Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0326_17.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0326_17.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0326_17.htm on line 2


п»ї
  ЕККУга төрагалыктын алкагында

Тоолуу Карабах маселесин чечүү чоң аброй
ЕККУнун аракеттеги төрагасы, Казакстандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев көптөн бери чечилбей келген Тоолуу Карабах жаңжалын жолго коюунун мүмкүндүгүн билүү максатында төрагалык кызматындагы биринчи иш сапарын Азербайжан менен Арменияга баруудан баштады. Саясый чөйрөдө "этият оптимизм" деген сөз айкалышы бар. Тараптар сүйлөшүү процессине ушундай мүнөздөмө беришти. Жаңжалды жөнгө салуунун 20 жылдан ашуун тарыхында кичине гана оң кадам жасалса, анын чоң шык менен кабыл алынышы мыйзам ченемдүү.

Өткөн кылымда Тоолуу Карабахта үч ирет армян-азербайжан кагылышуусу болду. Экөөсү үзгүлтүктөр менен 1905-жылдан 1920-жылга чейин уланды. Үчүнчүсү советтик система демократияланганда башталып, СССРдин уроосу менен күчөй түштү. Так ошол учурда автономиялуу облус Азербайжандын курамынан чыкты, бирок юридикалык жактан анын административдик чегинде калды. Ошол себептен Азербайжан менен Армениянын ортосунда куралдуу кагылышуу башталган.
Расмий эмес маалыматтарга караганда, аймакта жыл сайын көзгө атар мергендердин огунан жана миналардын жарылууларынан 300гө чейин адам набыт болуп турат. Курамына АКШ, Франция жана Россия кирген "Минск тобу" деп аталган уюмдун сүйлөшүүлөрү кең көлөмдөгү согуш кыймылына бөгөт койсо да, проблеманы түп-тамыры менен чече албай келет.
Мына ошондуктан ЕККУнун төрагасы К.Саудабаевдин Түштүк Кавказ өлкөлөрүнө болгон расмий сапары каршылаш эки тараптын да чоң үмүттөнүүлөрүн жаратты.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна жетекчилик кылып жаткан борборазиялык республиканын төрагалыгындагы артыкчылыктуу сапат ушул сапарда көрүндү. Соңку мезгилде "перифериялык көз жаздымда" калган аскердик-саясый ченемдерге дароо эле көңүл бурулду. Казакстан "Минск тобунун" аракеттерин колдоо менен, жаңжалдашкан тараптардын мамилеге келүүсүнө таяныч мейкиндиги, калыс казы боло аларын, сүйлөшүү процесстерине жаңы дем берерин көрсөтө алды.
Казакстандын тышкы иштер министри Бакуда жана Ереванда бул өлкөлөрдүн жетекчилери, мыйзам чыгаруучу органдардын жана саясый партиялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Жараштыруунун алгоритмин иштеп чыгуунун алгачкы кадамы жасалды. Тараптардын дооматтары угулуп, проблемалардын өзөгү аныкталды.
Канат Саудабаев Азербайжандын жана Армениянын лидерлерине Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин тиешелүү сунуштар камтылган жеке кайрылууларын тапшырды. Эки өлкө да казакстандык төрагалыктын демилгелерине, анын ичинде ЕККУнун саммитин өткөрүү идеясына толук колдоолорун билдиришти. Бул эки өлкөдөгү бардык деңгээлдеги саясатчылар, анын ичинде оппозициядагылары да, мамлекет башчылары катыша турган саммитти чакыруунун зарылдыгы боюнча бирдей пикирлерин айтышты. Жогорку даражадагы жолугушуу жоопкерчилик аймагындагы жаңжалдуу маселелерди чечүү үчүн Уюмдун компетенциясын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзмөкчү. Ошондой эле, Түштүк Кавказдагы сүйлөшүүлөрдө Саммиттин күн тартибин мазмундуу кылуу жана аны өткөрүүнүн мөөнөтүн макулдашуу маселелери көтөрүлдү. Бул боюнча Нурсултан Назарбаев мындай форумга, чынында эле, эл аралык турмуштун эң маанилүү жана актуалдуу маселелери, биринчи кезекте коопсуздуктун бирдиктүү архитектурасын куруу, "Корфу процессин" ишке ашыруу, Ооганстанды реабилитациялоо жана ага жардамдашуу маселелери киргизилиши керек деп эсептейт. Анын пикиринде, мамлекет башчыларынын жолугушуусун ийгиликтүү өткөрүү жаңы тарыхый шарттарда "Хельсинки рухун" кайра жаратуунун символу болор эле. Форум ЕККУга мүчө мамлекеттердин лидерлерине "сааттарын салыштырууга" жана Уюмдун келечектеги негизги багыттарын аныктоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Батыштын басма сөз каражаттарында Казакстан сунуштап отурган жогорку даражадагы жолугушуу жаңжалдуу аймактарда тынчтык орнотууга багытталган аракеттердин далалаты гана болуп калышы мүмкүн деген пикирлер айтылууда. Бирок, эксперттер форум иштиктүү болушу үчүн казакстандык дипломатия өз программаларынын аткарылышына умтулушу керек деп кеңеш берет. Прогресс, асыресе, узакка созулган жаңжалдарды жөнгө салуу жаатында байкалышы керек. Ошондуктан, Тоолуу Карабах проблемаларын чечүү борборазиялык республиканын аброй-беделине зор сыноо.
Бул күрдөөлдүү маселеде ийгиликке жетүүгө Казакстандын мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп коюу керек. Тоолуу Карабах проблемаларын чечүүнүн жолу мадриддик принциптер деп аталган жаңжалды жөнгө салуунун жаңыланган планына негизделген.
Мурда тараптар келишүү үстөлүндө жаткан сунуштарга Минск тобунун тең төрагаларынын расмий макам берүү далалатына каршы болуп, сүйлөшүү процессин соодалашуу өңүтүндө жүргүзүп келишкен. Бүгүнкү күндө расмий документтин кабыл алынуу фактысы көп нерседен кабар берет.
Канат Саудабаевдин айтканына караганда, Казакстандын ролу мына буларда турат: максаттарды ишке ашыруу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу, маселенин тарыхын билүү жана иштин абалын тереңирээк түшүнүү.
- Араздашкан тараптардын ар бири менен биз жакшы мамиледе экенибиз, каршылаш мамлекеттердин Казакстандын лидерине чоң ишеним жана урмат көрсөтүп отурганы да абдан маанилүү, - дейт ЕККУнун арекеттеги төрагасы.
Азербайжандын тышкы иштер министри Эльмар Маммадяровдун айтымында, Казакстандын ЕККУга төрагалыгы жаңжалды чечүү өңүтүнөн алып караганда алар үчүн жакшы фактор. - Сиздин өлкөңүздүн Азербайжан, ошондой эле Армения менен орток тарыхы бар, ошондон улам маселелерибиз да түшүнүктүү, - деди ал төрага менен жолугушуу учурунда. Эльмар Маммадяров жаңыланган мадриддик документтердин негизги принциптери боюнча сунуш, жалпысынан алганда, Азербайжанга ылайык келерин белгиледи.
Армениянын тышкы иштер министрлигинин жетекчиси Эдвард Налбандян ЕККУнун аракеттеги төрагасы Канат Саудабаевге сүйлөшүү процессинин өнүгүү ыргагы, жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган иш-чаралары жөнүндө баяндап берди.
- Жолугушуулар өтө мазмундуу болду. Проблемалардын бардык тармактарын тереңирээк, анык билүүнүн жана түшүнүүнүн негизинде биз көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүү процессин тездетүүгө арналган аракеттерибиздин багытын, иштерибиздин конкретүү планын тез арада иштеп чыгабыз, - деп баса белгиледи ЕККУнун аракеттеги төрагасы, Казакстандын мамлекеттик катчысы жана тышкы иштер министри Канат Саудабаев өзүнүн Түштүк Кавказга барган сапарынын жыйынтыгы боюнча.
Назарбек БАЙЖИГИТОВ,
"Кыргыз Туусу"






