19.03.10 "Кыргызтелеком" ААК
"Кыргызтелеком" ААКнын 2008-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгилдеги
бухгалтердик балансы боюнча каржылык абалы тууралуу отчету, миң сом


акционерлердин
жылдык жалпы
чогулушун өткөрүү жөнүндө
кабарлайт
Жыйналыш өтчү күн:
2010- жылдын 13- апрели саат 10.00дө.
Каттоонун башталышы: Эртең мененки
саат 8.30да.
Акционерлердин жалпы чогулушуна катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүү күнү
(реестрдин жабылуучу
күнү): 2010- жылдын
9-апрели.
Өтүүчү жай:
Бишкек шаары,
Чүй проспекти,
Тарых музейи
(Ала Тоо аянты).

КҮН ТАРТИБИ:
1. Эсептөө комиссиясынын курамы тууралуу.
2. Коомдун 2009- жылдагы каржылык-чарбалык ишмерди-
гинин натыйжалары жөнүндө Башкармалыктын отчету жөнүндө.
3. Көз карандысыз аудитордун корутундусу тууралуу.
4. Текшерүү комиссиясынын корутундусу тууралуу.
5. 2009- жылда Деректирлер кеңешин жана Текшерүү комиссиясын кармоого кеткен чыгымдардын сметасынын аткарылышы жөнүндө.
6. Коомдун 2009- жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Башкармалыктын отчету жөнүндө.
7. Коомдун 2009- жылдагы кирешелер жана чыгашалар эсеби, жылдык балансы тууралуу.
8. 2009-жыл үчүн кирешелерди бөлүштүрүүнүн тартиби, 2009- жыл үчүн дивиденддерди төлөөнүн эрежеси жана өлчөмү тууралуу.
9. Коомдун Деректирлер кеңешинин 2009-жылдагы өзүнүн иштери тууралуу отчету жөнүндө.
10. 2010-жылга Деректирлер кеңешинин мүчөлөрүн кармоого кетүүчү чыгымдардын сметасы тууралуу.
11. 2010-жылга Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн кармоого кетүүчү чыгымдардын сметасы тууралуу.
12. 2010-жылга Коомдун жылдык бюджети тууралуу.
13. Коомдун Деректирлер кеңешинин курамы тууралуу.
14. Коомдун Текшерүү комиссиясынын курамы тууралуу.
15. "Кыргызтелеком" ААКнын Уставына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү.
Толук маалымат
алуу үчүн ушул телефондорго
кайрылса болот:
+996 (312) 60-11-22,
66-00-60.


"Кыргыз Туусу" гезитинин жамааты белгилүү акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Сүйөркул Тургунбаевге жубайы
Гүлүшкан ИМАШЕВАнын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Чүй университетинин жамааты университеттин президенти Мамбеткалиев Султанга иниси, ЧУБК кадрлар бөлүмүнүн башчысы Мамбеткалиев Азаматка - агасы
МАМБЕТКАЛИЕВ Алмаздын
дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат, азасын тең бөлүшөт.

Ректорат и профессорско-преподавательский состав Кыргызского экономического университета выражают глубокое соболезнование заместителю заведующей кафедры "Бухгалтерского учета, анализа и аудита", доценту Кабировой Эльмире Сарымсаковне в связи с кончиной
БРАТА.
Разделяем с Вами боль и горечь невосполнимой утраты.

Кыргыз Республикасынын
Сот адилеттүүлүгү боюнча Улуттук кеңеши
бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт:

- Баткен облустук сотунун төрагасынын орун басары (1);
- Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары (1);
- Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары(1);
- Жалал-Абад облустук сотунун судьясы (1);
- Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун судьясы (1);
- Талас шаардык сотунун судьясы (1);
- Бишкек шаардык сотунун судьясы (1);
- Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы (1);
Улуттук кеңештин атына жергиликтүү соттун төрагасынын орун басары кызматына талапкердигин билдирген Кыргыз Республикасынын судьяларынын арыздары Кыргыз Республикасынын Сот департаментине тапшырылат.
Кыргыз Республикасынын аракеттеги судьяларынын документтери төмөнкүлөр болушу керек:
1) судьялардын өздүк иш кагазы;
2) судья кызматында иштеген учурдагы караган иштеринин санын жана натыйжасын көрсөткөн маалыматтар;
3) сыйлыктары, мактоолору жана эскертүүлөрү жөнүндө маалыматтар;
4) судьяга карата чыгарылган жеке аныктама;
5) судьяга тиешелүү башка да документтер.
Улуттук кеңештин атына билдирилген жергиликтүү соттун судьясы бош кызматына талапкердин арызы Кыргыз Республикасынын Сот департаментине тапшырылат.
Арызга тиркеле турган документтер:
1) талапкердин жарандыгы жана жашы жөнүндө тастыкталган паспортунун көчүрмөсү;
2) жогорку юридикалык билими жөнүндө дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) талапкердин юридикалык кесип боюнча жумуш стажын тастыктаган эмгек китепчесинин, башка документтеринин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) конкурска катышуу алдындагы бир жылдык мөөнөт аралыгында берилген ден соолук абалы тууралуу медициналык корутунду.
Арызга талапкердин жөндөмдүүлүгүн мүнөздөгөн (пикир, рекомендация) башка да доку-
менттер коштолушу мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун төрагасынын орун басары бош кызматтарына талаптанган судьялар үчүн документтерди кабыл алуу ушул кулактандыруу жарыялангандан башталып, ал 29-март күнү аякталат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы бош кызматтарына талаптанган адамдар үчүн документтерди кабыл алуу ушул кулактандыруу жарыялангандан башталып, ал 2-апрель күнү аякталат.
Арыздар менен документтери белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын сот адилеттүүлүгү иштери боюнча Улуттук кеңештин жана Соттор кеңешинин ишмердигин камсыздоочу Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин секторуна тапшыруу керек.
Дареги: Бишкек ш., индекс 720021, Ибраимов көчөсү, 64, №9 бөлмө, сурап-билүү телефону:
48-61-13.