16.04.10
  Жаткан жери жайлуу болсун

Атам асманга учуп кетти,
мени ошол жактан карап турат...
- Ата-эненин, ага-туугандын ыраазылыгын алган бала бейишке чыгат дейт. Ылайым уулум бейиштен орун алган болсо экен... Мына биз өлгөндө, бизди көргө узатып, топурак салса болот эле. Тагдыр экен, башка салганды көтөрбөскө арга жок. Маратым эл-журттун, үй-бүлөсүнүн, мончоктой кыздарынын келечеги үчүн күрөшөм деп чындык үчүн чыркырап аянтка чыгып, кырчындай кезинде көз жумуп кете берди, - дейт жүрөгү канаган Айкен апа.

Кам санабай тур, азыр барып калам...
Өзүңүздөр күбө болгондой, 7-8-апрелде борбордук аянтта болгон коогалаңда кыргыздын бир канча патриот, мекенчил уулдары окко учуп, өмүрлөрү мерт болду. Алардын арасында аянтка атайылап баргандар да, капысынан кошулуп калгандар да болгон. Ажалы жетип, Ала-Тоо аянтынан каза тапкан атуулдарыбыздын жандары жаннаттан орун тапсын деп, артында калган жакын туугандары күн
сайын куран окуп, дуба кылышууда. Ошондой армандуу, азаптуу күндү баштан кечирип жаткандардын катарында: "Атам асмандан качан келет?" - деп, телефон чалып берүүсүн сурап ыйлап жаткан кызы Аминага эмне деп айтып, түшүндүрүштү билбеген кош бойлуу Таалайкүл да бар.
- Мараттын үнүн акыркы жолу телефондон уктум. Ал мага кечки алты жарым чамасында чалып: "Алтышкам, мен бир аздан соң барып калам. Кам санабай тур макулбу. Кыздар ыйлап, сени кыйнаган жокпу?", - деп сураган эле. Көрсө, ошондо ал, мени менен өмүрүнүн эң акыркы мүнөттөрүндө сүйлөшкөн экен. Жарым саат өтүп-өтпөй эле, башына ок тийгенин уктук, - дейт Таалайкүл.

Көкүрөктөгү көйгөйдү биз айтып чыкпасак...
Маркум 7-апрель күнү кадим кидей эле жумушка кеткен экен. Андан мурун аянттагы окуяны теледен көрүп ызырынып: "Эмне үчүн мындай болот", - деп жинденген дейт келинчеги. Ансыз деле: "Митинг болсо чыгабыз. Мен да чыгам. Көкүрөктөгү көйгөйдү, арыз-муңду биз айтпасак, ким билмек? Ким чечмек?" - деп жүрчү тура. - Ал өзүнүн өлүмүн билген окшойт. Кетеринде баарыбызды бек кучактап, бетибизден кайра-кайра сүйүп, көзүмө тигиле: "Капа болбо, бат эле келип калам",- деп кеткен. Мына, тез кайтам деген бойдон, кайта келгис сапарга кетип калды... Анын жоктугуна, өлгөнүнө ишенбей жатам. Азыр эле адатынча жаркылдап эшиктен кирип келчүдөй сезилет…
Кыздарым атасынын мээримине зар болот го. Экөө тең атасын ченде жок жакшы көрүп, аябай жакын эле. Марат да алардын ою менен болуп, эмне десе аткарып, кыздарым дегенде баарына даяр болчу. Ушуларга түз жол салам, экөөбүз жакшы таалим-тарбия беребиз. Буюрса, кыздарыбыз акылдуу болуп чоңоюшат дечү. Анан да күнүгө түшкү тамакка келгенде да, кечинде жумуштан кайтканда да кур кол келчү эмес. Курсагынын ач экенине карабай эркетайларына кошулуп ойноп кеткеничи. Мени болсо, үйүбүздүн ырыскысы, куту, алтыным, берекем деп эркелетип тургандан башканы билбечү эле. Эми ошолордун бири кайталанбайт… - дейт жолдошунун сүрөтүнө тигилген

