09.04.10
  Исхак Раззаковдун 100 жылдыгына карата

Раззаковдун Раззаковдун улуулугун улуулугун унутпаган унутпаган ата-бала
Малчынын баласын Москвадан издетип тапкан мамлекет башчы
Бул чакан окуя өткөн кылымдын ортосунда Москвада болгон эле. Ошондой болсо дагы эсимден эч качан кетпестен, мени ар дайым жандап жүрөт. Эби келе калганда, кээде, кеп салып жиберсем, бирөөлөр таң калуу менен укса, кээ бирөөлөр терең ойлонуп калышат.
Ооба, ошол 1953-жыл, менин Москвадагы Д.И.Менделеев атындагы химия-технология институтунун үчүнчү курсунда окуп жүргөн кезим. Ал мезгил, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки эл чарбасын калыбына келтирүү убагы эле. Алыскы Ала-Тоо арасында жашап, дүйнөлүк цивилизациядан артта калсак дагы, Улуу Жеңиштин күүсү менен берилип, эмгектенип жаткан тоолуктардын баласынын бири - мен, мектепте алган билимибиздин деңгээли москвалыктардан алда канча артта экендигин билдирбес үчүн, бардык аракетти окуу ишине жумшап, орточо студент деңгээлинде болуу аракетинин гана үстүндө элем.
Ошондой күндөрдүн биринде, семестр аяктап каникулга тарасак деп турган мезгилде, факультеттин секретары "Асанов, сени Кыргызстандын элчилигинен издеп жатышат, сен ал жакка барбасаң болбойт", - деди.
Эмне үчүн издеп жатышат деген табышмактуу ой менен түштөн кийин элчилик жакка жөнөдүм. Элчилик "Октябрь революциясы" метросунун маңдайында "Москва" мейманканасынын чыгыш жагында жайланышкан эле.
Элчиликтин бөлүм башчысы Казангаповго кездешсем, ал (улуту казак эле), "Ой шырагым, сен Асанов эмессиңби, каякта жүрөсүң, эки күндөн бери сени таба албайбыз, деги окуп жүрөсүңбү? Сени жолдас Раззаков издеп жатады гой, понимаешь, сам Раззаков ищет тебя", - деп орусча кайталап ийди. "Сам Раззаков" деген сөзгө акцент жасоо мени айрыкча кызыктырды, таңдантты.
Мени кара шайтан түрткүлөп жиберди окшойт, жок дегенде үн чыгарып коёюн деген аракетте, "А Раззаков деген ким?" - деп балп эттирип жиберсем болобу. Араң турган Казангапов: "Ой шырагым оой, сен каяктансың? Асмандан түшүп калган жоксуңбу? Сени, Москвага окууга жиберген Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысын билмейсиңби?! Билим алам деп жатып, айлана-шөйрөңдү карамай калгансың го! Советтер Союзу үшүн Иосиф Виссарионович Сталин калай болсо, жолдас Раззаков Кыргызстанга так солой үлкөн инсан эмеспи", - деди. Бул сөздү угуп жерге кирип кете жаздадым. "Мындан кийин бул суроо менен эш кимге кайрылба, энди институтуңа бара берсең болот. Бирак, эртең ушул жерге саат үч жарымга кел! Жолдас Раззаков Кремлде, Жогорку Советтин сессиясынан бул жерге келип калат. Сени менен кездешүү ал кишинин планында бар", - деп менин бузулуп калган маанайымды анча-мынча оңдоп койду. Табышмактай бул окуядан соң элчиликтен чыгып "Москва" мейманканасынын батыш жагындагы Горький көчөсүндөгү троллейбуска түшүп, жатакана жакка жол тарттым. Маңдайыбыздагы Колонный залдан өтүп, Моссоветке келип, Казангапов кеп салып кеткен Иосиф Виссарионович Сталин мындан үч ай мурда каза болгондо, ушул Горький көчөсүндөгү окуялар көзүмө элестеди.
Биз, студенттер деле москвалыктардай Колонный залга барып, Сталиндин сөөгү менен коштошолу деген ойдо, ушул көчөдө эки-үч саат түртүшкөндөрдүн арасында араң Моссоветке жеткенбиз. Көчөдө жаткан бут кийимдер. Тартыш-түртүштө тебелендиде калып, жарадар болгон адамдар да болгон...
Мени менен жатаканада бирге жаткан кыргызстандык Кемел Кошоевге Кирпостпредстводон келгенимди, анан "Раззаков деген ким" - деп сурап, уят болгонумду айтып берсем, ал: "Саясый деңгээлиңе жараша институттан кууп чыгарбагандыгы үчүн Казангаповго ырахмат айтсаң болот", - дегенге чейин барды.
Эми болоор иш болду, бирок мени Раззаков эмне үчүн издетип жатат деген ой менен, ал түнү ары-бери аласалып тынч уктабай, эптеп таң атырдым. Эртеси саат үч ченде элчиликке жетип бардым. Саат төрттө мени Раззаковдун үстүнө киргизишти.
Кыргызстандын элчиси Качы-кеевдин ордунда отурган, орто бойлуу, жүзү өтө жарык адам Раззаков экен, "Сен Асанов Үсөнсүңбү, бери келчи", - деп менин колумду кармап жанына отургузганда, сүрдөп, толкунданып турганым жоголо түштү.

Жарым кылымга татыктуу жарым саат
Биринчи иретте, менин окуу абалымды сураштырып келип, "Үсөн, сенин атаңа, мен Москвага барганда балаң менен сөзсүз кездешем, - деп убада берген элем" - деди дагы, элчи Качыкеевди карап, кеп салды: "Мен бир жолу Нарынга бара жатып, шаарга чукулдап калган жерде жолдун боюндагы талаада кой жайып жүргөн Үсөндүн атасы Молдалиев Асан экен, аны менен таанышып, ал-акыбалын сураштырып, ар түрдүү маселелерге токтолуп, бир далай убакыт туруп калдык. Ал киши азыр мал бакканы менен, мезгилинде уюштуруусуна өзү катышкан "Үч-Чат" аттуу чакан колхоздун башкармасы болуп иштеп, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фронтко жардам берүүдө колхоздун койлорунан өйдө саадырып, быштак даярдатуучу экен. Койлордон канча сүт чыгат, ар биринен бар болгону бир чай чыны өлчөмүндө, бирок, койдун сүтү сапаты жактан топоздун сүтүнөн кем болбой, алардан жасалган быштак түшүмдүү болот тура. Көп сандаган койлорду саадырыш үчүн, кыз-келиндерден кемпирлерге чейин, козу-койлорду көгөндөп бериш үчүн мектеп балдарын жапырт жумшашыптыр. Нарындыктардын фронт үчүн жасаган ушул өңдүү кызматтары өз алдынча эрдик эмеспи", - деди Раззаков.
Менин атам менен кенен сүйлөшкөн көрүнөт, "Молдалиев Асан тынымсейит деген уруудан, өткөн кылымда эле Ысык-Көлдөн Нарынга көчүп кетишкен тура", - деген маалыматты айтканда Качыкеев сөзгө кошулду. "Сиз тарыхка да катуу кызыгат турбайсызбы! Ооба, тынымсейит - чакан уруу, бугуларга таандык, мен дагы ысык-көлдүк бугулардан боломун", - деп тынымсейиттер эмне үчүн Нарынга көчүп кеткендигине чейин кенен айтып берди.
Өзүнүн баалуу убакытын аяды окшойт, Раззаков аңгеменин багытын өзгөртүп, дагы бир маселени баса көрсөтүп, өз алдынча эмоция менен айта баштады.
Молдалиев Асандан "Канча балаңыз бар, окуп жатышабы? - деп сурасам, ал киши - "Кудайга шүгүр, үч балам бар, улуусу иштеп жатат, эң кичүүм кыз, мектепте, ортончу уулум Москвада окуп жатат", - деди. "Москвада дедиңизби?" - деп, кайра сурасам, "Ооба, Москвада" деди.
"Чынын айтсам - деди, Раззаков Качыкеевге. Тоо арасында жайгашкан, цивилизациядан алыс, согуш жакында эле аяктаган мезгилде, Москвага барып окуу оңой эмес, анын үстүнө орус тили керек, Нарын шаарында орус туугандар анда-санда эле көрүнөт, толук ишене албай, "Уулуңуз Фрунзедеги номер бешти (ошол мезгилдеги атактуу мектеп) аяктады беле?" - десем, "Жок, Фрунзе эмес, Долон ашуусунан нары барган эмес, Нарын шаарындагы эле Токтогул мектебин бүткөн", - деди. "Москвада кайсы институтта окуйт?" - деген суроомо, "Менде-леев институтунда окуймун деп жүрөт", - деди.
Адресин сурасам, чөнтөгүнөн бир пачка каттарды сууруп чыкты. Кой кайтарып жүрүп окуй берет окшойт. Конвертте институттун адреси "Москва, Миусская площадь, 6", - деп турат!
Раззаков Качыкеевге кайрылып, "Сен бул адрести жакшы билесиң да, канча жолу барып жүрөсүң, ВПШнын (Высшая Партийная школа) адреси эмеспи, мен дагы ушул институтту бүтпөдүм беле! Ошол мектептин маңдайындагы беш кабаттуу кызыл кирпичтен курулган мекеме - инженер-технологдорду даярдоочу Менделеев атындагы белгилүү институт. Институттун профессорлору ВПШда Союздун өнөр жайлары жөнүндө лекцияларды окушат" - деп мени карап, "Үсөн - сен, буюрса, жакшы институтта окуп жатыпсың. Ийгиликтүү бүтүп, инженер-технолог болуп, Кыргызстанга келсең, сен үчүн түркүн багыттар боюнча кызматтар бар. Кыргызстанда биринчи университет пайда болду. Жакын арада Илимдер Академиясын, Политехникалык институтун ачсак деген чоң пландарыбыз бар. Атаң жөнөкөй колхозчу болгону менен прогрессивдүү адам экен. Сүйлөшүп отуруп көп маалыматтарды ошол кишиден алдым. Атаңа убада бердим эле, сени менен Москвадан кездешемин деп, ал убадамды аткардым окшойт. Сен болсо, элчиликке келип-кетип жүр. Москвада окуп жаткан колхозчулардын балдары үчүн уюштурулган атайын фонд бар. Жардам берилип турат", - деп элчини карап койду.
Сөзүнүн аягында Раззаков чөнтөгүнөн конверт алып чыкты дагы, мага "Мына балам, менин өзүмдүн айлыгымдан. Студент кезде баарыбыз эле жардам алып жүрчүбүз, алып кой", - деди дагы колумду бекем кыса кармап, "Атаңа менден чоң салам айткының, сенин келечегиң жөнүндө атаң экөөбүз кенен сүйлөшкөнбүз, биздин ишенимибизди аткарышың керек!" Бул сөз, Раззаковдун мага айткан эң акыркы сөзү болду.

Менин ким болоорумду атам Раззаковдон билген
Мен, ошол жылы каникулга келгенимде, атам өзүнүн Раззаков менен кездешкенин төкпөй-чачпай айтып берди. Бул кездешүү ушунчалык таасир берген экен, атам мага чын оюн айтты. Балам, сен химик болом дегениңди мен жактырган эмесмин, Москвада окуп жаткандан кийин, бизге келип, колхоздун парторгу же райкомдун секретары болсо деп эле жүрчү элем. Раззаков, химия деген - илим-түрлөрүнүн чордону, буюрса балаңыз Кыргызстанга келип, илим-билим багытын өстүргөнгө катышат, качанкыга чейин кыргыздар мал багып эле жүрө беребиз? Кыргызстандын жаратылыш байлыгы өтө зор. Ошолорду өстүрүш үчүн инженерлер керек деп, терең ишендириптир.
Андан бери канча убакыт өтүп кетти. Мен, Москвадан окуумду бүтүп, Фрунзеге келдим, Химия институтуна мени лаборант кызматына алышты. Муну уккан атам аябай капаланыптыр. Бирок, чыдап туралы, жолдош Раззаков айткан, балаңдын алдында келечеги чоң, мен ишенем, деп апама айтканын кийин уктум.
Кийинчерээк мен кайра Мос-квага аспирантурага кеттим. 1962-жылы кандидаттык диссертациямды коргоп, Фрунзеге келдим. Ал мезгилде аспирант, кандидат деген сөздөр ушунчалык баалуу эле…
Бир күнү Москвадан диссертацияң бекиди, дипломду алып кетсең болот деген кагаз келип, мен Москвага учтум. Атам аябай кубанып, "Мен Нарынга барып, дипломуңду белгилеш үчүн эт, кымыз алып келейин" - деп жөнөп жатып, "Балам, - деди кайталап, - сага чоң тапшырма, жолдош Раззаков жөнүндө сураштыра жүр, ал киши, эмне, күнөөлүү беле, өз мекенине келе албай калгыдай. Анын айткандарынын бардыгы мына, аткарыла баштабадыбы. Дагы бир жолуксам кандай сонун болот эле. Ал кишидей мээримдүү, эң жөнөкөй, чоң кызматта иштеген кишилерден андай чоң адамды көргөн эмесмин. Мамлекеттин башкаруучусу ошондой, залкарлардын залкары болуш керек" - деп кайталап айтып Нарынга жөнөп кетти.
Мен коштошуп жатып, тилекке каршы, атам менен акыркы жолу сүйлөшүп жатканымды билбептирмин... Тагдыр...
Москвага учуп барып дипломумду алып, Фрунзеге кайра келсем, атам үйдө али жок, жолдо келе жатса керек деп, жатып алдым, бирок таптакыр уктай албай таң атырдым, жүрөгүм сезсе керек...
Эртең менен суук кабар келди. Атам өзү төрөлүп чоңойгон Солтон-Сары жайлоосунан эт-аш, кымыз алып келе жатып, Кара-Кужур капчы-
гайынан аварияга учурап, машинедеги төрт адам, анын бирөө менин атам, каза болушуптур.
Мындай абалда эмне айта аласың, ата деген ата, бул окуя чоң трагедия. Күйүттүү жери, ал кишинин ден соолугу аябай жакшы болчу, ооруканага жатты эле деп бир жолу дагы уккан эмесмин. Кырсыкка учуроо 60 гана жашында болуп жатпайбы. Арман аябай зор!
Баласынын илимий даражасы кандидаттык эле деңгээлге жеткенде терең кубанычка көтөрүлгөн жөнөкөй адам дагы жашай турса, уулунун илимдин доктору, профессор болгондугуна, ал турмак Раззаковдун өз демилгеси менен ачылган Кыргызстандын биринчи университетинин ректору, Кыргыз Илимдер Академиясынын академиги болуп шайлангандыгы ж.б. окуяларга өзүнүн күбө болушу карапайым адам үчүн кандай деңгээлдеги кубаныч болмок!
Андан бери канча жылдар, окуялар өттү. Аварияга учурабаганда мен атамдын акыркы өтүнүчүн аткарып, "Залкардын залкары менен дагы бир жолу жолугушуусун" уюштура алат белем, билбеймин, бул буйруктан болмок...
Ошону менен эле бирге, улуу инсандын тагдырын дагы трагедиядан алыс деп айтууга болбойт... Терең берилүү менен мамлекет башында активдүү эмгектенип жаткан мезгилинде, кызматынан капыстан ажыратылып, өз мекенинен алыска которулуп кетиши, ал турмак акырында, сөөгүнүн чоочун жерге коюлуп калышы кандай окуяга таандык?...
Быйылкы жылы өлкөбүздө И.Раззаковдун 100 жылдыгы белгиленет. Ушуга байланыштуу жарыяланып жаткан эскерүүлөргө мен дагы үнүмдү кошуп чакан макаламды жаздым.
Мени айрыкча таң калтырганы, жарым кылым өтүп кетсе дагы, эсимден кетпеген бир гана окуя - бул, улуу инсан И. Раззаковдун карапайым адамдарга жасаган мамилеси. Кой кайтарып жүргөн малчы менен кокустан кездешип калса дагы, аны менен кенен баарлашып, ал турмак анын "чийки" студент баласын Москвадан издетип таап алып, ага өз батасын бергенге чейин баргандыгы!

Үсөн АСАНОВ,
Кыргыз улуттук
энциклопедиясынын башкы редактору, академик