23.04.10
  Ата Журт алкагында

Экс-муфтий жоголуп табылды
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары Сүйүн ажы Кулиевдин билдирүүсү боюнча 21-апрелге караган түнү экс-муфтий Мураталы ажы Жумановду белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Бирок арадан көп убакыт өтпөй, аны кайрадан үйүнө жеткирип коюшкан. Айрым маалыматтар боюнча, анын денесине бир аз залал келтирилген. Учурда укук коргоо органдары бул жагдайды изилдеп жатышат.
Белгилей кетүүчү жагдай, жакында Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын уламалар кеңешинин жыйыны болуп, анда муфтийди шайлашмак. Тилекке каршы, тараптар бир пикирге келе албагандыктан жана республикадагы кырдаалды эске алып, муфтийди шайлоо белгисиз мөөнөткө артка жылдырылган.

Тез таасир этүүчү штаб түзүлүүдө
Кыргызстан элдери ассамблеясынын алдында Тез таасир этүүчү штаб түзүлүүдө. Алар элдик кошуундар, Республикалык аксакалдар кеңеши, ошондой эле укук коргоо органдары менен бирдикте өлкөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо максатында тыгыз кызматташат.
Штаб начальниги болуп Кыргызстан элдери ассамблеясынын кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Сабиров Равшанбек шайланды, ал эми штабдын мүчөлөрү болуп ассамблеянын этникалык бирикмелеринин жана аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү эсептелет. Штабдын максаты - улуттар арасындагы кагылышуулардын алдын алуу болуп саналат. Штабдын түз байланышуу телефондору: 0312 66-22-48 саат 9.00-20:00.

Маевкадагы башаламандык боюнча кылмыш иши козголду
Маевка айылындагы массалык башаламандык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Укук коргоо ведомствосундагылар аталган айылдагы талкалоону уюштургандар бошолтулгандыгы тууралуу маалыматты тастыктады.
Эскерте кетсек, башаламандык болгон 19-апрель күнү бир топ адамдардын тобу Маевкага кирип, үйлөрдү тоноп, машинелерди өрттөй баштаганда, кечке маал айылга кирип келген СОБР отряды 130 адамды кармап кеткен эле. ИИМде билдиришкендей, алардын бардыгы көзөмөлдө жана милиция мындан ары башаламандыктарга жол бербейт.


А.Лукашенкого каршы акция
"9-апрель" Кыймыл мүчөлөрү Беларус президентин 6-7-апрелде кан төгүүгө жол берген экс-президент К. Бакиевди Кыргызстанга тез аранын ичинде кайтарып берүүнү, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөнү талап кылып, Кыргызстандагы Беларус элчилигинин жанында пикет өткөрдү. Аталган кыймылдын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Беларус президенти Александр Лукашенкого талаптарды кыймыл мүчөлөрү элчиликке тапшырмак. Бирок элчилик убактылуу иштебегендиктен алар иш-чараны 26-апрелде улантууну чечти.

Чек ара жабык бойдон калууда
Кыргызстандын Казакстан жана Өзбекстан менен болгон чек-арасы жабык бойдон калууда. Кыргызстандын Чек ара кызматынын айтымында, Кытай жана Тажикстан менен чектешкен мамлекеттик чек-арада кадимкидей тартипте иш жүрүүдө.
Мамлекеттик чек аралар казак жана өзбек тараптын демилгеси боюнча жабылган. Коңшу өлкөлөрдүн чек-ара кызмат жетекчилеринин мындай чечимдерди кабыл алуусу Бишкектеги 7-8-апрелдеги окуяларга байланыштуу болгон. Ведомстводо кошумчалагандай, Казакстан жана Өзбекстан тарап Кыргызстанда туруктуу абал орномоюнча чек-араны ачууга даяр эмес.

Айгүл гүлү өзгөчө мамлекеттик корукка алынды
КРнын мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башкы адиси Кылычбек Жүндүбаевдин билдирүүсү боюнча, Баткен районунун аймагында өскөн дүйнөдө сейрек кездешүүчү Айгүл гүлү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген жана өзүнчө корукка алынган.
Баткен районунун Кара-Булак айылына жакын тоодо өскөн Айгүл гүлүн сактоо жана көбөйтүү боюнча, 124 гектар аянт мамлекеттик корукка алынып, республикабыздагы 68-корук болуп калды. Бул эбегейсиз кооз, легендарлуу гүл дүйнө жүзүндө өтө сейрек өскөндүктөн, чет элдик туристтерди тартуу жана туризм аймагына айландыруу үчүн бир топ иш чаралар иштелип чыккан.