Таалайкүл.
Тез жардам машинесиндей болуп...
- Маратым жароокер, боорукер, мээримдүү, кайрымдуу болуп өстү. Анда адам баласына керектүү асыл сапаттардын баары бар эле. Биздин өйдөдөгү өбөгүбүз, ылдыйдагы жөлөгүбүз болчу. Тез жардамдын машинесиндей болуп, кандай гана иш чыкпасын, кайсы убак болбосун, заматта жетип келип, колунан келген жардамын көрсөтүп, өздөрү кыйналып турса да, ажаат ачып башкаларга жардам бергенди жакшы көрчү. Кагылайыным, боорукерлигин кантейин.
Бир жолу, көчөдө нөшөрлөп жаан жаап аткан. Бир маалда араң жан болгон күчүктү көтөрүп кирип келди. Ошол кезде эшигибизде бир эмес эки итибиз бар эле да. "- Ай, эмне питомник жасайбызбы? Муну кайдан таап келдиң?", - десем: "Көчөдө калыптыр, апа. Машине тебелеп кетсе эмне болот. Курсагы ачып, тоңуп да калыптыр", - деп атпайбы. Жарыгым жада калса жаныбарларды кыя өтпөчү. Жүрөгү эненин жүрөгүндөй эле бар болчу. Ошону менен катар, оюндагысын айта билген, тартынбаган, чечкиндүү да боло турган. Ошол тартынбастыгы аны окко учуп, жараткан арабыздан эрте алып кетти окшойт, - деп кейиген Айкен апа. - Болбосо бир балээге кабылып калбайын деп жашырынып, же такыр эле чыкпай койсо деле болмок да, - дейт.

Атам мени асмандан карап турат ээ, апа
Бирок, Марат эмне болсо ошо болсун, эл көргөндү көрө жатарбыз деп жатып алган эмес. Тескерисинче, болгон тууган-туушкандарынын бирин калтырбай телефон чалып, толуктап: "Эч кимиңер көчөгө чыкпагыла. Атышуу болуп жатат. Кырдаал курч", - деп эскертип, акырында өзү аянтка кеткен бойдон кайткан жок. Артында күмүш көкүл кыздары Адеми менен Амина, кош бойлуу калган өмүрлүк жары, мына минтип аны жоктоп кан жутуп жалгыз калышты. Кичине кызы Амина: "Атам асманга учуп кетти. Азыр атам мени ошол жактан карап турат ээ, апа", - деп атасына телефон чалып бер деп кыйноодо. Таалайкүл болсо эмне кыларын билбей, жолдошунун досторуна чалып: "Кызым менен атасы болуп сүйлөшүп койгулачы", - дейт. Бирок, алар наристеге ооз ача албай, трубканы коюп коюшууда. Ал эми эс тартып калган 5 жаштагы Адеми телевизордон көргөнүн: "Жаман кишилер Кыргызстандын үйлөрүн өрттөп салышты. Машиналарды дагы. Аткычтар кишилерди атып, өлтүрүп салышты", - деп жатат. "Кийин чоңойгондо мугалим болом. Кыргызстандан, апей кыргыз тилден сабак өтөм", - деген аруу тилегин айтканды да унуткан жок.

Мени көрүү үчүн күнүгө дары сатып кетчү экен
Эки кызын алдына отургузуп, экөөнү алмак-салмак жүзүнөн сүйүп, ичинен сызып отурган Таалайкүл негедир шейит кеткен жубайы Марат менен кантип таанышканы туурасында эстеп ошол жөнүндө сөз баштап калды. "Мен 2003-жылы мед. училищаны аяктап жаңы ачылган дарыканага барып иштеп калдым. Жаныбызда авто унаа оңдоочу жай бар болчу. Ошондо иштеген балдардын бирөө күнүгө келип, ар түрлүү дары-дармектерди, такыр эч нерсе албады дегенде бинт, мазь ж.б. сатып кетчү. Ичимен таң калып койчумун. Бул мынча дарыны эмне кылат деп. Кийин таанышып, сүйлөшүп калдык. Канча бир убакыттар өткөндөн кийин, менден сатып алган дарыларды бүтүн бойдон бир баштыкка салып алып келип жатпайбы: "Ошондо сени көрүү үчүн эле бара берчүмүн. Дары сатып алуу шылтоом болчу," - деген. Дал ошондо: "Сен мага түбөлүктүү, сүйүктүү жар болуп бере аласың. Мен сага ишенем. Менин ысыгыма, суугума тоңчу адам сенсиң", - деп айткан… Экөөбүз баш кошкону алты жылдан бери бири-бирибизге катуу айтмак тургай, өз атыбыздан айтпайт элек. Ал кара тору болгондуктан, кара жаным деп койчумун", - десе маркум Мараттын апасы: "Матигим (ушинтип эркелетчүбүз) өзүнүн өмүрүнүн кыскалыгын сезгенби, айтор, кыздарын, жубайын ушунчалык сүйдү. Эки мүнөт сайын эркелетишип, деле башкаларга окшошушчу эмес", - дейт.
- Бизге досторубуздун бары: "Кандай бактылуусуңар", - деп суктанышчу. Эми биздин үй-бүлөгө эч ким суктанбайт. Эми көз жарсам Мараттай кубанып, сүйүнүп, төрөт залына чейин эч ким кирип барбайт, - дейт чырактай эки кыздын апасы.

