02.04.10 Мекендештердин
"Нооруз-2010" майрамы
Москва шаарында Горбунов атындагы Маданият үйүндө "НОО-РУЗ - 2010" майрамына арналган салтанат өттү. Аталган майрам 5 жылдан бери белгиленип келет. "Нооруз" майрамынын концерттик программасынын салтанаттуу ачылышында Москва шаарынын мэринин орун басары Сергей Байдаков куттуктап сөз сүйлөдү. Майрамга катышуучулар келген конокторго өздөрүнүн улуттук дүйүм тамактарынан тартуулашты. Тажикстандын элчиси А. Достиев жана толук Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарымдуу элчиси Р. Аттокуров өзүнүн куттуктоо сөзүн сүйлөп, жакшы каалоолорун билдирди.
Ал эми Кыргызстандан атайын чакырылган комузчу Рахат Матишова "Саринжи Бөкөйдү" чертсе, четте жүр-гөн мекендештерибиз үчүн Кыргыз эл ар-тисти Анарбек Ибраевдин "Ала Тоо" деп шаңдуу ырдаган ыры туулган жерге болгон сүйүүнү, сагынычты ого бетер күчтөндүрүп кубандырып турду. Абдумалик Шерматов өзүнүн ырчы-бийчи тобу менен келген конокторго жагымдуу маанай тартуулашты. "Нооруз - 2010" майрамы Москвада эртең менен саат 11.00дө башталып, кечки саат 20.00гө чейин уланды.
Сүрөттө: "Нооруз"
майрамынан көз ирмемдер
Мадина ЖАПАРОВА

Лаврентий Берия
Бул көрүнүш Никитский көчөсүндө 28-үйдө болот дешет. Мурда бул жер Бериянын эс алчу жайы болгон экен.
Жергиликтүү элдин айтуусунда күүгүм киргенде кандайдыр бир көрүнбөгөн машинанын үндөрү угула баштайт. Албетте, бул окуянын баары так эмес толгон айдын түнүндө болот дешет. Түн ичинде кадимкидей эле Бериянын элеси көрүнүп, кароолдору менен сүйлөшкөнү көрүнөт. Кээде орто жаштагы Бериянын элеси айсыз түндөрдө да келет. Айсыз түндөгү Берияны айрыкча октябрдан апрелге чейин так көргөн адамдар көп.

Сыйкырчынын мунарасы
XVl-кылымда дагы эле Сретенко көчөсүндө мунара болгон дешет. Петр Iдин убагында бул мунарада сыйкырчы-дубакөй химик, мистиканын мугалими Яков Борис жашаган экен. Яков Борис өзүнүн өнөрү менен колону күмүшкө, калайды жезге, жезди алтынга айландырчу экен. Ошондой эле анын кара тыштуу өзгөчө китеби болуптур. Ал китепте ар жердеги алтын казыналардын жайгашкан жерлери жазылган дешет. Өлөөр алдында сыйкырчы китебин мунаранын кирпичтеринин арасына катыптыр. Сталиндин убагында ар бир кирпичти бирден алышып мунараны бузушкан, ал эми китеп табылган эмес. Яков Борис болсо али күнчө китебин колтуктап кеч түндө жүргөндөргө жолугуп коркутканын койбойт имиш.

