16.04.10
  Маалымат жыйындагы маанилүү маселе

Америка жардам берүүгө даяр
Кыргызстанга иш сапары менен келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын кеңешчиси Роберт Блейк КРнын Убактылуу элдик Өкмөтүнүн төрайымы Роза Отунбаева менен шаршемби күнү жолугушту. "Мамлекеттик катчы Х.Клинтон мени Кыргызстандагы азыркы абал, Конституцияны өзгөртүү, алдыдагы боло турган шайлоолорго даярдыктарды көрүү сыяктуу ж.б. маселелер боюнча Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтү жүргүзгөн иштер менен таа-нышууга жиберди. Кыргызстандагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Америка ар тараптуу жардам берүүгө даяр" - деди Роберт Блейк. АКШ Кыргызстандагы акыркы жылдардагы болуп келген адам укугунун бузулушу, жарандардын эркиндигине бөгөт коюу фактылары боюнча талкууларды өткөрүүгө ниет-тенип жатат. Демократиялык принциптерди калыбына келтирүүгө белгилүү укук коргоо уюмдарынын жетекчилери менен биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендиги белгилүү болду. Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтү демократия-лык принциптерди ишке ашыруусуна ишеним арта тургандыгын Р.Блейк журналисттер менен болгон маалымат жыйынында билдире кетти.
Роза Отунбаева менен Роберт Блейктин жолугушуусунда Ганси авиабазасы тууралуу сөз болгон эмес. Анда апрель ынкылабынан жарадар болгон мекендештерибизге медициналык жардам берүү, республикадагы саясый, экономикалык катаал кырдаалга байланыштуу каржылык колдоо, демократиялык принциптерди калыбына келтирүү сыяктуу маселелер талкууланган. Маселен, дыйкандарды жазгы-талаа жумуштарына карата урук, күйүүчү май, химиялык каражаттар менен камсыздоо. "Биз айлык маяна, пенсияларды өз мөөнөтүнөн кечиктирбей төлөп турушубуз керек. Албетте биздин бюджетибиз ага жетишер-лик. Ошондой болсо да медициналык кызматкерлердин айлык маянасы өтө төмөн болгондугуна байланыштуу аларды жогорулатуу зарыл. Сырттан финансылык жардамдар келе турган болсо биздин минис-трликтер менен ведомстволордун эсебине түз келип түшүшүн камсыз кылабыз. Ал эми Убактылуу Өкмөт келип түшкөн каржы булактарынын ачыктыгын, тазалыгын камсыз кыла турган болду.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, республикадагы түзүлгөн абал боюнча Убактылуу элдик Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева төмөндөгүлөргө токтолду. "Учурда Курманбек Бакиев сүйлөшүү процессине барбай жатат. БУУ, ЕККУ, Европа кошуну сыяктуу эл аралык уюмдар бизге бул маселе боюнча көмөк көрсөтүүгө ниеттенишүүдө. К.Бакиев болсо жеке керт башынын гана эмес, өзүнүн жакын туугандарына чейин коопсуздугун камсыз кылуу талабын коюп жатат. Албетте, анын кол тийбестик иммунитети бар. Бирок, анын кол тийбес-тик укугу жөнүндө сөз кылууга эл өзү караманча каршы чыгууда. Себеби белгилүү. Эр-азаматтардын канын төктү. Ал ошонусу менен кол тийбесттик иммунитетинин алкагынан өзү чыгып алды. Кылмышы үчүн сот алдында жооп тартышы керек. Ак үйдүн төбөсүнөн, терезесинен ок аттырышкан Жаныш Бакиев, Б.Калыев сыяктуу жакындары менен санаалаштарынын эбегейсиз кылмышын дүйнөдөгү цивилдүү өлкөлөр да, эч бир эл аралык уюм же эч бир улут да кечирип, жан коргоо аргасына жардамдашууга барбайт. Түштүк аймактарынын дээрлик баарында жалпы республикадагыдай эле элдик Өкмөттүн өкүлчүлүктөрү туруктуу иштеп жатышат",- деди Р.Отунбаева. Ал эми Бакиевдин Өзбекстан аркылуу качып кетишине мүмкүнчүлүк берилбейт. Чек аралар жабык.
Дагы кан төгүлүп кетпөөсү үчүн Курманбек Бакиев менен Убактылуу элдик Өкмөт сүйлөшүүгө бармак. Бирок, К.Бакиев өзү менен кошо он чакты жакындарын, пикирлештерин кошо чыгарып кетем деп жатат. Албетте, кылмыш жообуна тартыла тургандарды Убактылуу Өкмөт жөн эле чыгарып жибербейт. Ушул күндөрү ал 500гө жакын тишине чейин куралданган адамдарын алып, ар кандай акча төлөнгөн митингдерди өткөрүп жатат. Ошол эле учурда аларга каршы турууга Убактылуу элдик Өкмөттүн республиканын түштүк аймактарында жайгашкан куралдуу күчтөрү да жетишерлик.
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"




