16.04.10
  Кечээги бийликтин былыктары

К.Бакиев кримавторитеттин алдына эмне үчүн чыккан?
Орус элинде "Калем менен жазылганды балта менен чаап сала албайсың" деген учкул сөз бар. Мына ушул калем менен жазылгандар канчалаган эки жүздүү саясатчылардын, адамдардын чыныгы жүздөрүн ачканга, окуялардын чыныгы маанисин аныктаганга мүмкүндүк берет. Болбосо, көптөгөн адамдар кечээги айткан сөзүнөн бүгүн танып, кечээги жоруктарын бүгүн башкача баяндап актанып кете баришет эмеспи.
Мен да өзүм байкап калып, бирок ал кезде ачууга мүмкүн болбогон бир окуяны эске салгым келет. Ал азыр качып жүргөн К.Бакиевдин калпычы экендигин далилдеп турат.

2006-жылдын 31-мартында белгилүү криминалдык авторитет Рысбек Акматбаев өз жактоочулары менен Өкмөт үйүнүн алдында бир күндүк митинг өткөзгөнү жалпыга маалым. Митингичилер андан бир күн мурда Борбордук шайлоо комиссиясынын Р.Акматбаевди парламенттик шайлоого катышуудан талапкерлигин алып салуу боюнча чечимин жокко чыгаруу талабын коюшкан. Анан да К.Бакиевдин өзүнүн эл алдына чыгып, Р.Акматбаев менен көзмө-көз жолугушуусун талап кылышкан.
Мына ушул жерден дароо эки суроо жаралат. Биринчиси - эмне үчүн Рысбек Акматбаев дал ушул К.Бакиев менен жолугушуп, анын жеке кепилдигин алууну чечти? Экинчиси - К.Бакиев чынында эле мындай кепилдикти бердиби?
Мындай шектенүү үчүн негиз бар. Анткени ошол күнү түшкө чейин Бакиев кайда болгондугу кийин табышмак боюнча калып, ар ким ар кандай болжолдоолорду айткан.
Эми расмий бир документ боюнча бул окуяга өзүбүз журналисттик иликтөө жүргүзүп көрөлү. Мен ошол учурда "Кыргыз Туусу" гезитинде башкы редактордун биринчи орун басары болуп иштеп турганмын. Ал учурда президенттин басма сөз кызматы маалыматтык билдирүүлөрдү факс аркылуу таратчу. Ошол күнү К.Бакиев Рысбек Акматбаев менен жолугушкандан кийин дароо эле президенттин басма сөз кызматы маалыматтык билдирүү таратты. Ал билдирүүдө К.Бакиевдин төмөнкүдөй сөздөрү келтирилген: "Бүгүн Бишкекте болуп өткөн нерсе, өткөн күндөрдүн калдыктары. Бүгүн мен жарым күн иш сапарында болдум жана түштөн кийин гана Бишкек шаарында, Ак үйдүн айланасында Борборшайлоокомдун Акматбаев Рысбекти шайлоодон четтетүү жөнүндө чечимине байланыштуу чоң митинг жыйылганын билдим".
Бирок кайра эки саат өтпөй президенттин басма сөз кызматынын экинчи маалыматтык билдирүүсү келди. Мурдагысынан бир аз кыска жазылган бул билдирүүдө К.Бакиев анда адамдар чогулушканын угуп, Өкмөт үйүнө келгендиги айтылган. Андан да цитата келтирейин: "Бүгүн 2006-жылдын 31-мартында күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Өкмөт үйүнө келди, анда адамдар чогулгандыгы жөнүндө билип, митингичилерге - Борборшайлоокомдун чечими менен парламенттик шайлоолорго катышуудан четтетилген Р.Акматбаевдин тарапкерлерине кайрылды. Алар аны парламентке депутаттыкка талапкер катары кайра калыбына келтирүүнү талап кылышты. Күндүн биринчи жарымында Президент К.Бакиев Саламаттыкты сактоо министрлигинин талабы боюнча пландуу медициналык кароодон өткөн".
Журналист катары эки саат
айырмасы менен келген бул расмий эки кайрылуудагы бири-бирин жокко чыгарган мындай айырмачылыкты байкап калып, мен аларды ксерокстан өткөрүп сактап койдум. Анткени бул жерде ошол күнкү окуяга кийин кайрылып, анын чыныгы себептерин билүү үчүн себеп болмок.
Чынында эле К.Бакиев ошол күнү түшкө чейин кайда болгон: иш сапары менен кыдырганбы же медициналык кароодон өткөнбү? Бул жерде ким жанын жеп калп айтып жатат? Президенттин басма сөз кызматыбы же К.Бакиев өзүбү?
Албетте, басма сөз кызматы! Ал жерде отургандар К. Бакиевдин калпын жашыруу үчүн ушундай жасашкан. Себеби, К.Бакиев "Түшкө чейин иш сапары менен болгонмун", - деп калп айтып жатпайбы! Эгерде чынында эле иш сапары менен болсо, анда кайсы жерге, кайсы объектиге барды? - деген суроо өзүнөн-өзү жаралат. Мамлекет башчысынын ар бир иш сапары алдын-ала пландаштырылып, басма сөз кызматы аны коштоп баруу үчүн журналисттерди уюштурат эмеспи. Мына ошондуктан кийинки маалыматтык билдирүүдө К. Бакиевдин калпын жашырып, медициналык кароодон өткөндүгү жөнүндө айтып коюшуп жатпайбы! А бирок,
К.Бакиевдин митингичилердин алдындагы өзүнүн сөзүн кайда катабыз?
Анын митинг болуп жаткандыгы жөнүндө кокусунан билип калгандыгы жөнүндө айтканы да кызылдай калп. Бир күн мурда эле Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери митинг өткөрүүгө даярданып жатышкандыгы боюнча бүт Бишкек сөз кылып баштаган. Өкмөт үйүнүн жанына көчмө очоктор алынып келинип, боз үйлөр тигиле баштаган. Эл арасында кооптонуу пайда болуп, ар кандай сөздөр чыгып жаткан. Анан элдин баары билип жаткан нерсе жөнүндө мамлекет башчысы болуп турган К. Бакиев кантип билбей калды экен? Анын үстүнө ошол учурда анын бир тууган иниси Жаныш Бакиев Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп турган! Бир маалымат агенттигинде пайда болгон макалада какшыктап айтылгандай, эч болбосо ошол иниси агасына митинг жөнүндө маалымат берип койсо болмок?!
Ошол кезде бул инцидент боюнча дагы бир версия айтылган. Ага ылайык, Рысбек Акматбаев К.Ба-киевдин эл алдына өзү чыгып кепилдик берүүсүн талап кылган. Мурдатан кандайдыр-бир себептерден улам Р.Акматбаевдин алдында милдеттүү болуп калган К.Бакиев түшкө чейин ар кандай варианттарды айтып эл алдында жолугуудан качып, бирок Акматбаев катуу талап койгондон улам ушинтип криминалдык авторитеттин алдына чыгууга аргасыз болгон. Жогору жактагы карама-каршы билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, мындай версиянын да чындыгы бардай...
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"