23.04.10 Темир САРИЕВ:
Негизги максатыбыз таза коом куруу
Убактылуу Өкмөттүн башчысынын орун басары Темир Сариев мурдагы президент: "Курманбек Бакиев Минскиде жасаган соңку билдирүүсү менен дүйнө коомчулугу алдында дагы бир жолу туруксуздугун көрсөттү" - деп эсептейт.

-Темир мырза, бүгүн Курманбек Бакиев Минскидеги маалымат жыйынында: "Мен президент-тиктен баш тарткан эмесмин, бул жалган", - деп төгүнгө чыгарып, анан Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүн тааныбоону дүйнөлүк коомчулуктан сурап, кайрылган экен. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары буга сиздин көз карашыңыз кандай?
-Биринчиден, Бакиев курман болгондордун туугандарына, кыргыз элине көңүл айтып, кечирим сураса болмок, бийлигине жармашпай. Ансыз деле бийлигин сактап калам деп отуруп, курал менен коргойм деп кыргыздын канчалаган эр жүрөк адамдарын шейит кетирди. Бизде, Конституцияда жазылып турат: "Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн ээси - эл, бийликтин бирден бир бутагы бул - эл" деп. Бакиев тааныйбы, тааныбайбы, эң негизгиси эл тааныйт бул жаңы Убактылуу Өкмөттү. Качып, алыска барып алып, ушунча адамдардын баарын зордук-зомбулук менен өлтүрүп, анан баш паанек тапкан жерге барып, кайра өзүнүн жазып берген арызынан баш тартып, "мен мамлекеттин президентимин" дегени, дагы бир жолу кыргыз элинин астында, коомчулуктун астында, дүйнө коомчулугунун астында өзүнүн туруктуу эместигин көрсөттү. Көрсө, бул кишиге бир гана бийлик керек экен. Басып жатып, канын соруп, элди кордосом, бирок өзүм жыргасам деген саясатта турганын дагы бир жолу далилдеп жатат.
-Убактылуу Өкмөт кандай карайт, КМШ алкагында өз ара келишимдер бар да, мисалы Убактылуу Өкмөт Бакиевди кылмышкер катары эсептеп, билдирүү жасадыңыздар буга чейин. Ушул КМШ ортосундагы макулдашууга ылайык кылмышкерди бири-бирине өткөрүп берүү жөнүндө эрежелер болушу керек. Ушул колдонулабы, ушуга талап коёсуңарбы?
-Бул юридикалык жагы экен, аны дагы такташат. Азыр кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп атат. Булардын кылган кылмышын биз тергөөнүн негизинде далилдеп, анан сотко өткөрүп беришибиз керек. Анан ошого карата мамиле болот. Азыр биз ашык сүйлөбөйлү, биздин эң негизги максатыбыз - азыр Кыргызстанда биринчиден, тынчтыкты, бейпилдикти сактоо, анын ичинде бардык мамлекеттик бийликтер сааттай иштеш керек. Элдин биримдигин, туруктуулугун, бекемдигин сакташыбыз керек. Ал эми болуп өткөн кайгылуу окуялар, ошонун негизинде жүрүп жаткан кылмыш иштери узартылбай, тез аранын ичинде бүтүш керек. Тез аранын ичинде сурап, тергеп, иликтеп, анан коомчулукка, дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүшүбүз керек. Ошого жараша Бакиевге мамиле болот. Эгер, анын кылмышы далилденсе, албетте, кайрылуу болот, аны бизге берүү боюнча. Же болбосо өзү суранып жатпайбы, мени эл аралык сот соттосун деп. Мүмкүн ошондой жолу да болот. Бирок, азыр тергөө бүткөнгө чейин шашпай туруш керек.
-Эл аралык комиссия түзүү жөнүндө Бакиевди сыртка чыгарып кетип жатканда ЕККУ, БУУ, АКШнын, Орусиянын президенттери баш болуп, кепилдик берип, эл аралык комиссия түзүү жөнүндө маселелер козголду деген маалыматтар тарады эле. Эл аралык комиссия түзүү иш-аракети канча убакытка созулушу мүмкүн, сиздин пикириңизде?
-Мен андай сунуш боюнча билбейт экемин, кабарым жок. Биз убактылуу өмөттө 8-9-10унда түнү менен 24 саат иштеп аттык. Анткени, акыбал курч эле. Ошондо Баки-евдин тегерегиндеги маселелер каралган. Бир топ мамлекеттер чыгып, кепилдик берип, акыбалды калыптандырууга, туруктуулукка алып келүү боюнча гана айтылган, башка маселелер жок.
-Эл аралык уюмдар менен каржылык алакалар кандай болуп жатат ушу тапта? Себеби, буга чейин мындай сөздөр болду, кечээ Медведев дагы айтпадыбы, азыр тезирээк мыйзамдашыш керек бул өкмөт, азыр ушу тапта мамлекет жок деп?
-Бизге биринчи жардам Россия Федерациясынан келип жатат. Ал жакта долбоор каралып, чечилген. Анан кээ бир техникалык жактарын тактоо эле калды. Мен ойлойм, бир-эки күндүн ичинде акча келип түшөт. Башка эл аралык уюмдар менен, ошонун ичинде чоң мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, алар даярдыгыбыз бар, беребиз деп жатышат. Мына бүгүн-эртең стабилдүүлүк толук орногондон кийин мен ойлойм, бул жактан дагы кошумча каражаттарды алабыз. Азырынча бизде Орусиядан келе турган каражатты алганда, апрель айындагы кооптонуу болгон чыгаша жагына жетпей калат деген акчаны биз толук таап, бардык мамлекеттик органдарды жана социалдык фондду каржылай алабыз. Майга болсо иш чараларды көрүп жатабыз, ички ресурстарды таап жатабыз. Мисалы, президентке учак алсын деп акча бөлүнгөн экен, ошол жерден 204 миллионду кайра кайрып алдык. Андан башка Кумтөр бул айда кошумча акча берди, салыгын көбүрөөк кылып, планга караганда 180 миллионго ашыгыраак.
-Саясый себеппи, же кандай?
-Жок, саясый эмес, алар ушул күндөрдө алтындын баасы өсүп, кичине көбүрөөк саттык деп атышат. Алар мындан кийинкисин дагы көбөйтөт. Биз ички ресурстарды издеп атабыз. Азыр бажы кызматында, салык кызматында ресурстарды издетүүдөбүз. Албетте, 7-8-апрелде болуп өткөн окуялардан кийин кандайдыр бир төмөндөө болуп, активдүүлүк азайып атат. Бирок, биз ойлойбуз, Убактылуу Өкмөттүн көргөн чаралары менен биз тез аранын ичинде кайра жандандырууга алып келебиз. Бул үчүн атайын программа иштелип чыгып жатат. Биз аны жакында кадам-кадам катары ишке киргизе баштайбыз. Дагы башка мамлекеттик каржыны кыскартуу боюнча чоң иш жүрүп жатат. Ошонун ичинде жетекчи орундарды кыскартуу, мораторий жарыялап жатабыз, текшерүүлөр болуп жатат. Ошого окшогон кыймыл-аракеттер, иш-аракеттер мен ойлойм, бизге кошумча каражат алып келет. Же болбосо жок дегенде пландын деңгээлинде кармап турат.
-Пенсиялар берилбей, пенси-онерлер кезекке туруп калды деп Орусиянын маалымат каражаттары бүгүн жазышты. Ушунун канчалык чындыгы бар?
-Жок, пенсия толук график менен кетип атат. Мен кечээ күнү эле cоциалдык фонддун төрагасынын милдетин аткарып жаткан адам менен сүйлөшкөм, ресурсубуз жетет. "Азыр 90 пайыз аткарып койдук", - деди. Мына, менде турат. Апрель айынын каржысы боюнча планда 4 млрд. 365 млн. сом каралган, ал эми биз 3 млрд. 213 млн. сомду каржыладык, бул 74%га жетет. Бүгүн, 21-апрелде, бюджеттин 74%ын берип койдук. Финансы тармагы толук көзөмөлдө, эч кандай кооптонуу болбойт. Бюджеттен акча алып жаткан дарыгерлерге, мугалимдерге, кызматта жүргөндөрдүн баарына толук берип жатабыз. Мындан башка биз азыр милиция органдарына, өзгөчө кырдаал министрлигине кошумча акча бөлүп берип, ресурстарды таап, ичин кыскартып, ошонун чегинде берип жатабыз. Каржы министрлигинин жергиликтүү органдары толук кандуу, сапаттуу иштеп жатат.
-Азыр ушу тапта буга чейинки айлык маяналар толук төлөнөбү?
-Толук төлөнөт. Бул айда айтпадымбы, апрелдикин толук жабабыз, убактысы менен.
-13 млрд. дефицит деп жатпадык беле. Ал маселе кантип жатат?
-Азыр бюджетти өзгөртүү, түзөтүүлөр боюнча каралып жатат. Чыгаша жагын кыскартабыз, киреше жагын карап жатабыз, дагы кандай кошумча булактар болот деп.
-Сиз бул бийликтин коррупциялашканына дагы бир жолу ынандым деп, кандай фактылардын негизинде айтып жатасыз?
-Мисалы, бажы кызматында болуп аткан иштердин баарын чогултуп, мен ошол жерде финансы полициясын, чек ара кызматын, коопсуздук кызматын, милицияныкын, транспорт инспекциясыныкын, баарын чакырып көрсөтүп бердим, айтып бердим, бизнесте жүргөн адамдар кимге канча төлөш керек экенин, Торугарттан келип жаткан жүктөргө. Чачыңар тик турат, ошондон бери келгенге чейин булар канча төлөйт, андан кийин Бишкекке келип, терминалга киргенде 1400 доллардан дагы төлөчү ар бир машина. Биз мунун баарын жоёбуз деп жатабыз азыр, мен ушундай түз көргөзмө бердим: "жойгула, токтоткула!"- деп.
-Ошол каражаттар казынага түшкөнбү?
-Жок, алар көмүскө болуп чөнтөктөрүнө түшкөн, ар бири бөлүшүп алган. Ким канча алат, кайсы жерде алат, бүт баары жазылган. Мага азыр каттар келип жатат, схемалардын баарын чийип берип жатышат. Биз мунун баарын токтотобуз. Мына азыр бажы кызматынын башына Кулматов келди. Мен түздөн-түз талап коюп атам, биринчиден, баардык коррупциялык системаны жоёсуңар, экинчиден, планды аткарасыңар, керек болсо көбөйтөсүңөр. Жаңы бийлик келгенден кийин бизнес адамдары жеңилдикти сезиш керек, алардын акыбалы жеңилдеш керек, алар көрүш керек, жаңы бийлик келип, коррупция менен күрөшө баштады деп. Биз мурунку схемалардын баарын жоюшубуз керек.
-Көбүнчө Кыргызстандын каржысын толугу менен Максим Бакиев көзөмөлгө алып келгендиги буга чейин айтылып келген, азыр дагы айтылып жатат. Бүгүнкү күндө Максим Бакиевдин активдери эмне болуп жатат?
-Активдери боюнча тергөө жүрүп атат. Алардын баары афелированный, ал өзүнө жаздырбай, өзүнүн ишеничтүү адамдарына жазылып, афшор зоналарында каттоо-дон өткөрүп, эки-үч тепкич коюп койгон да, ошого жетпейт деп. Бирок, бизге көп дүйнөлүк органдар, анын ичинде АКШнын казначействосу, атайын орган бар экен, ошолор жардам беребиз деп жатат. Орусиянын атайын органы бар, финансылык чалгындоо деген, алар да жардам беребиз деп өздөрүнүн даярдыгын көрсөтүп жатат. Мындан башка дагы бир топ иштер болот, жардамдар турат. Бүгүн БУУнун өкүлдөрү менен, Дүйнөлүк банк менен сүйлөшкөндө дагы айтып жатабыз буларды. Анткени, бул жактан чыгарылып кеткен акчалар азыр Кыргызстандын ичинде террордук акцияларды жүргүзгөнгө жумшалышы толук мүмкүн деп айтып жатабыз. Анткени, бул Бакиевдин туугандары ушундай иш-аракеттерди кылып атат. Булардын активдерин камап жаап, блокировать этиш бул бир гана кыргыз элинин кызыкчылыгы эмес, дүйнөнүн кызыкчылыгы болот. Ошон үчүн бул жерде жардам шарттуу, жакшы болот деп ойлойм.
-Мен мындай суроо берип жатканым, буга чейин дагы,
Акаевдин бийлиги кулаган кезде Акаевдин байлыктары боюнча ачылган кылмыш иштери далилденбей калган. Бул ирет дагы ушундай болуп, далилденбей калбайбы, механимздери бар экенине өзүңүз көзүңүз жетип турабы?
-"Нарынгидрокурулуш" деген чоң мекеме бар, бүт мамлекеттин акчасына курулуп жаткан Камбар-Ата-2, бул боюнча биз азыр атайын иштеп чыгып киргиздик, тышкы башкарууну киргизүү боюнча. Анткени, Камбар-Атаны салбасак болбойт. Ошондой эле чоң уюлдук компаниялар боюнча да иштеп жатабыз. Алардын мурунку кожоюндары келип, бизден кантип тартып алышты деп, ошолорду айтып беришип, сот аркылуу чечип беребиз деп жатат. Бирок, ал жактын дагы турган активдери мамлекетке алынып, булар чоң көлөмдө акча болот. Азыр шашпай туралы, бирок ошонун негизинде иштелип жатат. Мунун баары тең ачык-айкындыкка чыгат, кандай жол менен канчага бааланып, канчага сатылды. Мисалы тергөө иштери жүрүп, бүгүн 20 млн. долларга жакын нак акчаны таптык, банктын сейфтеринде жаткан. Нак акча, 20 миллиондон ашып кетти. Алтын слитоктор табылып жатат. Бир топ компьютер, маалымат жүктөлүүчү флешкалар табылып, булардын баары тең түздөн-түз жыйынтыгын берип жатат. Мурункудай айтылып эле калбай, 300 компанияга иш козголду, улам четинен кете берди дегенибиз, бул жерде баардыгы тең айтылып, каралып, чыга баштады. Мына "Нарын гидро курулушту" алсак, бул кандай деген чоң мекеме, убагында ит бекер алып алышкан. Биз кайра аны мамлекеттин эсебине алып келебиз. Бул Камбар-Ата-1-2ни куруу-чу негизги мамлекеттик компания болуп калат. Бул түздөн-түз биздин жасап жаткан ишибиз.
-Өнүктүрүү фонду боюнча айта кетсеңиз?
-Өнүктүрүү фондунда азыр тышкы башкаруучу бар. Азыр директору дайындалып биз иштейбиз, ал жак боюнча толук маалыматыбыз бар.
- БУУдан шайлоого акча сураган турбайсыздарбы, ошол боюнча маалымат бере кетсеңиз?
-Бул жылы референдум, андан кийин шайлоо да өтөт. Буга бир топ каражаттар керек болот. Азыр болжол менен 400 млн. сомдун тегереги делип жатат. Азыр тактап жатышат. Биз ушул акчаны табуу боюнча донорлордон, эл аралык уюмдардан грант катары сурап атабыз, ант-кени бюджеттен бере албайбыз. Эгерде бюджеттен берсе, бюджетке абдан чоң оорчулук келет. Биз макулдугун алдык, бул акча табылат, берилет. Таза шайлоо өткөрүш үчүн алар аябайбыз дешти. Биздин негизги максатыбыз - референдумду, шайлоону таза өткөрүшүбүз керек, мурункудай эмес.
-Рахмат маегиңизге.
Бурулкан САРЫГУЛОВА
"Азаттык"