23.04.10 Өлкөбүздө тынчтык орносун
Италиядагы кыргыздардын кыргыз элине жана Убактылуу Өкмөтүнө Кайрылуусу
Өкмөттүн саясый оюндарынан тажап, экономикалык, социалдык, моралдык жактан ансыз да басылып турган элдин чыдамы баалардын асмандап көтөрүлгөнүнөн жарылып кетти. Үй-бүлөлүк башкаруунун кысымы кайрадан өлкөнү ушундай абалга алып келди.
Эл көтөрүлүп, эл башчысы өз элине ок атты. Кайран эл... "Өзөгүңө өрт таштап, өз бузулат сак болгун" деген сөздүн мааниси ушул беле? Сексенден ашык жаш балдар баштарына ок жешип, эр уулдар набыт болушту. Бүгүн кыргыз элинин канаты кайрылып, кабыргасы кайышып турат...
Мекенибизде болуп жаткан окуялар биздин да жан дүйнөбүз аркылуу өтүп, жүрөгүбүздү канатууда. Биз, Италиядагы кыргыздар, кыргыз элине, курман болгондордун жакындарына терең кайгырып көңүл айтуу менен аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Элинин жаңы келечеги үчүн кан төккөн эр азаматтардын жаткан жери жайлуу, жандары жаннатта болсун! Силер атыңарды тарых бетине, жүрөгүбүздүн тереңине түбөлүккө калтырып кеттиңер.
Ал эми өз элине, балдарына ок аткан Бакиев бардык урук-туугандары, жан-жөкөрлөрү менен эл алдында, мыйзам алдында, Кудай алдында жооп берүүсү тийиш!
Азыр ар бир адамдын жүрөгүндө, айрыкча бизге окшоп алыскы чет жерлерде жүргөн кыргыз атуулдарынын жүрөгүндө: "Эми Кыргызстан эмне болор экен?" - деген түпөйүл суроо турат. Биз жалпы кыргыз журтун, айрыкча эки ортодо чайналып турган түштүктөгү бир туугандарды тынчтыкка, биримдикке, ынтымакка чакырабыз!
Айланайын кыргызым, элибиз өз келечегин өзү башка жолго буруп алды. Анын баасы - балдарыбыздын канына турду. Эми өз ара ит жыгылыш болуп, талап-тоношконду токтотпосок, Кыргызстанды жоготуп алабыз! Эсибиз барда этегибизди жабалы. Бизде Мекен бирөө гана!
Эми өткөн жолубузду калыс баалап, таразалап, туура жыйынтык чыгарып, мезгилдин талабына жооп бере турган жаңы чечимдерди аныктоочу тарыхый учурга келдик. Ошол келечекти түзүүчү жана көтөрүүчү жаштардын чет жерге кетип жаткан агымын токтотуп, аларга кам көрүүчү мезгилге жеттик. Бул маселе жаңы бийлик башында жана өлкөбүздө түзүлүп жаткан көйгөйлөрдүн көлөкөсүндө көмүлүп калбай, ишке ашырылаарына ишенгибиз келет.
Кыргызстандын келечегине биз баарыбыз жооптуубуз. Бул эл алдында, өлкө алдында, улут алдында ар бир атуулдун ыйык парзы. Биз эртеңки урпактарга күчтүү, өнүккөн мамлекетти калтырууга акылуубуз. Ал үчүн бардык болгон эмгегибизди, салымыбызды кошууга биз даярбыз!
Алыстан туруп Мекенин баккан, өкмөтүнөн унутта калган, өз киндигин өзү кесип, өзүнүн жолун өзү салган - Италиядагы кыргыздардын атынан айтарым ушул.
Гүлнара АРЫКБАЕВА,
Италия-Неаполь





Өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман
Кыргыз эли мындай кайгылуу окуяны башынан кечирген доор болбосо керек. Атпай элибиз окко учкан 86 уулунан ажырап алардын ата-энеси, туугандарынын оор кайгысын тең бөлүшүп, кабыргасы кайышып, сөөктөрү сыздап жаткан учур.

Убактылуу Өкмөттүн курамы түзүлдү, абдан жакшы болду.