  Көңүлдөгү көйгөй

Кымбатчылык
кыргызды үнөмдүү жашаганга үйрөтөбү, же уурдамай менен ысырапкорчулугун гана күчөтөбү?
Электр энергиясына жана жылуулук
энергиясына баалардын эселеп көтөрүлүшү жаңы жылдан баштап биздин турмуштун реалдуулугу болуп калды. Бирок, ал экинчи бир реалдуулуктун - энергияны пайдалануудагы кыргыздардын бейсарамжал керектөөсүн, же "ала кушту атынан айтканда" уурдамайын токтото алабы? Дегиңкиси кыргыздар ысырапкорчулуктан "кутулууга" жөндөмдүүбү?

Бул суроолорго оң жооп берүү кыйын. Анткени, уурулук канына сиңип калган кыргыздар дүйнө жүзүндөгү бир да элде оң көрүнүш катары бааланбаган бул жорукту да тергеп, баатырдыктын синоними катары баалап алышкан. Мисалы, жылкы уурдамайды баатырлык катары эсептешкен да, жылкы уурулардын канчасы башка бирөөнүн жылкысын чаап келип, элин баккан катары даңкталган.
Ошол эле учурда мындай "баатырдык" ичпей-жебей, маңдай тери менен жылкысынын туягын санап көбөйткөн бирөөнүн көп жылдык эмгегин уурдап алуу экенин, башкача айтканда адамдык моралга жат көрүнүш экендиги кыргыздардын оюна да келген эмес.
Кыргыздардын мындай уурулук адатын социализмдеги мыйзамдуулуктун катуу сакталышы да койдурмак түгүл, кайра ого бетер күчөттү окшойт. Анткени "өкмөттүкү түгөнбөйт" деген шылтоо менен мамлекеттик чарбалардын малын, тоютун, башка мүлкүн уурдамай кадимки эле көрүнүшкө айланган. Атүгүл кыргыздар тарабынан ушул адатты актаган (же мактаганбы?) "Жебеген жердин астында" деген макал да ойлонулуп табылган. Өз алдынча мамлекет болгондон кийин андай мамлекеттик мүлк уурдамайлар менчиктештирүү процессинде таптакыр "пандемияга" айланып, кыргыздардын дээрлик бардыгы "жердин үстүндө экенин" далилдеди. Азыркы байыгандардын басымдуу бөлүгү да ушундай "жердин үстүндөгүлөр" экени жалпыга маалым. Анча-мынча уяты бар "жердин астындагылар" азыр тишинин кирлерин соруп жашап жатышат. Баса, акыркы мезгилде мындай жалпы уурулуктарга уурулуктун дагы бир түрү - шайлоолордо "добуш уурдамай", башкача айтканда шайлоодо берилген добуштардын жыйынтыктарын бурмаламай кошулду окшойт.
Быйылтан баштап электр энергиясына жана жылуулук энергиясына баалар эселеп көтөрүлдү. Бирок, бул кыргыздарды энергия үнөмдөөгө үйрөтөбү? Ай, кайдан? Анткени электр жарыгы кереги жок учурларда жана кереги жок жайларда күйүп турганы мурда кандай болсо дагы деле ошондой. Ошол эле учурда өнүккөн мамлекеттерде жана улуттарда үнөмдүү жашоо норма болуп саналат. Аларда миллионерлер да жөнү жок ашыкча чыгымдарга бара беришпейт.
Коомдук ишмер Тынычбек Таабалдиев журналисттердин тобу менен жолугушууда бир жагынан күлкүнү, бир жагынан ыйлагыңды келтирген бир окуяны айтып берген. Союз мезгилинде комсомолдук уюмдун делегациясы Чехословакияга барып, мейманканада жашап калышат. Советтик комсомолдук босстор мейманканадагы лифтти чакырганда үчөөсүн тең чакырышат. Кайсынысы эртерээк келип калат деген ойдо. А эгерде ага чейин бирөөлөр бир лифтти чакырып коюшкан болсо, ага да карабай дароо экинчи менен үчүнчүсүнүн кнопкаларын басышат. Ошол эле учурда мейманканада жашашкан европалыктар эгерде алар келгенге чейин лифт чакырылып калса, ага бата турган адамдын санынан ашышпаса кийинкисин чакырышпай күтүп турушкан. Анан да кыргыздардын жоруктарына таң калуу менен карашкан.
Ал эми энергия алып жүрүүчүлөргө, аларга кошумча кечээ жакындагы муздак суу менен канализацияга тарифтерди кымбаттатуу да кыргызды үнөмдүү жашоого үйрөтпөйт окшойт. Тескерисинче, эми кайра контролер менен келишип алып уурдамай кайра күчөй баштады. Мага бир таанышым айткандай, газга, электр энергиясына бааларды көтөрүүдөн ага зыян келбейт. Анткени буга чейин да контролерлор менен келишип алып, жарым баасын төлөп келген, эми да ошентип жатат. Мындайдан электр сатуучу жана газ сатуучу жана жылуулук чыгаруучу, суу менен жабдуучу компаниялардын жоготуулары гана көбөймөкчү.
Баса, ошол жоготуулардын басымдуу көпчүлүк бөлүгү ошол бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерин гана байытып жаткандыгы да жашыруун эмес.
2008-жылы жаратылыш газы боюнча коммерциялык жоготуулар 13 пайыз болсо, 2009-жылдын жыйынтыктары менен ал "көрсөткүч" 52 миллион кубометрди же 25 пайызды түзгөн. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2-3 жыл мурда биз жылына 750 миллиондон - 1 миллиард кубометрге чейин газ сатып алып турганда жоготуубуз 50 миллион болчу. А 2009-жылы 200 миллиондон бир аз ашыгыраак кубометр газыбыздын 52 миллионун "жоготуп" отурабыз. Ошолордун канчасы карапайым керектөөчүлөрдүн, ал эми канчасы "газ барондорунун" абийиринде экени бир гана кудайга белгилүү?.. Болбосо миң кубометри 220 доллардан сатып алынган жаратылыш газын элге 310 доллардан сатуу менен да карыз болуп калган ишканадагы абал жайында деп ким айта алат?
Эми "Кыргызгаздын" жетекчиси С. Айтикеев 1-июлдан баштап газдын сатылуу баасын дагы 16 пайызга көтөрүү сунушун киргизип жатат. Менин оюм боюнча бул кыргыздын уурулугун гана күчөтмөкчү.

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-март, 2010-ж.:
1-бет
Ынтымак элибизге зор сынак
2-бет
Баатырларга бардыгыбыз таазим кылалы
3-бет
Президенттин иш сапары
5-бет
"Борбордук Азия - диалогдун жана кызматташтыктын аймагы"
6-бет
Ынтымак элибизге зор сынак
9-бет
Курултай - кеңеш,
акыл ордосу болду

10-бет
Президент Курманбек Бакиев:
Ынтымак Курултайы
өз максатына жетти деп эсептейм

11-бет
Өкмөт мүчөлөрү өз учурунда жооп берди
12-бет
Жаңылануу жолундагы Жалал-Абад
14-бет
Курултайдын делегаттары "Кыргыз Туусунда"
15-бет
Улуттук ар-намысыбызды бекемдейли
16-бет
Быйыл 145 техника келет
17-бет
Тоолуу Карабах маселесин чечүү чоң аброй
18-бет
"Кайыңды-Кант" сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз
19-бет
Инвестициялык жагдайды
жакшыртууга камкордук көрүлөт

20-бет
Элдик революцияга 5 жыл
21-бет
Жаңы тарифтер
кымбатчылыкка алып келүүдөбү?

22-бет
"Электромонтаж" ААКнын Деректирлер ке?еши акционерлердин жылдык чогулушу
24-бет
Беш сотук жерди сугарып










??.??