30.04.10 Европа өнүктүрүү банкы өнөктөш бойдон калат
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева менен анын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Европа өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Роза Отунбаева Кыргызстандагы окуяларга ыкчамдык менен көңүл бурушкандыгы, өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтырууга конкреттүү жардам көрсөтүүгө ынтызарлыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Бул банктын президентинин демилгеси боюнча Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча атайын эл аралык комиссиянын түзүлүшү жагымдуу көрүнүш. "Бул комиссияга биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүз болгон Россия Федерациясынын жана Казакстан Республикасынын өкүлдөрүн киргизүү максатка ылайык болмок", - деди ал.
Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө социалдык экономикалык проблемаларды чукул арада чечүү максатында эл аралык уюмдар менен максаттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча Убактылуу Өкмөттүн аракет жасап жаткандыгын, ошондой эле банктын президенти Томас Мироунун атайын эл аралык комиссияны түзүү сунушуна колдоо көрсөтө тургандыгын билдирди. Бул комиссия Эл аралык валюта фондусу менен Бүткүл дүйнөлүк банктын апрель айында болуучу жолугушуусуна жана Азия өнүктүрүү банкынын май айында Ташкентте өткөрүлүүчү жолугушуу-ларына даярдыктарды көрмөкчү. Ошондой эле жардам берүүнүн бардык булактарын, аларга донор мамлекеттер менен кызматташууну кошуу менен максаттуу пайдаланууну сунуш кылды.
А.Атамбаев өз сөзүндө Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан приоритеттүү долбоорлорго токтолуу менен төрт жылга эсептелген Ош-Баткен-Исфана автожолунун курулушун тездетүү жөнүндөгү өтүнүчүн билдирди. "Бул автожолдун курулушу 400 миңдей адам жашаган Баткен облусунун чек арадагы жашоочулары үчүн зор мааниге ээ", - деп меймандын көңүлүн бурду.
Европа өнүктүрүү банкынын Түркия, Түштүк-Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия боюнча директору Оливер Декамп Кыргызстандын маанилүү өнөктөш болуп санала тургандыгын жана бардык жүзөгө ашырылуучу долбоорлорго тийиштүү жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.
Р.ЖЕТИГЕНОВ,
С. ДОСАЛИЕВ (фотолору)




Бардык жарандардын укугу бирдей
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Кнут Воллебек менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстандагы акыркы окуялардын алкагындагы этникалык азчылыктарга тиешелүү кырдаалдын тегерегиндеги маселелерди талкуулашты.
Этникалык азчылыктардын топтошуп жашаган райондорунда коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуунун чаралары боюнча пикир алмашылды. Ошондой эле алардын өлкөнүн ички саясый, социалдык-экономикалык турмушуна катышуу маселелери козголду.
Убактылуу Өкмөттүн бул маселеге олуттуу маани берери жана Кыргызстандын бардык жарандарынын, анын ичинде этникалык азчылыктардын укуктарын сактоо жана коргоо маселелери боюнча тиешелүү эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташууга даярдыгы белгиленди.


Мамлекеттик комиссия түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн буйругу менен мамлекеттик жардам көрсөтүү максатында экономикалык зыяндарды аныктоо жана ишкерчиликке колдоо көрсөтүү боюнча иш чараларды кабыл алуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлдү.
Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министрлиги бул комиссиянын катчылыгы болуп аныкталды.
Жапа чеккен бизнесмендерден документтерди ыкчам чогултууну тездетүү максатында жогоруда аталган мамлекеттик комиссиянын катчылыгы түз байланыш ачмакчы. Бардык жапа чеккен ишкерлер менен бизнесмендер мамлекеттик комиссияга: 66-20-35, 66-35-38 телефондору боюнча кайрылышса болот.
М.АЛАГУШЕВ





Май майрамдарына түшүндүрмө
Эмгек министрлиги май майрамдары боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:
1-май, Эмгек майрамы ишембиге туш келгендиктен, майрам башка күнгө которулбайт, демек 3-май, дүйшөмбүдө жумуш күнү болот.
5-май, Кыргыз Республикасынын Конституция күнү шаршембиге туш келгендиктен, эс алуу күнү болуп жарыяланды.
9-май, Жеңиш күнү жекшембиге туш келет, ошондуктан Эмгек кодексине ылайык, 10-май эс алуу күнү болот.


