09.04.10 Жаз көктөмү
Талипова деген фамилияны укканда Шахра эженин шаңкылдаган үнү эске түшүп кетет. Булбул таңшык таланттуу ырчы эжебизди атпай кыргыз журту өзүнүн эрке кызындай ардактайт эмеспи. Өнөр ааламында дагы бир Талипова деген фамилия таанылып келе жатат. Ал Гүлиза деген ырчы кыз. Болгондо дагы ошол Шахра эжебиздин сиңдиси, буйруса кыргыздын мыкты ырчыларынан болору чоң үмүт жаратып турат.
"Аккан арыктан суу агат" демекчи Гүлиза да Шахра эженин жолун жолдоп мектепте 3-класста окуп жүргөндө комуз менен ырдап элге чыккан. Андан бери канча жылдар өттү. Алгач "Ысык-Ата арашан" фольклордук ансамблинен чыгармачылык тушоосу кесилген. Азыр болсо Кыргыз Улуттук консерваториясында "Элдик обон" факультетинин 4-курсунда окуп жатат.
Жакында 13-14-апрелде Гүлизанын Улуттук Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда "Жаз көктөмү" аттуу жеке концерти өткөнү жатат. Программада элдик ырлардан баштап бүгүнкү күндүн талабындагыдай эстрада жанрындагы чыгармалар бар. Чоң сахнада жеке концерти менен алгачкы ирет чыгып жаткан Гүлизага ийгилик келсин дейли, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун!
Бактыгүл ЧОТУРОВА, "Кыргыз Туусу"


  Чек арага чеп болуп жашагандардын көйгөйү

Өрүкзарлыктар, кесипкөй жоокерлер жана Мекен коопсуздугу
Бөтөн элде жан багыш, бирдеме иштеп табыш канчалык оор экенин билишсе да, канчасы миграциянын айынан өлүм-житимге кабылышса да, баары бир агылып жөнөмөй азыркыга чейин токтобой келет.
Миграция капшабы айрыкча Баткендин чек арага чектеш айылдарын көбүрөөк каптады. Анткени, бул айылдарда союз жаңыдан ыдырай баштаган алгачкы жылдары эле кошуна мамлекеттин тургундары менен жер, суу талашкан маселелери бир топ эле курчуган. Бири-бири менен таш ыргытып, колуна кетмен-күрөк, таяк кармап алып мушташууга чыккан учурлары болгон. Кошуна мамлекеттер менен жанаша жашоодон улам келип чыккан чыңалуунун Баткендин чек арага чектеш айылдарында бар экенин эч ким тана албайт. Республиканы дүрбөлөңгө салган бир нече ирет бул жерлерде кагылышуулар болгонун да билебиз.

Акыбети аз жашоо, бош калган үйлөр
Баткенде сырттан душмандын келип калуу коркунучунан тышкары, кошуна мамлекеттер менен коопсуз жашоо маселеси бул жердин ар бир жаранынын көкүрөгүндө турат. Ошондуктан кесипкөй жоокерлерден турган аскерий бөлүктүн Баткенде иштей башташы эң туура болду. Бирок, коргонуу коопсуздугу бир гана аскерди чыңдоо менен чектелбейт. Ал чегарага жакын жайгашкан аймактардагы элдин турмуш-тиричилик абалынын деңгээли менен да байланышат. Баткендиктер эң жакыр жашаган адамдарынын көптүгү менен да айырмаланат. Муну Кыргызстандын расмий статистикасы да билдирген.
Баткен аймагы бүгүнкү күнгө чейин чийки зат чыгарган аймак бойдон калып жатат. Ошончо өрүк бактары туруп өрүктү кайра иштетүүчү завод мындай турсун бир кенедей цехи жок. Дагы эле тонналаган өрүктөрүн баткендиктер көбү унаа чыгымынан улам же борборго апкелип түзүгүрөөк баа-га сата алышпайт. Азыркыга чейин Баткенге Тажикстан менен Өзбекстандан алып сатарлар келишет да тонналаган алмасын да, өрүк кагын да арзан баада алып кетип калышат. Алар ар бир үйгө келип, дүңүнөн алып кетишет. Айла жок, акча керек болгондо сатып жиберишет. Эми болсо бу кошуна туугандар өрүктү быша элек эле дарагы менен сатып алганга өтүптүр. Анткени, көп үй-бүлөлөрдө өрүктү кургата турган алдуу-күчтүүлөрү Орусияга кетип калышкан. Өрүк кургатуу оңой-олтоң жумуш эмес. Кошуна туугандар шагы ийиле өрүгү бышайын деп турган ар бир түп өрүк дарагын баалап туруп сатып алышат. Бул алар үчүн кыйла арзанга түшөт экен.
Мындай көрүнүш союз учурунда да бар эле. Баткендиктер өндүргөн сырьелорунун баарын Өзбекстан менен Тажикстанга алып барып арзан-арзан берип келе беришчү. Бул баткендиктердин айласы кеткендеги аракети эле. Болбосо Баткенде бир нерсе өндүрүү да өтө кыйын, табият шарты оор, ошол эле өрүктөрдү сугарып багуу үчүн канчалаган мээнет кетет, тер төгүлөт. Ошентип, баткендик туугандарым көп иштеп, бирок акыбети аз болуп өмүр бою жашап келет. Кийинки жылдары баарына кол шилтеген жердештерим туулган жерин таштап кетип жатышат. Көбү биротоло. Айрыкча тоо этектеген, чек ара бойлогон айылдарда үйлөр бош калып, бөксөрүп барат. Эгер ушул чектеш айылдарда күүлдөгөн бакубат турмушту жаратып, калктын санын көбөйтүп, өсүп өнүктүрсөк, чек аранын ары жагындагы туугандардын аң-сезимине сес көрсөтпөйт белек. Бүгүн мунун тескериси болуп отурат. Баткенде турмуш-тиричилиги эң төмөн жашагандар ушул чектеш айылдардын тургундары. Биздеги бечара жашоону көзү менен көрүп турган кошуналар, бош калган биздин айылдагы үйлөрдү бир эсебин таап сатып алгысы келгендери арбын, сатып алгандары да бар. Баркыбыз, баабыз, таасирибиз, сүрүбүз кошуналарга азайып барат.

Мамлекеттик программа көз жаздымда калбаса...
Кыргыз өкмөтүнө 2010-жылдын 1-декабрына чейин 2011-201жылдарга бийик тоолуу жана алыска, барууга кыйын болгон аймактарды жана чек ара райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо Программасын иштеп чыгуу тапшырылган эле. Бул иш аяксыз калбайт. Программаны иштеп чыгууда Баткендин чектеш айылдарынын маселеси да кеңири каралыш керек, аталган айылдарда жашаган биздин жарандар менен аталган документти иштеп чыгуучулар бетме-бет жолугуп, алардын маселесин көзү менен көрүшү керек.





Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректораты жана Социалдык-гуманитардык илимдер институту "саясат таануу" кафедрасынын ага окутуучусу
Кудайбергенов
Жолдоштун
7-апрелдеги массалык акцияларда окко учуп, дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт. Жамаат эр жүрөк, бийик адамгерчиликтүү кесиптешинен айрылды. Жолдош, сенин элесиң биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.