16.04.10
  Ата Журт алкагында

Өкмөттүн эсебинде
3,8 млрд сом бар
Бүгүнкү күндө Өкмөттүн эсебинде эч кандай акча каражаты жок деген маалымат чындыкка жатпайт. Учурда Өкмөткө тийиштүү Улуттук банкта жана башка банктардын бардык эсептеринде 3,8 миллиард сом бар. Мындай маалыматты кечээ Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу Заир Чокоев билдирди.
Мындан тышкары З.Чокоев Өнүктүрүү фондунун каражаттары да Өкмөткө карай тургандыгын билдирди. "Бүгүнкү күнгө карата Өнүктүрүү фондунун эсебинде 11,5 миллиард сом бар. Мыйзамга ылайык бул акча каражаттарынын баары Өкмөткө тийиштүү жана бюджеттик каражаттар болуп саналат", - деди ал.

Референдум май айында жарыяланат
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясын кабыл алуу боюнча референдум май айынын башында жарыяланат. Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары Өмүрбек Текебаевдин айтымында, аракеттеги мыйзамга ылайык, референдум 4 ай өткөн соң өтүшү керек: "Бирок бизде убакыт тар. Андыктан, атайы декрет аркылуу бул мөөнөттү эки айга дейре кыскартуу белгиленген. Пландаштырылгандай, референдум 11-майда жарыяланат" - деди ал.
Ө.Текебаев кошумчалагандай, алты айлык мөөнөттө Убактылуу Өкмөттүн ордуна парламент, өкмөт жана өлкө президенти шайланмакчы.

Медиа-уюмдар Убактылуу Өкмөткө кайрылды
Кыргызстандын Медиа-уюмдары негизсиз маалыматтарга жол бербөөнү жана ЖМК, Интернет ресурстары аркылуу имиштерди өз убагында жокко чыгаруу максатында ар тараптуу маалыматты таркатуу боюнча тийиштүү чараларды тез арада кабыл алууну сунуштады.
Кайрылууга Кыргызстандагы "Интерньюс Нетуорктун" өкүлчүлүгү, "Медиа Полиси институту", "Журналисттер", "Маалымат укук борбору", Басма продук-
цияны чыгаруу жана таркатуу ассоциациясы, " Радио жана ТВ Ассоциациясы", ЖМКнын Оштогу борбору, "Журналист үйү"- Каракол" сыяктуу медиа-уюмдар кол коюшкан.

Президент арбитрдин ролун
аткарат
"Келечектеги президент арбитрдин ролун аткарат"- деп билдирди Улуттук телеканалдын түз эфиринде Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары Өмүрбек Текебаев.
Анын айтымында, өлкөдө бир бийлик - өкмөт болот. Министрлер кабинетинин жетекчисин парламент шайлайт. "Башкаруунун бул системасы биздин менталитетке туура келет. Бирок биз парламенттик башкаруу системасын толук бойдон кабыл албайбыз, парламент үчүн да көзөмөлдөө системасы орун алат"- деди Ө.Текебаев.

БШКда бийлик өкүлдөрү болбошу керек
"Биз Борбордук Азияда кездешпеген сунуш киргизип жатабыз, же шайлоолорду өткөрүү боюнча комиссиянын курамында бийлик өкүлдөрү болбойт"- деди Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын орун басары Өмүрбек Текебаев.
Анын айтымында, БШКнын жарымын коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө, ал эми калган 7 орун акыркы парламенттик шайлоолордо 1-7-орунга ээ болгон саясый партиялардын мүчөлөрүнө сунушталат. Ошентип, алар комиссияда 1 добуштан алышат.
Мындан сырткары, шайлоо комитетине БУУнун мандаты боюнча алты өкүл кошулмакчы. Ө.Текебаев кошумчалагандай Бириккен улуттар уюму бизге эл аралык деңгээлдеги авторитеттүү эксперттерди жиберет. Натыйжада шайлоолорду ачык өткөрүүнү камсыздай турган бардык шарттар түзүлөт.


