23.04.10 Пенсия, жөлөк пул, жеңилдиктер кечиктирилбейт
"АКИпрессте" өткөн басма сөз жыйынында пенсия, жөлөк пул жана жеңилдиктер боюнча төлөмдөр өз убагында, кечиктирилбестен төлөнүп берилерин Убактылуу Өкмөттүн социалдык сектор, коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча координатору Элмира Ибраимова белгиледи.

70 үй-бүлөгө 64,3 млн. сом компенсация төлөндү
Э.Ибраимова алгач 6-апрелден берки окуяларды кесипкөйлүк менен калыс чагылдырганы үчүн журналисттерге ыраазычылыгын билдирди. Маевкадагы тополоңду "уюшкан мүнөздөгү провокация" деп баалап, мунун эң коркунучтуу жагы улуттар арасында чыр-чатакка айлантып жибериши мүмкүндүгүн, андыктан буга бөгөт коюу зарылдыгын айтты.
Элмира Ибраимованын айтуусунда, азыркы учурдагы татаалдыкка карабай апрель-май айларында пенсия, жөлөк пул жана жеңилдиктер эч кечиктирилбестен, 100 пайыз төлөнүп берилет. Ал эми 6-7-апрелде курман болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнө баштады. Бүгүнкү күнү курман болгодордун 70 үй-бүлөсүнө 64,3 млн. сом суммасында компенсация төлөнгөн, калгандарынын документтери даярдалууда. Жаракат алгандарга экспертизанын жыйынтыгы боюнча төлөмдөр төлөнө баштамакчы. "Оор жарадар болгондор 100 миң сом, жеңилирээк жарадар болгондор 50 миң сомдон алышат", - деди Э.Ибраимова.

25-апрелге чейин бардык пенсионерлер пенсиясын алышат
Социалдык фонддун төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу М. Абылгазиев пенсия жана жөлөк пул боюнча акчалар "Кыргызпочтосунун" бөлүмдөрүнө которулганын, демек 25-апрелге чейин пенсионерлер акчаларын алышарын айтты. Анын айтуусунда, бул айда төлөмдөр боюнча каржылоо жана карыздар толугу менен жабылган. "Кээ бир банктарга убактылуу башкаруу киргизилгенине жана операция жүргүзүү чектөөлөрүнө байланыштуу Убактылуу Өкмөттүн чечими менен Социалдык фонд өзүнүн эсептерин РСК банкка которду. Бул камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана пенсияларды төлөөнү ыкчам, чектөөлөрсүз жана өз убагында жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", - дейт М.Абылгазиев.

Социалдык төлөмдөр да кечиктирилген жок
Өкмөттүн алдындагы социалдык камсыздандыруу мамлекеттик агенттигинин директору Назгүл Ташпаеванын билдирүүсүндө, учурда мыйзамда каралган бардык социалдык төлөмдөр жүргүзүлүп жатат. Апрель айында бардык керектүү сумма республикалык бюджеттен белгиленген мөөнөттө каржыланган. Мамлекеттик жөлөк пул жана акчалай компенсацияларды алуучулардын саны 461 686 адам, төлөмдөрдүн жалпы суммасы 301,2 млн. сомду түзөт.
"2010-жылдын 1-апрелинен тарта Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгын майрамдоого байланыштуу төлөмдөр жүргүзүлүп жатат. Жыл сайын берилүүчү төлөмдү, мааракелик төлөмдү жана өмүр бою алчу стипендияны алуучулардын саны 13720 адамды түзөт, талап кылынган сумма толук каржыланган, ал 421,5 млн.сомду түзөт",- деди Назгүл Ташпаева.

Кадрдык дайындоолорду малымат каражаттарынан билип жатам
Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелине алганда педагогикалык стаж үчүн үстөк боюнча карыз озгон темпте төлөнүп жатат. 2006-жыл жана 2007-жылдын 2 айы үчүн карыз толук өлчөмдө төлөнүп берилген. Ошондой эле 2010-жылдын 1-кварталы үчүн жылуулук жана электр энергиясына тарифтердин жогорулашына байланыштуу компенсация толук төлөнгөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Ал эми жогорудагы басма сөз жы-йынында Билим берүү жана илим министринин орун басары Б.Куба-ев мугалимдердин айлыгы өз убагында берилип жатканын билдирди. Учурда билим берүү кызматкерлеринин орточо айлык акысы 3264 сомду түзөт.
Басма сөз жыйынынын соңунда Элмира Ибраимова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, экс-президенттин уулу Максим Бакиевдин менчиги укуктук талаада, сот аркылуу чечилиши керектигин белгиледи. Ал эми кадр саясаты тууралуу суроого "Кырдаал жеңил эмес, кыйынчылыктар бар. Жеке мен өзүм социалдык сектордо туруктуулукту сактоого аракет кылам, бирок айрым кадрдык өзгөртүүлөрдү эң акырында, жалпыга маалымдоо каражаттарынан гана билип калып жатам", - деди Элмира Ибраимова.

Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу".




Акыл-эстүүлүккө,
сабырдуулукка чакырам
Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кайрылуусу
Урматтуу кыргызстандыктар!
19-20-апрелдеги Бишкектин чет жакасындагы окуялар анда жашаган бардык жашоочулардын мыйзамдуу кооптонуусун жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Россиянын бийлик органдарынын, жалпыга маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун терең кабатырлануусун жаратты.
Кыргыз Республикасындагы кырдаал жөнүндө Россия Федерациясынын жетекчилигине билдирилди, ал россиялык ЖМКларда кеңири чагылдырылууга ээ болду. Мен, Россиянын Элчиси катары, Кыргызстандын Убактылуу өкмөтү, Тышкы иштер министрлиги жана күч структуралары менен дайыма байланышта турамын. Биз алган фактылар жөнүндө Элчилик Кыргызстандын ТИМине жазуу түрүндө маалымат берди. Элчиликтин билдирүүсү жана биздин кабатырлануубуз көңүлгө алынды.
Россиянын Элчилиги бүгүн Кыргызстанда жөнөкөй эмес кырдаал түзүлгөнүн түшүнүү менен региондордогу кырдаалдарды кунт коюп байкап, биздин дарекке келип түшкөн телефон чалууларга жана кайрылууларга көңүл бурууда.
Биз Россиялык мекендештердин уюмдарынын форумунун этностор аралык араздашууларга жол бербөө жөнүндө Убактылуу өкмөткө Кайрылуусун колдойбуз, курамына бардык улуттардын өкүлдөрү киришкен элдик кошуундардын аракеттерин жана өздөрү жашаган калктуу пункттарда тартипти камсыз кылуу боюнча жашоо-чулардын активдүү аракеттерин кубаттайбыз. Кыргыз Республикасынын коомчулугунун бардык сергек күчтөрүн өлкөдө жашаган бардык элдерге таандык болгон кеменгерликти жана акыл-эстүүлүктү көрсөтүүгө, кырдаалды тезинен калыбына келтирүү үчүн бардык аракеттерди жумшоого чакырам.
В.С. Власов,
Россия Федерациясынын Элчиси




Түркиядан жардам келди
Түрк эли боордош кыргыз элине 10 тонналык дары-дармек жана медициналык каражаттарынан турган гуманитардык жардам көрсөттү. 1 тез жардам унаасы, 5 ооруканалык операция бөлмөсүнүн толук жабдыктарынан турган гуманитардык жардамдын жалпы суммасы болжол менен 500 миң АКШ долларын түзөт.
Көрсөтүлгөн жардам Түркия Республикасынын эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги (ТИКА), өзгөчө кырдаалдар минис-трлиги, тышкы иштер министрлиги, башкы штаб жана саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан макулдашуунун жыйынтыгында бөлүнүп берилди.
Түркия Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түшүндүрмөсүндө "Кыргызстанда болуп өткөн окуялардан жабыр тарткан элге жардам көрсөтүү максатында мамлекетибиз гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин кабыл алган эле. Бул чечим Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтүнө билдирилген. Өлкөбүздүн Кыргызстандагы элчилиги билдирген маалыматтар боюнча да тез жардам унаасы, дары-дармек жана медицина жабдыктары зарыл болуп тургандыгы билдирилген", - деп маалымдалат.
Түркиянын башкы штабынын учагы менен Бишкек шаарынын "Манас" аба майданына жөнөтүлгөн гуманитардык жардамды Убактылуу Өкмөттүн социал-дык маселелер жана коомчулук менен байланыш боюнча координатору Элмира Ибраимова жана Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева кабыл алды. Аба майданында Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Неждат Акчал жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору, профессор Себахаттин Балжы жана ТИКАнын Кыргызстандагы координатору Тайфун Атмажа, ошондой эле басма сөз өкүлдөрү болушту.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Неждат Акчалдын айтымында, кыргыз элинин коо-галаңдуу окуяда жабыркагандардын ичинен оор жаракат алган 6 киши Стамбул шаарынын ооруканаларына жаткырылган. Бул болсо, жардам көрсөтүү программасынын алкагындагы жасалган экинчи иш.
Убактылуу Өкмөттүн координатору Элмира Ибраимова: "Акыркы мезгилдерде болуп өткөн окуялардан улам ар түрдүү жардамга муктаж болуп турган кыргыз элине биринчилерден болуп тарыхыбыз, тилибиз, түбүбүз бир болгон түрк эли жардам көрсөтүп отурат. Бүтүн кыргыз элинин жана азыркы учурда өлүм менен кармашып жаткан жарадарлардын атынан дос жана бир тууган түрк элине терең ыраа-зычылыгымды билдирем. Мындан ары да түрк жана кыргыз элинин ортосундагы бир туугандык мамилелер мындан да бекем болооруна ишенем",- деди.
С.ОРОЗОБЕКОВ