Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргызстан Афганистандагы абалдын жөнгө
салынышына кызыкдар
Өкмөт үйүндө Президент Курманбек Бакиев АКШнын Борбордук командачылыгынын командачысы Дэвид Петреусту кабыл алды.

Жолугушуу учурунда өз ара кызыкдарлыкты туудурган жааттардагы кыргыз-америка кызматташуусунун келечеги талкууга алынды. Анын ичинде Д.Петреус АКШ Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө маани берип, өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жогору баалай тургандыгын белгилеп, Афганистандагы антитеррористтик операцияга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле Д.Петреус Кыргызстандын Президентине Афганистандагы абал жана АКШ тарабынан бул өлкөнү калыбына келтирүү багытында көрүлүп жаткан социалдык-экономикалык чаралар туурасында кенен маалымат берди.
Өз кезегинде Курманбек Бакиев Борбордук Азия чөлкөмүнүн коопсуздугуна негизинен Афганистандан коркунуч туулуп жаткандыгын белгиледи. Бул жаатта Кыргызстан аталган мамлекетте коопсуздуктун жана туруктуулуктун камсыздалышына кызыкдар жана дүйнөлүк коомчулук менен бирдикте Афганистандын калыбына келтирилишине мындан ары да салымын кошо бермекчи.
С.ОРОЗОБЕКОВ,
С.ДОСАЛИЕВ (фото)





Афганистанда элчилик ачылды
Президент Курманбек Ба-киев "Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасы менен Афганистан Ислам Республикасынын ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, Кабул шаарында жайгаштыруу менен Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилиги уюштурулду.

Салыкты мөөнөтүндө төлөгөн сарсанаа болбойт
Президент Курманбек Ба-киев "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Мыйзамга кол койду.
Аталган Мыйзам 2010-жылдын 21-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кол коюлган Мыйзам салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрын кошо алганда киреше жана мүлккө ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсү менен байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде аныкталган Кыргыз Республикасынын жеке жактарына жана мамлекеттик кызматчыларына аталган салыктарды, чегерүүлөрдү жана милдеттүү башка төлөмдөрдү төлөбөй 2009-жылдын 31-декабрын кошо алганда алган кирешелерине жана мүлкүнө карата салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча билдирилбеген милдеттенмелерди аткаруусуна мүмкүндүк берүү ушул мыйзамдын максаты болуп эсептелет, буга жалпы алганда ушул Мыйзамда белгиленген декларациялоо чегинен ашкан кирешелердин суммасы жана мүлктүн наркы кирбейт.
Өз маалыматыбыз

Аялзаты аткарбаган иш жок
Аялдардын Эл аралык күнүнө - 8-март майрамына арналган салтанаттуу иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Данияр Үсөнов катышып, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияга чогулган кыз-келиндерди, энелерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн атынан куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөдү.
Президент Курманбек Бакиев өзүнүн куттуктоосунда белгилегендей, кыргыз мамлекети жаңыдан бутка туруп келаткан азыркы мезгилде аялдардын ролу ого бетер артууда. Акылы тунук, кайраты күчтүү аялдарыбыз мамлекетти башкарууга улам көбүрөөк тартылууда. Экономиканын, бизнестин, маданияттын жана көркөм өнөрдүн бардык чөйрөлөрүндө аялзатынын жаратып жаткан ийгиликтери алкоого гана арзыйт.
Премьер-министр Данияр Үсөнов залда отурушкан аялзаттарын Президенттин куттуктоосу менен тааныштыргандан соң, Өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан куттуктады. Өз сөзүндө ал аялдардын коомдо ээлеген маанилүү ролуна кеңири токтолуп өттү.
Куттуктоо сөзүнөн кийин Да-нияр Үсөнов Президент Курманбек Бакиевдин атынан өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошушкан республиканын активдүү аялдарына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын социалдык жана саясый менеджмент кафедрасынын башчысы Токон Ожукеева, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошунунун Бишкек шаардык комитетинин төрайымы Гүлша Султанбаева "Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери" ардактуу наамына татыктуу болушса, бир катар кыз-келиндер Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Д.ӨМҮРЖАНОВ

