16.03.10
  Маалымат жыйыны

Тариф саясаты укуктук
негизде такталат
-Апам, келинчегим үчөөбүз Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн үч бөлмөлүү батиринде жашайбыз. Былтыркы жылы мен жылуулук энергиясы үчүн 1000 сом, ал эми электр энергиясына 200 сом төлөп келген болсом, 2010-жылдын январь айынан баштап, жылуулук үчүн 2000, электр энергия-сына 650 сом төлөп калдым. Албетте, мындай көрүнүш үй-бүлөлүк бюджетке оордук келтирип жатат. Ошого карабай өлкөдөгү тариф саясатынын кескин өзгөртүлүшү бир топ муктаждык менен зарылдыктан келип чыкканын түшүнүү менен карайм. Албетте, Кыргызстандын электр тармагындагы техникалык жабдыктардын эскилиги жеткени, алар нечен жылдардан бери жаңыланбай материалдык-техникалык абалынын начарлап кеткени ушул кадамга алып барганы ырас. Эгерде Өкмөт тарифти көтөрбөй ошол бойдон калтырган болсо, жакынкы бир жарым, эки жылдын ичинде энергетикалык тармактын кандай абалга дуушар болорун элестетүү кыйын эмес. Анын үстүнө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышы жарыкты үнөмдөөгө алып келди. Былтыркы жылдын аягында Токтогул ГЭСинде авария-лык кырдаал да түзүлүп, эл андан катуу кооптонуп барып токтоду. Бирок, ошонун баарына карабай кыргыз Өкмөтү тарифтерди кескин көтөрүп таштабай, коомчулуктун пикирине салып чечим кабыл алуусу керек болчу. Аны этаптуу түрдө көтөрүп, жалпы элдин турмуш-шартынын абалын эске алып, чечим чыгарса болмок, - дейт Кыргызстандын жаштар корпорациясы коомдук бирикмесинин лидери Таалайбек Дайырбеков. Эл арасындагы бир топ наа-разычылыктарды жаратып жаткан ушул маселеге арналган маалымат жыйыны өткөн жума күнү 24kg маалымат агенттигинде болду. Ага жогоруда аталган жаштар бирикмесинин мүчөлөрү республикадагы тариф саясатына карата билдирүү менен чыгышты.
Кыргызстан жаштар корпорациясынын активдүү мүчөлөрү Өкмөттүн 2009-жылдын 12-ноябрындагы №699 "КРнын 2010-2012-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына карата тариф саясаты" тууралуу токтомуна өз пикирлерин айтып чыгышты. "Тарифтин электр энергия-сына эки, ысык сууга төрт эсе көтөрүлгөнү элдин калың катмарына өтө оор тийди", - дешти жаштардын өкүлдөрү. Баанын көтөрүлүшү коомчулуктагы социал-дык жарылуулар менен коштолбошу үчүн акырындап ырааттуу түрдө жүргүзүлүп, эл катмарына түшүнүктүү ачык механизмдери иштелип чыгышы керек. Электр тармагынын иш жүргүзүүсүнө жумшалган чыгымдарга карата социалдык көзөмөл жок болуп чыкты.
Ал эми Өкмөт өз кезегинде тарифтердин көтөрүлүшүнө байланышкан маселелерди элге кыйынчылык туудурбай тургандай кылып чечет деген ойдобуз. Ал үчүн социалдык көйгөйлөрдү көчө сая-сатына алып чыкпай, укуктук нукка салынып чечилишин биз туура көрдүк. Ушуга байланыштуу биз, Кыргызстан жаштар корпорациясынын өкүлдөрү, өзүбүздүн тариф саясатына карата укугубузду коргоо максатында сот органдарына кайрылууну көздөп жатабыз. Бүгүнкү жашоо-шарт, социалдык абал ушуну талап кылууда. Республиканын жалпы жаштарын да ушундай аң сезимдүү кадамга чакырууну эп көрүп отурабыз", - дешет маалымат жыйынында аталган жаштар бирикмесинин өкүлдөрү. Алар Өкмөт менен бирдикте жаңы тариф саясатын иштеп чыгуу боюнча өз сунуштарын берүүгө даяр экендиктерин да билдире кетишти.
Кыргызстандын жаштар корпорациясы коомдук бирикмесинин жалпы активисттери республика боюнча 1,5 миңди түзүп, ал эми катталып иштеген мүчөлөрү 300гө жакын. Ал эми бирикменин өзү 2009-жылдын апрель айында Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өткөн. Алар коммерциялык жана коммерциялык эмес жаштар уюмдары менен биргеликте иш жүргү-зүшөт. Аталган жаштар бирикмеси өлкө-дөгү жаштар уюмдарынын өнүгүүсү жана алардын ар тараптан өсүшү үчүн бирдей шарт түзүү, социалдык-экономикалык колдоо аракети менен эмгектенип келишкени жөнүндө Перизат Топоева маалымат берди.

Назира АЛИЕВА