Миң күндүк бейиштен, бир күндүк жарыкчылык
- Биз уулубуздун ким экенин, кандай киши болгонун буга чейин билбептирбиз, түшүнбөптүрбүз. Ата-эненин алдында бала дайыма кичине, наристе бойдон сыяктуу сезилет эмеспи. Ошондой эле көрүп, Матигибиз дале кичине бала бойдон деп жүрсөк, жок. Уулубуз эл керегине жараган, жүрөгү эл-жер деп соккон, мекенчил, ак ниет, чынчыл бала болуптур. Муну бизге, биз көрбөгөн, тааныбаган адамдар келип билдирип, теледен, радиодон уктук дешип көңүл, кайрат айтып кетишүүдө. Жакшы адамдардын балам жөнүндөгү жүрөк жылыткан жакшы сөздөрү менен өзүбүздү
сооротуп, жараткандан сабыр сурап отурабыз. Элдин: "Ушундай мыкты уулду тарбиялап өстүргөн, силерге рахмат", - дегендерин угуп, сыймыктуу сезим пайда болууда. Бирок, ошол эле убакта сыймык менен кошо өкүнүч, күйүт да бар. Кантип эле миң күндүк бейиштен, бир күндүк жарыкчылык артык болбосун, - дейт эне жүрөгү.

Элдин камын ойлогон, калыс бийлик орносо болду
- Эми тилегенибиз эле канча уулдун каны, жаны, өмүрү менен орноп жаткан жаңы бийлик, элдин нааразычылыгын туудурбаган, элдин камын ойлогон жакшы бийлик болсо экен. Ылайым, кашыбызга акылдуу, жүрөгүндө ыйман жашаган, нысаптуу президент шайланса экен. Элге тынч жашоодон башка эмне кереги бар дейсиң? - деген маркумдун атасы Замир Казиев, эли-журтунун тынч-аман болушуна дуба кылды. - Уулумду, байбичем айткандай мурда анча жакшы тааныбай жүргөн экенбиз. Ал иштеген жеринде да оозго алынып, өзүн көрсөтө алыптыр. Уулумдун буюм-тайымдары үчүн иштеген жерине барсам, ага машинесин каратып, оңдотуп кетип жүргөн адамдар каза болгонун угуп, кейип ошол жерге нан жайып куран окутуп жатыптыр, -дейт.

"Аны атып кетти", - дешти
Биз Мараттын иштеп, нан таап, үй-бүлөсүн багып жүргөн автоунаа оңдоочу жайга барганыбызда, ал жерде жетекчиси бар экен. Ал: "Биз баарыбыз ушул жерде иштегендер "Кыргызстан үчүн!" деп аянтка чогуу барганбыз. Мараттан адашып калганыбыздын себеби, биз баргандан бир аз өтпөй ок атуу болгон. Ошондо элдер баш аламан, туш тарапка качышып, бири-бирибизди таппай калдык. Саат жетилерге жакын телефонуна чалсак, бейтааныш бирөө алып: "Аны атып кетти" - деди. Тилекке каршы анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок… Чындыгында абдан пат-риот жигит эле. Бизде электрик эле. 7 жылдан бери бир жамандыгын көргөн жокпуз. Айлана-тегеректеги автокырсык болобу, өрт болобу, башка болобу жардамга жүгүрүп, адам өмүрүн сактап калууга далалат жасап, өзүнүн денесин, колу-башын күйгүзүп эле басып жүрчү. Жакшы адамдын өмүрү кыска болот деген чын тура…", - дейт "АИСТ" автоунаа оңдоочу жайынын жетекчиси Нурбек Самудун уулу.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"