№17, 16.03.10. • "Кыргыз туусу гезити, кыргызча...




  Түндүк-Түштүктү түпөйүл кылган үч күн

Жолдор - жашоонун кан
тамыры, ал эми көчкү...
Тоо болуп жаткан береги көчкү 12-март күнү
болжол менен эртең мененки саат алты менен жетинин ортосунда Чычкан капчыгайынын
Көчкү-Булак колотунан түшүп, Бишкек - Ош жолун үч күн бою бөгөп калган. Мындан бир жума мурун бул жерде көчкүнүн алдын алуу, тактап айтканда жардыруу иштери жүрүп, бирок чогулган кардын чордону алда кайда - бийикте, көздөн буйтаа жайгашкандыктан, күн мурун тазалап алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошентсе да 10-15-марттын аралыгында ушул колотто көчкү болоору
алдын ала болжолдонуп, жалпыга маалымдоо
каражаттары аркылуу элге жарыя салынган.
Көчкү түшкөн биринчи күнү кабарчыбыз окуя өткөн жерден маалымат алып кайткан.


Тарыхый атынын өзү эле айтып тургандай, бул колотто ар жыл сайын эки жолу көчкү болушу күтүлөт экен. Былтыркы көчкү 8-март күнү жана 27-апрелде түшкөн. Бирок жолчулардын айтымына караганда быйылкы көчкү акыркы беш жыл ичиндеги эң чоң көчкүлөрдүн катарына кирет.
Ушул эле күнү көчкү Бишкек - Ош жолунун 128-,135-чакырымдарында да катталган. Тилекке жараша, бу саам көчкүдөн жабыр тарткан унаалар жана жүргүнчүлөр болгон эмес.
Ал эми ушул эле жылдын 27-февралында Бишкек - Ош жолунун 223-224- чакырымдарында болгон көчкүдөн алты автоунаа жабыр тарткан, б.а. унаалар көчкүнүн алдында калган.

(Уландысы 9-бетте)