19.03.10 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
"Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө"
1 БАП
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын иш-аракет чөйрөсү
Ушул Мыйзам айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы укуктук, каржылык жана уюштуруучулук мамилелерди жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө", "Айыл чарба малын идентификациялоо жана каттоо жөнүндө" мыйзамдарына, ушул Мыйзамга жана буларга ылайык кабыл алына турган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына негизделет.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган
негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөндөгү негизги түшүнүктөр колдонулат:
Айыл чарба малынын өзгөчө коркунучтуу оорулары - тез арада жайыла турган, элдин жана малдын саламаттыгына коркунуч алып келе турган өзгөчөлүккө ээ оорулар (шарп, сибирь жарасы, кутурма, чума, бруцеллез, туберкулез, сап ж. б.).
Айыл чарба малы - мал азыктарын өндүрүү үчүн мал ээлери тарабынан багыла турган мал.
Камсыздандыруу полиси - камсыздандыруучу менен камсыздануучунун ортосундагы милдеттенмелерди аткарууну кепилдөөчү бекитилген үлгүдөгү документ.
Камсыздандыруучу - Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу фонду (мындан ары - АЧММКФ) - милдеттүү камсыздандыруунун каражаттарын башкаруучу, айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
Камсыздануучу - милдеттүү камсыздандырууга таандык айыл чарба малынын ээси;
Камсыздандыруу учуру - мыйзамда каралган, камсыздандыруучу камсыздануучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү милдетин аткарган учур;
Камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө милдеттенген сумма;
Камсыздандыруу акылары - камсыздануучу камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болгон төлөм;
Камсыздандыруу төлөмдөрү - камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруучу тарабынан зыянды төлөй турган сумма.
3-берене. Негизги максаттары жана милдеттери
3.1 Ушул Мыйзамдын негизги максаттары:
- элдин жана малдын ден соолугун коргоо;
- адам жана мал үчүн өзгөчө кооптуу оорулардын кесепетинен мал ээлеринин материалдык-акчалай кызыкчылыктарын коргоо болуп эсептелет.
3.2 Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери:
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну уюштуруу;
- өзгөчө коркунучтуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча жылдык иш-чара планын каржылык камсыздоо;
- малды багууда, көбөйтүүдө, унаалоодо жана сатууда айыл чарба мал ээлеринин ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарды сактоосун камсыздоо болуп эсептелет.
2 БАП
Камсыздандырууну уюштуруу
4-берене. Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну
уюштуруучу органдар
Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу Фондго, ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлөт.
5-берене. Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруунун
негизги принциптери
Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруунун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
- өзгөчө коркунучтуу оорулардан ири мүйүздүү малды (жылкылар (ИММ), майда мүйүздүү малды (МММ) жана чочколорду милдеттүү камсыздандыруу;
- жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын тизмесине ылайык малдын жана адамдын ден соолугуна өзгөчө коркунуч келтире турган айыл чарба малы бекитилген тартипте милдеттүү тартып алынууга жана жок кылууга, же зыянсыздандырууга (жугушсуздандырууга) жана кайра иштетүүгө жатат.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өзгөчө коркунучтуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча жылдык эпизоотикага каршы иш-чара планына ылайык диагностика жана биологиялык препараттар менен камсыздануучуларды акысыз камсыздоо;
- камсыздандыруу учуру келгенде (малдын жана адамдын ден соолугуна өзгөчө коркунуч келтире турган айыл чарба малы тартылып алынганда жана жок кылынганда, же зыянсыздандырылганда (жугушсуздандырылганда) жана кайра иштетилгенде) камсыздануучу тарткан зыянды төлөп берүү милдеттүүлүгү;
- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо.
6-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш билгилиги
Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгү укуктарды ишке ашырат:
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана жүргүзөт;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого мамлекеттик көзөмөлдү ишке ашырат;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу фонду (АЧММКФ) жөнүндөгү Жобону бекитет;
- Фонддун Байкоочу кеңеши жөнүндөгү Жобону бекитет;
- камсыздандыруу полисинин типтүү формаларын бекитет;
- айыл чарба малынын түрлөрү жана эркек-ургаачы, жаш топтору боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана камсыздандыруу акыларынын өлчөмдөрүн, аларды төлөө мөөнөттөрүн бекитет;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу үчүн Фонддо топтолгон каражаттарды пайдалануунун тартибин бекитет;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу ооруларынын тизмесин бекитет;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштеринин тартибин бекитет;
- малдын жана адамдын ден соолугуна өзгөчө коркунуч келтире турган айыл чарба малын милдеттүү тартылып алынуунун жана жок кылуунун, же зыянсыздандырылуунун (жугушсуздандырылуунун), кайра иштетилүүнүн тартибин, ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн шарттарын жана тартибин бекитет;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу тармагындагы башка жоболорду, нускамаларды, типтүү формаларды бекитет.
7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик
администрациялардын иш билгилиги
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
Тиешелүү административдик аймактык бирдикте айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну уюштурушат;
Өзгөчө коркунучтуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча эпизоотикага каршы аймактык иш-чаралар планын бекитишет;
Камсыздандыруу учуру келген фактыларды белгилөөчү комиссияларды уюштурушат;
Камсыздануучулардын тарткан зыяндарын төлөөгө негиз болуп бере турган документтерди бекитишет.
8-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш билгилиги
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
8.1 Аймагында айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну уюштурушат жана жүргүзүшөт;
8.2 Ушул мыйзамга жана буга ылайык кабыл алына турган ченемдик-укуктук актыларга ылайык айыл чарба малын камсыздандыруунун жол-жоболорун өткөрүшөт;
8.3 Камсыздандыруу учурларын белгилөө жана өзгөчө коркунучтуу оорулардан зыян тарткан камсыздануучулардын тизмесин түзүү боюнча комиссиялардын курамдарына катышышат;
8.4 Камсыздандыруу акыларын чогултушат;
8.5 Фонддун аймактык өкүлүнө бекитилген формадагы отчетту беришет;
8.6 Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну уюштурууга жыйналган камсыздандыруу акыларынын 5% бекитилген тартипте пайдаланышат.