Чет өлкөлөр кол сунууда
"Учурда бизге чет өлкөлөрдөн досторубуз жана кошуна мамлекеттердин өкүлдөрү келе баштады, алар биздин өлкө туура багытка түшүүсүнө жардам берүүгө даяр", - деди Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда.
Анын айтымында, учурда иш сапары менен республикага келип жаткан өкүлдөр жаңы жетекчилик жана түзүм менен эсептешүүдө. "Өкмөттү, министрлик портфелдерди бөлүштүрүү тууралуу кептер негиздүү эмес. Айта берсин, ар бир оозду тыя албайсың"- деди ал.
Р.Отунбаева билдиргендей, Убактылуу Өкмөт жаңы жетекчиликти дайындоо үчүн приоритеттерди аныктады: "Биз кимдир-бирөө жооп бере турган негизги багыттарды белгиледик. Азырынча эч кандай реформалар тууралуу сөз жок"-деп айтты.

М. Конгантиев бардык суроолорго жооп берүүгө даяр
КРнын экс-ички иштер министри Молдомуса Конгантиев эгер зарылчылык жаралса бардык суроолорго жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу М.Конгантиевдин жакын туугандары билдиришти.
Алардын айтуусунда акыркы күндөрү айрым маалымат каражаттары жана онлайн-булактар аркылуу экс-министр чет өлкөгө чыгып кеткендиги тууралуу такталбаган маалыматтар таратылууда.
"Молдомуса Конгантиев жашырынган жок, эгер суроолор пайда болсо, ал жооп берүүгө даяр, бирок ден соолугу калыбына келгенден кийин гана", - деп айтышты туугандары.

Мародерлукка катышы бар адамдар кармалууда
Бүгүнкү күндө Бишкектеги бардык райондордо мародерлукка катышы бар адамдар кармалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындай маалыматты Шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) начальнигинин милдетин аткаруучу Туратбек Мадылбеков билдирди.
"Мындан тышкары Өкмөт үйүндө Улуттук коопсуздук кызматынан чыгарылып кеткен автомат, гранат жана башка курал-жарактар изделип, алынууда. Кармалган кишилер да бар", - дейт ШИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу.
Т.Мадылбековдун айтымында, жалпысынан Бишкек шаары боюнча 112 талап-тоноочулук фактылары катталган.




  Аалам алкагында

Кыргызстандын Россиядагы элчиси жаңыландыбы?
Учурда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуров ден соолугуна байланыштуу ооруканада дарыланып жатат. Ошондуктан ал элчилик милдетти аткарууну убактылуу өз кызматкерлеринин бирине өткөрүп берген.
Бирок Р.Аттокуровдун айтуусу боюнча, Кыргызстандан Баткен Шерниязов деген Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин кеңсесине барып, өзүн жаңы дайындалган элчи деп тааныштарган. Бирок ал бул тууралуу кандайдыр бир элчиликке дайындалгандыгын тастыктаган документин көрсөткөн эмес.

Россия Кыргызстанга 25 миң тонна нефтпродукту жөнөтөт
"Россия Федерациясынын нефти компаниялары Кыргызстанда жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү үчүн гуманитардык жардам катары 25 миң тоннага чейин нефтпродуктуларды жөнөтө алат", - деди вице-премьер Игорь Сечин. Мындай маалыматты "Новости" россиялык маалымат агенттиги билдирди.
Анын айтуусунда, Кыргызстандын нефтпродуктуга болгон керектөө балансын тактоо үчүн эки өлкөнүн энергетика министрликтеринин өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөн. Түзүлгөн топ жазгы айыл чарба жумуштарын камсыздоо үчүн кыргыз тараптын майга болгон муктаждыгын баалайт.
Мындан тышкары Сечин келечекте электр энергетикасы тармагында Кыргызстан менен ишти активдештирүү белгиленгендигин айтты.