Убактылуу Өкмөт өтө ыкчам иштеш керек. Бакиев Жанышты, Маратты, Максимди жана кан төгүүгө кол кабыш кылгандарды кармап, алар жөнүндө калайыкка күн сайын кабарлап турууну суранабыз. Мына бүгүн Бакиев элдин каргышына калды. Элге берген антын актабай эл душманы болду. Бакиевдин өзүнүн, инилеринин, балдарынын ээлеп алган, менчиктештирип алган ишканаларын, акчаларын өлкө аймагынан, чет мамлекеттерден иликтеп, элдин казынасына түшүрүп, 7-8-апрелде курман болгондордун ата-энелерине, үйлөрүнө, жесирлерине, балдарына берип, алардын каны тамган аянтка эстелик орнотуп, ысымдары жазылса, элдин үмүтү акталат эле.
Убактылуу Өкмөт Конституциянын, шайлоо системаларына кошумча, алымчаларды кийирүүдө жергиликтүү башкаруу органдарын, айыл округдун башчыларын шайлоонун мыйзамдарын өзгөртүү зарыл. Айрыкча раймамадминис-трациялардын ишмердигин, укугун, аны дайындоо да өзгөрүш керек, жеке өзүм билемдик, бай-манаптык ыкма болбосун, эл жадап калды.
Ноябидин САЛИЕВ,
Кара-Кулжа районунун
ардагерлер Кеңешинин
төрагасы




Улуу Жеңиштин
65 жылдыгы келатат, улуу майрам тынч өтөбү?
1941-жылдан 1945-жылга чейинки Улуу Ата Мекендик согушта аскерлерибиз буга чейинки согуш тарыхында эч болбогондой улуу эрдикти көрсөтүштү.
Бул жоо менен салгылашкан согуш эле. Азыр ким менен салгылашып жатабыз? Оппозиция элдин таламын көздөп, бийлик башканы көздөп калганда эл бийликке нааразы болуп толкундап чыкты. Канчалаган эр жигиттери-
биз курман болуп, канчасы жаракат алышты. Мына ушул абдан кейиштүү окуя болду. Эми да бардыгын жай-жайына коюуга кеч эмес.
Тилекке каршы, Бишкектин четиндеги жерлерди басып алабыз деген аракеттерди угуп, көрүп жатабыз. Жер - элдики. Бирок, шаардын жери шаардыктарга
тийиштүү, аны шаардын эли чечет, айылдын жери айылдын тургундарыныкы, аны айылдын эли чечиш керек. Анан туштан чыга калып, айдап-сээп, эмгек өтөгөн бирөөнүн жерине ээлик кылам, ал жерге мен там салам деп баскынчылык кылган жарабайт. Баскынчылык жаман, жоону баскынчылар дейт. Анан эл арасынан баскынчылар чыгып, тынч жаткан элдин жерин басып алабы? Азыр Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алабыз деп жатат. Ошондо шаардын жерин шаардын эли чечет, айылдын жерин айылдын тургундары чечет деп киргизилсе жакшы болот эле. Айылдагы сонун жерлерин таштап, шаарга келип жаткандарына таң калам. Көзгө басар борбор шаарыбыздын калкынын саны миллиондон ашып кетти. Шаарда баарына эле иш жок. Анан 4 сотыхтан жер алып алса, бала-бакыралуу, неберелүү болгондо ошого батышабы. Кийинки келечекти ойлош керек да.
Ушинтип жер талашып, чуру-чуу түшө берсек, алдыда келаткан Жеңиштин улуу майрамы майрамдалбай калабы, ошол күн тынч өтөбү деп ардагерлер түпөйүлдөнүп жатабыз. Кан-жаныбызды аябай, кашык каныбыз калгыча жексур фашисттер менен кармашып, элибизге тынчтыкты, бейпилдикти тартууладык эле. Бүгүн согуш ардагерлеринин алды токсондон ашып калды. Оорукта бел чечпей эмгектенген далай адамдарыбыз карылык доорун сүрүп жатышат. Биз тынчтыкта жашоого акылуубуз.
Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы жакындап калды. Буга ошол мурдагы совет өлкөсүнө кирген республикалардын бардыгында зор даярдык көрүп жатышат. Бардык мамлекеттерде жогорку деңгээлде, эң мыкты өткөрүүгө аракеттер күч. Биздин Убактылуу Өкмөт да буга көңүл буруп, алардан кем эмес өткөрөт деген ойдомун.
Садыбакас ЕРАЛИЕВ,
Улуу Ата Мекендик
согуштун ардагери,
"Даңк", "Кызыл жылдыз",
"Ата Мекен согушу"
орденинин ээси






Уулумдун өлүмүнө себепкер келиним жазалансын
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө
Арыз
Менин сиздерге кайрылуумдун себеби, уулум Осумбеков Шекербек Райымкулович 1978-жылы 12-августта туулган. 2009-жылдын 1-апрель күнү асылып
өлгөн. Күнөөлүү адам жазаланбай келет. Себеби биздин мыйзам ээлери болгон сот, адвокаттарыбыз акчанын кулу болушуп, бизге окшогон өлгөндөн күйгөн өртүбүзгө май чачып, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жатышат.
Уулум 2007-жылы Чаткал районунун Шекафтар айылынын тургуну Кудайбердиева Рыскүлгө үйлөнгөн. Мен эне катары кубанып, колдон келишинче той өткөрүп бердим. Тойдон кийин 3 күн өтүп Бишкекке жөнөп кетишти. Ал жерде Ала-Тоо жаңы конушунда уулумдун 4 бөлмөлүү үйү бар болчу. Уулум Шекербек көзү тирүүсүндө алтын менен зергерчилик кылуучу, ал жубайын алтынга бөлөп кийиндирди. Арадан көп өтпөй, кийинип-ичинип алган келиним Рыскүл Россияда иштеген агасынын жанына иштөө үчүн кетип калат. Барары менен эле: "тез кел, менин сенден боюмда бар", - деп уулумду чакыртат. Шекербек барып аялын алып келет. Келиним дароо үйдү саттырат да, тун уулум Шумкарбектин Ак-Өргө конушундагы үйүндө жашап калышат. Уулум аялым төрөйт деп доктурларга көрсөтүп карайт, келиним ар кандай калптарды айтып, үйдүн акчасын - 7 миң (жети миң) долларды алып Ошко кетип калат. Балалуу болом деп Россияга чейин барып, үйүн сатып, акчадан да куру жалак калган уулум арадан 1 ай өткөн соң асылып өлүп калат. Ал өлөрүндө кат жазып кеткен экен (катты тиркедим).
Ошентип 32 жаш кырчындай курагында уулум күтүлбөгөн жерден көз жумуп кете берди. Жүрөгүм канталап, көз жашыма муунуп, зар ыйлап мен калдым.
Мен бул иш боюнча сотко арызданып, Атахан аттуу адвокатка миң сом берип, кийин Кулуев Алмазга 10000 (он миң) сом берип, Жалал-Абад облустук сотко кайрылдым. Чынында мен арызданганга деле алым жок эле, келинимдин эжеси Абиба келип балаңды сен өлтүрдүң деп оозго алгыс сөздөр менен менин адамдык укугума шек келтирди. Биздин райондогу адвокат Минавар Исаева мени көрүп билип туруп, менин үстүмөн Жогорку сотко жазыптыр. Жогорку сот кандай чечим кабыл алганын билбейм. Эми кайрадан райондук сот карамакчы.
Менин ушул арызымды угуп койсоңуздар, өлөр балам өлдү деп эки ооз жазылган катта жалынып, аргам түгөнгөн кезде баламдан калган 7000 (жети миң долларды) күйөөсүнүн көмүлгөн чыгымына жумшап, кара кийип отурар келиним минтип кайра мени сотко бергени кандай?
Эми болору болгон соң келиним баламдын каты боюнча өлүмүнө жооп берсин, жазасын алсын. Баламдын өз күчү менен салган үйдүн акчасы - 7000 (жети миң) долларды кайтарып берсин.
Баламдын өлүмүнө келиним Рыскүл гана себепкер. Ошондуктан мыйзам алдында жооп берсин.
Кайрылкан ОСУМБЕКОВА, Ала-Бука району, Ала-Бука айылы