09.04.10
  Япон кереметтери

Күн Чыгыш өлкөсүнүн сырлары
Фень-шуй жана суунун тамчысы Мунара Жалил кызы деген мекендешибиз япон үй бүлөсүнө жатар конокко барса, "уктаар алдында түшүп ал" деп жыгачтан бочканын формасында жасалган улуттук ваннасына суу толтуруп беришиптир. Мунаранын жуунуп бүтүп, суусун төгүп ваннаны тазалап койгонун көргөн үй ээлери абдан таң калышыптыр. Көрсө, бочкадагы суу үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү түшүп чыкканчакты төгүлбөйт экен. Таза суу-га конокту сыйлап биринчи кылып киргизишет тура. Бул окуя да япондордун абдан үнөмчүлдүгүн көрсөтөт. Электр жарыгы менен газ сыяктуу эле кеткен өлчөмүнө жараша акча төлөнгөндүктөн сууну бейоопа пайдалануу деген япондордо жок.
Япондор үчүн суу руханий да мааниге ээ. Көрүстөндөрдө (Японияда көрүстөндөр көбүнчө шаарлардын ичинде болот) ар бир адам коюлган жерде идишке куюлуп атайын калтырылган сууларды көрөсүң. Сумо күрөшүндө жеңилгени жеңгенине чөмүч менен суу алып келип берип башын ийип коймой салты бар. Шинто храмдарында суунун духу бар деп ишенишип, аны сарамжалдуу сактоого чакырышат. Киото префектурасындагы катар аккан үч булактан Кудайдан байлык, сүйүү жана ийгилик сурап ооз тийгени жыл сайын жүз миңдеген зыяратчылар келишет. Узуну 64, туурасы 23 чакырымга жакын, аянты Ысык-Көлдүн сегизден бирине тете, мындан төрт миллион жылдай мурда пайда болгон ичүүгө жарамдуу Бива көлүн илгертен ыйык тутушкан экен. Азыр да аны "Келечек муундарга сактайбыз" аттуу ураан менен көздүн карегиндей кастарлашат.
Таң калыштуусу Японияда сууну ысырап пайдалангандарды ушунчадан Кобе шаарындагы мечиттен кезиктирдим. Айрым диндештеримдин кранды шарылдатып агызып коюп, шашпай даарат алуу менен сарамжалдуулукка чакырып, ысырапкорчулукту айыптаган ислам дининин шарттарын эре-төрө албаган кайдыгерлигине капаланчумун. Японияда ар бир нерсенин так эсеби бар. Ошол пайдасыз кеткен суу үчүн да бирөөлөр чоң акча төлөшөрү турган иш. Акча го мейли, буюрган ырыскыңды кандай пайдаланганың тууралуу Жараткан алдында жооп берчү күн да келерин башкалар түшүнбөсө да, ошол даарат алгандар сөзсүз билиш керек эле деп ойлойм. Ыраматылык чоң атамдын дааратка кеткен жарым чөгүн сууга шүгүрчүлүк кылып эки ирет ыктыярдуу намаз окуганына канча күбө болдум. Ишенимибиздин сулуулугун сөз менен эмес, иш жана жүрүм-турум менен көрсөтсөк эмне. Мавлана Руминин "Кандай болсоң ошондой көрүн же кандай көрүнсөң ошондой бол" деген сөзү бар го.
Сууга сыйлабай мамиле жасоо, тилекке каршы, Кыргызстанда кадыресе көрүнүш. Дээрлик ар күнү иштеген жеримдеги ашкананын кире беришинде аккан бойдон калтырылган сууларды көрөм.
Кыргыздар азыр деле "ичер суум бар экен" деп өмүр уланып, жарык дүйнөдө аман жүргөндүктү айтышат. Түшкө дарыя кирсе, демейде "өмүрүң дарыядай узун болот экен" деп, көл кирсе "дөөлөтүң жана ырыскың деңиздей мол жана терең болот тура" деп жорушат. Бала кезде бизден чоңураактар аккан акак суу мындай турсун бака чардаган кир көлчүктөргө заара кылсаң энеңдин эмчеги ооруйт деп коркутуп коюшчу. Ошентип, акылман элибиз фень-шуйсуз эле сууну өмүрдүн, дөөлөттүн, ырыскынын жана берекенин көрсөткүчү, символу катары кабылдап, аздектеп келген экен. А, бирок азыр ал касиеттерибиз кастарланбай калууда.

