09.04.10
  Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына карата

Чечендигине эл суктанышкан
1953-жылдын күз айы каталыраак келип, ноябрь айынын башында эле кар жаап койду. Анда Ош облусунун Кара-Суу, Ош, Араван, Куршаб, Өзгөн, Кадамжай, Баткен райондорунда пахта эгилчү. Анда пахта терүүчү машиналар жокко эсе, ар бир чарбада эки-үчтөн гана болучу. Ошондуктан, терим негизинен кол күчү менен алынчу. Биз Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун биринчи курсунун студенти элек. Окууну баштап коюп, Ош районунун Калинин атындагы колхозуна пахтага алып барышты.

Облустагы бүт окуу жайлары, мектептин жогорку класстарынын окуучулары, колхозчулар, мекеме-ишканалардын кызматкерлери бүтүндөй пахта терүүгө жөнөтүлгөн. Антпесе болбойт эле, кыш эрте түшүп калган. Ал эми пахта жыйноонун планы толо элек, өстүрүлгөн түшүмдү коромжусуз жыйнап алуу милдети турган.
Ошондо машинага пахта жүктөп, Ош пахта заводуна тапшырууга күч жетишпегендиктен, ошого иштеп калдым. Жамгыр, кар жаагандыктан терилген пахтаны кургатуучу мештерге кургатып, анан тапшырчу. Ошентип, түштөн кийин пахтаны заводго алып барсак, кезекте турган машина, тележкалар абдан көп, аянтта жеңил машиналар да көп. Ошол жердегилерден бүгүн эл көп го, эмне үчүн десем Исхак Раззаков келип, чогулуш өткөрөт экен деди бирөө.
Түшкү тамактануу убагында "Победа" машинасы менен Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары Исхак Раззаков, Кыргызстан Компартиясынын Ош обкомунун биринчи секретары Жаманкул Тойгонбаев, Ош райондук партия комитетинин биринчи секретары Халил Мирабдазиров келип калышты. Аянтта турган эл бөлүнө беришип, аларга жол бошотушту. Эл абдан көп, көрсө облус боюнча бүт жетекчилерди чакырган экен. Пахта эгүүчү райондордун бригада, звено башчылары да чакырылыптыр.
Чогулуш заводдун эшигиндеги аянтта эле өттү. Эки грузовой машинаны сүзүштүрө коюп эле, ошонун үстүнө стол, стул коюшуп, чоңдор ошондо отурушту. Чогулушту Ош обкомунун биринчи секретары Жаманкул Тойгонбаев ачып, Исхак Раззаковду тааныштырып, сөздү И.Раззаковго берди. Раззаков адегенде чогулган калың эл менен кыргызча жылуу саламдашып, республикадагы пахта жыйноонун ал-абалына, аба ырайынын бузулгандыгына, анан өстүрүлгөн пахтаны жыйнап алуу боюнча уюштуруу иштерине, элди пахтага мобилизациялоого, пахтага келген адамдарга толук шарт түзүүгө, медициналык тейлөөнү толук камсыз кылууга карата мазмундуу сөз сүйлөдү. Андан башка дагы өлкөдөгү, республикадагы жүрүп жаткан окуяларга токтолуп, элди пахта жыйноого активдүү катышууга чакырды. Пахтанын баалуулугуна терең токтолуп, Өзбекстанга салыштырып көп мисалдарды айтты.
Чогулган элдин көпчүлүгү өзбектер,
кыргыздар, орустар, азербайжан, дунган, түрктөр жана башкалар. И.Раззаков жеткиликтүү, түшүнүктүү болсун дедиби кыргызча, орусча, өзбекче үч тилде сүйлөдү. Уккан элдин кулагын кандырып, тим эле уютуп койду. Калдайган калктын көңүлүн магниттей эле өзүнө тартып алды. Анын даанышман сөздөрүн уккан кыргыздар "тубаса чечен, акылман экен" - дешсе, өзбектер болсо "ушунча гапка бай, гапка уста адам болор экен" - дешсе, орустар "пламенный деятель" экен дешип, угуза эле күбүрөп-шыбырап жатышты. Эл өкүлдөрүнүн айткандарынын деле калети жок, чын эле ошондой экен.
Мен да ошол чогулушта катышып олтуруп, Исхак Раззаковдун сөзгө чечендигине таң калганмын жана суктанганмын. Баш-аягына чейин сөз сүйлөп жатканда бир да кагазды караган жок. Сөзүндө цифраларды, цитатаны, хроникаларды ачык, даана так айтты.
Кийин мен Өзгөн районунда райкомдо бөлүм башчы болуп иштеп калдым. Доклад жазып жатсам, эл депутаттарынын райондук советинин аткаруу комитетинин төрагасы Ысмайыл Бектемиров кирип калды. Сөз И.Раззаков тууралуу болду. Ошондо Бектемиров Ош облусунун Молотов райондорунда (азыр Кадамжайга карайт) райкомдун биринчи секретары экен. Анын сөзү: "Исхак Раззаков СССР Жогорку Советинин союз советинин депутаттыгына кандидат болуп калды. Шайлоочулар менен жолугушууга партиянын Ош обкомунун секретары Баки Эшмамбетов менен келип калышты.
Клубда эл жыкжыйма толо. Аларды күтүп турганбыз тосуп алып, залга киргенибизде эл кол чаап, орундарынан туруп тосуп алышты. Президиумдан орун алганда менден сурап калды. Кайсы улут көп деп чогулгандардын көпчүлүгү тажиктер дедим. Жолугушуу чогулушун ачып, И.Раззаковго сөз бердим. Ал биринчи эле тажикче, экинчи кыргызча, үчүнчү орусча сүйлөдү. Тажиктер абдан ыраазы болушуп: "Жаша Раззаков!" деп жатышты" дейт.
Азыр баамдасам көп тилди билген билимдүү, даанышман адам тура. Азыркы улгайып калган партиялык, советтик органдарда иштешкен адамдардан сурап калсаң, анын даанышман чечендигин узун кеп кылышат.
Исхак Раззаковдун ишмердиги, адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү, тазалыгы жөнүндө китептеги авторлордун макалаларында да кеңири жазылыптыр. Аны окуп, ошол жазган инсандарга өз ыраазычылыгымды билдиремин.
Расулберди МАМЕТОВ,
ардагер журналист




 100 жылдыктын урматына

100 жумушчу орун
Хусанбай Курбанов Лейлек районундагы байлыгы же бийлиги менен эмес, жер тырмалаган эмгеги, жарандык жактан активдүүлүгү аркылуу элге кеңири белгилүү болгон инсан. Жердештери аны жердин сырын мыкты билген баба дыйкан гана эмес, өз журтунун чыгаан мекенчил атуулу катарында жакшы билишип, аны бир нече мертебе райондук, шаардык кеңештердин депутаттыгына шайлашкан, "Яхши ният" айыл чарба өндүрүштүк кооперативинин жетекчиси Хусанбай Курбанов Исхак Раззаковдун туулгандыгынын 100 жылдыгына карата кооперативдин күчү менен жаңыдан 100 жумушчу орун түзүү демилгеси менен чыкты.

- Биз жердешибиз, канаатташ кыргыз, өзбектин тең уулу Исхак Раззаковдун 100 жылдык мааракесин татыктуу белгилөө үчүн даярдыктарды көрүүдөбүз, - дейт Хусанбай Курбанов. - Райондук, шаардык,
айылдык жана мектептик деңгээлдерде улуу инсандын ысмына коюлгандарды жаңылап, айлана-тегеректерин ыңгайлаштыруу, өмүр баянын жана ишмердүүлүгүн тереңирээк иликтеп, үйрөнүү, эскерүүлөрдү жыйноо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Биз кооперативдин мүчөлөрү менен кеңешип, Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына карата жаңыдан жүз жумушчу орунду түзүүнү чечтик. Ал кантип ишке ашырылат?
Биз негизинен дыйканчылыкка адистешкенбиз. Үлүштөгүлөрүбүздү жана ижарага алгандарыбызды кошкондо 205 гектар жер иштетебиз. Өстүрүлгөндөрдөн жылыга
райондо гана эмес, облуста эң алдыңкы дегидей түшүм жыйнап келатабыз.
Айылдаштарыбыздын муктаждыктарын, экономикалык ыңгайлуу шарттарды эске алып, мал чарбасын өздөштүрүп, айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүүчү цехтерди курууну чечтик. Бул максатта 100 уйга эсептелген сүт-товар фермасынын, чакан сүт заводунун, колбаса, тигүү, токардык, ширетүү, темир буюмдарын жасоочу цехтердин, автоунааларды тейлөөчү станциянын курулуштарын баштасак, учурга карата белгиленгендердин жарымына жакынын аткарып койдук. Ал эми комплекстин көлөмү чоң. Курулуш иштеринин өзүн эсептегенде эле 21 млн. сомду түзөт.
Биз биринчи кезекте 60 орундуу тигүү цехин, кондитердик цехти жана дүкөндү ишке киргизип, 100 саан уйга эсептелген сарайдын курулушун бүткөрүүгө аракеттенүүдөбүз. Эгерде аталган түйүндөр ишке киргизилсе, 100дөй жумушчу орун түзү-
лөт. Ал эми комплексти толугу менен күзгө чейин куруп бүткөрүүнү милдет кылып койгонбуз. Биздин дагы бир жаңылыгыбыз, планыбызда комплекс ишке киргизилгенден кийин аны жана кооперативдин мүчөлөрүнүн үйлөрүн сүт-товар фермасынан чыгарылган кыктарды ачытуудан чыккан биологиялык газ менен камсыз кылуу каралган.
Комплексти куруу үчүн кооперативдин өзүнүн каражатын жана сырттан тартылган кредиттерди жумшоодобуз. Мындан сырткары Маткаримов атындагы мектеп-гимназия үчүн кышкы спорт залдын курулушун да баштоодобуз. Ал биздин мектепке көрсөткөн шефтик жардамыбыз болмокчу. Биз кара күчтү талап кылчу иштердин бардыгын негизинен ашар ыкмасында аткаруудабыз. Ал жол менен көп каражаттарды үнөмдөөдөбүз. Биздин негизги максатыбыз - Исхак Раззаковдун 100 жылдыгынын Баткен жергесинде белгиленишине карата комплексти толугу менен куруп бүткөрүп, пайдаланууга берүү.
Ооба, Хусанбай Курбанов жетектеген "Яхши ният" айыл чарба кооперативинин дыйкандарынын алдыларына койгон милдеттери чеке жылытарлык. Маараке десе эле он эки канат боз үй тигип, кош-коштоп малдарды сойгонго камынгандын ордуна Курбановдой болуп элге керектүү жайларды куруп, тейлөө түйүндөрүн, жаңы жумушчу орундарын ачуу элге, мамлекетке алда канча пайдалуу экендиги шексиз. Х.Курбановдун демилгесин баткендик, жалпы эле кыргызстандык калган ишкерлер да колдошсо жакшы болмок деп ойлойбуз.
Бакай ЧИЛТЕГИН