Бакиев Оштон "жок" деген жооп алды
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрайымы Роза Отунбаеванын билдирүүсү
Курманбек Бакиев Убактылуу Өкмөттүн чакырыктарына карабастан, Кыргызстандын бирдиктүү элин бөлүп-жарууну токтоткон жок, ал араздашууларды, коркутуп-үркүтүүлөрдү колдонууну улантууда жана ансыз да жарылуу коркунучу бар кырдаалды курчу-тууда.
Бүгүн эртең менен К.Бакиев ал жерде Убактылуу Өкмөттү колдогон жыйын алдын-ала дайындалган Ош шаарына капыстан баруу үчүн тарапкерлеринин тобун уюштурган. Биздин элибиздин токтоолугунан, кеменгерлигинен жана чыдамдуулугунан улам кагылышууларды жана курмандыктарды алдын-алууга мүмкүн болду. Түштүк борбордун жашоочулары мурдагы президентке өздөрүнүн "жок" деген кескин жообун беришти.
Мен Кыргызстандын элине бейпилдикти сактоо, кандай баа менен болсо да, жада калса биздин өлкө бүт бойдон өрткө чалдыкса да, сот адилеттигинен кутулууну каалашкан адамдардын акылсыз провокация-ларына азгырылбоо чакырыгы менен кайрылам. Же 7-апрелде төгүлгөн кан аздык кылабы?
Кыргызстандын эли мындан ары өздөрүн мыйзамдан тышкары коюшкан бир нече адам үчүн өзүнүн байгерчилигин, биздин бай жергебиздеги тынчтыкты жана бейкуттукту тобокелчиликке сала албайт.
Кыргызстандын Убактылуу Өкмөтү биздин жарандардын коопсуздугун жана бейкуттугун камсыз кылуу үчүн бардык күчкө жана ресурстарга ээ. Биз өлкөбүздөгү тынчтыкты жана ынтымакты бузууга жол бербейбиз.






Бакиевдин адамдары
кайрадан
ок чыгарышты
(Башталышы 1-бетте)
Биз мамлекетибизди бөлүүгө жол бербейбиз, Бакиев кетсин, деген ниеттерин айтып, жаштарды мындай жаман үгүттөөлөргө берилбөөгө чакырып, Оштун эли тынчтыкты, биримдикти каалай тургандыгын айтышты.
Жыйын аяктап жаткан мезгилде борбордук аянтка 5-6 чакан автобус келип токтоп, ичиндегилер түшмөкчү болгондо аянттагылар түшүрбөй айдап, түшүүгө аракет кылгандарды жулкулдата башташты эле, автобустар аянттан чыгып кетишти.
Жалал-Абаддан келген Курманбек Бакиевди жактоочулар шаардагы кыргыз драмалык театрынын алдына чогулушкан. Бул жерде да митинг өткөрүүгө даярданган Бакиевди жактоочулар, эмне болуп жатканын көргөнү келгендер бар. Курманбек Бакиев келгенде Бакиевди жактоочулар "Бакиев мыйзамдуу Президент", "Бакиев чыныгы Президент",-деп кыйкырып тосуп алышты. Курманбек Бакиев митингдин катышуучуларына сүйлөмөкчү болуп, сөз баштаганда эле драмтеатрдын алды жагынан Убактылуу Өкмөттүн жактоочулары, жаалданган эл каршы алды. Аларды Бакиевдин жактоочулары тосуп, ортодо уруш, мушташ башталып кетти. Курманбек Бакиевдин коргоочулары асманга ок атканда тургандар тарап, Бакиевдин жактоочулары да тарап кетишти. Эч ким жараат алган жок. Бакиев автоунаасына түшүп белгисиз жакка жөнөп кетти..
Ж. Акунова, "Кыргыз Туусу"




Дайындоолор, Бошотуулар
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 7-апрелдеги № 1 декретине ылайык Убактылуу Өкмөттүн буйруктары менен мамлекеттик кызмат орундарына жаңы кадрларды дайындоо улантылууда.

Төмөнкүлөр дайындалды:
Руслан Казакбаев - тышкы иштер министри;
Дамира Ниязалиева - саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу;
Ирина Карамушкина - билим жана илим министринин милдетин аткаруучу;
Осмонбек Артыкбаев - энергетика министринин милдетин аткаруу-чу;
Байтемир Ибраев - КРнын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу;
Айбек Турганбаев - башкы прокурордун орун басарынын милдетин аткаруучу - аскер прокурору;
Эдил Байсалов - Роза Отунбае-ванын Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын аппаратынын жетекчиси;
Рыскелди Момбеков - маданият министринин милдетин аткаруучу;
Кубанычбек Орозбаев - коргоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу;
Эркин Бөлекбаев - каржы полициясы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Кубан Кулматов - бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Чолпонкул Арабаев - мамлекеттик кадр кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Алмамбет Шыкмаматов - мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Таалайбек Нуралиев - жаза аткаруу кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Адылбек Касымалиев - салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Кубаныч Момбеков - Жогорку соттун төрагасынын милдетин аткаруучу;
Эрнист Исаков - Сот департаментинин директорунун милдетин аткаруучу(мурдагы кызматынан бошотулуп);
Салморбек Откеев - Сот департаментинин директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу;
Мукан Абулгазие в - Социалдык фонддун төрагасынын милдетин аткаруучу;
Болот Элебае в - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын милдетин аткаруучу;
Иса Өмүркулов - Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу;
Бактыбек Аширов - Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Дүйшөнкул Чотонов - өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу;
Топчубек Тургуналиев - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Айлана- чөйрөнү коргоо жана токой чарбачылыгы мамагенттиктин директорунун милдетин аткаруучу;
Оморбай Нарбеков - саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын милдетин аткаруучу;
Албек Ибраимов - "Бишкек" ЭЭАнын башкы директорунун милдетин аткаруучу;
Сергей Даниленко - "Дастан" ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу;
Ашимбек уулу Нурлан - Аскер сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу;
Бактыбек Сүйүмбаев - Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун милдетин аткаруучу;
Эркин Абдыкалыков - энергетика министринин орун басарынын милдетин аткаруучу;
Мирбек Асанакунов - Ысык-Көл облусунун мамадминистрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу;
Сагынбек Абдрахманов - Чүй облусунун мамадминистрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу;
Карамат Орозова - Баткен облусунун мамадминистрациясынын башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу;
Койсун Курманалиева - Талас облусунун мамадминистрациясынын-губернаторунун милдетин аткаруучу;
Бектур Асанов - Жалал-Абад облусунун мамадминистрациясынын-губернаторунун милдетин аткаруучу;
Сталмамат Абдылдаев - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын башчысынын-акиминин милдетин аткаруучу;
Замирбек Базарбеко в - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу.
Кубат Касейинов - айыл чарба министринин милдетин убактылуу аткаруучу.
Аида Салянова - юстиция министри;
Алмазбек Касенов - Дене тарбия жана спорт мамагенттигинин директорунун милдетин аткаруучу.


Кызматынан бошотулгандар:
Алмазбек Акматалиев - Нарын облусунун губернатору;
Мамасадык Бакиров - Ош облусунун губернатору;
Бейшенбек Болотбеков - Талас облусунун губернатору;
Кыдыкбек Исаев - Ысык-Көл облусунун губернатору;
Болоткан Кумаров - Чүй облусунун губернатору;
Кошбай Масиров - Баткен облусунун губернатору;
Нариман Түлеев - Бишкек шаарынын мэри.
Дамир Лисовский - Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы(берген арызына ылайык);
Ибрагим Жунусов - мамлекеттик маданият агенттигинин директору;
Арстанбек Давлеткельдиев - Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой мамагенттигинин директору;
Манас Акималиев - мамлекеттик кадр кызматынын директору;
Жаныбек Бакчиев - мамлекеттик каттоо кызматынын директору;
Курмантай Абдиев - юстиция министри;
Нурлан Турсункулов - КРнын башкы прокурору;
Марат Кошоев - КРнын башкы прокурорунун орун басары;
Айбек Тургунбаев - Сот департаментинин директору;
Үмүтхан Тыналиева - билим жана илим министри;
Алексей Ширшов - "Дастан" ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасы;
Азим Исабеков - "Бишкек" ЭЭАнын башкы директору;
Жаңыл Алиева - Жогорку соттун төрайымы (берген арызына ылайык);
Чубак Абышкае в - Аскердик соттун төрагасы;
Ильяс Давыдов - энергетика министри;
Кубанышбек Жусупов - энергетика министринин орун басары;
Анарбек Куниев - Энергетика министрлигинин статс-катчысы;
Эрлан Жамгырчиев - Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору;
Дамир Тагайбек уулу - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамадминистрациясынын башчысы-акими;
Болот Дүйшөнбиев - Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык сотунун төрагасы;
Өктөмхан Абдуллаева - Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору;
Айдарбек Керимкулов - Дене тарбия жана спорт мамагенттигинин директору;
Искендер Айдаралиев - айыл чарба министри;
Максим Бакиев - Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси;
Данияр Дунганов - Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары;
Нурланбек Темирбаев - Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын биринчи орун басары;
Жанышбек Бакиев - Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы.