09.04.10
  Чыгармачыл адамдар чын турмушта...

Марк Твен өтө унутчаак адам болгон дешет. Бир жолу ал поездде келатса контролёр кирет. Твен калдастап, чөнтөктөрүнөн билетин издей баштайт, бирок таппайт. Контролёр:
- Болуптур, мен кайра келгиче табылып калаар. Эгер табылбай калса да эч балээ жок. Боло берет, - дейт.
- Эмненин боло бергени? - дейт Твен кабатырлана. - Мен ал кесепеттүү билетти сөзсүз табышым керек, ансыз мен кайда баратканымды кантип билем?! - экен.

Монте-Карло деген шаарда бир кезде: "Чарли Чаплинге ким окшош?" деген конкурс өт-көрүлүптүр. Ага Чаплин өзү жашырын келип катышат. Конкурстун жыйынтыгында ал үчүчнчү орунду ээлеген экен.

Мындан эки
миңден ашык жыл мурун жазылган Еврипиддин "Медея" спектакли аяктагандан кийин көрүүчүлөрдүн бирөө жан-алы калбай кол чаап:
- Авторду чакыргыла, авторду! - деп кыйкырат дейт.

Сократтын досу кеңеш су-
рап кайрылыптыр:
- О, акылмандардын акылманы, айтчы акылыңды: Аял алсамбы, же албасамбы?
- Алсаң да, албасаң да катуу өкүттө каласың, - деген экен акылман.

Тамаша айтсам күлөсүңбү?
Эки киши сүйлөшүп турат:
- Эй, дос, өңүң эмнеге мынчалык капкара?
- Курсакта экенимде апам бир негрди көрүп, чочуп качкан экен... Кийин мен капкара болуп төрөлүпмүн.
- Эй, дос, бир нерсе айтсам капа болбо... Ошол негр баары бир апаңды кууп жеткен окшойт...
ЁЁЁ
- Үшүп жатам! - деп аялы түн ичинде эрин ойготот. Эри туруп барып жууркан алып келип жабат.
Дагы бир маалда аялы:
- "Ысып кеттим!" деп ойготот. Эри туруп барып, терезени ачат.
Дагы бир оокумдан кийин аялы: "Эркек самап жатам!" - дейт.
- Жаным, кыйнабачы, жети түндө сага эркекти кайдан табам? - деген экен анда эри.
ЁЁЁ
Бир генерал жаңы эле неберелүү болот экен. Кимге окшош экенин билип кел деп жардамчысын төрөтканага жөнөтөт.
- Сиздин эле өзүңүз экен! - деп кубанычтуу кыйкырат заматта барып келе калган жардамчысы.
- Чын элеби? Ишене албай турам!
- Сизге окшоп башында чачы жок, курсагы торсойгон, анан да эчтекени түшүнбөй туруп эле өкүрө берет экен.
ЁЁЁ
Төрөт үй. Кубанычы койнуна батпаган аялы терезеден эрине кыйкырат:
- Сүйүнчү жаным, эркек төрөдүм!
- Кимге окшош?
- А сен аны тааныбайсың...
ЁЁЁ
- Сүйүү - бул адамды төшөккө жыккан дарт, - дейт студент.
- Эч ким дарыланууну каалабаса, ошол дарт болчу беле, - деп буга врач каршы. - Сүйүү - бул искусство.
- Көрүүчүлөрү жок болсо кайдагы искусство? - деп таң калат артист. - Сүйүү - бул процесс.
- Кайдагы процесс, жапа чеккендер жок, тетирисинче, экөө тең жыргап-чардап турушса? - дейт юрист. - Сүйүү - бул илим.
- Кайдагы илим? Студенттин колунан келип, менин колуман келбесе, ошол да илим болчу беле? - дейт профессор.
ЁЁЁ
Радиодон төгүлгөн музыканы төшөлүп угуп жаткан аялы капыстан чок баскандай секирип, композитор күйөөсүнө чуркап барыптыр:
- Билесиңби, ардагым, мындан он жыл мурда атайы мага арнап жазган сонатаңды каяктагы бир Бетховен деген неме уурдап алыптыр!
ЁЁЁ
- Менин өмүрүмдүн эң бактылуу бейкут учурлары театр менен байланыштуу.
- Сиз театрга ушунча көп барасызбы?
- Жок, мен барбайм, аялым барат.
ЁЁЁ
Аялына ырчы ачык сырын айтат:
- Эртең менен эргип туруп ырдаганда көкүрөгүм тазарып, отуз жашка жашарып, кайран он сегизим кайрылгансыйт баягы.
- Алтыным, андай болсо, жатарда ырдап жүрчү? - деп шыпшыныптыр аялы.
ЁЁЁ
Киев көчөсүндө Фольксваген-Гольф "тытып" баратса МАИ кызматкери пистолетин алып чыгып, Гольфту мээлеп, жолду тосуп калат. Гольф асфальтты тешип ийчүдөй болуп тормозду тебет. Буту-колу калтырап документтерин алып МАИ кызматкеринин алдына барса, старшина айдоочуга көңүл бурбай эле Гольфту тегеренип карап жүрөт. Жини келген айдоочу:
- Эмне, таяк менен тоссо болбойт беле - десе МАИ кызматкери:
- Таяк менен тоскондо сен тормозду катуу баспайт элең, мен Гольф алайын деп жүрдүм эле, досторум "тормозу начар" дегенинен текшерип жатканым... - дептир.