16.04.10 Республикадагы болуп жаткан кырдаалга карата
Кыргызстан коммунисттеринин партиясынын билдирүүсү
Кымбаттуу мекендештер! Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы өлкөдөгү болуп жаткан абалга байланыштуу терең тынчсыздангандыгын билдирет. Акыркы күндөрдөгү болуп өткөн окуялар өлкө башчыларынын элге каршы жүргүзгөн социалдык саясатынын негизинде, элдин калың катмары жакырчылыктын болуп көрбөгөндөй деңгээлине жеткендигинин натыйжасында келип чыккан социалдык жарылуусу.
Биз бүгүн акыркы 20 жыл ичинде өлкөбүздөгү "базар экономикасына өтүү" деген ураандын астында жүргүзүлгөн катаал эксперименттин тыянагынын күбөлөрү болуп олтурабыз. Мындай опурталдуу, алабарман кадамдар акырында бир ууч адамдардын эбегейсиз байышына, ал эми элдин калың катмарынын болсо жакырланышына алып келди. Өлкөнүн башкаруу төбөлдөрүнүн кылмыш чөйрөсүндөгүлөр менен ачыктан ачык коюн-колтук алышуулары, үй-бүлөчүлүк, уруучулук мамлекеттик саясат катары мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткирилди.
Мына ушулардын баары өлкөнү экономикалык, саясый жана социалдык жактан талкаланууга алып келди. Эл байлыгын жырткычтык менен талап-тоноо, укуктук баш аламандык, акыры келип социалдык тирешүүлөргө жеткирмек болчу. Тилекке каршы, биздин өлкө дөө-шаа өлкөлөрдүн аалам саясаттарындагы кызыкчылыктарынын полигону болуп калды.
Жыйынтыгында, 7-апрелде ордо калаабызда элдин жакырчылыкка баткан катмарынын бийликтин саясатына болгон каршылыгы социалдык чыңалуунун жарылышына алып келди. Эң өкүнүчтүүсү - эл калың катмарынын бул каршылыгы ондогон адамдардын өлүмүнө, миңдегендерди жарадар кылган кайгылуу окуяга айланды.
Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы өзүнүн бир нече жолку айткан сөздөрүндө өлкөнүн башчыларына ушул өңдүү чоң со-циалдык тирешүү болоорун эскерткен эле. Коммунисттер жалпыга
маалымдоо каражаттары аркылуу, эмгекчилер менен жолугушканда, парламенттин трибунасы аркылуу, экономикадагы, социалдык чөйрөдөгү көйгөйлүү маселелердин тез арада чечилишин өлкөнүн жол башчыларынан талап кылып келген.
Ар бир жарандын билим алууга, дарыланууга, эмгектенүүгө болгон укуктарын жана ардактуу карылыкты өтөөнү камсыз кыла турган адилеттүү коомдук түзүлүштү орнотуу керек деген коммунисттердин урааны биздин коом үчүн бүгүнкү күндүн керектүү талабы. Бүгүнкү түзүлгөн оор абалдан чыгуу үчүн, экономиканын стратегиялык тармактары жана жаратылыш байлыктары мамлекеттин менчигинде болушун, майда жана орто ишкерчилик бардык жактан колдоого алынышын, комму-
нисттер бирден-бир туура экономикалык модель деп эсептейт.
Социалдык маселелердин көйгөйлөрүн чечүү өкмөттүн ишинин өзөгү болуш керек. Биз, "Убактылуу Өкмөттүн" бийлик маселелерин чечүүдө укуктук нукка түшүшүнө чакырабыз. Өлкөбүздү аймактык принципте бөлүнүп-жарылууга алып келе турган опурталдуу кадамдардан сак болуусун эскертебиз. Улуттук чоң кайгынын кесепеттерин жоюуда ахвалды тезирээк ордуна келтириш үчүн Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн сакталышына, бекемделүүсүнө кызыккан бардык саясый жана коомдук күчтөрдү чакырыш керек. Бул - коомубузду сөзсүз тынчытууга өбөк болот.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши - бүгүнкү күндө түзүлгөн эки бийликтүүлүктү ыкка келтире турган жана кыска мөөнөттүн ичинде Президентти жана Жогорку Кеңештин курамынын шайлоолорун өткөрө турган бирден-бир бийлик бутагы. Кыргызстан коммунисттеринин партиясы эң кымбат адамдарынан айрылган мекендеш туугандарына жана алардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Ошондой эле миңдеген жараат алгандардын тезирээк сакайып кетүүлөрүн тилейт, ошондой эле зомбулукту жана мыйзам бузууларды четке кагат.
Биз, эки тарапты тең мындан ары зордук-зомбулукту болтур-
боого чакырабыз жана кыргыз элинин келечек тагдыры үчүн
жоопкерчилик тартышаарын эскертебиз.
