26.03.10 Ынтымак элибизге зор сынак
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин
Кыргызстан элинин Ынтымак Курултайына Кайрылуусу
Мамлекет менен коомчулуктун, мамлекет менен этникалык же диний жамааттардын таламдары, заманга жана келечекке көз караштары дайыма эле бир жерден чыга бербейт. Бул - мыйзам ченемдүү көрүнүш, өнүгүп-өсүп жаткан жандуу коомдо пикирлердин плюрализминин өкүм сүрүшү жакшы жышаана эмеспи. Ушундан улам Ынтымак Курултайынын милдети бардык тараптардын - мамлекет жетекчилигинин, кесиптик жамааттардын, аймактардын, этностор менен конфессиялардын максаттарын жакындатууда турат.
Ынтымак-ырашкердик болмоюн эч качан алга жыла албайбыз, ансыз анык көз карандысыздыкка жетүү да мүмкүн эмес. Бул - тарыхый чындык.
Кутмандуу калайык-калкым!
Эртең элдик революцияга туура беш жыл толот. Бул куттуу залда революциянын башатында турган менин ондогон шакирттерим отурат, баарыңыздарга ыраазылыгымды жолдой кетким келет. 2005-жылдын 24-мартындагы окуя Кыргызстандын тарыхында чоң бурулуш болуп калды. Биздин калк эркиндикке, демократияга болгон эркин даңазалады.
Ооба, 24-март элдин жигерин ойготту, демократиялык өзгөрүүлөргө алгачкы шарттарды түзүп берди, бирок жалпы мүдөө-максаттарыбызга жетүүнүн жол-жоболорун ачык-айкын көрсөтө алган жок. Анын үстүнө өзүңүздөр жакшы билесиздер, революциядан берки беш жылдын жарымын ич ара араздашуулар менен тирештерге короттук. Мамлекеттик органдар социалдык жана өнүгүү маселелерин чечүүнүн ордуна ар жерде чыккан митингдер менен жүрүштөрдү басууга күчүн үрөп келди. Элестүү айтканда, мамлекет өрт өчүргүчкө окшоп, жалаң кризистик очокторду басуу менен алек болду.
Ал оор күндөр артта калса да, тилекке каршы, биз эмгиче эле козголоңчулук ой жүгүртүүдөн арыла албай тургандайбыз. Дагы эле бийлик талашуу идеологиясынын туткунунда камалып, жаңы мамлекетти, жашоого жагымдуу өлкөнү жалпылап куруу идеологиясына өтө албай жатабыз.
Толкундоолордун аягы басылып, саясый туруктуулуктун орногонуна аз гана убакыт болду. Эми өлкөбүздүн эртеңкиси кандай болот, биз -кимбиз, кайда баратабыз деген өңдүү олуттуу суроолордун тегерегинде кенен баарлашуунун учуру келди. Ошентип, биз бүгүн жалпы мамлекеттин, коомдун, ар башка топтордун көйгөйлөрүн, максаттарын жана милдеттерин чогуу-чаран талкуулаганы турабыз. Мен бүгүн коомдун ар башка топторунун жана алдыңкы өкүлдөрүнүн оозунан эмне көйгөй жана милдет болсо, өлкөнүн келечеги тууралуу эмне ойлору болсо, баарын угууга даярмын, ал үчүн жалпы элдик жыйынга баштан-аяк катышамын.

Ынтымак Курултайында эмнелерди талкуулоону сунуштагым келет?
Элдик жыйындын башкы күн тартиби, албетте, улуттук кызыкчылыктар менен таламдар . Бул тууралуу канча көп айтканыбыз менен пикирлерибиз кайчы чыгып, анын айынан улуттук таламдарды, өнүгүүнүн негизги багыттарын так аныктай албай келатабыз. Ошондон улам бир киши, бир орган жалгыздап чече албаган чиелүү суроолор абдан көп.
Мисалы, кыргыздардын көчмөндүк салттарын жана дөөлөттөрүн сактоо менен бирге технологиялык өнүгүүнү кантип камсыз кылабыз? Не дегенде көчмөндүк таалим-тарбия жана тажрыйба менен технологиялык замандын үлгүлөрү ар башка, кырдаалды баалоонун жана чечимдерди кабыл алуунун ыкмалары да бири-бирине коошо бербейт.
Биз мыйзамга ылайык иштөөнү талап кылган башкаруу системасынын заманбап жол-жоболорун киргизип жатабыз, ал эми иш жүзүнө келгенде бул система көбүнесе жергиликтүү адат-салтка, кулк-мүнөзгө таянарына күбө болуп жатабыз.
Ошентип, же көздөгөн максатыбыз ордунан чыкпай, же урук-тууганчылык байланыштар жана коррупция колу-бутубузду бууп коюуда. Өзүбүздүн түпкү тамырыбыздан, кулк-мүнөзүбүздөн ажыраган коркунучтуу дечи, бирок канга сиңген тууганчылык, уруучулдук же жердештик мамилелер иш жүзүндө өсүп-өнүгүүгө жолтоо болуп жаткан жокпу деген өтө татаал суроого чогуу жооп издөөгө чакырат элем.
Өсүп-өнүгүү дегенди бир беткей түшүнбөө керек. Бул негизи коомдук алака-катыштарды замандын жаңы талаптарына ылайыктоо болуп саналат. Азыркы глобалдык заманда эски салт-санаалар менен жаңычылдыктын акылга сыярлык тең салмагын кантип камсыз кылабыз деген суроо туулат. Башкача айтканда, биз кантип кыргыз коому бойдон калуу менен бирге технологиялык талаптардан артта калбашыбыз керек? Биз азыр көчмөн элдердин салт-санаасына жана башкаруу ыңгайына кайтып баргысы келгендер менен өлкөнү индустриялаштырууга умтулгандардын мүдөөлөрүнүн кагылышына күбө болуудабыз. Баарыбыздын милдет - эки тараптын таламдарын айкаштырган орток чечимге жетүү.
Үй-бүлөлүк жана уруучулдук дөөлөттөрдү сактап калуу менен бирге керек болсо тууганчылык мамилесине карабастан, бардыгынын мыйзам алдындагы теңчилигинин идеясына негизделген мамлекетти биз кура алабызбы? А мүмкүн, адамдардын баарын жашоонун кайсы бир универсалдуу жолдоруна зордоп тартуунун ордуна аларга өз каалоосуна жараша жашоо ыңгайын тандоону сунушташ керекпи? Же болбосо биз жаңы технологияларды кабыл алабыз деп убара болбой, жалаң урук-тууганчылык идеологиясын тутуналыбы? Айтор, Ынтымак Курултайы ушул өңдүү өтө чиеленишкен суроолорго жооп издейт деп күтөм.

Урматтуу мекендештер!
Эл аралык мамилелерибизди биз улуттук кызыкчылыктарга бура алдык. Былтыртан бери Кыргызстан эл аралык аренада өз ордун таба баштады. Мурдагыдай теңсинбөөчүлүктөн арылып, бизге тең укуктуу, урмат мамилени сезип жатабыз.
Ошол эле кезде бизди ар башка эл аралык саясый күчтөр алдында жасакерленет деп сындагандарын угабыз. Кандай гана болбосун, тышкы саясатта биздин эки гана жолубуз бар.
Же биз Кыргызстанды ар башка эл аралык күчтөрдүн өз ара баарлашуусунун ордосуна айлантып, дүйнөлүк саясаттагы жаңы ордун аныктайбыз. Экинчи жол - биз бир күчтүн бакмасы болуп калабыз. Анда чыныгы көз карандысыздык тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес.
Демек, эл аралык карым-катнаштарда толук көз карандысыздыкка жетишүү үчүн чогуу-чаран акылдашууга жана аракеттенүүгө чакырамын.
Миграциялык көйгөй да улуттук мүдөөлөрдүн орчундуу маселеси. Жер которуштуруу - дүйнөлүк тенденция, бул жалгыз Кыргызстандын башына түшкөн түйшүк эмес. Эч жерде, эч ким адамдын эркиндигине чек коюуга акысы жок. Тек гана бул процесстерди мыйзамдуу жана уюшкандык мүнөзгө салуу жагын ойлонуштурууга тийишпиз.
Бул маселенин эки жагы бар. Өнүккөн өлкөлөргө барып иштеп жаткандар, биринчиден, бүтүндөй үй-бүлөлөрдү багып, социалдык бакубаттыкка өбөлгө түзүп жатышат. Экинчиден, жакшы салттарга, алдыңкы тажрыйбаларга каныгып кайтышууда. Бул да өзүнчө чоң инвестиция эмеспи.
Курултайдын делегаттары арасында эмгек мигранттарынын өкүлдөрү отурушат, биз аларга эл-жери алдындагы зор эмгеги үчүн ыраазылык айта кетели - сиздерге чоң алкыш, эли-журтуңар мээнетиңиздерди унутпайт!
Эми маселенин экинчи жагына кайрылалы. Сыртта тоону томкоро турган, абдан акыл-эстүү жана билимдүү жаштарыбыз жүрөт. Анын айынан өзүбүздө бир катар адистиктер боюнча тартыштык пайда болду. Жакын арада биз бир катар ири улуттук жана инвестициялык долбоорлорду ишке сала баштайбыз. Мына ошондо жумушчу колдорго, квалификациялуу адистерге муктаждык пайда болот. Мына ушул маселени кандай чечебиз - ал жагын да биргелешип ойлонууга тийишпиз.
Укук коргоо, сот органдары тууралуу эки ооз сөз. Мага жергиликтүү милициянын же соттордун мыйзамсыз аракеттери жана кээде зомбулуктары тууралу көптөгөн арыздар келет. Карапайым адамдардын укугун коргой турган кызмат адамдарынан тетирисинче адилетсиз, орой мамилеге кабылып жатышканын билебиз.
Бул маселе жакында Президенттик кеңешмеде каралды жана менин жеке көзөмөлүмдө турат. Бир катар судьялар кызматынан алынып тим калбастан, кылмыш иштери козголгонун, алды кесилгенин билесиздер. Бул барыбызга сабак болууга тийиш. Бирок, жергиликтүү бийлик жалаң борборго шилтеп коюп, кол куушуруп отурбашы керек. Жергиликтүү акимчиликтер, аксакалдар, айылдык жамааттар демилгени колго алса деген каалоом бар.
Инфраструктуранын абалы жөнүндө айта кетүү орундуу болуп турат. Советтер Союзунун маалында түзүлгөн инфраструктура чет-четинен жарактан чыгууда. Жаңы инфраструктура түзүүгө миллиарддаган каражаттар талап кылынат. Бирок акчаны ал жакка салсак, социалдык программалар өксүп калат. Биз, албетте, инвесторлорду издеп жатабыз, бирок эч ким бизге бекер акча бербесин билесиздер - эртеби-кечпи карызды үстөгү менен төлөөгө туура келет.
Инфраструктураны жаңылоо зарылдыгы тарифтик саясат, бюджеттин жана калктын мүмкүнчүлүктөрү менен түйүндөшүп калды. Дал ушул түйүндүн жандырмагын кантип чечебиз деп азыр ондогон өлкөлөр башын катырып, дабаасын табалбай отурушат. Ошол эле энергетиканын, турак жай-коммуналдык чарбанын, жолдордун инфраструктураларын жаңыртпай жүрө берсек, анда эртеби-кечпи кризиске кабылышыбыз турган иш. Бул коркутуу эмес, ачуу чындык ушундай. Демек, барыбыздын алдыбызда азыр чектелүү ресурстарыбызды тешиктерди бүтөгөнгө салалыбы же инфраструктураларды жаңылоого жумшайбызбы деген милдетти чечүү зарылдыгы турат.
Бул багыттагы аракеттер жеңил-желпи болушу мүмкүн эместиги түшүнүктүү. Ал эми Өкмөттүн тарифтик саясат боюнча, айрыкча электр энергиясы боюнча чечимдери, албетте, атуулдарды түйшөлттү. Менин тапшырмам боюнча социалдык көмөк ала турган бардык катмарларга кошумча жардам көрсөтүлүшү керек. Мен бардык берилген сунуштарды колдоп, тиешелүү жарлыктарга кол койдум.
