кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
27-апрель, 2010-ж.:
1-бет
Журналисттер аллеясы болобу?
2-бет
Намыстуу жаштарыбыз көп экен
3-бет
Кыргызстандын багыты
Баш мыйзамда аныкталды

4-бет
Күн тартибинде - тартипти камсыз кылуу
5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Референдумду жана шайлоону
өткөрүүнүн тартиптери аныкталды

7-8-9-10-11-бет
Кыргыз Республикасынын Конституциясы
12-бет
Убактылуу Өкмөттүн төрайымы
Роза Отунбаева:
БИЗНЕСКЕ ЫҢГАЙЛУУЛУК, ЖЕҢИЛДИК БОЛООРУНА ИШЕНЕСИЗДЕР

13-бет
Жайыт департаментинин башчысы Абдималик Эгембердиев:
Жайыт - элдин энчиси

14-бет
Кыргыз мамлекети жоголбойт, жок дегендер оңбойт
17-бет
Дыйкандар колдоого алынды
18-бет
Бошотуулар, дайындоолор
20-бет
Түлеевдин түгөнбөгөн былыктары ачылабы?
21-бет
"Балдарыбызды тирилтип бергиле!" - деп куудук"
24-бет
Ысык Ата - бейиш төрүндөй


п»ї

  Жүз жыл алдыны ойлосоң - бак тик!

Журналисттер аллеясы болобу?
Апрель революциясынан кийинки күндөр республикабызда жалаң эле талап-тоноочулук, бийлик талашуулар, рейдерлик фактылары, жер басып алуулар менен коштолгондой көрүнүп келет. Мына ушундай учурда "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев демилге көтөрүп, көчөттөрдү сатып алып, өткөн жумада Бишкектин Жумушчулар шаарчасы деп аталган кварталындагы аллеяда бак тигилди. Буга бир катар Бишкектеги жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Натыйжада аллеядагы баягы кыйынчылык жылдары кыйылып кеткен бактардын ордуна 160 түп дарак отургузулду.

Чынын айтсам, мени өкүндүргөнү - өлкөбүздө мындай иш чаралардын бийлик тараптан көрсөтмө болмоюнча өтпөй калганы. Өткөрүлсө да мындай иш чаралардын басымдуу көпчүлүгүндө жасалмалуулук байкалып, тиккен бакка караганда ага кеткен чыгымдар ашыкча болуп кетчү. Анан да андай иш чарага адамдар күчтөлүп алынып келинип, мойнуна байлаган ит ууга жарабагандай эле, андайлар көчөттү сапаттуу отургузууну эмес, эптеп күн өткөрүүнү ойлошчу. Ушундай жасалмалуулук үстөмдүк кылган жердеги иштерден майнап чыкмак беле? Ошол эле А. Акаевдин, кийин К.Бакиевдин убагында алардын катышуусу менен отургузулган бактардын канчасы өсүп кеткендигин, а канчасы түп-орду менен куурап калганына кызыгып көрөлүчү!? Жогоруда айтылган сөздүн чындыгына ишенбей койбойсуң.
А бул жолу мындай жасалмалуулук байкалган жок. Анткени дүйнөдөн өтүп кеткен кесиптештерибизди эскерүү катары бак отургузуу демилгесине үн кошкон журналисттердин баары ыктыярдуу келишкен. Алар чын пейилден иштешип, ар бир түп көчөттүн өнүп кетишин каалап жатышты.
М.Токоев шаардын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери менен сүйлөшүп, жаңы тигилген дарактар тамыр жайып кеткенче суугарып турууну да макулдашканын айтты.
А менин оюма төмөнкүдөй идея келди. Эгерде шаар бийликтери макул болушса, ансыз да дээрлик кароосуз калган мына ушул аллеяны коргоону, кароону журналисттер коомчулугуна беришсе туура болмок. Ошондо ансыз да четинен кертип кирип бара жаткан шылуундардан да корголуп калмак беле?!
Мына ошол иш чара жүрүп жатканда мени кубандырган да, өкүндүргөн да көрүнүш болду. Кубандырганы - ошол жерде эс алып жүрүшүп, биздин бак отургузуп жатканыбызды кокусунан көрүп калышкан орус улутундагы бир нече жарандын келип кол кабыш кылышканы. Дагы бир-эки орус кемпир колдорунан иш келбесе да, бул ишти кубаттап, ыраазычылыгын айтышты.
Өкүндүргөнү - ошол аллеяда эс алып, пиво ичип отурушкан кыргыз жигиттеринин жана балдарын ойнотуп жүрүшкөн кыргыз келиндеринин кайдыгерлиги. Алар жардамдашып коюу мындай турсун, эмне болуп жатканы жөнүндө сурашкан да жок. Ал да аздык кылгансып, кетеринде кыргыздардагы "салт" боюнча таштандыларын жыйнашпастан аллеяга туш келди таштап кетип калышты...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"






Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0427_1.htm on line 116

Warning: include(../../gb.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0427_1.htm on line 116

Warning: include(): Failed opening '../../gb.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0427_1.htm on line 116







??.??