26.03.10 Жаңылануу жолундагы Жалал-Абад
Жалал-Абад шаарынын мэри
Акамбаев Тилек Бурканович менен маек
Акамбаев Тилек Бурканович-Ноокен районунун Бүргөндү айылында туулган. Алма-Атадагы Эл чарба институтунун (азыр экономикалык академия) экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Таш-Көмүр шаарындагы жарым өткөргүч материалдар заводунда экономист болуп баштап, Таш-Көмүр шаардык комсомол комитетинде II-секретарь, комсомолдун Ош шаардык комитетинде
I-секретарь, комсомолдун Борбордук Комитетинде секретарь, Жалал-Абад облустук мүлк фондунда төрага, Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары, Майлы-Суу шаарынын мэри, Бишкек шаарынын 1-май районунунда аким, Бишкектеги электр-техника акционердик коомунда башкы директор болуп эмгектенген. 2008-жылдан бери Жалал-Абад шаарынын мэри. Үй-бүлөлүү, төрт баланы тарбиялап өстүрүүдө.

- Тилек Бурканович, акыркы эки жыл ичинде Жалал-Абад шаарында көп иштер бүткөрүлүүдө. Жаңы ачылган ишканалар, шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу, инфраструктурасын оңдоо боюнча баштаган иштериңиз, деги эле шаардагы алгылыктуу иштер тууралуу өзүңүз айтып бербейсизби?
- Азыркы мезгилде Жалал-Абадда экономикасы өнүккөн, мындан да кооз, мындан да көрктүү шаарга айландыруу үчүн шаардын архитектуралык көрүнүшүн оңдоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча көп тармактуу иштер жүргүзүлүп жаткандыгын белгилегим келет. Чындай келсең оңдоону талап кылган көйгөйлөр абдан көп, азыр эми четинен ишти баштадык. Көйгөйлөрдүн орчундууларынын бири - акыркы 15 жылдын ичинде көчөлөр асфальтталбай, жарактан чыгып кеткен экен, үч жылдан бери шаардын көчөлөрүн асфальттоо иштерин жүргүзүүдөбүз.
20 жылдан бери эл жашап, бирок көчөлөрү асфальтталбай келаткан Жеңиш кичи районунун жолдорун толук асфальттадык. Эл ыраазы болду, шаардын ичиндеги Исакулов атындагы,Темир жол көчөлөрүбүзгө, Курманбек кичи районундагы Ала-Арча көчөсүнө,Спутник кичи районунун көчөлөрүнө болуп, 5-6 көчөгө толугу менен жаңы асфальт төшөдүк. 2008-жылы жолдорубузга 11 млн. сомдук асфальт бастырсак, 2009-жылы 11,5 млн. сомду шаар көчөлөрүн асфальттоого жумшадык. Азыр байкасаңыз Жалал-Абадда көчөлөр кыйла эле тартипке келип калды.
- Азыр өндүрүшкө өзгөчө көнул бурулуп жатпайбы. Жалал-Абаддын өнөр жай ишканаларында жагдай кандай? Жаңы иш баштаган ишканалар барбы?
- Шаардын өндүрүш потенциалы чоң, облустагы өнөр жай ишканаларынын 37 пайызы биздин шаарда жайгашкан. Бирок ошол шаардын өндүрүш потенциалын түзө турган өнөр жай ишканаларында көйгөй көп болуп жатат. Биз мындай жагдайдан чыгуу үчүн аракет жасап жатабыз. Жаңы ишканалар ачылууда. Былтыр Президентибиз Курманбек Бакиевдин катышуусу менен "Борбордук Азиядагы ташты иштетүүчү" заводду ачтык. Нефти иштете турган жаңы завод иш баштады. Азыр Жалал-Абадда нефти иштете турган эки завод болуп калды. Бул жаңы завод азербайжандык, өзбекстандык жана кыргызстандык үч ишкер тарабынан ачылды. Азыр иштеп, продукция чыгара баштады. Кечээ жетекчиси менен сүйлөштүм, завод март айында шаардын бюджетине 40 млн. сомдон түшүрө баштайбыз деди. Мындан сырткары былтыр Президенттин катышуусу менен "Возрождение" деген чоң биргелешкен тигүү фабрикасы ачылган. Жабдуулар толугу менен Россиядан алынып келип, азыр 300гө жакын кыз-келиндер иштеп жатышат. Жаңы ачылган ишканаларда 1435 жаңы иш орундары түзүлдү.
