27.04.10
  Ата Журт алкагында

Медакадемиядагы тынчтык бузулбаса
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын эмгек жамааты жана студенттери Убактылуу Элдик Өкмөттүн атына кайрылуу жолдошту. Кайрылууда окуу жайдагы учурдагы абал тууралуу, эмгек жамааттын биримдигинин толук сакталышын, өз ара ыдырап кетүүгө жол бербөө тууралуу ойлорун ортого салышкан. Ошондой эле медициналык академияны жетектеп келаткан ректор А. З. Зурдиновду ордуна калтырып, туруктуулукту камсыздоо тууралуу суранычын билдиришкен. Окуу процесстеринин үзгүлтүккө учурабашы, окутуучулар арасында ар кандай жагымсыз таасирлердин болбошун, алардын бир калыпта иштөөсүнө мүмкүндүк берүү тууралуу сунуштарын ачык айтышкан. Кайрылууга 2 миңден ашуун адамдын колу коюлган.



Зита менен Гитанын ата-энеси жарадарларга келишти
Сиам эгиздери Зита менен Гитанын ата-энеси борборубуздагы №1 шаардык клиникалык ооруканада дарыланып жаткан Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын күзөт-нөөмөт постунун кызматкери Алмаз Акчикеевдин абалын келип сурашты. 7-апрелдеги кайгылуу окуяда Алмаз буттарынан оор жаракат алып, эки буту тең тизеден ылдый кесилгени белгилүү. Өлкөбүздө анын абалына жаны ачып, колунан келген жардамын берүүгө умтулган кайрымдуу жарандарыбыз аз эмес. Алардын бири Зита менен Гитанын ата-энеси Резахановдор.


Дарычынын дартын ук
Кыргызстандагы жападан жалгыз фармацевтикалык завод жабылуу коркунучунда турат деп билдирди "Фармако групп" заводунун аткаруучу директору Наталья Данилова. Анын айтымында заводдун каражаттары "АзияУниверсалБанкында" турган. "Бизди "бакиевчил" ишкерлердин тизмесине кошуп, банктагы эсеп-кысапты жаап салышты. Ушундан улам заводдун өндүрүшү токтоп калды. Бизде азыр сырье сатып алганга, кызматкерлердин маяналарын төлөгөнгө каражат жок" дейт аткаруучу директор.
Н.Данилованын маалыматында Кыргызстанда 200дөй фармацевтикалык фирмалар бар. Алар дары-дармектерди сырттан алып келүү менен иш жүргүзүшсө, "Фармако групп" өлкө аймагын дары менен камсыздайт.


Жабыркагандар чет өлкөдөн дарыланышууда
Түркияга дарылануу үчүн алты адам жөнөтүлгөн. Бул туурасында Убактылуу Өкмөттүн (УӨ) социалдык сектор боюнча координатору Эльмира Ибраимова 6-7-апрелдеги окуяларда жабыркаган Азиз Дүйшеналиевдин Кой-Таштагы ата-энеси менен жолугушуу учурунда билдирди.
Учурда Түркияга жиберилген 6 адамдын экөө кайтып келди. Бирок жабыркагандардын тизмесиндеги 17 адам чет өлкөдөн дарыланууга муктаж. "Биз Германия, Кытай, Россия элчилигине жана Ага Хан фондуна бул маселе боюнча кайрылдык. Ага Хан фонду 4 оорулууну Исламабадга жөнөтүп, ал жактан дарылантууга даяр. Ошондой эле Исламабаддан дарыланууну каалаган дагы төрт оорулуу бар, учурда бул маселе талкууланууда, - деди Э.Ибраимова.

Окуучуларды сабагандар жоопко тартылат
24-апрель күнү Бишкекке Кыргыз-түрк лицейине экзамен тапшыруу үчүн келаткан жалал-абаддык мектеп окуучулары Бишкекке кире бериш жерде милиция формасындагы адамдар тарабынан токтотулуп, текшерүүгө алынган жана сабалган. Мындай маалыматты КРнын Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабыр Жумабековго шилтеме берип билдирген. Анткени аталган медициналык жайга милиционерлерден кордук көргөн 18 окуучу жардам сурап кайрылган.
Азыркы учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында бардык күнөөлүү кызматкерлер мыйзамга ылайык жазага тартылат.


М. Конгантиевдин жактоочулары Ош-Бишкек жолун тосту
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин 500гө чукул тарапкерлери Ош-Бишкек жолунун Бүргөндү-Майлы-Сай бөлүгүн бууп, эч кимди өткөрбөй Конгантиевге ачылган кылмыш ишин токтотуп, толугу менен актоону, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Өмүрбек Текебаев өз колу менен Конгантиевди эл алдына алып келип берүүсүн талап кылышууда. Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 150дөй адам чогулуп, алар да Конгантиевдин бошотулушун талап кылышууда. Бул тууралуу Конгантиевдин атын атагысы келбеген тарапкерлеринин бири билдирди.


Тогуз коргоол боюнча чемпионаты Баткенде өтөт
Республиканын улуттук тогуз коргоол боюнча чемпионаты Баткен облусунун Кадамжай шаарчасында өтөт. Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча федерациясынын вице-президенти Камчыбек Касымовдун айтуусунда мурда чемпионатты Бишкекте өткөрүү пландаштырылган болчу. "Бирок улуттук спорттун түрлөрүн өлкөнүн аймактарында өткөрүү максатында биз спорттун бул түрүн республикабыздын ар кайсы аймагында өткөрүүнү чечтик"- деди ал.
Мелдеш 3-9-май күндөрү өтүп, тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандап алууга шарт түзүлөт. Ал эми спорттун бул түрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул жылы Астанада өтөт.


Ишкерлер көп чыгым тартышууда
Чек ара маселеси чечилбесе, ишкерлер 7-8-апрелдеги талап-тоноолордон да көп чыгым тартышат. Мындай маалыматты Кыргызстандын ишкерлер бирликтеринин өкүлдөрү билдиришти.
Кыргызстан ишкерлер бирлигинин аткаруучу директору Чыңгыз Макешев Казакстан жана Өзбекстан менен чек аранын жабык болушунан улам өндүрүлгөн продукцияларды сатууда көйгөйлөр жаралып, айрыкча азык-түлүктүк продукцияларды өндүргөн ишкерлер чоң зыян тартып жатышкандыктарын маалымдады.
Ушундай көйгөйлөрдөн улам Кыргызстан ишкерлери Убактылуу Өкмөттөн чек ара маселесин тез арада чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышууда.


Полиомиелит чек арадан сагалай баштады
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун полиомиелит оорусуна карата алдын-алуу чараларын көрүү жөнүндөгү сунушун республикабыздын Cаламаттыкты сактоо министрлиги эске алууда. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда ушу тапта Тажикстан жана Өзбекстанда полиомелиттин 129 учуру катталган. Ошондуктан Кыргызстандын Cаламаттыкты сактоо министрлиги иш-чаралардын планын иштеп чыгып, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларда эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөттү. Министрликтин басма сөз кызматына таянсак, полиомиелит менен оорунун акыркы учуру Кыргызстанда 1993-жылы катталган.

Багдад-Лондон авиакаттамы ачылды
Жекшемби күнү акыркы жыйырма жылда биринчи жолу Багдад-Лондон авиакаттамы ачылды. Исландияда жанар тоо атпаса, авиарейс тогуз күн мурда учмак. 1990-жылы ирак армиясы Кувейтти басып алганда, Улуттар уюму Иракка санкция жарыялап, ошондон бери бул өлкөгө коммерциялык учактар каттабай калган болчу.


Сомалилик каракчылар кармалды
Испаниянын аскер деңиз кемеси Сомалинин жээгинде каракчы деп шектелген сегиз адамды колго түшүрдү. Испаниянын коргоо министрлигинин маалымдашынча, анти-пираттык миссия менен жүргөн "Виктория" фрегаты каракчылык үчүн пайдаланчу каруу жарагы бар бир нече чакан жана тез жүрчү кайыктарды да кармашкан.
Жекшемби күнү Европа өлкөлөрүнүн коргоо министрлери Аден булуңу жана Инди океанында 2010-жылдан кийин да каракчылыкка каршы операция жүргүзүүнү макулдашты.


Индиянын чыгышын суу каптады
"Индиянын чыгышында нөшөрлөгөн жаандан улам башталган суу каптоонун натыйжасында 150 миң адам качкындарга айланды", - деп билдирди IANS агенттиги.
Өлкөнүн чыгышында катуу шамал менен коштолгон жаан өткөн аптанын ортосунда эле башталган. Катуу шамал бактарды кулатып, электр жана телефон байланыш линияларын үзүп, бир катар тоого жакын райондордо сел жүргөн.
Индиянын чыгышындагы Ассам штатында 250 кыштакты суу каптап, мындан тышкары Аруначал-Прадеш жана Трипура штаттарында да сел жүргөн. Качкындарды Өкмөт темир жол вагондоруна, өкмөттүк мекемелердин имаратына жана мектептерде жайгаштырууда.


196 кыргызстандык мигранттар кармалды
Казакстандын Жамбыл облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери кыргызстандык мыйзамсыз жүргөн 196 мигрантты кармашкан. Облустук ички иштер департаментинин маалыматына ылайык, 21-22-апрель күндөрү атайын операциянын жүрүшүндө республиканын аймагында мыйзамсыз жүргөн 257 чет элдик кармалган. Алардын арасында 196сы Кыргызстандын жарандары болсо, Өзбекстандын 46, ошондой эле башка 15 чет өлкөлөрдүн жарандары кармалган. Чет элдик жумушчу күчтөрүн мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн 29 кызмат ээлери жоопкерчиликке тартылган.


Чек арада жер титиреди
КРнын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институнун билдирүүсү боюнча, кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди. Жер титирөө 25-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:30да болгон. Силкинүүнүн очогу кыргыз-кытай чек арасынын Ат-Башы районуна жакын Торугарт аймагындагы Чатыр-Көл көлүнүн түштүк-батыш тарабынан 10 км. аралыктан чыккан.
Жер титирөө болгон аймакта силкинүүнүн күчү 4,5 баллга жеткен. Ал эми Торугарт, Эселек жана Коргон-Таш айылдарында 3 балл болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабырлануучулар жок.


Кытайдын ийгилигин Дүйнөлүк банк тааныды
Дүйнөлүк банк Кытайдын дүйнөлүк экономикада мааниси өскөнүн тааныды жана эл аралык уюмдагы Кытайдын үлүшүн (квотасын) 2,77ден 4,42ге чейин жогорулатты. Ошентип, Кытай өз үлүшү боюнча Дүйнөлүк банкта Германия, Франция жана Британиядан алдыга чыкты. Бирок АКШдан жана Япониядан артта. Бул Дүйнөлүк банктын чечим кабыл алуусунда Кытайдын ролу мурдакыдан өскөнүн билдирет.
Кытай, Бразилия, Индия жана Россия узактан бери Дүйнөлүк банкта АКШ жана Европа өлкөлөрү үстөмдүк кылат деп доомат кылып жүрүшкөн.


Кошуналар чек араны ача элек
Казакстандын ички иштер министри Серик Баймаганбетов бүгүн мунун зарылдыгын коңшу өлкөнүн чек арасында ок атуучу куралдын көп топтолгондугу жана анын Казакстан аймагына өтүү коркунучу али сакталып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Бирок казак ички иштер министри азырынча Кыргызстандан Казакстанга курал алып өтүү фактысы катталбаганын кошумчалады. Серик Байганбетовдун айтымында, чек ара азыр чек ара күчтөрүнүн, ички аскерлердин, полициянын катуу кайтаруусунда турат. "Күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөө коңшу өлкөдө коомдук-саясый абал нормалдашканга чейин жүргүзүлө берет",- деди ал кыргыз-казак чек арасы 7-апрелдеги окуялардан бери жабык турат. Кыргызстандан Казакстанга казак жарандары гана өткөрүлөт.


Иран жаңы санкциядан качууда
Иран өлкөнүн ядролук программасы боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жаңы санкция кабыл алуусуна жол бербөөнүн аракетин кылууда. Ирандын тышкы иштер министри Манучер Мотакки жекшемби күнү Венада БУУнун Коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөсү, Австриянын дипломаттары менен кездешти. Маалыматка караганда, Мотакки Австрия тараптан Коопсуздук кеңеши непада Тегеранга каршы жаңы санкция кабыл алмак болсо, аны колдобоону сураган.