Кыргызстан
коммунисттеринин партиясынын Борбордук Комитети




Жаштар да Жаштар да
Мекен келечегин Мекен келечегин
ойлошот
Кыргыз
Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
башчысы
Роза Отунбаевага Кайрылуу

Урматтуу Роза Исаковна!
Өзүңүз жакшы билгендей, 6-7-апрель күндөрү үй-бүлөлүк бийликтин жүргүзгөн саясатына тойгон эл - Элдик курултайга чогулушуп, ага тоскоолдукту уюштурган бийликтин аракеттерине кыжыры кайнап, Ак үйдү алып түшүштү. 2005-жылдагы ыңкылаптын өзөгүн түзгөн жаштар бул жолу да кыргыз элине эркиндик алып келүүдө алдыда болушту десем жаңылышпайм. Анткени, эл чыкканга чейин УККнын жертөлөсүндө бүт лидерлер кармалып, эл башчыларсыз калса да, жаштардын курчтугу, эр жүрөктүүлүгү, берилген өмүрүнүн баасы, төгүлгөн кандын наркы менен аракеттин акыбети кайтты. Оппозиция лидерлери камакка алынган соң, нааразылык акциясына чыккан көпчүлүк улуу муундун өкүлдөрү түңүлүп, колун шилтеп кетип калышкан. Жаштар снайпер чекеге атып жатса да, автоматтын огу ак жаандын нөшөрүндөй жаап, алтын өмүрдөн ажырап, денесинен жарат алып, көзүнөн жаш, жүрөгүнөн кан агып турса да, камактагы лидерлерди бошотуп, Ак үйдү алып, бийликти кетиргенге жетишишти.
Жоро-жолдошун, ага-инисин жоготкон жаштар эмгегибиз текке кетпесин деп, жаңы өкмөт түзүп жаткандарга өздөрүнүн өкүлдөрүн сунушташты. Убактылуу бийлик жыйынтык чыгарбаганынан ачуусу келген жаштар эртеси күнү 8-апрелде Жогорку Кеңештин имаратына барып, өз максаттарын билдиришти. Алардын ою боюнча жаңы түзүлгөн бийликтин курамында Акаев, Бакиевдин убагында иштеген, арты өтө деле таза эмес "хамелеон" адамдардын болгону өкүнүчтүү. Элдик бийликтин курамына киргендердин көпчүлүгү жок дегенде бир жолудан "жыдыган" саясатчылар. Баягы эле жоруктары белгилүү, көзгө тааныш, бийлик дегенде
амбициясы ашып-ташкандардын кайра эле аралашып жаткандыгы элди кыжырдантып жатат.
Жаштар нааразылык акциясына элге бакубат жашоо, мекенге өнүгүп-өсүүнү алып келиш үчүн чыгышып, ал үчүн өз өмүрлөрүн аяшкан жок. Ушуларды айтуу үчүн парламенттин алдына барганда, көпкө күттүрүп, көңүлсүз араң чыктыңыздар. Себеби, жаштар өздөрүнүн өкүлдөрүн жаңы бийликтин курамына кошпосо, убактылуу бийликти да алып түшөөрүн кыйкырып жатканын уктуңуздар. Анткени, азаптын баарын өз көздөрү менен көрүп, жондору менен тарткан жаштар баарына даяр турушкан. Арасында жүргөн жаштардын лидерлери жогорку билимдүү, жумушсуз жүрүшкөн жаштардан "тизме түзүп беребиз, катуу кетпегиле" деп араң токтотуп калганын көрдүңүздөр. "Жаңы келген бийликке убакыт, мүмкүнчүлүк берели, эл толкуп турган убакта, баш-аякты жыйганга чейин жыйынтык чыгарган болбойт" деп түшүндүрүүгө чыдамдары жетпей жатат.
Министр болбосо да анын жардамчысы же орун басары сыяктуу кызматтарда, бөлүмдөрдүн башчысы деңгээлинде болсо да жаштардын өкүлдөрүнөн алсаңыздар. 10-20 жылдан кийин Сиздердин муун бийликтен кеткен соң, кыргыздын жаштары түшүнүгү жок бойдон кантип өлкөнү өз колдоруна ала алышат. Сиздер жетишкен ийгиликтерди татыктуу кадрлар улантып кете албаса, ийгилик жараткандын пайдасы кайсы? Буга чейин жаштар жогорку окуу жайларын бүтүп алышып, жумушка жалаң тааныштык, пара менен орношкондуктан, чет өлкөдө көчө тазалагыч болуп иштеп келишти. Эми Сиздерден чоң үмүт менен чакырууну күтүп турушат. Мүмкүн болсо, жаштардын министрлигин түзүп, ошол орган аркылуу бүт бул муундун маселесин чечүүгө жол ачсаңыздар жакшы болот эле, бул көпчүлүктүн сунушу. Анткени, жаштардын тилин жаштар гана жакшы түшүнөт.