Останкино жөнүндөгү уламыш
Останкино жайгашкан жерге жакынкы үйлөрдө да дайыма көрүнчү көрүнөт дешет. Айсыз түндөрү дайыма баштыгын асынган кемпир жүрөт экен. Ал өткөн-кеткенди токтотуп, тагдырыңды айтып берейин деп суранат. Археологдордун айтуусунда бул жерде бөлөк улуттагылардын жайгашкан чоң үч мүрзөсү болгон экен.
XVll-XVlll-кылымда бул жерге дарга асылгандар да көмүлчү экен. Останкино деп да ушундан аталган дешет. "Останки" деген сөздөн улам ушундай аталыптыр. Ал эми көзү ачык кемпир жалаң гана келчү жамандыктарды айтып өтөт имиш.
Көзү ачык кемпирди эң биринчи 1558-жылы көрүшүптүр. Анда бул жер Алексей Сотинге тиешелүү жер экен. Сотинге кемпир көрүнүп, кырсык келерин айтат. Кемпир көрүнгөндөн үч күндөн кийин Сотин дарга асылат. Кийин жер Орн аттуу төрөгө ыйгарылат. Орн мүрзөлөрдүн ордуна жер айдамак болот да максаты ишке ашпай сазга чөгүп өлөт.
Көзү ачык кемпирди 1993-жылы да көрүшкөн. Андан соң эле телеборборду аз жерден басып ала ташташкан. Акыркы жолу көзү ачык кемпир 2000-жылы көрүнгөн. Бул жолу телемунарадан өрт чыккан.

Чөгүп кеткен чиркөө
Бул окуя XlV-кылымда болгон дешет. Князь Ионна Кементанын убагында Москва анчалык чоң эмес шаар болгон экен. Азыркы үч вокзал турган аянт мелмилдеген жайык саз болуптур. Саздын четиндеги бийигирээк аралчада чиркөө жайгашкан дешет. Чиркөөнүн чоңу христиан дининдегилерди эле кабыл албастан, башка диндегилерди да кабыл алчу экен. Акчага азгырылган ал бара-бара чиркөөнүн жол-жобосуна ылайык келбеген жосундарды жасай баштайт.
Кедей-кембагал дегенди унутуп, жалаң байлар менен алака кылат. Бир күнү бир бечера келип, чиркөөгө кабыл алуусун суранат. Жашай турган жери жоктугун, мындан аркы жашоосун чиркөөдө өткөрөрүн айтат. Теңирин тааныбай калган чиркөө башчысы жолоочуну түнөтмөк турсун эшигин да ачтырбай коёт. Суук түндө жолоочу кайтып кетет. Бирок ошол түнү чагылган чартылдап катуу жамгыр жаайт. Сел жүрүп, жер титирейт. Чиркөө титирейт. Чиркөө жайгашкан бийик аралча чиркөөсү, чиркөөдөгү жашаган адамдары менен сазга чөгүп кетет. Ошол күндөн ушул күнгө ал жерге эч кандай курулуш түшпөйт.
Же урап калат, же курулуш бүтпөйт. Азыркы күндө да ал аянтта бузулган скверь турат.

Москвадагы сулуу көчө
Кузнецк көпүрөсү жөнүндө да кызыктуу легенда айтылат.
Орус адабиятынан бул уламышты көп эле жолуктурууга болот. XlX-кылымдын башталышында бул көпүрөнүн жанындагы көчөлөр эң сулуу көчөлөр болгон дешет. Бул таза жана көрктүү көчөлөрдө Париж ресторандары, Париж кымбат дүкөндөрү жайгашыптыр. Ак сөөктөрдүн кыздары жасалга алуу үчүн келишчү экен. Даңкы далайга кеткен Кузнецк көпүрөдөн атасын, баласын бүтүндөй уткурган жаш жигиттер боюн таштап же асынып өздөрүн өздөрү өлтүрүшкөн учурлар да болуптур. Ушул убакка чейин айдын толук күндөрүндө кадимкидей алтын кареталар өтөт экен. Кээде алар токтотуп:
-Түшөсүңбү, жеткирип коёлу,-деп шаракташат. Бул алтын каретага түшкөндөрдүн эч кими кайтып келген эмес. Алтын каретада ак сөөк бай жигиттер шапар тепсе, айдын толук күндөрү көпүрөнүн астынан кыздардын күлкүлөрү, сүйлөшкөндөрү угулат экен. Бул көпүрөдөн түнкүсүн кырсык да көп болот дешет.