07.05.10 Ак үйдү агартууга 41 млн. сом керектелет
Бүгүнкү күндө Ак үйдүн мармар дубалдарынын боорунда аркан менен асылып, кандуу апрель окуяларынан кийин кайра калыбына келтирүү иштерин жасап жүргөн альпинисттерди көрүүгө болот. Мамлекеттин азыркы абалына колдоо көрсөтүү иретинде атамекендик альпинисттер 500 миң сомдук иштерди, 400 миң сомдун тегерегинде бүтүрүүгө убада беришкен. Жети кабаттуу Өкмөт үйүнүн азыркы учурдагы кайра калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен Убактылуу Өкмөттүн Иш башкармалыгын жетекчисинин милдетин аткаруучу Турусбек

Коёналиев журналисттерди тааныштырды.
Анын айтымында ошол окуялардан кийинки товардык-материалдык чыгымдын көлөмү 300 млн. сомдун тегерегин чапчыптыр. Буга лифттерди, электр-монтаждоо түйүндөрүн калыбына келтирүү иштерине кетүүчү чыгым кошулбайт. Эмеректер оңдолуп, терезе пардалар жуулуп, полдору, айнектери тазаланып жатыптыр.
Эгерде керектүү каражат өз убагында бөлүнсө үч айдын аралыгында баарын калыбын келтирсе болчудай. Бирок, Премьер-министр жыйын өткөрчү чоң залга кирүүгө тыюу салынды. Анткени алдыңкы кабатында эбегейсиз өрт болгондуктан, арматуралардын кошулган жерлери ажырап кеткен. Сейс-мологдор менен курулуш адистери ушундай шарт койгон. Өрттүн температурасы 800 градуска чейин жетип, атүгүл алюминий темирлер кошо жалынга туруштук бербей ээрип кеткен. Т.Коёналиев жыйырмадай журналисттерди четтен гана көрүүгө кеңеш берип, полу көтөрө албай кулап кетиши мүмкүн экендигин айтты.
К.Бакиевдин кабинетине кире бериштеги эмеректерге жазылган орусча-кыргызча "Бакиев лох", "Бакиев кетсин" - деген сөздөр аликүнчө өчүрүлбөй туруптур... Президенттин кабинетиндеги жаңгак уюлунан атамекендик ишканада чыгарылган стол, стулдар катуу бүлүнбөптүр. Эс алуу бөлмөсүндөгү президент чай ичүүчү кабинеттин айнектеринин үч-төрт жеринде атылган октордун оюктары турат. Ашканасы анча жабыр тартпаган. Укалатуу бөлмөсү керебети менен ошол бойдон турат. Анча-мынча сынгандарын калыбына келтирсе болчудай. Ал эми Ак үйдүн ички каалга-терезелери, эмеректериндеги сынган, айнектеринин талкаланган жери ошол бойдон тазаланбай тургандарын кезиктирдик. Эмеректердин бир тобу Италиядан чыгарылган.
Токмоктогу "Интерглаз" айнек ишканасы бир жылдан бери иштебей калган. Алардын кампасында сакталып турган айнектердин 1000 чарчы метри кайрымдуулук колдоо көрсөтүү катарында мындагы айнек жумуштарын калыбына келтирүүгө бөлүнүп берилген. Эмеректердин 90%дан ашыгы сынып, талкалангандыктан, алардын бир тобу Мамлекеттик резиденцияга жеткирилген. Резиденцияга темир сыныктарына айланган сейф-тер да ташылган. Калыбына келтирүүгө мүмкүн болгон түзүгүрөөк эмеректер оңдоп-түзөтүлүп майыптар коомуна белек кылынат.
Буйруса жарым жылдан кийин Кыргызстандагы бардык бийлик бутактары шайланып-куралып ишке киришкенде имараттын тартыштыгы болбой койбойт. Ошол учурга чейин бул жайдын оңдолуп, кайрадан ишке берилиши кажет.
Ак үйдө баары болуп 325 кабинет бар экен. Ошонун ичинен он-чактысы биротоло жарактан чыккан. Алардын кээ бирине кирүү жогорудагыдай себептер менен адам өмүрүнө коркунуч келтириши ыктымал. Тактап айтканда полу көтөрө албай кулап кетүүсү мүмкүн. Өзгөчө 613, 614, 516 ж.б. кабинеттер өрттөлгөн. КРнын Өнүктүрүү инвестициялар жана инновация боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси Максим Бакиевге тиешелүү кабинеттердин эмеректери калыбына келтирилип жатыптыр. Анын жардамчысынын бөлмөсү тыптыйпыл өрттөнүп, дубалы кара күйүк боюнча турат. Т.Коёналиевдин билдиргенине караганда, тилекке жараша, мында иштеген кызматкерлердин эмгек китепчелери сакталып калыптыр.
Ак үйдө жарылуу болду деген сөз аныкталган эмес. Бирок, талкалоо, тоноо, өрттөө кылмыштарынан Ак үйдүн дубалдары мрамордугунан эле түтүптүр.
Ал эми мамлекеттик жашыруун сыр делинген документтердин баарын жок кылууга, тилекке жараша, мүмкүнчүлүк берилген эмес. Маанилүү документтердин бир нечелери гана уурдалгандыгы белгилүү болду. Архивдик кагаздар да сакталып калыптыр. Ушул күндөрү мында жашыруун документтер менен иштеген адисттердин эки-үчөө барын Коёналиев тастыктады. Андан тышкары калыбына келтирүү иштери менен алектенген жумушчулардан башка бул жерде эч ким жок. Биринчи кабатында кымбат килемдердин күйгөндөрү ошол калыбында жыйылып жатат.
Данияр Үсөнов отурган кабинетте полду каңтарып, акча издешкендердин "кол тамгалары" көрүнүп турат. Президенттин катчылыгына тийиштүү кабинеттер абдан жабыр тартып, сапаттуу, бекем столдор ийилип кеткен. Эми Ак үйдү оңдоп калыбына келтирүү иштерине 41 млн. сомго жакын каражат керек болуп турган чагы.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,
"Кыргыз Туусу"
Сүрөтү С. МусаБАевдики




Үй-бүлөлүк режимге кечирим болбойт
7-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча коомдук комиссиянын мүчөсү, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасуловага АЧЫК КАТ

Биз сизди көп жылдык тажрыйбасы бар укук коргоочу катары жакшы билебиз. Ошондон улам 7-апрелдеги окуяларды иликтөө боюнча коомдук комиссияга сиздин киришиңизден улам бардык маселелер так, анык жана адилет талдоого алынат деп чоң үмүт байлаганбыз.
Тилекке каршы, аталган коомдук комиссия иликтөө ишин жүргүзө баштаган биринчи күндөн тартып, болгон окуялардын анык чыны тактала электе эле "Азаттык" жана "Би-Би-Си" радиолорунун берүүлөрүнөн, УТРК уюштурган "тегерек үстөлдөгү" маектешүүлөрдө өзүңүздүн божомолго, так эмес маалыматтарга толгон маектериңизди оңду-солду бере баштаганыңызга таң калдык.
Өзгөчө "КРнын экс-ички иштер министри Конгантиевди таластыктар катуу токмоктоп, курал-жарактарды тартып алышкан. Таласта бир да коргошун ок атылган эмес, атүгүл министрге кол салгандар, тополоң жасагандар жазаланышы керек" деген сыяктуу сөздөрүңүз биздин кыжырдануубузду жаратууда.
Биринчиден, республика боюнча апрель окуяларындагы биринчи коргошун ок 6-апрелде Талас облустук мамлекеттик администрациясынын алдындагы элге карата саат 16.10до атылып, биринчи жарадар болгон жигит ооруканага 16.40та жеткирилген. Таласта бир эмес алты адамга коргошун ок тийип, оор жаракат алышып ооруканада жатышкандыктарын тастыктаган далилдер, врачтардын чыгарган экспертизалык бүтүмдөрү турат. Же ондогон куралдардан атылган коргошун ок ал жигиттердин чекесине же жүрөгүнө тийбей калгандыгына өкүнүп турасызбы.