Бирок, албетте, жаңы тариф саясатын ишке ашыруу, ошондой эле компенсациялык төлөмдөр боюнча да проблемалар бар. Мен Өкмөткө бир канча вариантты иштеп чыгууга тапшырма бердим. Калктын кээ бир категорияларына кошумча жеңилдик берүүнүн, ошондой эле бюджеттик кызматкерлердин маянасын жогорулатуунун бардык варианттары эсептеп чыгылышы керек. Өкмөт бул ишти апрель айынын ичинде жасайт.
Урматтуу делегаттар!
Өлкөдө өкүм сүргөн диний кырдаал бүгүн ачык талкууланууга тийиш. Бизде диний жамааттар менен мамлекеттин ортосунда али советтик салт орун алууда. Ал салттын маңызы эки тараптын өз ара диалогунун жоктугунда экенин билесиздер. Ондогон жылдар бою адамдар мына коммунизм орнойт деген ишеним менен жашап келди, ал ишенимди мамлекеттик машина ар тараптан колдоп турду. Акыры бул ишеним кыйроого учурады. Бирок коом жана адам ишенимсиз жашай албасы белгилүү, ошентип адамдар ишенимдин салттуу формаларына көчө башташты.
Албетте, ар кандай конфессиялар менен мамиле мамлекеттин жана диний уюмдардын ортосундагы баарлашуусунун негизин түзүүгө тийиш. Бирок ал диалог улуттук мүдөө-таламдардын алкагында жүрсө деген тилек бар. Өкүнүчтүүсү: биз мындай диалогго алигиче көнө албай жатабыз. Мисалы, мамлекет исламдан көбүнчө экстремизм жыттанат деп чочулагандыктан, чыныгы кырдаалга туура баа бере албайт.
Ошол эле кезде айрым диний жамааттарда мамлекеттин ролуна жана аны менен өз ара карым-катнашка терс көз караш өкүм сүрүп жатканы да жашыруун эмес. Менимче, өз ара шектенүү сезиминен арылып, мамлекет менен диний конфессиялардын карым-катнашынын эстүү саясатын табуу зарыл. Анткени, кайсы динди тутунбайлы,баарыбыз ушул өлкөдө жашайт эмеспизби.
Улуттар аралык мамилелер да күн тартибинде турат. Кыргызстан көп улуттуу өлкө жана ал - биздин зор байлыгыбыз. Дүйнөдө көп улуттар байырдаган өлкөлөр тез өнүккөн, маданияттын ар түрдүүлүгү аркылуу ал жерлер башкалардын көзүн кызыткан. Улуттар аралык ынтымактын өкүм сүрүшү, өз ара жуурулушу - чоң жетишкендигибиз.
Эми алдыда Кыргызстанды мекеним деп санаган, бул өлкөнүн ысык-суугуна чыдаган, аны келечеги деп күйгөн улуттардын биримдигине жетишүү милдети бар. Жергиликтүү бийликтер жана жамааттар, укук коргоо органдары кылмыш көрүнүштөрүнө этникалык боёк берүү аркылуу коомубузга дүрбөлөң салынышына жол бербөөгө тийиш. Ынтымак Курултайы, анын Төркеңеши диний жана улуттар арасында толеранттуу карым-катнаштарды камсыз кылуунун ордосу болот деп үмүт артамын.
Калкыбыздын саламаттыгы да - улуттук мүдөөлөрдүн башкы маселелеринин бири. Мамлекет бул системаны түп-тамырынан бери өзгөртүүгө киришүүдө. Калкынын дени сак мамлекет гана күчтүү болору белгилүү. Тилекке каршы, бул чөйрөдө да али эскинин калдыктары өкүм сүрүп жатат.
Саламаттык - бул жалаң эле дарылануу эмес, бул - ооруу-сыркоонун алдын алуу, бул - сергек өмүр сүрүү, бул - күн сайын дене тарбиясы жана туура тамактануу. Ошондуктан, саламаттык сактоо системасын профилактикалык ыңгайга которуу аркылуу бул тармакты түп-тамырынан өзгөртүүгө тийишпиз.
Жергиликтүү бийликтер жана жамааттар, маалымат каражаттары ден соолук - адамдын эң ири капиталы экенин, андан ажыроо үй бүлөлүк жана мамлекеттик бюджетке, акыры адамдын өмүрүнө эбегейсиз зыяндарды алып келерин кулакка куюп турса деп чакыра кетемин.
Улуттук кызыкчылыктардын алкагына, албетте, билим берүү системасы кирет. Жаңылануу багытында бул маселеге кеңири орун берилген. Эң оболу баарыбыз, анын ичинде жеткинчек балдарыбыз да билимдин максаты аттестат же диплом эмес, терең билим алуу экенин аңдоого тийиш. Өкүнүчтүүсү: билим берүү системасы рынок жана глобалдык атаандаштык шарттарына өтө жай ыңгайлашып жатат.
Биз мурдагыдай эле керек же керек эместигин эсептебестен туруп эле дипломдорду тираждап басып, адистерди кабат-кабат чыгаруу менен алекпиз. Алардын жоон тобу болсо же тышка иштегени кетип, же базарларды толтуруп жатканына таң калууга болбос.
Ушуну менен катар каражаттан тартыштыгынан же ата-энелердин жоопкерсиздигинен миңдеген балдарыбыздын окуудан өксүп жатканы кабырга кайыштырбай койбойт. Кийитке же башка ыксыз ырым-жырымдарга жерден чукусак да акча табабыз, ал эми баланы окутканга таппайбыз.
Билим берүү бул жалгыз мамлекеттин милдети эмес, бул - коомчулуктун, бизнестин, ата-эненин милдети. Эртең билимсиз же ишке жарамсыз атуулдарыбыздын армиясы пайда болсо, алардын түйшүгү баарыбыздын башыбызга түшөт эмеспи.
Урматтуу бүгүнкү бийик форумдун катышуучулары!
Ата-бабалар мурасы жана салты, маданият жана эне тил маселелери улуттук мүдөөлөрдүн борборунда турат. Өткөн жылы биз "Көчмөндөр цивилизациясы жана келечек" аттуу концепцияны жарыялаганбыз. Анын алкагында мурастарыбызды, атап айтканда, кыргыз тарыхын, эпосторду, улуттук оюндарды жандандыруу боюнча мамлекеттик деңгээлдеги иштер жүрүп жатат. Бул маселелер Курултайдын күн тартибинен кеңири орун алат деп күтөм.
Албетте, кыргыз тили - улуттук байлыгыбыз, аны көздүн карегиндей сактоо жана ар тараптан арттыруу - азыркы муундун милдети. Тилди өнүктүрүү жана аны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү мамлекеттин жана коомдун таламдарына төп келет жана бул эч кимде шек туудурууга тийиш эмес. Ошону менен катар өлкөнүн экономикалык жана маданий таламдары соодада, эл аралык алака-катышта, билим берүүдө жана бизнесте көп тилдүүлүктү талап кыларын унутпоо зарыл. Өнүккүсү, өскүсү келген өлкөлөрдө көп тилдүүлүк замандын өктөм талабы катары коюлууда. Биздин алдыбызда азыр көп тилдердин өз ара айкашынын тең салмагын табуу милдети турат.
Элдик үрп-адаттар, ырым-жырымдар маселеси бул улуу жыйында кеңири сөз кылууга арзыйт. Мен элдик асыл салттардын жактоочусумун. Биздин улуттук бөтөнчөлүгүбүз, жүзүбүз ата салтыбыздан айкын көрүнүп турууга тийиш. Жакшылык-жаманчылыкта өз ара колдошуу, бири-бирине күйүмдүүлүк, ынсапчылдык, улууларга урмат, кичүүлөргө ызаат, кыз-келиндерибиздин ийменип турганы - булар кыргызды кыргыз кылган касиеттердин бир эле чети.
Ошону менен катар биз айрым үрп-адаттарыбызга, ырым-жырымдарыбызга азыркы глобалдык замандын, 21-кылымдын өңүтүнөн кароого тийишпиз. Сөз обу жок ысырапкорчулук, адамдын убактысын алып, тапкан-ташыганын соргон, ал аз келгенсип жанын кыйноого салган ырым-жырымдар тууралуу болуп жатат.
Маалымат каражаттарында, мага келген каттарда, айталык, сөөк чыккан үйлөрдө үчтөп-төрттөп кара мал сойгонго, кала берсе кийит таратканга, кымбат ресторандарда куран окутмайларга өкмөт тараптан тыюу салуу талаптары угулат. Бул, албетте, жалгыз Президент чече турган иш эмес. Бүгүнкү Курултайда көпчүлүктүн көөдөнүндө турган бул көйгөйлөр көтөрүлөт жана эстүү сунуштар түшөт деп ойлоймун.
Кыязы, көз карашыбызды кескин өзгөртүүгө туура келчүдөй: биз аягы көрүнбөгөн, ысырапкор үрп-адаттарга корогон каражаттарды балдардын билимине, саламаттыгына, өнүгүүгө салганга үйрөнүүгө тийишпиз. Ал эми, айталык, ошол эле өлгөн-житкенге же куда-сөөккө деп алынган арзан жана эч ким кийбеген кийиттер жыйнаган каражатыбызды башка өлкөлөрдүн экономикасына салып жатканга тете экенин баарыбыз эле жакшы билсек керек. Мындай натуура жөрөлгөдөн баш тартууга эмне тоскоолдук болуп жатат, урматтуу делегаттар, эмне дейсиздер?
Буга байланыштуу Президент катары айтарым: мамлекеттик жана өкмөттүк жооптуу кызматкерлер, тогуздап мал союп той бергениңерди, маркумду узатуу зыйнатын тойго айландырууну токтоткула. Жупуну, сарамжал жашоонун өрнөгүн көргөзгүлө. Президенттик аппаратка, Катчылыкка ысырапкорчулуктун үлгүсүн көрсөтүп жаткан акимдерби, губернаторлорбу, министрлерби - баарысынын жосунсуз жоруктарын мага маалымдап тургула деп тапшырма беремин. Биз андайларды жазага тартабыз.
Жалпы элдик жыйында биз эң эле талылуу жердешчилик, трайбализм өңдүү маселелерден кыйгап өтө албайбыз. Бул улуттук кызыкчылыктардын алкагындагы маселе экени талашсыз. Алакандай калкыбыздын урууларга, ал аз калгансып жер-жерге бөлүнгөнү мамлекетке ат берген улутка абийир да, намыс да алып келбеген жорук! Биз - кыргыздар анын ордуна чекебизге буюрган ушул мамлекетибизди асырап, айлана-тегерегибизге башка мекендештерибизди бириктирип, баш-көз болсок жарашмак эле.
Бетке айткан сөздүн заары жок, уруучулук менен жердешчилик сезимди ого бетер тутантып, аны саясый деңгээлге чейин чыгарып, уруулардын курултайларын чакырып жаткан аттуу-баштуу инсандарыбызга жол болсун! Бул бөлүнүүлөр кыргызга да, жалпы өлкөгө да жакшылык алып келбеси мектеп окуучусуна деле белгилүү эмеспи. Бизге эмне, улуттан мурда уруу керекпи?
Бүгүнкү жалпы улуттук жыйынга коё турган орчундуу маселелердин топтому мына ушулар. Мындан тышкары сиздер өзүңүздөр да улуттук деңгээлдеги көйгөйлөрдү ортого саласыздар деп ойлойм. Мен Курултайда элдин мыктылары айткан акыл-ойлорго таянуу менен мамлекеттик чечимдерди кабыл алмакчымын.
Сөздүн ыгы келген соң жалпы элдик жыйында эмне себептен оппозициянын бир катар өкүлдөрү жок деген суроого көз карашымды айта кетейин. Менин бекем ишенимимде, оппозиция - кадыресе саясый процесстин ажырагыс бөлүгү. Оппозициясы жок өлкө өнүкпөйт. Ал эми саясый процесстин жүрүшүндө өлкөнү башкарууга жана анын өнүгүшүнө, экономиканын артыкчылыктуу жактарына ар кандай көз караштар жана мамилелер болот эмеспи.
Тилекке каршы, биздин оппозиция альтернативдүү программаларын коомго сунуш кылуу ордуна жалаң сындоо, карандай каралоо менен алек болуп келатышат. Бийликтин жасаган иштеринен кынтык издөө, бир беткей сындоо биздин оппозициянын программасына айланды.