Россиялыктар Путиндин Кремлге кайтып келишин күтөт
Россияда 2012-жылы президенттик кызматта Дмитрий Медведевдин калуусуна караганда, Владимир Путиндин кайрадан президент болушун каалаган россиялыктар көп.
Социологдор 2012-жылы Медведевдин президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин кимдин келишин эп көрөөрүн сурамжылаган. Респонденттердин көбү - дээрлик 37,5 пайызы Путиндин кайтып келишин кааласа, Медведевди кайра шайлоо оюн 30 пайызы белгилеген.
Сурамжылоо 19-23-мартта өткөрүлгөн.
Путин да, Медведев да 2012-жылы президенттик шайлоого катыша тургандыгын четке какпай, белгилеп келет. Бул туурасында эки саясатчы тең өткөн жылдын 3-декабрында билдиришкен.

Кытайда зилзала
Кытайдын Цинхай провинциясындагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 100 миң адам үй-жайсыз калды.
КЭРдин мамлекеттик сейсмологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, күчү 7,1 баллга жеткен жер силкинүүлөрү шаршемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 7.49да Цинхай провинциясында катталган. Жер титирөөнүн очогу Тибет автономдук префектурасынын Юйшу уездинде 33 чакырым жер тереңдигинде болгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, каза болгондордун саны 617 адамга жетти. Миңдеген адамдар жаракат алышкан.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, аймакта 15 миң үй кыйраган. Ушундан улам миңдеген адамды шашылыш көчүрүү керек.

Ядролук бомба даярдоо үчүн
Иранга 6 жыл убакыт керек
Америкалык аскерлер ядролук бомба даярдоо үчүн Иранга 6 жыл убакыт керек экендигин билдиришти.
АКШ Конгрессиндеги угуулардын жүрүшүндө жогорку даражалуу америкалык генералдар бомба
даярдоого керектеле турган өлчөмдө жогору байытылган уранды өндүрүү үчүн иран окумуштууларына бир жыл керектелерин айтышты.
Алардын пикиринде, дагы 3 жылдан 5 жылга чейин убакыт бомбанын өзүн иштеп чыгууга керектелет.
АКШнын коргонуу-чалгындоо агенттигинин башчысы генерал-лейтенант Рональд Берджесстин айтымында, Ирандын Натанз ядролук борбору учурда начар байытылган уранды гана өндүрүп, жогорку уранды байытууну иштеп чыгуу колдонула элек.

Бороон көп адамды боздотту
Индия жана Бангладештеги тропикалык катуу бороондун кесепетинен жүздөн ашык адам каза болду. Мындай маалыматты Би-би-си билдирди.
Жаратылыш кырсыгы Индиянын түндүк-батышындагы Батыш Бенгалия жана Бихар штаттарында, ошондой эле Бангладештин Рангпур штатында болгон.
Жергиликтүү полициянын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга чейин жеткен.
Аталган аймактарда 50 миңден кем эмес үйлөр жабыркап, кыйрандылардын арасында миңдеген адамдар калууда.
Бороон нөшөрлүү жамгыр менен коштолгон.

Россиялык объектилер менен
аскерлер коопсуз
Россия Федерациясынын коргоо министри Анатолий Сердюков Кыргызстандагы россиялык аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү, ошондой эле россиялык объектилердин коопсуздугуна кам санабай тургандыгын билдирди.
"Сиздер чын-чынына келгенде ал жакта абал тынч эмес экенин билесиздер. Ушундан улам президент чечим кабыл алып, ага ылайык биз Кыргызстанга россиялык жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн аба-десанттык аскерлердин эки ротасын жөнөткөнбүз. Баары жайында, биздин аскер кызматкерлердин үй-бүлөлөрү ал жакта коопсуздукта", - деди Сердюков кечээ КМШ коргоо министрлер комитетинин жыйналышынан кийин.