Кыргызстан Москвадагы Жеңиш парадына катышат
КМШнын тогуз өлкөсүнүн аскер кызматкерлери 9-майда Москвадагы Кызыл аянтта өтө турган Жеңиш парадына катышат. РФнын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Алексей Кузнецов билдиргендей, Россиядан тышкары Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Украинанын аскер кызматкерлери парадга катышат.
Бул салтанатта Молдова менен Өзбекстандын аскерлери катышпай турганы белгилүү. Ал эми Грузия Шериктештиктен чыгуусу тууралуу билдиргендиктен, бул өлкөгө чакыруу жөнөтүлгөн эмес. Мындан тышкары парадда АКШ, Улуу Британия, Франция жана Польшанын аскер кызматкерлери да болот. Аталган өлкөлөрдүн ар биринен 75тен адам келип, жалпысынан чет өлкөлөрдөн катыша турган адам саны миңге чукулдайт.

Кыргызстандык ардагерлер Москвадан материалдык жардам алат
Москва бийлиги КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдө жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтөт. Москванын тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар департаментинин маалыматына ылайык, Юрий Долгорукий атындагы эл аралык кызматташтык фондунун өкүлдөрү жана Москва өкмөт мүчөлөрү 4-майдан 9-майга чейин 11 өлкөдө болуп, ардагер-мекендештерге материалдык жардам көрсөтөт.
Белгилүү болгондой, Кыргызстан, Тажикстан жана Абхазияда жашаган 1,3 миң ардагер 1,5 же 2 миң рублдан алышат. Жалпысынан мындай материалдык колдоо үчүн шаардык бюджеттен 3,6 миллион рубль бөлүнгөн.




  Аалам алкагында

Максим Бакиевдин ишкер шериги кармалдыбы?
Кечээ "Дело №" гезити Алматыда АКШнын жараны, "MGN Group" компаниясынын экс-башкы директору Евгений Гуревич кармалгандыгын жазган. Мындай маалыматты Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары Өмүрбек Текебаев УТРКнын эфириндеги маегинде тастыктаган. Гуревич Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максимге тиешелүү "АзияУниверсалБанкты" башкаруунун мүчөсү болгон.
Россиялык массалык маалымат каражаттары 2006-жылы РФнын Борбордук банкы аталган банктын акча уурдаганына шектенип, ылайыксыз шериктеш деп тапкан. 2008-жылы Гуревич "MGN Group" компаниясын жетектеп, өз кезегинде Кыргызстандын активдер фондун башкарып турган. Фонддун активдерин, анын ичинде Россия тарабынан берилген 300 миллион доллар насыяны "MGN Group" фонд рынокторунда операция жүргүзүүдө пайдаланган.
Бирок ушул жылдын март айынын башталышында италия соту Альдо Моржини Евгений Гуревичти кармоого ордер берген. Аны 2003-2006-жылдар аралыгында Telecom Italia SpA жана Fastweb SpA бөлүктөрүнөн 2,7 миллиард долларды уурдоого катышы бар деп айып тапкан. Алматыда кармалган Гуревичти экстрадициялоону Бишкек жана Рим күтүүдө. Бирок, Казакстандын Башкы прокуратурасы анын кармалгандыгын төгүндөгөн маалымат таркатты.

Бакиевдин билдирүүсү эч нерсени өзгөртпөйт
ОБСЕнин парламенттик ассамблеясынын президентинин атайын өкүлү, Казакстан парламентинин сенатынын депутаты Адил Ахметов Кыргызстандын башчысынын кызматына кайтып келиши жөнүндө Курманбек Бакиевдин Минскидеги билдирүүсүнүн комментарийлеп:
"Бул билдирүү эч нерсени өзгөртпөйт ал баарына күнөөлүү, ал элге ок атканга буйрук берген. Эл эч качан муну кечирбейт. Эгерде ал кайтып келүүгө аракеттенсе андан эч нерсе чыкпайт"- деп айтты шаршембиде "Интерфакс-Казакстан" агенттигине интервьюсунда. "Ал эми Лукашенконун позициясын мен түшүнбөймүн", - деп белгиледи ОБСЕ ПА башчысынын атайын өкүлү.