Анан Жалал-Абад облустук телевидениесинин курулушу көп жылдардан бери бүтпөй келатты эле, былтыр бүткөрүп, тасмасын Президентибиз өзү кесип, ачып берди. Үч кабаттуу имарат студиялары, заманбап жабдуулары менен ачылып, азыр иштеп жатат.
- Шаардын тазалыгы, көркү көбүнчө коммуналдык чарбанын ишине байланыштуу болот эмеспи. Сиздердин коммуналдык чарбаңыздардын абалы кандай?
- Шаарыбыздын турак-жай-коммуналдык чарбасынын материалдык жана техникалык базасы начар абалда болчу. Ушул эки жылдан бери депутаттар менен сүйлөшүп, коммуналдык чарбанын базасын чыңдоого аракет кылуудабыз. Шаар боюнча таштанды ташуучу 3 автомашина, анан илгерки союздан калган эски техникалар бар эле. Бузула берет, сына берет. Мына эки жылдан бери атайын автобазага 5 жаңы автомашина алып бердик. Азыр шаардын ичинде таштанды алып чыга турган 8 автомашина иштеп жатат. Таштанды сүрө турган Т-130 маркасындагы бульдозер алып бердик. Былтыртан бери турак-жай коммуналдык чарба департаментине жаңы техникаларды алуудабыз. Былтыр жаңы экскаватор, машина, суу чарба муниципалдык ишканабызга экскаватор, бульдозер алдык.Таштанды салуучу контейнер, урналарды орноттук. Ошентип, шаардын коммуналдык чарбасы кыйла жаңыланып калды. Коммуналдык ишканаларга жаңы имараттарды куруп атабыз. Мисалы, атайын автобазага жаңы имарат куруп бердик. Ал жерде жумушчулар тамактана турган ашкана болот. Жумушчулар жуунуп, тазалангыдай шарт түзүп берсеңер деп суранышканынан ошол жерде душ, ысык суу, мончо, 10 керебетти коюп, жумушчулар эс ала турган чоң бөлмө куруп бердик. Коммуналдык чарба департаментине караштуу техникалар көчөдө турчу экен, үстү жабык техника токтоочу жай курдук. 1 млн. сом каражат жумшап ремонт базасын оңдоп бердик. Андан сырткары "Шаардык суу канал ишканабыз Европа Өнүктүрүү Банкынан жеңилдетилген кредитке долбоор жазып, ошол дол-боор өтүптүр. Жалал-Абад шаарында азыр 27 жерден скважинадан насос менен суу алынат. Электр энергиясына баанын көтөрүлгөнүнө байланыштуу суу алуу күндөн-күнгө кымбатка түшүүдө. Сузак районунун Благовещенко деген айылында союз мезгилинде пландаштырылып, курулуп бүтпөй калган суу топтоочу жай бар экен. Ошол суу тосмону бүткөргөнгө 15-20 жылдан бери эч ким аракет да кылбаптыр. Себеби өтө чоң акча талап кылынат экен. Ошол суу топтолуучу жайды бүткөргөнгө каражат керек экендигин, суу түтүктөрүнүн линияларынын чиригендигин, алмаштыруу зарылдыгын да белгилеп долбоор жаздык. Алар биз каражат бөлүп берели, бирок сууну өлчөй турган приборлорду койдурасыңар деген шарт коюшту. Биз макул болдук. Эгер биздин финансы министрлиги колдоп, өкмөт кепилдик берсе Европа Өнүктүрүү Банкы бул долбоорду каржыламак болушту. Азыр долбоор биздин финансы министрлигинде каралууда. Эгер маселе чечилип калса алар бизге 7,9 млн. доллар бергени турушат. Анын ичинен 3,5 млн. доллар кредитке жылына 1 пайыз менен 15 жылга берилсе, калганы Европа Өнүктүрүү Банкы тарабынан грант эсебинен бекер берилмекчи. Бул акча чечилип калса, биз быйыл суу тосмону баштайбыз. Анан ичүүчү суу берилүүчү тармактын бардыгын алмаштырууну пландаштырып жатабыз.
- Өнөр жай ишканалары толук кандуу иштеп жатат деп айта аласызбы?
- Өнөр жай ишканаларында кыйынчылык жок дей албайм. Иштебей турган ишканаларыбызды иштетүүнүн үстүндө аракет кылуудабыз. Биздеги өнөр жай ишканаларынын иштеши көпчүлүк учурда сырьёнун алынып келинишине байланыштуу болуп калууда. Азыр мына биздин эң ири ишканалардан болгон "Петролеум компани" нефти иштетүүчү заводу "Кыргыз нефти газ" ишканасынын нефтисин иштетет. Россиядан вагон менен сырье ташып келип, бензин, солярка өндүрүп, анан сатышат. Былтыр Россияда нефтинин баасы туруктуу болбой, нефти азыраак келип, завод жакшы иштебеди. Союз мезгилиндеги ири продукция берип келген "Нур" акционердик коомунун продукциясы Россия менен Өзбекстанга сатылчу. Өзбекстандан чыгарылып жаткан ДЭУ фирмасынын автомашиналарынын штампталган деталдарын бизден алышчу. Жылына 50-60 млн. сомдук продукция ушул жакка кетчү. Былтыртан бери да Өзбекстан бул продукцияны албай койду. Анан Россия үчүн штепселдик разьем деталы чыгарылчу. Бул Россиянын аскер-өндүрүштүк комплексинде иштетилчү. Алар дагы былтыртан бери ушул разьемдорду алуудан баш тартышты. Ошентип кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок быйыл өнөр жайында кайрадан жандануу башталууда десек болот. Токтоп турган ишканаларды иштетүүнүн аракеттерин көрүп жатабыз.
- Шаардын өсүп-өнүгүүсү андагы курулуштардан көрүнөт эмеспи…
- Курулуш көп эле. Акыркы үч, төрт жылдан бери үч, төрт жаңы спорт залдарын курдук. Ушул курулуштарга эле 7-8 млн. сом чыгымдалды. Ал эми эл аралык "Достук" университети өздөрүнүн территориясында баасы 40 млн. сом турган жакшы, заманбап спорт комплексин бүткөрүштү. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармасынын эскилиги жетип, туруп калган спорт залы бар эле, ошону душ, мончосу, машыгуу залдары менен капиталдык ремонттон өткөрүштү.
Бизге республикалык Дзю-До федерациясы бир спорт зал берсеңер, биз жакшылап оңдоп, 10 жылга ижарага алалы деп кайрылышты. Биз ойлонуп, №1 кесиптик лицейибиздин эки спорт залы бар эле, бири пайдаланылбай талкаланып, үстүнөн суу өтүп турган экен, ошол спорт залды бердик. Азыр федерация 3 млн. сом акчасын жумшап, сонун кылып ремонттоп, ижарага алышты. Анда биздин эле шаардын балдары машыгышат да. Жалал-Абад курортунда комплекстүү, чоң ремонт жүрүп жатат. Азыркы күнгө экинчи корпусу толугу менен ремонттолду.