Экинчиден, Конгантиев Таласка келгенге чейин эле УТРКдан саат сайын чыгып, Таласта баары тынч милиция күчтөрү мыйзамсыз көтөрүлүшкө чыккандарды караңгы көчөлөргө кууп, алар коңулдарга кире качышты деп Бакиевдин чөнтөк парламентинин алдында Д.Үсөновдун сайрап турганы элге октон да катуу тийип, он миңдеген элдин кыжырын кайнатып турган.
Үчүнчүдөн, Таласка атайын даярдыктагы 600 милиция кызматкерлерин алып, эки самолёт, беш вертолёт менен келип, министр өзү тимеле кечилдин ханы Коңурбай кыргызды баса тургансып тигилерди тишине чейин куралдандырып келиши, андан да вертолёттор Ак үйдүн алдындагы элди бомбалай тургансып, кайра-кайра чогулган калайык-калктын үстүнөн бир сааттай айланып учушу жумурай журттун ого бетер канын кайнатпадыбы.
Төртүнчүдөн, 6-апрель күнү кечинде саат 20.30дан 00.30га чейин облустук ак үйдүн алдын төрт саат бою кадимки согуш талаасына айландырып, болгон жарылгыч жана атуучу куралдарын колдонуп, спецназ менен элди уруп-сабап куудуруу командасын тээ жогортон министр бербегенде, ошол жерде өзүлөрү жардырган түтүндүү гранатадан демдери кыстыгып, үстүндөгү форма кийимдерин чечип, эл арасына кире качышкан сержанттар же лейтенанттар бериштиби.
Бешинчиден, дал мына ошол жагдайлардан улам элдин кыжыры кайнап чегине жетип турган убакта эртеси 7-апрель күнү Конган-тиев күндүзгү саат 10дон тартып 12ге чейин УВДнын имаратына бекинип алып, атууну токтоткула, сөзгө келели деген аксакалдардын, энелердин сөзүнө кулак салбай, кайра элди күчөп аткылап тургандан кийин көтөрүшчүлөр УВДны басып алышпадыбы.
Алтынчыдан, министр катары Бишкекте өзүнүн кабинетинде борбордогу абалды көзөмөлдөбөй эмне үчүн Конгантиев 6-апрелдин түнүндө Таласка келип, УВДда камалып отурду. Анын бир гана максаты - митингге чыккандарды атып кырып, элди коркутуп үркүтүп Таласты бассак, калган региондор тынчтанат деген чолок акыл менен Бакиевдин, Үсөновдун буйругу аркылуу мыктылыгымды көрсөтөйүн деп келди. Талас облустук ички иштер башкармалыгын басып алууну дагы жарым саатча кечиктиргенде, УВДнын алдында массалык кыргын болмоктугунун далили, эл киргенде УВДнын дежурлук бөлүмүндө мурдагы атылып жаткандарга кошумча автоматтар октолуп, ок-дарылар туш келди чачылып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк.
Жетинчиден, ошончолук көшөрбөй элдин алдына саат 10до эле чыгып, биз эл мененбиз дегенде мүмкүн окуя башкача өнүкмөк. Курал-жарактар, чачылып жаткан ок-дарылар элдин колуна өтүп кетмек да эмес. Тилекке каршы, Конгантиевдин дагы эле Бишкектен үмүт артып, бакиевдей канкор башкы командачысынын оозун карап олтурушу, элди аткылап, милицияны элдин ур-токмогуна салып бериши - анын ким экендигин көрсөтүп турат.
Окуянын ушундай өнүгүшүнөн кийин Конгантиевдин катуу таякталышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анын үстүнө Конгантиев элдин колуна түшкөндөн кийин аны өтө маанилүү маалымат алып жүрүүчү катары өзүнүн кызматташтары, тактап айтканда, ал учурда күчүндө турган бакиевдик бийликтин жашыруун кызматы өлтүрүп коюу аракетин бир нече жолу жасагандыктарын да баса белгилеп коюшубуз керек.
