12.03.10
  Куттук

Жумагул Сааданбеков 70 жашта
Заман алмашып, доор жаңырды. Рынок шарты өз үстөмдүгүн жүргүзүп, ар бир кыргызстандыктын үйүнө кирип келди. Ушундай өткөөл жылдарда, кыйын кырдаалда депутат, губернатор, элчи сыяктуу көптөгөн мамлекеттик иштерди аркалоо оңой эмес. Элибиздин чыгаан уулу Жумагул Сааданбеков Кыргызстанды мына ушундай өтө оор окуялар коштогон мезгилде мамлекеттик жооптуу кызматтарда эмгектенди.

Жумагул бүгүнкү күндө торколуу 70 жашка чыгыптыр десе жетине албай, бир эсе ишене бербей турабыз. Анын Ата Журт чегинин бүтүндүгү, элибиздин биримдиги, ынтымагы үчүн жан үрөгөн эмгеги, дипломатия, экономика, илим, чарба майданындагы такшалып бышкан жетекчилик тажрыйбасы бүгүнкү, атүгүл эртеңки келечек муундарга да баа жеткис үлгү. Учурда Жукебиздин коомдук иштерден колу бошобой салмактуу саясатчы катары жаштарга акыл-кеңешин айтып келе жаткан кези. "Ала-Тоо ынтымагы" коомунун, аксакалдар Ордо Кеңешинин төрагасынын орун басары Жумагул Сааданбековдун 70 жылдык торколуу жашы куттуу болсун деген тилегибизди айтып коёлу дедик. Ар дайым бакыт кушу башыңыздан кетпей, алатоолук элиңиз менен бирге болуңуз.
"Ала-Тоо ынтымагы" коомунун башкарма
мүчөлүгү жана жалпы мүчөлөрү

Өспүрүм сүрөтчүлөр арасында сынак жарыяланды
Бүгүн Соода-Өнөр жай палатасы Шаңхайда боло турган "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүнө коюлуучу сүрөттөр үчүн жаш өспүрүмдөр арасындагы сынак жарыяланды. Кыргыз экспозициясын даярдоо боюнча жумушчу тобунун жооптуу кызматкери Алия Молдалиеванын айтымында сынакка 12 жашка чейинки өспүрүмдөр катыша алышат. Алардын чыгармалары 3 топко бөлүнөт:
1. "Менин сүйүктүү шаарым" аталышында автордун Бишкек же өзүнүн жашаган шаарын көркөм кооздук менен тартса болот.
2. Келечекте жашаган шаары кандай болушу керек? Анда өзүнүн жеке фантазиялык көз карашы менен сүрөт тартылышы зарыл.
3. "Жашыл шаар". Мында өспүрүм сүрөтчү шаардын экологиялык жактан канчалык таза экендигин чагылдырышы керек.
Жеңүүчүлөрдүн чыгармалары "ЭКСПО-2010" көргөзмөсүндө Кыргызстандын павильонунда коюлуп, анын авторлору дипломдор менен сыйланат.


  Өнөр

Баракелде, Атай!
Тыпылдап идиш жууйт, үй жыйнайт. Тарбиясы жумшак, мүнөзү жеңил, кичи пейил. Мектепте орусча окуп калгандыктан кыргызча жеткиликтүү сүйлөшө албайт.
- Мектепте кандай окуду?
- Мектепте жалаң "5" ке окуду. Уюштуруу иштерине активдүү катышып жүрдү. Спортко кызыгат. Эжейлери азыр да сурап турушат.
- Бийге кызыкканын качан байкадыңыз?
- 10-11-класста окуп жүргөндө бийлеп баштады. Мурда байкеси бийлечү, аны көрүп кызыгып кетти.
- Атайга кандай каалоо айтасыз...
- Өнөрү өсө берсин. Жолдошум каза болуп калып, уулдарымды өзүм тарбиялагам. Балдарыма жакшылыктар көп болсун.
"Баракелдеден" "Даңк мүнөтүнө" чейин жеткен Атай Өмүрзаков тууралуу УТРКнын "Баракелде" долбоорунун автору Элмира Тезекбаева ой бөлүштү.
- Элмира айым, Атай Өмүрзаковдун тушоосу "Баракелде" көрсөтүүсүнөн кесилди эле. Сиз кошкон салымды айта кетпесек болбойт...
- Рахмат. Атайдын "Минута славы" көрсөтүүсүнө чейин барып келиши мен үчүн, кыргыз эли үчүн абдан сыймык болду. Айта кетчү нерсе Атайдын мындай ийгиликке жетишинде кыйынчылыктар болбой койгон жок. Биз Москвага "Баракелде" көрсөтүүсүнүн 50гө жакын талапкеринин дисктерин жибергенбиз. Арасында Атайдын бийи да бар эле. Ал ортодо Атай өзү "Минута
славы" көрсөтүүсүнө дисктерин жекече жөнөтүп жатты. Ошентип кыргызстандык талапкерлердин арасынан Атайдын бийи жактырылып, комиссиядан өтүптүр. Бирок Атай Москвадан чакыруу алганын эч кимге айтпай жүрө бериптир. Бир жума убакыт калганда мага келиптир. Мен алгач тилдедим. Чыйпылыктап демөөрчү издеп баштадык. Атайды сөзсүз жиберүү керек эле. Атайга Жусуп Бакиев атындагы фондго кайрылып көр деп кеңеш бердим. Натыйжада фонд жардам көрсөттү. Өзү билим алып жаткан окуу жайдын жетекчилиги, жердеш агалары демөөрчү болуп, Атай сынакка жөнөп кетти.
- Атай Москвада эфирге чы-гаарда алдынан сюжет кетпедиби, аны кимдер даярдап берди?
- Атай финалга даярданып жүргөндө Москвадан кат келди. Атай тууралуу чакан, кызыктуу сюжет даярдап бергиле деп. Анан биз "Назик" бий тобун чакырып, фонго кыздарды улуттук кийимде бийлетип, кыргыздын желегин желбиретип сюжет даярдадык. Атайдын апасы Караколдо болгондуктан, сюжетке таежесин тартканбыз. Москвага бир нече вариантын жибердик. Кандай сюжет көрсөтүлгөнүн "Минута славыдан" кыргыз эли көрүп олтурду болуш керек.
- Атайдын кийинки чыгармачылык кадамдары сизди да ой-
лонтсо керек...
- Таланттуу балдарга дайым колдоо көрсөтүшүбүз зарыл. Москвага талапкерлердин чыгармаларын жөнөтүп жатканда "Кыргыз балдары өтө таланттуу. Алар да суурулуп чыгыш керек" деп тилек кылгам. Атай келээри менен Президентибиз Курманбек Бакиевге кат жолдодум. Быйыл "Мурас" жылы деп жарыяланды. Кыргыз уулу Атай Өмүрзаковдун ушундай ийгиликке жетиши "Мурас" жылында зор иш болду. Албетте, Курманбек Бакиев мындай саамалыкты эске алат деп ишенем. Атайдын өнөрү дагы да өсө беришин каалайм.
- Сизге рахмат. Ушундай көрсөтүүлөрүңүз менен сыймыктуу уул-кыздарды чыгара бериңиз.
Сахиба Кадырова,
"Кыргыз Туусу"