"Суу державасынын" баркталбаган байлыгы Мунай менен газ эл аралык мамилелердин ырайын аныктаган доор аяктап, эң тартыш жана эң кымбат товар суу болчу заман да кирип келди, дешет айрым адистер. 2020-2050-жылдарда суу таңкыстыгын жон териси менен сезгендердин саны 3 миллиард адамга жетиши мүмкүн экен. Андыктан Ала-Тообуздун аркырап аккан тунук суулары-бул бизге Жараткандын тартуулаган улуу белеги эмей эмне. Дөөлөт ("держава") болуу ар бир өлкө үчүн жоокер кол башчы болгусу келгендей эле кыял-тилек эмеспи. Тышкы иштер министрлигинде иштеп жүргөнүмдө бир немец дипломатынын: "Кыргызстан - суу державасы", - деп айтканына күбө болгом. Ошол держава деген даражаны сактап, асырап, баа-баркына жетиш үчүн биз - кыргыз атуулдары, жетиштүү аракет кылып жатабызбы?
Жакында эле Кыргызстандагы гезиттердин бирөөсү мекендештерибиздин Кудай ыроологон байлыктарыбызга карата сарамжалдуулугу тууралуу сурамжылаптыр. Суралгандардын жарымынан көбү сууну үнөмдүү колдонуу туу-ралуу түк ойлонуп да коюшпаптыр. "Кудай чексиз кылып берген сууну аяганда эмне, ага берсин",- дегендей мамиле кылышат экен. Бул кандай чоң жаңылыштык. "Хажиме ареба овари ари" ("Башталган нерсенин аягы да болот") дешет япондор. Анын сыңарындай, суу деле мунай, газ, алтын же жакут сыяктуу белгилүү бир өлчөмдө гана берилген. Дүйнөнүн 70 пайыздай аймагын суу каптап турганы менен, анын үч гана пайызы ичүүгө жарамдуу. Анысы да бүт адамзатка тегиз бөлүнбөптүр. Бир жерлерде биздегидей ашып-ташып баркталбай жатса, экинчи жактарда анын бир тамчысына зар болуп олтурушат. Маселен, Оруссиянын Байкөлү эле дүйнөдөгү ичүүгө жарамдуу суунун 20 пайызын же бештен бирин түзөт. Ошол эле мезгилде Африканын, Жакынкы Чыгыштын жана Латын Америкасынын канчалаган аймактары кургакчылыктан курушуп жатат. Эки чакага суу толтуруш үчүн эртеден кечке деңиз жээгинде кум казып, жерден чыккан кир сууну кебезден өткөзүп тазалап, ошондон колдору бошобой мектепке барбай сабатсыз өсүп жаткан африкалык балдар тууралуу телеберүүнү көргөм. Араб өлкөлөрүндө сууга караганда унаа май (бензин) арзан деп айтышса ишенбей да жүргөм. Ал кезде жердин баары эле Кыргызстандай болот деп ойлосом керек. Көрсө, араб мамлекеттеринин көбүнүн кыйырсыз чөлдөрү мунайга жык толгон менен ныпым суусуз тура.
Эмнени кор тутсаң, ошого зар болосуң
Кыргызстанда деле суу теңсиздиги бар. Кара-Кулжада, маселен, дээрлик ар бир кокту-колоттон чоң-кичине дарыялар агат. Лейлектин бир айылында болсо күнүгө унаа менен алынып келинген сууну адамдар кезекке туруп алышарын 2002-жылы көргөм. Канткен менен, жалпы жонунан Ала-Тообузга жараткан сууну аябай берген экен. Ошон үчүн, аны үнөмдүү пайдалануу жогорудагы суралгандардын акылына да келбептир.
Таза суу кайдан келет? Айрым иликтөөлөр боюнча кыргыз жериндеги 6,5 миңден ашык мөңгүлөрдө 650 миллиард кубикалык метр ичер суунун запасы бар экен. Бирок, алар да эрип, азайып барат, кашайгырдыкы. Кээ бир окумуштуулар жыйырма жылдан кийин мөңгүлөрдүн жалпы аянты 35 пайызга суюлат деп болжоп жатышат. Жүрө-жүрө азыркы 6-7 миң ак мөң-гүлөрдүн саны дээрлик 200гө чейин кыскарышы мүмкүн, деп үрөйдү учургандар да бар. Мунун негизги себеби ааламдагы аба ырайынын жылып бара жатышы. Деген менен, токойлордун көп кыйылышы да буга негиз болот экен. Өз колубуз менен канчалаган каман өтө алгыс токойлорубузду таз талаага айлантып жатканыбыз жалганбы? Кыскасын айтканда суунун да чек-чени бар. Канчалык үнөмдөсөк, ошончолук узак ырахат-жыргалын көрөрбүз. Азыркыдай ысырапкор мамиле кылсак, анын арты эмне менен аяктарын ойлоштон корком.
Айылыма барганда жаш балдардын кычыраган кышта, жардын тайгалак боору менен сайга түшүп суу алып чыгып жатканын көрүп, кудай сакта деп кабатырланам. Ал балдардын көбү СССРдин учурунда ар бир төрт көчөдө курулган крандар шарылдап токтобой агып турган учурда төрөлө элек да болсо керек. Ал суулар эмнеге токтобостон бөөдө ысырап болуп жатканын учурунда ойлонгонубузда, балким азыркыдай абал жаралмак эмес. Кесирлигибиздин кесепетин кийинки муун кошо тартып жатканына өкүнөм. Ар бир нерсенин эсеби бар деген айныксыз кеп экен.
Япондордун "Кңбоку казе тсуңши" ("Бийик даракка шамал катуу тиет") деген макалы бар. Мааниси кимге эмне көп берилсе, суроо-сопкуту жана жоопкерчилиги да ошого жараша болот дегенди туюндурат. Ала-Тоого аёосуз берилген суу үчүн Жараткандын, дүйнөнүн жана келечек муундардын алдындагы чексиз жоопкерчилигибизди эстен чыгарбайлы.
Нуржигит Кадырбеков,

Япониянын Кобе

университетинин бүтүрүүчүсү