Ошентсе да, элдин ырайымдуулугунан жана ошол учурда калкты баштап жүргөн азаматтардын чукул аракетинен ал аман калды. Болбосо, андай учурда калайык-калктын каарына, селдей каптаган күчүнө жана башта белгилегендей Конгантиевдин табакташтарынын аракетине эч ким кепилдик бере алмак эмес. Жүздөн ашык башка региондордон алынып келинген спецназдын жигиттерин эл өзүлөрү ур-токмокко бербей, тескерисинче ичиндирип-кийиндирип, жол кирелерине чейин төлөшүп, ата-энелерине жөнөтүштү. Ошондон улам 20 миңдеген эл толкунуна кабылган милиция кызматкерлери анча-мынча жарат алышканы менен эң негизгиси аман калышты, жоготуу болгон жок.
Бүгүн болсо Азиза айым калыстык кылбай, мүмкүн трайбализмдин торуна камалып, Конгантиевди сүттөн ак көргөзүп, Таластагы окуяларга катышкандарды кылмыш жообуна тартыш керек деген сөздү сүйлөп турушу акылга сыярлык иш эмес. Эгерде, Талас 6-апрелде көтөрүлбөгөндө, 7-апрелде түшкө жетпей УВДны албаганда, элдик генерал Исмаил Исаковдун "Талас революциянын локомотиви, апрель ынкылабынын буревестниги болот" деп калыс айткан сөзүндөгүдөй окуялар болбогондо ким билет Бакиевдин үй-бүлөлүк бийлигинен кутулат белек же жокпу, бир Кудай өзү билет эле.
Ал эми окуя тетири жагына айланып, бакиев-дик режим калганда кыргыз эли массалык репрессияга кабылмак, башын канжыгага байлап коюп элдин эркиндиги үчүн күрөшкөн миңдеген азаматтар кармалып, соттолуп, атылып, кырылып кетүү коркунучу кылычтын мизинде турган. Ошондуктан кыргыз элин Манас атабыздын руху колдоду жана сүрөдү. Байыркы кыргыз элинин ушундай калк башына оорчулук келгенде өзүн-өзү сактоо сезими ойгонуп, чоң масштабдагы улуттук алааматтан аман калдык. Азиза айым биринчи кезекте мына ушуну түшүнүшү керек эле.
Тилекке каршы, Азиза айымдын: "Жаныш Бакиев менен сүйлөштүм, ал агасынын көлөкөсүндө жүрүп эч нерсе жасабаптыр, спецназдын балдары жаңы эле терроризмге каршы даярдыктан өтүп жаткан сары ооз балапан балдар экен", - деп кейигени эмнеси. Бул, биринчиден, ачыктан-ачык Жаныш Бакиевди коргоого алгандык. Экинчиден, мыкты даярдыктан өткөн балдар барганда Таласты басып койсо болмок деген Азиза айымдын өкүнүчүбү?..
Баарынан кызыгы, Бакиевдердин ар бири менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк таап, түштүктү түрө кыдырган комиссия мүчөлөрү Төлөйкан Исмаилова менен өзгөчө Азиза Абдрасулованын Бишкекке, Жалал-Абад менен Ошко караганда аралыгы эки эсеге жакын турган Таласка келип, биз жогоруда жалпылап баяндаган окуялардын чоо-жайы менен жеринен тыгыз таанышып, эл менен жолугушуп, анан барып калыс баасын бербегендиги таң калтырат жана ар кандай ой жорууларды жаратат.
Ошол эле учурда УТРКада өткөн "тегерек үстөлдөгү" маекте генерал Ө.Суваналиевди көкүтүп, "сиз ички иштер министри болуп келишиңиз керек, антпесе оңолбойбуз", - деген сөздү айтып, ортого чок ыргытып коюп, аягы эмне болор экен деп күтүп олтургандыгы укук коргоочу Азиза айымдын кезектеги дагы бир шахматтык жүрүшүбү деген ойду жаратат. Ал эми биз урматтаган, өзүбүздүн кулунубуз Ө.Суваналиев мырза революция күндөрү дымып жатып, эми оңду-солду "жаңы өкмөт мүчөлөрү тартипти орното албай жатышат" - деп кыйкырык салып жаткандыгын кандай түшүнсө болот?
Андай экен 6-7-апрелде өзүнүн элине, Таласка келип курал колдонуп жатышкандарды токтотуп, Конгантиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эң болбосо курал-жарактардын эл колуна өтүп кетпешин камсыз кылса болмок. Тилекке каршы, Ө.Суваналиевге окшогон эл арасында кадыр-барктуу адамдарды акырын көптүрүп коюп коңулдан карап тургандар калп эле "милицияны коргоого алуу" ураанына жамынып алышкан Азиза өңдүү эски бийликке жан тарткан укук коргоочулар болуп жүрүшпөсүн.
Кыскартып айтканда, биз Азиза айымга окшогондор кирген коомдук комиссиянын 6-7-апрелдеги иликтөөлөрүнө ишенбейбиз. КРнын Убактылуу Өкмөтүнө курамында бардык облустардан аттуу-баштуу адамдар, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперт-тер кирген абройлуу жана адистешкен комиссия түзүп, апрель окуяларына кайра так иликтөөлөрдү жүргүзүүсүн талап кылабыз.
Эгерде, биз бул ишти ыкчам баштабасак Азиза менен Төлөйкан өңдүү укук коргоочулар эски бийликтин адвокаттарына айланышып, кан-жандарын аяшпай 86 кырчындай жигиттер өз өмүрлөрүн берип, миңдеген азаматтар атылган октон жарат алып орноткон элдик бийликтин аброюна эл аралык чен өлчөмдө шек келтирүү менен эл-журтубуздун ынтымагына, биримдигине орду толгус зыян алып келишери мүмкүн. Кандай болгон күндө да 2010-жылдагы апрель элдик революциясынын натыйжасында бакиевдик үй-бүлөлүк режимдин курулушу тарыхтан өз баасын алат деп терең ишенебиз.

Кол коюучулар:
Анарбек Тургуналиев - Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары, Төрөбек Кишенбаев - Талас шаардык революциялык комитеттин төрагасы, Рыскелди Ботиков - Талас облустук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары, Серен Шейшенов - Талас шаарынын мэри, Жусуп Бейшенов - губернатордун кеңешчиси, Руслан Атаканов - Талас районунун акими, Бакай Садыров - губернатордун басма сөз катчысы, Бакыт Жаныбеков - губернатордун жардамчысы, Асыл Мамырова - "Ата Мекен" партиясынын Талас облустук комитетинин төрагасынын орун басары, Мирлан Борукеев - "Ата Мекен" партиясынын Талас шаары боюнча координатору, Жамгырчы Бейшекеев - эмгек ардагери, "Ата Мекен" партия-сынын мүчөсү, Койчукул Кудакеев - облустук мамлекеттик администрациясынын айыл чарба бөлүмүнүн башкы адиси, Калабай Нусупов - эмгектин ардагери, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Диля Улушбаева - СПДК партиясынын Талас шаардык комитетинин жетекчиси, Кубанычбек Наскеев - эмгек ардагери, коммунисттик партиянын Талас шаардык комитетинин жетекчиси, Эркинбү Эшимбаева - "Гүлжигит" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу, Темиркан Абдыкулов - эмгек ардагери, Серик Жолдасов - "Ак Шумкар" партиясынын облустук комитетинин координатору, Козубек Айталиев - эмгек ардагери, Азиз Курамаев - "Жаштар канаты" кыймылынын жетекчиси, Жаныбек Сагыналиев - "Жаштар канаты" кыймылынын мүчөсү, Талас Кыдыралиев - Талас райондук революция кыймылынын төрагасы, Жаныбек Бейшенов - "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, Эсен Малабеков - "Ак Шумкар" партиясынын Талас шаардык комитетинин координатору, Марат Ниязалиев - "Талас" жаштар коомунун жетекчиси, Канай Керимбеков - "Афган" ардагерлер уюмунун төрагасынын орун басары, Гүлжигит Алымбеков - "Талас" жаштар коомунун мүчөсү.