Кытайдагы зилзаладан эки миңден ашык адам өлдү
"Ушул жылдын 14-апрелинде Кытайдын түндүк-батышындагы Цинхай провинциясында болгон катуу жер титирөөнүн курмандыктары 2183 адамга жетти", - деп маалымды "Синьхуа" агенттиги. Дагы 84 адам дайынсыз. Ал эми жабыркагандардын саны бүгүнкү күндө 12 миң 135 адамды түзөт. Алардын миңден ашыгынын абалы оор.
Күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө аймактагы Цзегу шаарын толук талкалап, жергиликтүү жол инфраструктурасы зыянга учураган. Бүгүнкү күндө куткаруу иштери жер силкинүүлөрүнүн уланган шартында жүргүзүлүүдө. Жалпысынан куткаруу ишине 50 миң адам тартылып, Кытай бул багытта эл аралык жардамдардан баш тарткан.

Кечээтен баштап Европанын аба мейкиндиги ачылды
Финляндия менен Шотландиянын гана айрым райондорунда аэропорттор жабык турушу мүмкүн. Калган жактарда толук иштей баштады. Алдын-ала белгиленген баардык рейстердин 80% аткарылды. Өткөн аптада Исландияда жанар тоо жарылып, асманды түтүн аралаш чаң баскан булут каптап калган эле. Мындай абалда учууга болбойт дешкендиктен, Европанын аба мейкиндиги дээрлик толугу менен жабылган. Авиакомпаниялар анын айынан 1 млрд.700 млн.доллар жоготууга учурашты. Учакка отура албай калган миңдеген жүргүнчүлөр бир нече күн эч жакка жыла албай калышты же транспорттун башка түрлөрүн кароого мажбур болушту.

Жаңы 100 долларлык купюра чыгарылат
Кечээ америка бийлиги жаңы 100 долларлык акчаны жарыялап, ал 2011-жылдын февралында жүгүртүүгө чыгарылаарын билдирди. АКШ долларынын жаңы дизайны заманбап технологиялар менен жасалып, жасалма банкнотту даярдоодо кыйынчылыктарды жаратмакчы.
"Банкноттун дизайнынын өзгөрүшү акыркы технологиялардын жардамы менен жасалып, ар кандай жол менен жасалма акча даярдоого бөгөт кылат", - деген АКШ финансы министри Тимоти Гайтнер жаңы банкнотту тааныштырууда. Ал эми АКШнын Федералдык резерв системасынын башчысы Бен Бернанке жаңы акча жүгүртүүгө чыгарылганда 6,5 миллиардга жакын эски акчалар кабыл алынаарын билдирди.

Бактылуу кылган сыра
Анлглияда ар бир эркектин кечкисин бактылуу маанайда эс алуусу үчүн 11 литрден сыра керектелет. Мындай аныктаманы британ социологдору сурамжылоонун негизинде билдиришти. Бул көрсөткүч эркектер үчүн нормадан эки эсеге көптүк кылат.

Түрмөдөгү ууру
Россияда түрмөдө олтурган өспүрүм уюлдук телефон аркылуу бир нече адамды чыгымга учуратты. Ал бейтааныш адамдарга чалып, өзүн тууганымын деп тааныштырып карызга акча сураган. Акчаны уурунун шериктери Москвадагы банктардын биринен алып турушкан. Натыйжада мындай шылуундуктун курмандыктары 100дөн ашып, ууру аныкталды. Ага кылмыш иши козголду.

Актердун уулу абакка жол алды
Америкалык атактуу актер Майкл Дугластын уулу Камерон Дуглас 5 жылга эркинен ажыратылды. Ага наркотикалык заттарды таратууга даярдап турган деген айып тагылган. Мындай айыптоону Камерон Дуглас өзү да моюнга алган. Судья Ричард Бермандын айтуусунда Дуглас үчүн бул түрмө мөөнөтү, наркотиктен баш тартуунун акыркы мүмкүнчүлүгү болмокчу. 2009-жылы да Камерон Дуглас абакка алынган эле. Ал мейманканалардын биринде мыйзамсыз түрдө ири суммадагы акча жана наркотикалык заттар менен колго түшкөн.

Германия жылуу өлкө
Германия дүйнөдөгү эң позитивдүү өлкө деп табылды. Сурамжылоого талапкер болгон өлкөлөрдүн ичинен Германия мамлекети 59 пайызга ээ болуп, Канада менен Японияны артта калтырды. Эксперттердин айтымында Германия, Япония жана Канада өлкөлөрү буга чейин деле ажайып кооздугу менен таң калтырып келген. Былтыркы жылы Германия өлкөсү добуш берүүнүн жыйынтыгында "Жылуу тааныш өлкө" аталышына ээ болгон.