- Жалал-Абадда жаңылануу багытында көп иштер бар экен да…
- Жаңылануу боюнча биз атайын программа түзүп, ошол программанын аткарылышы боюнча иш жүргүзүүдөбүз. Мисалы Бишкектин мэри дагы "Жаңыланган борбор" деген программанын бет ачарын өткөрүптүр. Ошто да Президенттин талабы боюнча кыйла көп иштер бүткөрүлүүдө. Биз Жалал-Абадда да Президентибиз
Курманбек Салиевичтин талабынын негизинде "Жаңылануу программасын" иштеп чыгып, ошол программа боюнча көп тармактуу иш баштадык. Быйыл Жусуп Бакиев атындагы көчөнү толук жаап, транспорттук кыймылды толук токтотуп, ал жерди маданий борборго айландырып, шаардыктар эс ала турган кооз жай кылалы деген максатыбыз бар. Былтыр эс алуу парктарын баштаганбыз. Токтогул атындагы паркыбызды ремонттоп, ал жерге ар биринин баасы 15 миң доллар турган жаңы аттракциондорду койгондорго жерди 5 жылга ижарага бердик. Бирок ал жерге курулуш курбайсың деген шарт менен бердик. Эми быйыл Навои атындагы паркыбызда аттракциондорду алмаштырып, тосмолорду жаңылап, оңдойлу деп турабыз. Парктарга 100дөн ашык отургучтар, урналар орнотулду. Губернаторубуз Кошбай Масировдун талабы менен облустук оорукананы жеке ишкерлердин, фирмалардын жардамы менен ремонттодук. "Юг Сити" деген фирманын жетекчиси Эрмек Мурзабеков өзү эле хирургия бөлүмүн, операция залы менен толук ремонттон өткөрүп, аппак кафелдерди койдуруп, кондиционерлер менен камсыздап берди. Бул бөлүмдүн ремонту эле 550 миң сомго түштү. Рентген кабинетин Салы Ата фирмасы ремонттоду. Оорукананын калган бөлүмдөрүн быйыл буйруса ремонттойбуз.
- Базарлар көбөйүүдө. Сиздерде бул маселе кандай?
- Базар бизде да көбөйүп, азыр бардыгын тартипке келтирүүдөбүз. Мисалы, курулуш, дүкөндөрүнүн бардыгы Жусуп Бакиев атындагы борбордук көчөгө жайгашып калган экен. Качан келсең тыгындан өтө албайсың. Жакында курулуш материалдарын, химиялык заттардын бардыгын илгерки тамеки заводунун аймагында жаңы ачылган, заманбап "Береке" базарына көчүрө баштадык. Борбордук базар илгеркидей жашыл базар бойдон калуу керек.
Мындан сырткары биз дагы Бишкек шаарына окшоп күркөлөрдүн баарын тазалоону баштадык. Соода кылсаң базарга барып соода кыл деп жатабыз.
- Өткөн жылы канча инвестиция тарттыңыздар?
- 2008-жылы 1 млн. 535 миң сомдук инвестиция тартылса, 2009-жылы 1 млн. 728 миң сомдук инвестиция тартылды.
- Кандай көйгөйлөр бар?
- Көйгөйүбүз да көп. Мисалы, шаарда азыр машина көбөйүп кетти. Көчөлөргө "Тико" батпайт. "Тико" айдагандардын көбү жаш балдар, жол эрежелерин сактабайт. Авария көп, каалаган жерге токтотушат. Биз азыр МАИ кызматкерлери менен бирдикте жолдорду, автомашиналар токтоочу жайларды иретке келтирип, жол
коопсуздугун сактоонун үстүндө иш баштадык. Кошумча көчөлөрдү ачабыз деп турабыз. Былтыр 2-3 көчөнү ачканбыз. Экинчи маселе базар. Көчө, тротуарлардын бардыгы эле базар болуп кетти. Азыр тротуарларды бошотуп, көчөдө саткандарды атайын ылайыкташтырылган базарларга көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кыскасы, Жалал-Абадды көрктүү, экономикасы өнүккөн,татынакай, кооз шаарга айландыруу боюнча иштеп жатабыз. Натыйжасын мезгил көрсөтөөр…



Таш дагы аяр мамилени жактырат
"Борбордук Азиядагы таш кесүүчү" (КЗЦА) жоопкерчилиги чектелген ишканасынын директору Тыныбеков Талантбек
Токтосунович кабарчыбыздын суроолоруна жооп берет

- Талантбек Токтосунович, Жалал-Абад шаарында жаңыдан иштей баштаган таш кесүүчү ишкананын ачылыш таржымалын, келечек максаттарын, көйгөйлөрүн өз оозуңуздан укпайлыбы…
- Ишкана өткөн жылдын апрель айында ачылып, иштей баштады. Ачылгандан бери 64 миң квадрат метр ташты кесип, тегиздеп, жалтыратып чыгардык. Бизден чыгарылган таштар азыр Жалал-Абадда, Бишкекте, негизинен Казакстанда курулуштарга пайдаланылууда. Бишкектеги "Дордой плазанын" курулушунда биздин таштар пайдаланылды. Россияга да жибердик. Азыркы мезгилде 60тан ашык адам иш менен камсыз болууда. Жумушчуларыбыз негизинен ушул Жалал-Абад шаарынын, Ала-Бука, Аксы, Токтогул сыяктуу Жалал-Абад облусунун район,
шаарларынын тургундары. Бардыгын Кытайдан таш кесүүнүн ыкмаларын, технологиясын мыкты өздөштүргөн адистер келип үйрөтүп кетишти. Сырттан келип иштегендерди жашай турган жайы менен камсыздап, үч маал ысык тамак уюштуруп бердик .
- Заводдун келечегин кандай элестетесиз?
- Келечекте шаардын бюджетине ири салым кошо турган чоң завод болот деген ниетибиз бар. Азыр деле шаардын бюджетине дурус эле салым кошо баштадык. Мисалы, 2008-жылы салыктардын бардык түрлөрү боюнча 2 млн. 483 миң сом төккөн болсок, 2009-жылы 4 млн. 412 миң сом төктүк. Бул сан жылдан-жылга көбөйөт деген божомолубуз бар. Азыр Жалал-Абадда эле эмес, Кыргызстанда мындай таш кесе турган чоң завод жок. Азыр Токмоктогу таш кесүүчү завод болсо убактылуу токтоп турат. Андыктан биздин заводдун келечеги кең деп айтууга негиз бар.
- Таштын запасы канча жылга жетет деп ойлойсуз?
- Таш деген көп. Биздин тоолордун бардыгы таш да. Биз азыр негизинен Өзгөн районунун Жалпак - Таш айыл округунун Сары-Таш аймагындагы карьерден алуудабыз. Карынбайдын ташы деп коёт экен, ал жерде таштын запасы абдан көп, 88 гектар жерди ээлеп турат. Үч катмардан турат, сапаты абдан жакшы. Таш запастары Ала-Букада, Таш-Көмүрдө, Токтогулда да көп. Ал жерлерден да таштарды алып келип, сапатын текшерип көрүүдөбүз.
- Таш кесе турган жабдыктарды кайсыл жактан алып келдиңиздер?
- Жабдыктар, станоктор негизинен Кытайдан алынып келинди. Кытайдын Чеда деген 5-6 кубга чейинки таштарды бир эле кесип коё турган фирмасынын станокторун койдук. Кытайда таш кесе турган станокторду чыга-
руучу чоң заводдор бар. Себеби Кытай таш кесүүнү мындан канча жылдар башта эле өздөштүрүп келишкен. Азыр биз дагы жаңы ачыла турган архитектуралык багытта иштетиле турган таштарды даярдоочу цехибизге Кытайдан станокторду алып келгени турабыз. Быйыл Кытайдан дагы адистер келип, биздин жумушчуларга таш кесүүнүн сырларын, сынган, жарака кеткен таштарды тегиздеп, тешиктерин бүтөп, жалтыратууну үйрөтүшөт. Ташты канчалык аздектеп, көңүл коюп иштесең ошончолук тегиз болуп, көзгө жагымдуу боло түшөт. Таш дагы аяр мамилени сүйөт турбайбы.
- Таш кесүүнүн да сырлары болобу?
- Албетте, таштын катмарына, өңүнүн гаммасына карап кесет. Кесүүнүн ыгын билбегендер ташты сындырып, жараксыз кылып коёт. Ошон үчүн биз адистерди Кытайдан мастер чакырып үйрөтүп жатпайбызбы…





Сапаттуу нефти продукциясы
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап Жалал-Абад шаарында дагы бир нефтини кайра иштетүүчү завод ачылып иштей баштады. Кыргыз - өзбек - азербайжан ишкерлери биргелешип иш баштаган бул жоопкерчилиги чектелген ишканада бул күнгө чейин жабдуу коюлуп, нефти продукциясы чыгарылып, сатыла баштады.
Ишкананын директору Машиев Медер Асановичтин билдирүүсүнө ка-
раганда айына 4000 тонна нефти продукциясын иштеп чыгара турган бул заводдун продукциясынын 70 пайызы Кытай, Ооганстан жана Өзбекстанга экспортко, 30 пайызы жергиликтүү базарга чыгарылмакчы.
№80, 92 маркасындагы бензин, авиакеросин, күйүүчү май мазут жана битум иштетип чыгара турган завод 6 ай ичинде 1000 тонна нефти продукциясын иштеп чыгарууну пландаштырууда. Сырье негизинен Казакстандан, Россиядан алынып келинет.
Азыркы күндө 50-60, келечекте 100дөн ашык адамды иш менен камсыздай турган завод тарабынан февраль айында 150 тонна, март айында 300 тонна нефти продукциясы кайра иштетилип, сатылган.
- Буюрса, завод туруктуу иштей баштаса шаардын бюджетине 10 млн. сомго жакын, кийинки жылдары 20 млн. сомго чейин салык төлөй баштайбыз, - деди ишкананын жетекчиси.
- Кандай максаттарыныздар бар? - деп сураганыбызда:
-Дагы баштай турган курулуштарыбыз, аткарыла турган иштерибиз арбын, айрымдарын баштап да койдук, алар биздин коммерциялык жашыруун сырыбыз болсун, азырынча айтпай коё туралы, - деди ишкананын жетекчиси Медер Машиев.




"Жылдын мыкты мугалими" сынагында
Максатбек Тойчиев "ТИКО" машинасын утуп алды
Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасында бүгүнкү күнү өзгөрүүлөр, кубанып айта турган алгылыктуу иштер арбын.
Мисалы, 2008-2009-окуу жы-
лында сметалык наркы 11 млн. сомдук №11-орто мектебинин курулушу бүткөрүлүп, ишке киргизилди. Баасы 1 млн. 563 миң сомду түзгөн №21 орто мектебинин спорт залы курулуп бүтсө, №3 орто мектептин 3 млн. 313 миң сомдук спорт залы курулууда. №1 жана №11 балдар бакчасында капиталдык ремонт жүргүзүлүүдө. №11 орто мектебинде наркы 1 млн. 800 миң сом турган жылуулук казаны курулуп, бүтүү алдында турат. Учурда "Мэрсико" уюму менен бирдикте 16 долбоор (анын 10у жабдуулар, 6сы ремонт иштери үчүн) ишке ашырылууда.
Мындан сырткары мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги эске алынып, жаш адистерди мектепке тартуу, тажрыйбалуу, мыкты мугалимдерди мектепке алып калуу максатында көп иш чаралар уюштурулууда. Өткөн жылы мугалимдердин кесиптик майрамында мэрия 1000 000 сом бөлүп,
шаардагы мектептерде иштеген ар бир мугалимге 1000 сомдон сыйлык ыйгардык. Быйыл мэрияга, шаардык Кеңешке сунуш киргизип, "Жылдын мыкты мугалими" сынагы үчүн 150 миң сом бөлдүрүп, анын 100 миңине "ТИКО" маркасындагы автомашинасын, 50 миң сомуна 2 камералуу муздаткыч, 2 түстүү телевизор жана башка белектерди алып, сынактын жеңүүчүлөрүнө тапшырдык. Баш байге - жеңил автомашинаны №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Максатбек Тойчиев жеңип алды.
Сынактын жыйынтыгын чыгаруу учурунда шаардын мэри Тилек Акамбаев шаардын чок ортосунан мугалимдер үчүн кызматтык бир бөлмөлүү квартира бөлүнгөнүн жарыя кылганда мугалимдердин бардыгы сүйүнүштү. Мындан сырткары Жалал-Абадда билим берүүнүн сапатын көтөрүү максатында мектептерди окуу китептери менен толук камсыздоо максатында да иштер жүргүзүлүүдө. Азыркы мезгилде шаардын китеп фондунда 134 миң 230 даана китеп бар. Биз билим берүүнүн заманбап, өнүккөн ыкмаларын өздөштүрүү максатында бардык мектептерди компьютерлештирүү иштерин улантуудабыз. Буга чейин мектептерде 222 жаңы типтеги, 121 эски типтеги компьютерлер колдонулуп келген болсо, 2008-2009-окуу жылында билим берүү министрлиги тарабынан 60 даана, Ж.Бакиев фондунан 40 даана компьютер алынып берилди.
Чырмаш Дооронов,
Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармасынын начальниги




Жалал-Абад шаарындагы "Возрождение" жоопкерчилиги чектелген ишканасынын башкы директору, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары, шаардык кеңештин депутаты Рахматуллаев Кабыл Абдуллаевич менен маек.
Россия базарын
багындыруу
оңой эмес…
- Кабыл Абдуллаевич, жаңы ачылган ишканада ишти эмнеден баштадыңыздар?
- 2008-жылы май айында Россиялык инвесторлордун көмөгү менен иш баштаганбыз. Заманбап, автоматташтырылган, бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган, эл аралык стандартка төп келүүчү продукция чыгара турган машиналарды алып келгенбиз. Өзүңүз жакшы билесиз, биздин мыкты тиккен, чебер кыз-келиндерибиз бул жаңы моделдеги машинкада иштегенди жакшы билишпейт. Анан биз Өзбекстандан бул машинкаларды мыкты өздөштүргөн адистерди чакырып, кыз-келиндерди үйрөттүк. Азыр дээрлик бардыгы бул машинкалар менен кадимкидей иштеп калышты. Биз тиккен буюмдар сапаты боюнча коңшу мамлекеттен чыгарылган продукциядан озуп кетти. Анан биз базарды иликтеп, дагы кошумча трикотаж тиге турган машинкаларды койдук. Бычуу цехиндеги машинкаларыбыз жарым-жартылай автоматташтырылган эле, бардыгын цифралуу машинкаларга алмаштырдык. Натыйжа жакшы, Россия Федерациясына баасы 2,5 млн. сом турган продукция жөнөттүк эле, токтобой өтүп кетти. Азыр эми дагы буюртма беришүүдө. Биздин продукцияларды сатып ала тургандар келип, биздин цехти, тигилген продукциялардын сапатын көрүшүп, анан 5 млн. даана товарга келишим түзүп кетишкен. Азыр өзүбүздүн аскер кызматкерлеринин, күч органдарынын кызматкерлеринин кийимдерин тигүүгө келишим түзсөкпү деген аракетибиз бар.
Продукциябыз Өзбекстанга да сатылууда. Контракт түзүп кеткендер да бар.
- Кандай буюмдарды тигесиздер?
- Негизинен шейшептер, пахта кездемеден тигилген ички кийимдер, майка, футболка, трусы, балдардын трикотаж кийимдери тигилет.
- Сырьену кайсыл жактан аласыздар?
- Сырьену Өзбекстандан, Кытайдан сатып алабыз.
- Союз тарагандан кийин тигүү фабрикалары да жоюлуп кетпедиби, мыкты тиккен чеберлерди кайдан таптыңыздар?
- Биз кыз-келиндердин шыгына, жөндөмүнө карап 30дайын тандап алдык да, №1 лицейде окуттук. Ал жерде кыздар теоретикалык билим алышат дагы бизде практикадан өтүшөт. Ушинтип кадрларды даярдадык.
- Сизди дагы башка жаңы ишканаларды ачууга даярданууда деп уктук эле?
- Ооба, быйыл волостанитти байытуучу биринчи линияны ачууга даярдык көрүүдөбүз. Жакында эле инвесторлорубуз келип кетти. Волостанит деген лак, краска, кагаз өндүрүшү, пластмасса, резина, фарфор, керамика жана башка көптөгөн өндүрүшкө колдонулуучу продукция экен. Инвесторубуз Россиянын чоң илимий институту. Экинчи линияны 2012-жылы ишке ашырабыз деген максатыбыз бар.


Багеринин бал тамган шириндиктери
Жалал-Абад шаарынын элин сапаттуу жана ширин торт, пирожный, печенье менен кубандырып келген "Багеринин шириндиктери" ("Сладости Багери") жоопкерчилиги чектелген ишканасы 2004-жылы иш баштаган.

Азыркы мезгилде ишканада
Иран технологиясы менен 50дөн ашык торттордун, 100дөн ашык пирожныйлардын, печенье жана башка шириндиктердин түрлөрү чыгарылат. Ишкананын башкы директору Гүлжамал Караеванын билдирүүсүнө караганда ишканада азыркы мезгилде 35 адам эмгектенет. Жалал-Абадда бул ишкана Иран Ислам Республикасынын атуулу, эл аралык класстагы кондитерлер Ассоциациясынын мүчөсү Багери Махаммад Гассемдин демилгеси менен ачылган. Ошол күндөн бери ишкана шаардын бюджетине бараандуу салым кошуп иштеп келүүдө. 2009-жылы эле ишкана тарабынан 42 млн. 332 миң сомдук продукция чыгарылган. Ушул эле жылы шаардын бюджетине 4 млн. 169 миң сом салык чегерилген.
Ишкана жаңыдан иш баштаганда чыгарылган продукция Жалал-Абад
шаарында гана сатылса, азыркы күндө "Багеринин шириндиктери" облустун бардык райондоруна, ал тургай Ош облусунун Өзгөн районуна да жөнөтүлөт. Ал эми продукция чыгарууда колдонулуучу айрым Кыргызстанда жок жабдыктар, тортторду жана башка продукцияларды даярдоодо пайдаланылуучу айрым бизде жок кошулмалар Ирандан алынып келинет.
- Кадрлардын туруктуу иштебегендиги ишке көп залакасын тийгизет, - дейт Гүлжамал Караева. Ар бир жаңы кадрды Ирандан келген адис үйрөтүп, эми үйрөнүп, өздөштүрүп иштей баштаганда кетип калат, анан дагы жаңысын үйрөтүүгө туура келет. Дагы бир көйгөйлүү маселебиз - ишкана азыркы мезгилде имаратты ижарага алып иштетебиз. Эгер жергиликтүү бийлик жер бөлүп берип, өзүбүзгө имарат куруп алсак көп маселелерибиз чечилет эле, - дейт ишкананын директору.