14.05.10
  Долбоорго ойлор, сунуштар

Элеттиктердин сунушу эске алынса
Коомдо калыстык менен теңдик болгондо гана мыйзамдуулук өкүм сүрөт. Ал үчүн адамда бийик, адамдык асыл сапаттар менен илим-билимде жана мамлекеттик башкаруу органдарында тең салмактуулук бийлик керек. Тең салмактуулук бийлик - бул жаңы коомдогу өнүгүүнүн талабы. Маселе тең салмактуулук бийлик дегенде, Президенттин ыйгарым укуктарын башка бийлик органдары талашууда эмес, анын кызматы коррупцияга жол бербөө менен бирге нукура элдик бийликтин аткарылышында жана ага көзөмөл-дөөнүн маанисинде жатат.

Элдик бийликтин мааниси эмнеде?
Анын мааниси кыргыз эли кылымдар бою эгемендүүлүктү эңсеп, керек учурунда Ата Мекенди коргоодо кан төгүп, жан берип, орто кылымдарда Эне-Сайда эгемендүү мамлекет куруп, улуу Кыргыз дөөлөтү деген аталыш менен кыргыз атын даңазалагандыгы баарыбызга маалым. Бирок, элибиз он кылымдан ашуун аралыкта кайра эгемендүүлүгүн жоготуп, чыныгы эгемендүүлүккө 1991-жылы 31-августта жетишишти.
Эгемендүүлүк - кыргыз эли Ата Мекенине ээ чыгуу эле эмес, андагы жаратылыш кен байлыктарды үнөмдүү пайдалануу. Тилекке каршы, элибиз эгемендүү мамлекет болгондон баштап, 19 жылдан бери мыйзам түрүндө элдик бийлик орнобой, диктатордук башкаруу болуп, кыргыз эли өз кен байлыктарына жана укуктарына ээ чыкпай калган. Анын натыйжасында мамлекетибиз өнүкпөй социалдык, саясый, экономикалык, руханий тарбиялык кризиске дуушар болду. Кетирилген кемчиликтерди жоюп, коомго жараша өнүгүп, элдик бийликти орнотуу үчүн аларды мыйзам түрүндө бекитүү зарыл.
Азыркы сунушталган Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорунун чийкилиги эмнеде?
Анын чийкилиги - бийлик бутактарынын ыйгарым укуктары так жазылып, алардын жоопкерчилиги жана элдин көзөмөлдөө укуктары чектелип калган. Атап айтканда, элдин укугу Президенттик, депутаттык, референдумдук шайлоолор менен чектелген. Чыныгы элдик бийликти орнотуу үчүн, бийлик бутактарынын сөзсүз мыйзам түрүндө элдин алдында жоопкерчилиги болууга тийиш. Ансыз элдик бийликти орнотуу жана элестетүү мүмкүн эмес. Андыктан, долбоордун беренелерине толуктоого сунуш киргиземин.
Конституциянын 1-беренесинин 4-катарына толуктоолор.
4. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана ре-
ферендумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат. Буга төмөнкү сүйлөмдөр толукталуусу керек. Аталган органда ар квартал сайын жалпы элдин алдында эл үчүн аткарылган жумуштар
боюнча эсеп беришет: (же жалпы элдик курултайдын алдында) Себеби, элдик курултайды, бийликти сактоо же бийликке келүү үчүн эле пайдаланбай мыйзам түрүндө бийлик бутактарын көзөмөлдөө үчүн мыйзамга киргизилсе, элибиздин менталитетине жараша туура болот. Элдик курултайдын делегаттарын эл өзү жер-жерлерден шайлашы керек. Элдик курултайдын чогулушуна катышкан ар бир жаран өз оюн айтууга укуктуу. Эгерде элдик курултай мыйзамдаштырылганда оппозиция өзүнөн-өзү жоюлмак.
Конституциянын 4-беренесинин 5-катарына толуктоолор:
Кыргызстандын стратегиялык объектилери эч кимге сатылбайт жана ижарага берилбейт. Себеби, стратегиялык объектилер жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн мамлекеттин карамагында болууга
тийиш.
Конституциянын 8-беренесинин биринчи катарындагы сүйлөмдүн ордуна Кыргыз Республикасында Дин мамлекеттен бөлүнгөн, ким кайсы динди кааласа өз эрки. Бирок, өкмөт дин жетекчилери менен мамлекеттин коопсуздугун жана жалпы элдин ынтымактыгы жөнүндө иш жүргүзөт. Себеби, биздин мамлекет иш жүзүндө динди тааныбай коё албайт.
Конституциянын 5-беренесинин 4-катарына толуктоолор.
Мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укуктары менен эркиндиктери кысымга алууга жол берилбейт. Бирок, жогорку бийликтеги кызматкерлер мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү. Бийликтин бардык бутактарында мекеме-ишканаларда, коомдук жайларда иш кагаздар мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
Конституциянын 9-беренесинин 5-катарына толуктоолор:
Кыргызстанда эки улуу державанын аскердик базасын жайгаштырууга тыюу салынат. Себеби, эки державанын же үчүнчү тараптын ортосунда согуш чыкса, биздин Кыргызстан согуштук полигонго айланбашы керек.
Конституциянын 38-беренесине толуктоолор:
Митингдерди өткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат деген сүйлөмдү толугу менен алып салуу керек. Себеби, азыркы бийликке да аталган эрежеге таянып, мурдагы бийлик тынч куралсыз митингдердин өтүүсүнө уруксат берген эмес. Андай чектөө баш мыйзамда көрсөтүлгөн элдик бийликке каршы келет.
Конституциянын 59-беренесинин 1-катарына толуктоолор:
Эгерде өз милдетимди аткарбасам же мыйзамды бузсам, жалпы элимдин алдында мыйзам чегинде жооп беремин. Ушундай эле мазмунда Өкмөт жана депутаттардын анты жазылуусу керек.
Конституциянын 60-беренесинин 1-катарына толуктоолор:
Президент мамлекеттик идео-логияны мыйзам чегинде жүргүзөт жана анын аткарылышын көзөмөлдөйт. Себеби, баарыбызга маалым болгондой, Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгондон баштап, мамлекетибиздин өзөктүү идеологиясы болгон эмес. Анын натыйжасында биздин бийлик жетекчилер Кыргызстандын өзөгүн түзгөн кен байлыктарын жана стратегиялык обьектилерин чет элдик капиталисттерге сатып, анын пайдасын жалпы эл эмес, коррупцияланган бийлик менен чет элдиктер көрүүдө. Мындай кемчилдиктердин баары тең мамлекеттин өзөктүү идеологиясынын жоктугунан келип чыккан.


Конституцияга курултайлык башкарууну киргизели
Алдыда кабыл алынуучу Конституциянын жаңы редакциясына Курултайдык башкаруу институтун киргизип, тийиштүү беренелерге төмөндөгүдөй сөздөрдү юридикалык нормаларга ылайыктап кошуп жазуу керек деп ойлоймун:
1. Ар бир 5000 (же башка сандагы) шайлоочу Курултайга өзүнүн делегатын шайлайт. Курултайга делегат болуп ошол региондо жашаган же иштеген, же төрөлүп башка жакта жашаган эл ишенген Кыргызстандын жараны шайлана алат. Ал кетсе кийинки кезектегисине бериле тургандай эреже жазылат.
2. Курултай делегаттары президентти ачык добуш берүү менен ар бир Президенттке талапкер үчүн атайын даярдалган ведомостко кол коюп шайлайт жана ушундай эле тартипте иштен алат. Президент Курултай кеңешинин төрагасы болуп эсептелет. Курултай жылына бир жолу Президенттин ишине баа берип турат.
3. Өкмөт мыйзам чыгаруу палатасы же жеңүүчү партия тарабынан көрсөтүлүп, Президент бекитет.
4. Курултайдын райондук, облустук кеңештери түзүлүп, алар өкмөт сунуштаган жергиликтүү тармактардын жетекчилерин, сотторду бекитет жана көзөмөлдөйт. Кеңештин төрагалары райондун акимдеринин, губернаторлордун функцияларын аткарышат.
5. Курултайдын делегаттары айлык албайт жана мурдагы өз иштеринде калышат. Бирок, өздөрүнүн арасынан шайланган райондук, облустук, республикалык Курултай кеңешинин төрагалары жана чакан аппараты айлык, тейлөө кызматтарын пайдаланат.
6. Мыйзам чыгаруу палатасынын 50%тик курамын Курултайдын региондордогу делегаттары өздөрүнүн арасынан көрсөтүшөт. Мыйзам чыгаруу палатасынын калган 50%тик курамы партиялар катышкан республикалык шайлоолордо аныкталат. Курултайдан келген депутаттар да жалпы депутаттык айлык ж.б. укуктарга ээ болушат.
Ошентип Курултай институту Президенттик бийлик бутагын түзүүчү орган болуп, аны эл менен байланыштырып туруучу көпүрө болот. Президенттик шайлоо эмес, Курултайдын делегаттарын шайлоо болуп, иш жүзүндө элдин атынан шайлануучу Президент, райондук, облустук кеңештерге, мыйзам чыгаруу палатасына депутаттар шайланган болуп акча үнөмдөлөт.
Парламенттик- партиялык башкарууга бараткан бир айлык кыска жолдо ар бир партия өз мүчөлөрүн ишке коюп, бир күндө экиден-үчтөн кызмат алмашылганына күбө болдук. Мындан парламент чырдашуу жыйынына айланып, чукул чечилүүчү маселелер кармалып калышы мүмкүн экендигин көрөбүз. Экинчиден, партиялар жалпы элдин кызыкчылыгын билдирип алардын атынан сүйлөй албайт, анткени элдин баары партияларга мүчө эмес Нарында же Ноокатта жашаган карапайым адам партияга өтүүгө чолосу тийбейт, ал эми алар шайлаган депутаттар Бишкекке кеткен бойдон куйругун карматпайт.
Ошондуктан эл бийлигин түптөөнү элдик Курултайга берип, ата салты мыйзамына таянсак, элдин нараазы болушунун бир себеби чечилип, оюна келгенде Курултай өткөрө бербей тынчтанаар эле. "Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат" дегендей, иштин чынын айтсак жакынкы 5-10 жылда Кыргызстандын экономикасы өнүгө койбойт. Карызыбыз өсүп 4 млрд. доллардан ашышы мүмкүн. Кыргызстанда бир гана бизнес - кызмат сатуу жана кызматынан пайда табуу ишкердүүлүгү туруктуу өнүккөн. Ар бир мамлекеттик чиновник өз кызматын өз бизнеси деп түшүнөөрүн жөнөкөй бир справка алган адамдан баштап, жеке ишкерлерге чейин ырастайт. Мамлекеттик чиновниктерде Ата Мекенге кызмат кылуу түшүнүгү эбак жоголгон, алар үчүн Ата Мекени бир үй бүлө болуп ага гана кызмат кылышат. Бир Ата Мекен-үйгө ак дилден кызмат кылсаң, экинчи Ата Мекен-үй жазалап чиновниктердин да шайын оодарды. Уяты бар профессионал кызматкерлер ишин таштап, жаратканга нараазы болуп үйдө олтурушат. Ошентип реалдуу экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылган ишкерлер аз, анткени аларды ондогон мамлекеттик чиновниктер өз бизнесинин каражат булагы катарында эсептеп тоноп, муунтуп турат. Экинчиден, кыргыз элинин психологиясында инженердик ойлоп табуучулук шыгы толук калыптана элек, ошондуктан басымдуу эл ишкердүүлүк деп алып сатууну, пайдасы аз дыйканчылыкты, мал чарбачылыгын түшүнүшөт. Россия же башка чет өлкөлөрдө иштеп келген өндүрүш тармактарын курууну үйрөнгөн адамдардын тобу калыптанып, Кыргызстандын ресурстарынын негизинде өндүрүштөрдү ачып жана продукцияларын сата билсе гана реалдуу өнүгүү башталат. Азырынча алар чет жерден келип үй сатып алып, той- тамаша өткөрүп кайтууга араң үлгүрүп жатышат. Ошондуктан шаарларга айылдан келип толуктап турушкан миңдеген жумушсуздар агымы көбөйүп, социалдык чыңалууну жаратат. Мындай абалда Курултай жер жерлердеги абалды так билип төңкөрүштөрдүн алдын алат. Элдин маанайына карап, майлуу жерден кеткиси келбеген Президентти, Өкмөттү, Жогорку Кеңешти революциясыз эле отставкага жөнөтүү жана башкаларын дайындоо укугун Курултайга берүү менен төңкөрүштөрдү жумшартуучу мыйзамдуу күчкө ээ болобуз. Элден качып кеткен башчыларыбыздын иштен кетүү макулдугун ала албай Эл аралык уюмдардан суранып олтурбайбыз.
Партиялык топторго 50% парламент, өкмөт түзүү укугун берүү менен дүнүйөлүк практикада кеңири колдонулган башкаруу системасына коомчулук даярдалат жана келечекте партиялык-парламенттик башкарууга өтүү зарылчылыгы табигий жол менен өсүп олтурат б.а. жердешчилик, уруулук кызыкчылыктар партиялык кызыкчылыктарга биригет. Бүгүнкү күндө айрым партиялар коом алдындагы жоопкерчилигин сезген менен көпчүлүк партиялар жеке топтордун бийликке умтулуу кызыкчылыктары үчүн гана түзүлүп, эч кандай эл мүдөөсүн канааттандырууга кызмат кылбайт. Жыйынтыктап айтканда эл менен ойноого болбой турганын түшүнүп, апрелдегидей кандуу окуянын кайра кайталанбашынан үмүт кылып, өз сунушумду Кыргызстандын эли менен бөлүшкүм келди.
Ош мамлекеттик
университетинин доценти
Маккамбай Мамаюсупов

(Уландысы 11-бетте)