9-берене. Ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иш билгилиги
Ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эпизоотикага каршы иш-чаралар планын иштеп чыгат жана аны ишке ашырууну уюштурат;
2. Эпизоотикага каршы иш-чаралардын планына ылайык ассортименттеги жана сандагы биологиялык препараттарды сатып алат жана алар менен камсыздануучуларды камсыздайт;
3. Мал чарба азыктарын тартып алат, жок кылат жана кайра иштетүүгө жиберүүнү уюштурат.
10-берене. Фонддун Байкоочу кеңешинин
иш билгилиги
Фонддун Байкоочу кеңеши:
- Эпизоотикага каршы иш-чаралардын планынын долбоорун макулдашат;
- Фонддун каражаттарынын максаттуу пайдалануусуна көзөмөл кылат;
- жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун ишмердигин карайт;
- анын жетегине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери менен башка укуктарды ишке ашырат.
11-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери
11.1 Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- эпизоотикага каршы иш-чаралардын планын иштеп чыгууга катышууга;
- камсыздандыруу учурунун келгенинин фактысын аныктоого катышууга;
- айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандырууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды берүүгө;
- камсыздандыруу каражаттарынын пайдалануусуна жана ветеринария жана ветеринардык диагностика лабораториялары тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына көзөмөл кылууга.
11.2. Камсыздандыруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- айыл чарба малынын өзгөчө коркунучтуу ооруларына каршы күрөшүү боюнча эпизоотикага каршы иш-чаралар планына ылайык ветеринария жана ветеринардык диагностика лабораториялары тармагындагы ыйгарым укуктуу органды керектүү биологиялык жана диагностикалык препараттар менен камсыздоого;
- айыл чарба малын алып коюуга жана жок кылууга, же мал чарба азыктарын кайра иштетүүгө жиберүүнү уюштурууга байланыштуу ветеринария тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын чыгымдарын төлөөгө;
- камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу төлөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө төлөп берүүгө;
- камсыздануучуну айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруунун шарттары жана эрежелери менен тааныштырууга;
- Камсыздандыруучу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
12-берене. Камсыздануучунун укуктары жана
милдеттери
12.1 Камсыздануучу төмөнкүлөргө укуктуу:
- бекитилген тартипте, өлчөмдө жана белгиленген мөөнөттө камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга;
- камсыздандыруучудан камсыздандыруу шарттарын, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп берүүнү талап кылууга;
- камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тарткандыгы жөнүндөгү чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талашуу (оспорить).
12.2. Камсыздануучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- айыл чарба малын идентификациялоого жана каттоого;
- Кыргыз Республикасынын "Ветеринария жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын жана ветеринария тармагындагы башка ченемдик-укуктук актыларды аткарууга;
- камсыздандыруу акысын бекитилген өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттө төлөөгө;
- камсыздандыруучуну камсыздандыруу учуру келгендиги жөнүндө өз убагында кабарлоого.
12.3 Камсыздануучу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
3 БАП
Милдеттүү камсыздандырууну каржылык камсыздоо
13-берене. Милдеттүү камсыздандыруунун каржылык каражаттары
Милдеттүү камсыздандыруунун каржылык каражаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик бюджеттин акчалай каражаттары;
- камсыздандыруу акылары;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларында тыюу салынбаган башка каржы каражаттары.
13.2 өзгөчө коркунучтуу ооруларга каршы күрөшүү боюнча эпизоотикага каршы иш-чаралардын жылдык планын ишке ашырууга керектүү каржылык каражаттарынын 40% кем эмес суммасын түзгөн айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруудагы мамлекеттик бюджеттин каражаттары.
14-берене. Камсыздандыруу суммасынын
өлчөмүн аныктоо
Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ар бир жылдын 1-январына карата айыл чарба малынын түрлөрү, жынысы, жашынын топтору боюнча алардын рынок баасынын 50% өлчөмүндө белгиленет.
15-берене. Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо, аны төлөөнүн шарттары жана тартиби
15.1 Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү айыл чарба малынын түрлөрү, эркек-ургаачы, жаш топтору боюнча төмөндөгү учурларда белгиленет:
1) тартылып алынганда жана жок кылынганда камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүндө;
2) тартылып алынганда жана кайра иштетүүгө жөнөтүлгөндө камсыздандыруу суммасынын 50% өлчөмүндө;
15.2 Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөнүн шарттары жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
16-берене. Камсыздандыруу акыларынын өлчөмүн аныктоо
15.1 Айыл чарба малынын түрлөрү, эркек-ургаачы, жаш топтору боюнча камсыздандыруу акыларынын өлчөмү усулдук документке ылайык айыл чарба малынын ооруларынын деңгээлин эске алуу менен жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
15.2 Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларынын өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан камсыздануучуга үстүдөгү жылдын 1-апрелине чейин бир жолу төлөнөт.
4 БАП
Талаш-тартыштарды чечүү
17-берене. Талаш-тартыштарды кароонун тартиби
Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралат.
18-берене. Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандар үчүн жооптуулук
Айыл чарба малын өзгөчө коркунучтуу оорулардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп тартышат.
5 БАП
Корутунду жоболор
19 -берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсүнүн тартиби
19.1 Ушул Мыйзам расмий жарыялангандан тартып, үч айдан кийин күчүнө кирет.
19.2 Ушул Мыйзам күчүнө киргенден тартып, үч айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев