09.04.10
  Тарых кайталанды

Элдик бийлик орноду
Курчуган кырдаал
7-апрелде Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтына саат 13:30да күн чыгыштан, Ала-Тоо кинотеатры жактан кылкылдап жөө жүрүш жасаган миңдеген эл келип, түз эле президенттин жана өкмөттүн аппараты жайгашкан Ак үйдү беттеп жөнөдү. Тор курчоого жеткенде Ак үйдүн алдында 3-4 катар тизилген формачан укук коргоочулар (ОМОН, спецназ, милиция) көздөн жаш чыгаруучу газ бүркүлгөн куралды колдонушуп, бир топ адамдарды ачуу түтүнгө булап таштагандыгы, ал аз келгенсип резина октор менен атышып, сүрүлгөн топту артка кайтарып турушту. Жогорку Кеңештин имараты, Кыргыз драм театры тараптан келишкен спецназдын, ОМОНдордун 2 жүздөйү жөө, атчан болуп да газ чачкан куралды, резина ок менен автоматты колдонушуп, алгач элди бир топ эле сүрүп барганы менен жаалданган көпчүлүк, чегинүүнү токтотушуп бирин-бири колдоп, кайра чабуулга үндөшүп, таш бараңга алышып, жеткендерин тепкилешип, таяктар менен чабышып, көпчүлүктүн деми менен сүрүп ташташкандан кийин алар кайрылып келишпеди. Алгачкы жеңишке жетишкен калың эл кайрадан Ак үйгө агылганда газ атылып, желим ок кадимки боевой окко алмашылып, автомат, снайперден ок атылып, төрт-беш адам набыт болуп, бир тобу жарадар болгондо эл дагы артка сүрүлүп, кайра-кайра чабуулун улантып турду.

Акыры Ак үй алынды
Ак үйдүн чатырына жайгашкан снайперлер активдүү жигиттерди, уюштуруучуларды чекеге атышып элдин кыжырдануусун күчөтүп жатышты. Жарадар болгондорду, каза болгондору тез жардам улам алып кетип, үлгүрбөй калса өздөрү ооруканага жеткиришип турушту.
Бийлик алмаштыруу талаптарынан да өз атуулдарын итче аткан бийликке өзгөчө ачуулары келген көпчүлүк улам көбөйүп, түнкү 11:30га чейин кайра-кайра чабуул жасап, акыры Ак үйдү алышып, кабинеттен-кабинетке өтүшүп, кайтарууга алышты. Айрым жаш жигиттер ачууга, кыргызды-кыргыз аткан жоосунсуз жорукка ызаланышып, кээ бир бөлмөлөргө от койгон учурлар да болуп, кийинки элдик бийлик пайдаланат дешип бирин-бири тыюу болбогондо Ак үй биротоло өрттөлүп ташталмак беле.
Эл менен бийликтин кагылышынан жүзгө жакын адам каза болуп, 500дөй адам ар кандай оор, жеңил жаракат алышкан. Ок атууга буйрук бергендер бүгүн белгисиз болгону менен эртең аныкталса, жакындарынан ажырагандардын боздогон көз жашына кантип жооп беришер экен? Алардын өмүрү элдин, Мекендин келечегине арналды дешип көңүл сооротуп турушту.

Бийликке элдин нааразылыгы эмнеде?
Тарых кайталанабы же кыргыз элинин чыныгы элдик бийликке жетүүнүн, мамлекет катары калыптанып өнүгүүсүнүн оор сыноосубу, биз кааласак да, каалабасак да эл арасында экинчи революция жеңгендиги айтылууда. Эл айткандай революция менен бийликке келип, революция менен алынды. Анда эмнеге биринчиси жемишин бербей, оңой менен козголгус кыргыз кайра көтөрүлүп чыкты? Эл өзү шайлаган бийликти четтетүүгө, андан адам өмүрлөрүнүн окко учушуна эмне себеп болду?
- Бийликке алып келген революционер үзөнгүлөштөрүн жеке бийлигин чыңдоонун курмандыгына айландырып, түрмөгө камады. Анын бир мисалы Коргоо министрлигин түп тамырынан реформалап жакшырткан Исмаил Исаковду ишиндеги кемчиликти айткандыгы үчүн каматып жибергени. "Таза генерал камалса, жеке өздөрүнүн кызыкчылыгына иштеген бакиевчилер атылыш керек" деген пикирлер элди бир нааразы кылса, элдин мүлкү "түндүкэлектро" анан "чыгышэлектрону", "Кыргызтелекомду" Кыргызстандын ар кайсыл жерлериндеги кен байлыктарды элге билгизбей иштетүүгө кытайлыктарга берип жибергендиги, үй-бүлөсү, туугандары, жек-жааттары, кошоматчылары менен бүт бийликти ээлеп алгандыгы, Конституцияны бузуп баласына өзүнөн кийинки, премьерден жогорку, иш жүзүндө баардык мамлекеттик иштерди баласы чечкен абалга жеткиргендиги, ачык айтылбаганы менен мураскердикке даярдап жаткандыгы, ал эми баласы Макс Италияны 2,7 миллиард долларга көз боегон эл аралык алдамчы Евгений Гуревичти Кыргызстандын бүт каражатын башкартып сызга отургузгандыгы, Кыргызстандын бүт байлыгына көз арткан баласын тыя албай, алкымы ачылып бара жаткандыгына, эң башкысы элдик революция жасап, бийликке койгон элди алдап кеткенине нааразы болгон эл кайрадан көтөрүлүп экинчи революцияны жасады. Арзанга турган жок. Алтын өмүрлөрдү берип жетишкен элдик бийликти, эркиндикти ишеним арткан оппозициядагы бийликке келишкендер сактап, улантып кете алабы? Арасында кимдер гана бар. Эл дегени, эл атынан келгени, убагында эбин таап жегени, бийликтердин камчысын чаап, капыстан кызматтан кеткени... Айтор, ар кошкон... Кылымдарды карыткан байыркы кыргыз эли бак ачар күн келээр бекен?
Марип Тайчабаров,
"Кыргыз Туусу"