Балдардын укуктары сакталат
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымынын орун басары Ө.Текебаев ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ража Мсефер Беррада менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өткөрүлүп жаткан конституциялык реформалардын алкагында балдардын укуктарын сактоо жана жүзөгө ашыруу боюнча маселелер талкууланды. ЮНИСЕФтин өкүлү Конституциянын акыркы вариантынын үстүнөн иштей турган Конституциялык кеңешменин курамына балдардын укуктары маселелери боюнча бардык проблемаларды жакшы билген жарандык коомдун бир өкүлүн киргизүүнү сунуштады.
Бул сунушка макул болуу менен Ө.Текебаев алар дагы Конституциянын тигил же бул беренелери боюнча өздөрүнүн конкреттүү сунуштарын бере алыша тургандыгын белгиледи.

М.АЛАГУШЕВ

Конституциялык кеңешме түзүлөт
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев БУУнун туруктуу координатору, ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Нил Волкер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдумга даярдык көрүү жана аны өткөрүү, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо, ошондой эле өлкөбүздүн шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча убактылуу борбордук комиссиясын түзүү жана анын иш жүргүзүү маселелери талкууланды. Ө.Текебаев республиканын негизги мыйзамынын жаңы редакциясы жалпы элдик талкууга коюлгандыгын билдирди. Жалпы элдик талкуулоодон кийин 19-майда Конституциянын акыркы варианты жарыяланат. Убактылуу Өкмөт тарабынан Конституциянын жаңы редакциясынын акыркы вариантынын үстүнөн иштөө үчүн Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага элүүдөй саясый партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү, көрүнүктүү коомдук ишмерлер, ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары киришет.
Ошондой эле жолугушуу учурунда Конституциялык реформаларды жана парламентке шайлоону өткөрүүгө Бириккен Улуттар Уюмунун көмөк көрсөтүү маселеси да талкууланды.

Р. ЖЕТИГЕНОВ


Кошуналар колдоо көрсөтөт
"Боордош өлкөлөр Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны ачуу маселеси тездетилсе, экономикалык жактан да максатка ылайык болор эле", - деди Убактылуу Өкмөттүн Төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда.
"Чек аранын жабылып калганынан улам Россиянын да, Казакстандын да ишкерлери олуттуу чыгымдарды тартууда. Негизсиз түшүнбөстүктөр жаралып, баалардын өсүшү байкалууда", - деп кошумчалады А.Атамбаев.
Казакстандын Премьер-министри Карим Масимов Кыргызстанга жазгы-талаа иштерине керектүү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча колдоо көрсөтөрүн жана Кыргызстан менен ортодогу чек араны ачууну тездетүүгө күч жумшарын белгиледи.
Андан тышкары сүйлөшүүдө миграциялык процесстерди жөнгө салуу, Кыргызстандын эмгек мигранттарына зарыл жардамдарды көрсөтүү маселелери козголду.
Эске сала кетчү нерсе, апрель айынан баштап Казакстанга келген чет өлкөлүк жарандарды эсепке алуу эрежеси өзгөрдү. Эми эмгек мигранттары 5 күндүн ичинде барган жеринде катталууга милдеттүү.
Чет өлкөлүк жарандардын Казакстанга барып-келүүсүнө карата күчөтүлгөн чаралар Кыргызстандын эмгек мигранттарына кошумча түйшүктөрдү жаратып, дегинкиси, мекендештерибизди депортациялоого алып келиши мүмкүн.
Убактылуу Өкмөт гуманитардык жардам иретинде Казакстан бөлүп берген 3000 тонна дизелдик отундун литрин, рынок баасынан кыйла арзандатып, 24 сомдон айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөргө, аларды колдоо максатында бермей болду.
Күйүүчү майдын 1100 куб. м. көлөмүндөгү биринчи партиясы облустарга төмөндөгүчө бөлүштүрүлдү:
Баткен - 100 куб. м.
Жалал-Абад - 200 куб.м.
Ош - 200 куб.м.
Ысык-Көл - 256 куб.м.
Нарын - 120 куб.м.
Талас - 100 куб.м.
Чүй - 150 куб.м.
Бүгүнкү күнү Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйкан чарбалары өздөрүнө бөлүнгөн дизелдик отундарды толук алышты.
Учурда башка облустарды да жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү үчүн күйүүчү май менен камсыздоо боюнча жумуштар аткарылууда.
Казакстандын Шымкент шаарынан келе жаткан отундун экинчи партиясы (17 цистерна) келээри менен ал дагы дыйкандардын муктаждыгына жумшалат.
Айыл чарба товар өндүрүүчүлөр күйүүчү-майлоочу майдын талонун литрине 24 сомдон жашаган жериндеги айыл өкмөтүнөн алса болот.
С. ЭСЕНОВ