02.04.10
 "Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна

Беловодск айыл аймагы Чүй облусунун Москва районунун борбору катары эсептелип, жакшы өнүккөн инфратүзүмдөргө ээ жана 1867-жылы негизделген Беловодск, жол алдындагы "Кош-Дөбө" айылдарын өзүнө камтыйт.
2008-жылдын 4-октябрында өткөн айыл кеңешинин сессиясында "Беловодск айыл аймагынын 2009-2012-жылдарда экономикалык өнүгүүсүнүн башкы планы" бекитилген. Бул маанилүү документте жергиликтүү коомчулук тарабынан аймакты өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, аларды чечүүнүн натыйжалуу жолдору даана, так белгиленген.
Бүгүнкү күндө айыл өкмөтү, айылдык кеңештин депутаттары келечекти көздөгөн иш-пландарын жүзөгө ашыруунун аракетин көрүп жатышат.
Биз төмөндө үстүбүздөгү жылдын үч
айында аткарылган аракеттери тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Маанилүү маселелер талкууланды
Ушул жылдын январь-март айларында айыл аймагы боюнча тургундар менен 71 жыйын өткөрүлүп, анда айыл өкмөтүнүн 2009-жыл үчүн социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын жүзөгө ашырылышы жана быйылкы жылга белгиленген аткарылуучу милдеттер туурасында отчеттору угулган. Суроо-жооп иретинде өткөрүлгөн бул жыйындарда айыл тургундарынын электр энергиясына карата тарифтердин көтөрүлүшү, чектелген жеңилдиктер, айыл өкмөтүнүн бул маанилүү маселе боюнча көрүп жаткан аракеттери тууралуу кеңири сөз болду.
Айыл кеңешинин 4 сессиясы өтүп, анда аймакка тиешелүү айылдарды көрктөндүрүү, жайыттарды пайдалануу, айыл өкмөтүнүн аппаратынын штаты, Ынтымак Курултайына делегат шайлоо, быйылкы жылдын бюджетин бекитүү сыяктуу маселелер каралган.

Бюджеттин аткарылышы
Быйылкы жылдын эки айында айыл өкмөтүнүн адистеринин талбас эмгегинин натыйжасында 2,4 млн. сом салык төлөмдөрү жыйналган. Аймактагы "Ак-Сүт", "Пиво Беловодское" акционердик коомдору, "ТВС и В" райондор аралык өндүрүштүк бирикмеси айрым ачык себептерге байланыштуу өндүрүштү арбыта алышкан жок.
2009-жылдын кайра бөлүштүрүү фондунан жерди ижарага алышкан учурунда пайдалануу акысын төлөй алышпаган тараптардан эми сот аркылуу 103 миң сом өндүрүлөт.
Бюджетти толуктоо үчүн айыл өкмөтүнүн пайдаланылбаган жерлерин, мүлктөрүн аукцион аркылуу сатуудан капчыкка 262 миң сом түшкөн.
Беловодск айыл аймагында жыл ичинде жергиликтүү бюджетке он сегиз миллион сом чогултуу каралган. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери бул чекти багындырууга бардык шарттар жетиштүү деп эсептешет.
Жергиликтүү салыктын төлөмүн көбөйтүүнүн дагы бир жолу - кичи жана орто бизнести өрчүтүү экенин айыл өкмөтүндөгүлөр жакшы билишет.

Ишкерликти өнүктүрүү
Беловодск айыл аймагында үч жүздөн ашык кичи жана орто бизнестин объектилери иштейт. Айыл өкмөтүнүн маалыматтарына ылайык бул кичи ишканалардын күчү менен 17,6 млн. сомдук продукциялар чыгарылган. Жеке ишкерлер отуз миллион сомдон ашык каражатты өнөр жай, соода, калкка кызмат көрсөтүүчү жайларды салууга жумшашкан. "Да-Чин" кыш заводу ушул жаздан баштап жогорку сапаттуу кыштарды кардарларга сата баштайт, Айылдын борбордук Фрунзе көчөсүнүн жээгине салынган эки кафе да меймандарды жогорку деңгээлде тейлөөгө ылайыкташкан, бардык шарты учурдагы талаптарга жооп берет. "Ислам", "Пейил", "Мираж" дүкөндөрү акыркы архитектуралык долбоорлор менен курулуп айылдын көркүн ачат.

Социалдык коргоо
Аймакта Улуу Ата Мекендик согуштун 35 катышуучусу, согуш ардагерлеринин 37 жесири, 720 майып, 29 жетим катталган. Ал эми 1764 үй-бүлөгө социалдык паспорттор толтурулган. Айыл өкмөтү ушундай категориядагы үй-бүлөлөрдү там арка участоктору үчүн салык төлөөдөн бошоткон. Бул бир жылда 94 миң сомду түзөт. 2010-жылдын бюджетинде жардамга муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн жарым миллион сом каралган.
Айыл өкмөтүнүн алдында "Жардам" коомдук фонду түзүлүп жакыр үй-бүлөлөргө үстөксүз насыяларды берүүнү уюштурат. "Бабушка Эдопшн" коомдук кайрымдуулук фонду карыларды колдоо борборун уюштуруу үчүн 216 миң сом бөлүп берди. Бул фонд тарабынан аймакта 5 өз ара жардамдашуу топтору түзүлүп иштей баштады.