Чындыгында, учурда утурумдук өкмөттүн милдеттерин аткарып жаткан бийликтин курамында жаштардан жок. Жаштарды кой, карапайым элдин арасынан чыккан бир жетекчини байкаган жокпуз. Эгер сөзүбүз калп болсо, сурап көрүңүзчү качан алар акыркы жолу 8 сомдук маршруткадан баш тартып, 2 сом үнөмдөө максатында 6 сомдук автобуска түшүшүптүр? Же качан алар түшкү тамактанууга лепешканын үстүнө майонез сүртүп жеп, артынан 15 сомдук лимонадды үчөө ичиптир? Же качан алар кечки тамакка кайнак сууга чылап иччү "Роллтон", "Кук-си" аттуу кесмелерди ичишиптир? Же качан алар карызды доолайт деп үйүнүн жанындагы камокту айланып өтүшүптүр?
Баары качандыр бир кызматты аркалаган же ири бизнести бутуна тургузган байлар. Туура, акылдуу болгон үчүн ошол бизнести баштай алышкан. Бирок, байлыкка тойбой келишет. Жүрөгү "Эл!" деп сокпой, "пул!" деп согуп, ошол майлуу жерге жетиш үчүн болушунча актерлук кесипти аркалашууда. Мыкты актер деген "Оскар" сыйлыгын биздин саясатчыларга берүүнү сунуштоонун жолун билгендер бар бекен?
"Чет өлкөдө окуган жаштарды тартышыбыз керек" деп жатышат. Себеби, өздөрүнүн балдары, туугандары чет өлкөдө окушат. Жалаң, байлардын, чоңдордун балдары келет турбайбы... Кыргызстанда окугандары эмне болот? Анда Кыргызстанда окуп эмне кереги бар, эгерде бийлик жалаң чет өлкөдө окугандарга тие берсе… Буга чейин иштеп келген чоңдордун басымдуу бөлүгү бүт чет өлкөдөн, көбүнчө Россияда окугандар. Ошолорду бийликке тартып, аларга жумуш берген үчүн Кыргыз ЖОЖдорунун престижи, билим сапаты начар. Чет өлкөдө окуп келгендер картошканы "пахта" деп уят болушуп калаарын тана албасаңыздар керек. Ошондуктан экономикада жылыш жок. Ушундай кадрлардын айынан нечендеген кылымдарды карыткан, канча кыргыздын чыгаан уул-кыздары сүйлөгөн кыргыз тилибиз тепселип, иш жүргүзүү орус тилинде болуп, жоголуп бараткан тилдердин тизмесин толуктоодо.
Тарыхый инсан Чыңгызхан өзүнүн катарына, жооптуу кызматтарга карапайым дыйкан, малчылардын акылдуу балдарын дайындагандыктан дүйнөнү багынтты. "Элим!" дегенде жанын аябаган жаштардын бар экенине кыргыз эли эле эмес, дүйнө жүзү күбө болду. Убактылуу бийликтин курамында "кыйынчылык көрбөгөн байлар бар" десем, Сиз "менин бизнесим жок" же дагы башка дешиңиз мүмкүн. Таза адамдар саналуу гана. Кимдин ким экенин эл билет. Элден өткөн так таразаны эч бир окумуштуу ойлоп чыга элек. Сиз учурда ээлеген кызматтын
майын чыгара алаарыңызга коомчулуктун көзү жетет. Себеби, үй-бүлө очогун аял киши көзөмөлдөгөндүктөн, ырыскынын чеги бүтпөй, жашоо уланып келет. Андыктан, Сизди өкмөт башчылыгына татыктуу, калыс, айкөл, чынчыл, патриот инсан деп эл айтып жатышат. Ошол ишеничти актай алат деп үмүттөнөбүз.
Шейит кеткен баатырларды акыркы сапарга узатууда жаңы өкмөттүн курамына кирген лидерлер бир сыйрадан Ата-Бейиттен эл үчүн калыс иштегенге ант беришти. Бийлик 7-8 кишиден турбагандыктан, мурдатан таза эмес иштерге учкашып, аттарын булгап алышкан саясатчыларды ачык айтып эле жолотпосоңуздар деп суранат элек. Анткени, "бир карын майды бир кумалак чиритет" деген принцип менен алар үйрөнгөн адатын кайталай берээри анык. Алардын "өнөрүнүн" кесепети Сиздерге тийип калат.
Эли-жери үчүн жанын берген азаматтардын аракети текке кетпеши үчүн, жаштар баарына даяр болуп, байкап турушат. Саясатчылар, улуу муундун өкүлдөрү түндүк-түштүк маселесин бийлик бөлүштүрүүдө эске алып жатышса, жаштардын баары бир туугандай, жерлигине, келбетине, уруусуна, билимине, кийимине карабай, кыйындарын алга сүрөп турган кез.
Аянтка чогулушкан жаштардын оюн кагазга түшүргөн эркин журналист, экономист
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ,
e-mail: tinio@mail.ru