16.04.10 Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-апрелиндеги №2 декрети
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүмүн таратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын коргоо үчүн 1993-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту бүткүл өз ишинин ичинде ага жүктөлгөн үмүттөрдү актаган жок жана А.А.Акаевдин убагында да, ошондой эле К.С.Бакиевдин убагында да бийликтин бир колдо топтолушуна көмөктөшкөн.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына 1996-1998-жана 2003-жылдарда референдум менен киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча оң корутундулар берилген. Өз аракеттери менен Конституциялык сот 1993-жылдын Конституциясында болгон ооздуктоолор менен тең салмактуулуктардын механизминин ыдырашына көмөк көрсөткөн.
Конституциянын ченемдерин одоно тепселөө менен Кыргыз
Республикасынын Конституция-лык соту 1998-жылы Президент А.А.Акаевге үчүнчү мөөнөткө шайланууга мүмкүнчүлүк берген корутунду чыгарган.
2005-жылдагы революциядан кийин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрадан чоң үмүт жүктөлгөн. Бирок Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту кыска убакыттын ортосунда кайрадан өзүнүн көз карандылыгын көрсөтүп, 2007-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун долбооруна оң корутунду берген. Ал өзгөртүүлөр "референдум" деп аталган имиш тарабынан кабыл алынып, аны менен Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев бийликти толугу менен басып алууну легитимдештирген.
2009-жылдын декабрында К.С.Бакиев тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Президенттик кеңешме аркылуу Президенттин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн механизмин караган мыйзам долбоору киргизилип, анын курамы өзгөртүүлөрдүн долбоорунда көрсөтүлгөн эмес. Президенттин бийлигин убактылуу өткөрүп берүүнүн мындай механизми иш жүзүндө кийин юридикалык жол-жоболоштуруу менен К.С.Бакиевдин эң жакын туугандарына өтөрүнө карабастан, Конституциялык сот Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңешке алмашты-рууну "өтүнүп", бул учурда да оң корутунду берген.
Мына ошентип, Конституциялык сот өзүнө Конституцияны коргоо боюнча жүктөлгөн милдеттерди аткара алган жок жана бир адамдын бийлигин чыңдоого көмөк көрсөткөн органга айланып калган.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бир адамдын бийлигин чыңдоо боюнча аракеттери 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуяларга жана К.С.Бакиевдин элге каршы режиминин кулашына алып келди.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотун жагдайды туруктуулуктан чыгаруу үчүн пайдала-нууга аракеттерди болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алды:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун түзүмү Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өзгөчө чечимине чейин таратылсын.
Кыргыз
Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрайымы Р.Отунбаева




Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №1 токтому
Бир жолку берилүүчү материалдык жардам жөнүндө
2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына бир жолу берилүүчү мате-риалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жана жабыр тарткан жарандарынын тизмесин Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Со-циалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигине бир күндүк мөөнөттө берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттигине бир жолу берилүүчү материалдык жардамды төлөп берүүгө республикалык бюджеттен зарыл болгон төмөнкү каражаттарды издеп тапсын жана бөлүп берсин:
Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык - 1 000 000 (бир миллион) сомдон;
Кыргыз Республикасынын денесинен өтө оор жаракат алып, жабыр тарткан жарандарына - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык - 100 000 (жүз миң) сомдон;
Кыргыз Республикасынын денесинен оор жаракат алып, жабыр тарткан жарандарына - ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык - 50 000 (элүү миң) сомдон;
"2010-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кийин белгиленген тартипте киргизүү менен жогоруда көрсөтүлгөн төлөөлөрдү өз убагында каржыласын.
3. 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тарткан жарандарына материалдык жардам берүүнүн тартиби № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Социалдык камсыздоо мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 2010-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыр тартып, жатып дарыланып жаткан жарандарына ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн материалдык жардамды берүүнүн тартибине жараша акча каражаттарын төлөп берүүнү камсыз кылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын каржы министри Т.А.Сариевге жүктөлсүн.
Кыргыз
Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн
Төрайымы Р.Отунбаева





Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-апрелиндеги №1 токтомунун 1-тиркемеси
2010-жылдын 6-7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында
Кыргыз Республикасынын курман болгон жана жапа чеккен жарандарынын
үй-бүлө мүчөлөрүнө бир жолку материалдык жардамды төлөө ТАРТИБИ
1. Бул Тартип 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде болуп өткөн
окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле жапа чеккен жарандарга бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн токтомун турмушка ашыруу максатында иштелип чыкты.
2. Бир жолку материалдык жардам республикалык бюджеттин каражаттарынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө берилет:
- 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 000 000 (бир миллион) сом;
- 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде Талас облусунда, 2010-жылдын 7-апрелинде башка аймактарда денесинен оор жаракат алган жана саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууну алып жаткан Кыргыз Республикасынын жапа чеккен жарандарына 100 000 (жүз миң) сом;
- 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде Талас облусунда, 2010-жылдын 7-апрелинде башка региондордо денесине оордугу азыраак жаракат алган жана саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууну алып жаткан Кыргыз Республикасынын жапа чеккен жарандарына 50 000 (элүү миң) сом.
2.1. Курман болгондордун же өлгөндөрдүн бир жолку материалдык жардамды алууга укуктуу үй-бүлө мүчөлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- курман болгон, өлгөн адамдын жубайы;
- эгерде курман болгон, өлгөн адам никеге турбаган болсо, ата-энесинин бири.
Эгерде курман болгон же өлгөн адам никеге турбаган болсо жана ата-энеси жок болсо, бир жолку материалдык жардам курман болгон же өлгөн адам менен бирге туруктуу жашаган, туугандык мамилелер менен байланышкан, жалпы чарба жүргүзгөн жана жалпы бюджети бар үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине төлөнөт.
2.2. 2.1-пунктта каралбаган башка учурларда туугандыгын аныктоо төмөнкүлөрдөн турган комиссиянын чечими менен комис-сиялык түрдө жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары - комиссиянын төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары - комиссиянын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы жана ички иштер министрлеринин орун басарлары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин директорлорунун орун басарлары комиссиянын мүчөлөрү болуп саналат.
2.3. Комиссиянын жыйналыштарына материалдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги зарылчылыкка жараша киргизет.
3. Кыргыз Республикасынын курман болгон жана жапа чеккен жарандарына бир жолку материалдык жардамды төлөө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн тизмелердин негизинде жүргүзүлөт.
3.1. Тизмелер төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен түзүлөт:
- курман болгон жарандар үчүн - фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, жашаган жерин, паспорттук маалыматтарын (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номерин), өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номерин,
2.1-пунктка ылайык туугандарынын фамилиясын, аты-жөнүн жана паспорттук маалыматтарын;
- жапа чеккен жарандар үчүн - фамилиясын, аты-жөнүн, туулган датасын, жашаган жерин, паспорттук маалыматтарын (же туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн номерин), ошондой эле денеге алган жаракатынын даражасын (оор жана анча оор эмес дене жаракаттары).
3.2. Курман болгон жана жапа чеккен жарандардын тизмесинин ар бир барагына Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга медициналык кызматтардын тез аракеттенүүсүн уюштуруу боюнча оперативдүү штабдын начальниги кол коюуга, Саламаттыкты сактоо министрлигинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө, датасы көрсөтүлүүгө тийиш.
3.3. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги тизмелердин бирден нускаларын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигине берет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги 2010-жылдын 6- жана 7-апрелинде болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондор үчүн бир жолку материалдык жардамды алган туугандарынын тизмесин түзөт.
5. Жапа чеккендерге бир жолку материалдык жардам Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин тизмелерине ылайык социалдык жактан коргоонун аймактык органдарынын кассалары аркылуу төлөнөт.
6. Арыз ээсинин каалоосу боюнча жеке арыздын негизинде мате-риалдык жардамдын суммасы банктагы эсептешүү эсебине которулушу мүмкүн.
7. Бир жолку материалдык жардамды алуу үчүн курман болгондордун туугандары, ошондой эле жапа чеккен жарандар жашаган жери боюнча социалдык жактан коргоонун аймактык органдарына төмөнкүдөй документтерди берүүгө
тийиш:
- арызды;
- жашаган жерин көрсөтүү менен (каттоо боюнча) арыз ээсинин ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсүн;
- паспорттун (18 жашка толо элек адамдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн) көчүрмөсүн;
- арыз ээсинин курман болгон же өлгөн адам менен туугандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн (күйөөсү же аялы өлгөн учурда нике кыйлгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
- соттук-медициналык корутундунун көчүрмөсүн жана нотариус же айылдык округ тарабынан күбөлөндүрүлгөн өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн.
8. Бир жолку материалдык жардамды төлөөгө райондук коэффи-циент колдонулбайт.
9. Бир жолку материалдык жардамды төлөө 2010-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт.
10. Жапа чеккен адам катары бир жолку материалдык жардамды мурда алган адам өлгөн учурда өлгөн адамдын үй-бүлөсүнө мурда алынган материалдык жардамдын суммасын кемитүү менен курман болгон катары компенсация төлөнөт.
11. Бир жолку материалдык жардамды төлөө боюнча талаш маселелер сот тартибинде чечилет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөттүн
аппаратынын жетекчиси
Э.Каптагаев