Билим берүү, маданият
Беловодск айыл аймагында 5 орто мектеп жана 4 балдар бакчасы иштейт. Айыл өкмөтү окуучулардын талаптагыдай шартта билим, тарбия алуусуна, билим берүү жаатында эмгектенишкен мугалимдерге, тарбиячыларга бардык шарттарды түзүп берүү үчүн 1,3 млн. сом бөлүп берген. Башталгыч класстардын окуучуларына, балдар-бакчаларынын тарбиялануучуларына тамак-ашы үчүн миллион сомго жакын каражат чыгымдалган.
2010-жылдын экинчи кварталында каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн стимулдаштыруу грантынын эсебинен "Бакыт" балдар бакчасынын жылытуу тармагы оңдолот.
Буга чейин аймакта советтик аскерлердин Ооган жергесинен чыгарылышынын, Мекенди коргоочулар күндөрү, эл аралык 8-Март,
Нооруз, Элдик революция күндөрү салтанаттуу белгиленген. Бул жалпы маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 85 миң сом бөлүнгөн.
Көрктөндүрүү
Ушул жылдын үч айында эле
аймактын айылдарында айлананы жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана тазалоого айыл өкмөтү 452 миң сом чыгымдаган.
Тазалыктын үч айлыгы эми гана башталып, бул иш-чарага аймактын бардык жашоочулары тартылмакчы. Айыл тургундарынын сунуштары менен тротуарларда, паркта мыйзамсыз соода токтотулуп, уруксаты жок орнотулган көрнөктөр, бирдик салуучу точкалар алынган.

Айыл чарбасы
Айыл аймагы боюнча айдоого жарактуу 4306 гектар жер аянты бар. Бул жерлерди 3 айыл чарба кооперативи, 746 майда дыйкан жана фермердик чарбалар дыйканчылыкка пайдаланат.
Кайра бөлүштүрүү фондунун сугат жерлеринин гектары 1400 сомдон, кайрак жерлердин гектары 330 сомдон аукцион аркылуу ижарага берилет.
Аксуулук дыйкандар өткөн күздө 2520 гектар буудай, 150 гектар арпа себишип, 592 гектарды тоңдурмага айдашкан. Апрель айынын башталышына аймактын жер боюнча адисинин маалыматы боюнча 282 гектар жер айдалган.
Аймактын тургундары пайдаланган үч миң гектар жайыт бар. Аларды натыйжалуу пайдалануу, көзөмөлдөө жана мал башына алынуучу салыктарды чогултуу үчүн айыл өкмөтүнүн алдында "Жайыт комитети" түзүлдү. Маалымат катары кошумчалай кетсек - аймак боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата айыл тургундары 4200 мал, 591 жылкы, 6551 кой-эчки, 3401 чочко, 67512 канаттууларды кармашат.
Айылдыктарды сугат суусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну көздөп, айыл өкмөтү сугат тармагын жөнгө салууга, оңдоого жүз миң сом бөлүштүрдү. Май айынын аягына чейин керектен чыккан арыктар калыбына келтирилип, тазаланат, жаңы арыктар казылат деп айыл өкмөтүндөгүлөр ишендиришти.

Өнүгүүнүн стратегиялык планына кайрылсак
Башында белгилегендей булплан айыл тургундарынын коомчулугу тарабынан 2008-жылдын апрель, октябрь айларында иштелип чыккан жана ЮСАИДдин (Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги) "Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана децентралдаштыруу" программасынын алкагында иштешкен эксперттердин тикелей жардамдары аркылуу түзүлгөн.
Ал эми быйылкы жылга аткарууга белгиленген айрым мисалдарга токтолуп өтсөк, алар төмөндөгүдөй: орто жана чакан бизнести өнүктүрүү менен алар чыгарган продукциялардын көлөмүн 250 млн. сомго жеткирүү, чет элдик инвестицияларды жеке ишкерлердин ишмердүүлүгүн жандандырууга, дыйкан чарбаларына насыя берүүнүн өлчөмүн 25 млн. сомго көтөрүү, соттун жаңы имаратын салуу, Крупская, Железнодорожная көчөлөрүн оңдоо, жакырчылыктан 350 үй-бүлөнү чыгаруу, Беловодск айылынын генералдык планы боюнча курулуштарды жүргүзүү ж.б. көп каражат талап кылган иш-чаралар бар.
Бул макалабызда бекеринен жыл башынан жүргүзүлгөн иш-аракеттерге токтолгон жокпуз. Беловодск айыл өкмөтүндө башкалардан айырмаланып жыл ортосунда бюджетин бекитип, калган жарым жылда эмне аткарабыз дешпейт - эки жыл мурда түзүлгөн ар бир айда жасала турган иш-аракеттери, такталган дагы кийинки эмне бүткөрөөрү чечмеленген иш-пландары менен иштейт. Артыкчылыгы ушунда. Айыл өкмөтүнүн ар бир адиси өз милдетин так өздөштүргөн, ар түрдүү суроолор менен кайрылган тургундар дароо тийиштүү справкаларын, документтерин алышат.
Айыл өкмөтүнүн каттамында 22 миң жашоочу турса да, кезек күтүп саргайып олтургандар жокко эсе.
Айтор айыл өкмөтүнүн башчысы Александр Кононов, жергиликтүү бийлик менен жарандардын ортосундагы ажырымды азайтып, элдин бийликке карата мамилесин, ишенимин өрчүтүүгө бир аймактын мисалында далилдөөгө көргөн аракеттери азырынча жаман эмес.
Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"