Көйгөйлөр чечилиши керек
Өкмөттүн Президиумунун кезектеги жыйынында Нарындагы көйгөй негизги маселеге айланды. Биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров облуска болгон иш сапарынын жыйынтыктары, эл менен жолугушуусундагы көтөрүлгөн көйгөйлөр жөнүндө кенен-кесири ой бөлүштү.
Акылбек Жапаровдун билдиргенине караганда, Нарындагы жергиликтүү калктын көтөргөн маселелери энергосектордогу тарифтик саясаты жана компенсациялар менен байланышкан. Президенттин Жарлыгы боюнча аталган каражаттар айлыгы 5000 сомдон төмөн болгон бюджеттеги жарандарга берилиши керек. Теңир тоолуктар ишкердик үчүн патенттин баасынын төмөндөшүн да талап кылууда.
Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, электр-энергиясы үчүн компенсацияларды төлөө менен байланышкан проблемаларды облустун жетекчилери чечип, элди мындай абалга жеткирбөөсү зарыл.
Премьер-министр Данияр Үсөнов Акылбек Жапаровдун ой-пикири менен макул болуп, Мамлекеттик салык кызматына тоолуу аймактарда жашаган калк үчүн патенттердин баасын кайрадан карап чыгууга тапшырма берди.
Кенжебек КАКИШОВ, "Кыргыз Туусу"

Суук кабар кабыргабызды кайыштырды
Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген Түркиянын чыгышындагы жер титирөөгө байланыштуу Түркиянын Президенти Абдуллах Гүлгө көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.
Телеграммада мындай деп айтылат:
"Ардактуу бир тууганым,
Көптөгөн адамдардын курмандыгына алып келген Түркиянын чыгышындагы жер титирөө тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстандыктар бир тууган түрк элине чын дилинен боор толгоп, туугандарынан, жакындарынан ажырап, оор жоготууга дуушар болгон адамдардын аза кайгысын тең бөлүшөт. Каза тапкандардын тууган-туушкандарына терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жана жапа чеккендердин бардыгы тезирээк сакайып кетишине тилектештигимди билдирип коюңузду өтүнөм".

Мекенди коргоо - ыйык милдет
Президент Курманбек Ба-киев "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2010-жылдын апрель-июнунда жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу жөнүндө" Жарлыкка кол койду.
Жарлык менен:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылары жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска бошотуу;
- 2010-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандарды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик бөлүктөрүнө кыска мөөнөттүү аскердик кызматка, альтернативдик кызматка чакыруу жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыска мөөнөттөгү аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматкерлерин бошотуунун мөөнөттөрүн жана жарандарды кыска мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакырууну жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка кошууну жүргүзүү тартибин аныктоосу жөнүндө чечимдер кабыл алынды.
Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.







кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
12-март, 2010-ж.:
1-бет
Баракелде, Атай!
2-бет
Көзөмөлдөө үчүн көрсөтмөңүз көңүл сыртында калабы?
3-бет
Аймактардагы мамлекеттик түзүмдөр реформаланат
4-бет
Кыргызстан Афганистандагы абалдын жөнгө
салынышына кызыкдар

5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Өлкөнү өнүктүрүүгө -жаңыча мамиле
7-бет
Ырыс алды - ынтымак
10-бет
Калыгулдай калыс бол,
Кыргыз элине намыс бол

11-бет
Кыргыз тарыхчысы
Осмонаалы Сыдык уулунун
135 жылдыгына карата
Бейити Текесте, эмгеги эллине жетпеген тарыхчы

12-бет
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
ректору, профессор Нур уулу Досбол:
Кыргыз улуттук университетинин жаңылануу жылы

13-бет
Американы Американы сүкүткө салган Манасчы
15-бет
Өспүрүмдөрдүн ден соолугу коркунучта
16-бет
Кыргыз улуттук университетинин
жаңылануу жылы

17-бет
Азыр Айтматов менен Жигитов баркталбай жатпайбы
Асыл касиеттер түбөлүк жашайт

18-бет
Кыргызстанда биринчи жолу!..
19-бет
"Кумтөрдө" бардык маалымат ачык
20-бет
"Кумтөр Оперейтинг Компани":
2009-жылдын жана
IV кварталдын жыйынтыктары

21-бет
Башка окуялар
22-бет
Жумагул Сааданбеков 70 жашта





Яндекс.Метрика