19.03.10
  Жаңы китеп

"Март революциясы: элдин тарыхый тандоосу"
Мурдатан бери эле эскерүү жанрындагы жетишкендиктер коомчулук арасында өзгөчө салмактуу болуп, ар дайым окурмандардын көңү-лүн буруп келген. Белгилүү инсандардын көпчүлүгү бул татаал жана маанилүү жанрга кайрылышып, учурда адамды толкундандырган актуалдуу проблемаларды таасын чечип берүүгө жөнөкөй жана жатык тил менен аракет кылышкан. Публицистикалык маанайда коомдун өнүгүп-өзгөрүшү туу-ралуу омоктуу ой жүгүртүшүп, бир жана бир нече инсандын басып өткөн өнөгөлүү өмү-рүнүн фонунда адамзаттык аруу ой-пикирлерди айтууга далалат жасашкан. Публицистикалык маанайдагы эскерүү жанрына зор салым кошуп, өз үнүн мына ушул татаал жанрдан тапкан инсандар тарыхта аз эмес.
Буга Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жаңыдан жарык көргөн "Март революциясы: элдин тарыхый тандоосу" аттуу китеби мисал боло алат. Бул китепте ар түрдүү индивидуалдуу көркөм изденүүлөр жана чечимдер менен учурдун маанилүү маселелери жөнүн-дө ачык баян айтылат. Китеп Кыргызстанда 2005-жылдын 24-мартында болуп өткөн элдик революциянын 5 жылдыгына арналган. Бул орошон окуя эч кимди кайдыгер калтырган жок жана дайыма өзүнө коомчулуктун көңүлүн бураары анык.
Автор негизги максаты авторитардык башкарууну кыйратып, саясый багытты түп-тамырынан бери өзгөртүүчү болуп саналган, саясый системанын чыныгы демократташына багытталган революциянын мыйзам ченемдүү белгилерин жана өзгөчөлүк-төрүн анализден өткөргөн. Революциянын ар кыл түрлөрүнө кеңири токтолуп 24-марттагы Элдик революциянын нукура элдик болгонун, анын өзгөчө-лүктөрүн ачып берген. Баса белгилеп айтаарыбыз окурмандар Кыргызстандагы 2005-жылдын март окуясы тууралуу татаал суроолорго бул китептен так жооп ала алышат. Анда автор революциянын конституциялык төңкөрүштөн болгон айырмасын илимий негизде көрсөтүп, мунун чыныгы демократиялык революция болгондугуна ынанымдуу мисалдарды келтирген.
Революциянын жеңишинен кийин конституциялык кайра өзгөрүүлөр жүзөгө ашырылды. Натыйжада өлкөдө мамлекеттик бийликтин туруктуу түзүмдөрү жана жарандык коомдун институттары калыптанып жатат. Китепте мына ушуга басым жасалып, натыйжалуу экономиканы түзүүнүн негизинде элдин турмуш жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган социалдык-экономикалык формалардын кеңири аймагы көрсөтүлгөн.
Автор кенен-кесири анык материалдарга анализ берүү менен башкаруучу элитанын алмашуусу жана жаңылануусу, демократиялык атрибуттарды, айкындуулукту киргизүү, "рыноктун көрүнгүс колуна" экономиканы башкарууну өткөрүп берүү менен мамлекеттин аны башкаруудан баш тартышы - мунун бардыгы туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн жетишсиз экендигин ишенимдүү көрсөткөн. Жаңы революциялык кырдаалга алып келген терс мүнөздөгү көрүнүштөр да арбын болгону ырас.
Биздин оюбузча кээ бир саясый серепчилердин божомолдоруна карабастан, март окуялары экономикалык сенектикке, жалпы артка кетенчиктөөгө алып келбегендигин көрсөтүү автор үчүн маанилүү болду. Өткөн беш жыл ичинде республика өзүнүн өнүгүү жолунда бараткандыгын тастыктай алды. Окурман 2005-жылдын март революциясы Кыргызстандын эли үчүн зор мааниге ээ болгондугуна толук ынанат.
Китепти окуп чыккан адам автордун өзүнүн концепциясы, өткөн окуяларга болгон көз карашынын олуттуулугуна күбө болот. Турмушта ийгиликке жетишүүгө болгон ишеним "Март революциясында..." ага түздөн-түз аракеттенүүнү бекемдөө үчүн күрөш менен айкалыштырылган. Мында омоктуу ой жүгүрт-көн жана активдүү аракеттенген адам гана максатына жете ала тургандыгы так далилдер менен берилген. Китеп карапайым ак ниет адамдардын образын аткарган иштери менен адамдарга жасаган астейдил мамилелери аркылуу өмүр пьедесталына ишенимдүүлүк менен чыгара алгандыгы менен баалуу.
Кыргызстандагы март окуяларынын себептерин жана таасирлерин терең изилдөө толук кенен-кесири айкын маалыматка бай. Бул документ илимий баалуу-лук катары эле, көркөмдүк мааниге ээ. Китеп мурдагы советтик мейкиндикте гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнө жүзүндө өтүп жаткан өзгөрүүлөргө баа берүүгө зор салым кошо алган.
"Өзүнүн максаттары жана милдеттери боюнча Март революциясы экономикадагы рынок мамилелерин революциялык өзгөртүүлөргө жана өткөнгө кайрылууга эмес, экономикалык кайра түзүүлөрдү жана ага байланышкан реформаларды тездетүүгө багытталгандыгын дагы бир жолу белгилеп кетким келет, - дейт автор китептин корутундусунда. - Биз экономиканы башкарууда революциялык ыкмалардан баш тартып, бизнес жүргүзүү жана инвестицияларды тартуу үчүн ыңгайлуу чөйрөнү түзүүгө өттүк. Коррупция менен реалдуу күрөш баштап, ишкерчиликке бюрократиялык басмырлоону азайтуудабыз. Окурман жаңы экономикалык саясаттын өзүнүн жемишин, сезилерлик жыйынтыктарды берип жаткандыгына ишенди деп ойлойм", - деп жазылат бул эмгекте.
Менимче бул саптарга эч кандай деле кошумча түшүн-дүрмөнүн зарылдыгы жок сыяктуу. Жалпылап айтканда автор Кыргызстандын келечегин дүйнөлүк биргелештиктеги эгемендүү мамлекет катары көрө билгендиги тууралуу окурмандар менен ой бөлүшкөн.

Д.ЮСУПОВ,
"Кыргыз Туусу"