26.03.10
  Курултайдагы курч сөз

Улуттук ар-намысыбызды бекемдейли
Урматтуу делегаттар!
Кыргыздар дээринде мыкты, байыркы калк. Көптөгөн кылымдар бою, миң-сандаган катаал тагдырды башынан өткөрсө да, жоголуп кетпей ушу күнгө кантип жетти экен? Кыргыз калкын жексен болуудан сактап келген эң негизги дөөлөт - бул кыргыздардын узак кылымдар жашаган өмүрүндө көроокат байлыгын чогултпай, руханий байлык чогулткандыгында. "Манастай" улуу дастандарды, ыр-күүлөрдү жаратуу, уул-кыздарын ат жалында ойногон шамдагайлыкка, эрдикке үйрөтүү кыргыздын башкы байлыгы болгон.
Ал эми руханий байлыкты унутуп, көроокат жыйнаган калктар, айталык, ассирий өлкөсүндөй далай күчтүү мамлекеттер ың-жыңы жок, из калтырбай бул жалгандан жоголду. Алар руханий байлыктын баркын элес албай дүнүйө чогултуунун кумарына азгырылып, өз баштарын өздөрү жуткан. Анткени, дүнүйөкорлук өзүмчүлдүктү өстүрөт. Ал эми өзүмчүлдүк күч алган элден ыйман качат, пейил бузулат, биримдик жоголуп, ынтымак кетет, улуттук ар-намыс унутулат. Андай эл барып-барып, эл болуудан калат.
Кыргыздарды кылымдардан кылымдарга сактап келген дагы бир кудуреттүү дөөлөт - бул калк арасындагы талаш-тартыш, чыр-чатак, арыз-муң, пикир келишпеген ырк бузулуулар сыяктуу көйгөйлөрдү "ийри отуруп, түз бүтүргөн" калыс жыйындар - курултайларда чечкен. Курултайдын бүтүмүн ар бир жаран, малчыдан каганга чейин, жалпы журт кыйшаңдабай аткарган. Ошондуктан курултайдын баркы бийик болгон.
Урматтуу делегаттар! Мындан аркы жашообузду, келечек максатыбыздын багытын түздөп жүргүзүү үчүн ир алды өзүбүздү оңдошубуз керек болуп турат. Өзүбүз оңололу деген менен эле оңолуп кетпейбиз. Оңолуу үчүн улуттук ар-намысыбызды чыңдоо саясатын жүргүзүп, ал саясат мамлекеттик деңгээлдеги түбөлүктүү багыт болуусу зарыл. Бизде азыр улуттук ар-намыс бөксө, пейил тар, ыйман качып, акчанын кулуна, дүнүйөкордуктун торуна чалынгандан чалынып баратабыз. Элибиз байысын, өлкөбүз бакубат жашоого жетсин - жалпы журттун тилеги жана максаты бул, бирок каныбыздагы "кыргызмын" деген сыймыктануусун, улуттук ар-намысын ыйык тутсун!
Улуттук ар-намыска өзгөчө көңүл бурганымдын себеби, эгерде ар-намыс жүрөгүбүзгө бекем орносо, мекенчилдигибиз, эмгекчилдигибиз, күйүмдүүлүгүбүз, кайрымдуулугубуз, кечиримдүүлүгүбүз, ынтымактуулугубуз сыяктуу адамдык бийик сапаттар биздин мүнөзүбүзгө, жорук-жосунубузга айланып, кыргыз деген атыбыз башка элдерге да барктуу болмок. Өзүбүздү өзүбүз сыйлай билбегендиктен, демек, улуттук ар-намысыбыздын байкуштугунан башкалар бизди теңсинбей жүрөт.
Улуттук ар-намыска каныгуу ымыркай бала кезден башталып, ага өмүр бою өксүбөгөн тарбия жеткирет. Ал тарбия эненин бешик ырында! Ал тарбия бала бакчада, мектепте, билим берүүнүн деңгээлинде, ата-эненин мээрими менен жашоого көндүргөн таалиминде. Ал тарбия тарыхыбыз менен эне тилибизде! Ал тарбия улуу "Манасыбызда", дастандарыбызда, төкмө акындарыбыздын кайрыктарында, ыр-күүлөрүбүздүн мукамында, оймо-чиймелерибиздин боёгунда, дагы башка толгон-токой өнөрлөрүбүздө! Ал тарбия көчмөндөр цивилизациясынан келаткан руханий улуу мурастарыбыз менен бүгүнкү маданий байлыктарыбыз болуп эсептелген көркөм адабиятыбызда, театрыбызда, кинобузда, музыкабызда, тарткан сүрөттөрүбүздө!
Буларсыз улуттук ар-намыс калыптанбайт! Аң-сезим өспөйт!
Театрдын, адабияттын, кинонун, музыканын, кыскасы, көркөм өнөрдүн таалим-таасири мурдагыдай болбой начарлап кеткени элибиздин тарбиясы, эстетикалык талабы төмөндөп баратат. Айыл жетекчисинен мамлекет башчысына чейинки бийликтин адилеттүүлүгү, камкордугу, көсөмдүгү жетишпесе, улуттук ар-намыска элди тарбиялоо мүмкүнчүлүгү мокок болоору шексиз.
Адеп эгемендикке ээ болгонубузда, ир алды экономиканы "гүлдөтүп" туруп, билим-илим, маданиятка анан кезек беребиз дегендердин позициясы өлкөбүздү сызга отургузду. Натыйжада, маданият да, башкасы да, экономика кошо жайдакталды! Экономикадан башкасын коё туралы деген ураанды кыйкырып чыкчулар азыр да четтен табылат. Көрсө, андай ураан та-
лоончулук үчүн гана пайдалуу экен. Аны ач көздөрдүн урааны дээр элем! Бардыгын эриш-аркак жанаша өстүргөн күнгө эртерээк жетсек экен деген тилектемин.
Сөзүмдүн акырында сунуш айтмакмын:
Биринчи, "Манас" эпосубузду жана калган дастандарыбызды, руханий оозеки мурастарыбызды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча мамлекеттик программа кабыл алуу. Өңгөсүн айтпаганда, "Манасты" билбеген кыргыз кыргыз болуп деле жарытпайт.
Экинчи, өлкөбүздүн улуттук жана дүйнөлүк руханий дөөлөттөрүн өздөштүрүүдө, өнүктүрүүдө түздөн-түз уюштуруу жана жетектөө иштерин жүргүзгөн маданият министрлигинин, мамлекеттик тил комиссиясынын, мамлекеттик архив, ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын статустарын төмөндөтпөй калыбына келтирүү. Калкыбыздын улуттук жүзүн, өзгөчөлүгүн сактап да, коргоп да кала турган мекемелер ушулар.
Үчүнчү, билим берүү, маданият, илим, саламаттыкты сактоо тармактарында эмгектенгендерди материалдык, социалдык, чыгармачылык жактан колдоого алуу чараларын өп-чапсыз жөнгө салууга жетишүү.
Кыргызстан - көп улутту өлкөбүз. Биз, кыргыздар, башка элдердин сый-урматына татыктуу болуп, тегерегибизге топтоп, үлгү көрсөтүш үчүн улуттук ар-намысыбызды бекемдешке милдеттүүбүз! Улуттук ар-намыс башкаларды кемсинтүү үчүн эмес, башкалардан кем болбос үчүн керек!
Көңүл бурганыңыздарга ыракмат!
Бексултан ЖАКИЕВ,
Кыргыз эл жазуучусу,
Ынтымак Курултайынын делегаты