. Чынгыз Султановдун өпкөсүнө, булчуңуна, ЗИЛ-131 автомашинасын айдашкандардын бири Таалайбек Алсейитовдун ичине, көк "Мерседести" түртүп дарбазаны ачкан алгачкы революционерлердин бири Нурлан Жапаровдун ичине, Айтбек Сатыбалдиевдин жоон санына, Аманбек Шүкүровдун белине, Азамат Иманалиевдин өпкө, көк бооруна, Бактыбек Иманалиевдин акырегине, өпкөсүнө ок тийип, врачтар тарабынан бардыгына операция жасалган. Айта кетчү нерсе бул бөлүмдөр жакында эле Аскар Молдобаев жетектеген "Бишкеккурулуш" тарабынан демөөрчүлүк негизде ремонттолуп, бейтаптар үчүн жууркан-төшөктөр жаңыртылган болчу.
Улуттук госпиталда да жаткандар арбын. Туратбек Мамбетовго дарбаза алдынан эки бутуна, өзгөчө оң буту оор жаракат алган Бакыт Тургунбаевге ак КамАЗдын жанынан эки жоон санына, Умар Мамбетовго далысына, акырегине, Максат Чегирткеевдин ичине ок тийсе, Азат Төлөгөновго Ак үйдүн тосмосунун жанынан жабырлануучуларды ташып жатканда гранатанын сыныктары чачыраган. "Ак Шумкар" партиясынын аксакал мүчөсүнүн балтырынан кирген ок таманынан чыккан. Кан төккөн бакиевдерге наалат айтабыз. Согуш стратегиясынан кап-качан алынып салынган адам өмүрлөрүнө оор залал келтире турган, денеге тийсе багыттык туруктуулугун бат өзгөрткөн окторду дүйнөлүк таштандылардан чогултушканбы, сандан кирип табарсыктан, ичинен, акырегинен, билегине тийип ийнинен чыккан көптөгөн жаралууларды көрүп, жаныбыз кейиди. Октун формасы ийри макаронду элестетет. Октун бир түрү адам денесин араласа, башка түрлөрүндөгү бир эле ок эки-үч адамды жойлоп өттү.
Биз кыдырган бардык ооруканалардагы врачтарга, медицина айымдарына элдик революцияга чоң салымын кошуп жараланган бейтаптар чоң ыраазычылыктарын билдиргенине күбө болдук. Аларды да революция каармандары деп билишибиз керек.
Кубатбек ОСМОНОВ,
журналист.
Максат СУРГАШКАЕВ (сүрөттөрү)