Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Көзөмөлдөө үчүн көрсөтмөңүз көңүл сыртында калабы?
Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевге
Мен көп жылдар бою транспорт тармагында иштеп келем.
Анын ичинен 1982-жылдан бери Чолпон-Ата шаарынын автостанциясынын директору болгон жалгыз инженер-механик адистигин алган аялмын.
2005-жылы жакшы эле иштеп жаткан жеримден мыйзамсыз кызматтан алынып, ушул мезгилге чейин адилеттүүлүккө жетишүү үчүн отузга жакын сот процесстеринен өттүм.
2005-жылдын октябрь айында жана 2007-жылдын декабрь айында менин кызматтан мыйзамсыз бошотулгандыгым боюнча арызымдын негизинде КРнын Жогорку сотунун арызымды канааттандыруу жана менин кайра кызмат ордума коюлуум жөнүндө чечимдери чыккан. Бирок, ал тиешелүү мекемелер тарабынан аткарылбай келет.
2006-жылы менин арызым боюнча текшерүү жүргүзүү өтүнүчү менен өзүңүзгө да кайрылган элем. Кийин анын жообун сурап барсам, кабылдамаңыздын кызматкери Азиз Сокеев мага өзүңүздүн визаңыз менен арыз тиешелүү адамдарга тапшырылганын, жакында комиссия бара тургандыгын айткан. Бирок эч кандай текшерүү, атүгүл жооп да болгон жок.
1996-жылы менин бул кызматта көп жыл иштегенимди билген ал кездеги Транспорт жана коммуникациялар министри Чолпон-Ата автостанциясы менчиктештириле тургандыгын билдирген, бирок ал ар кандай жолдор менен создуктурулуп келди.
Азыр автостанциянын мүлкү менчиктештирилип жатканын мага айтышты. 47 жыл транспорт тармагында жүрсөм да мага эч үлүш тийбей калабы? Дегеле сиздин көзөмөлгө алган тапшырмаңыз көңүл сыртында калабы?
Мариза КУЛМАЕВА,
Ысык-Көл району, Боз-Тери айылы


Борбордук агенттиктин кредитине зарбыз
Быйыл январь айында КРнын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин (ӨИИБА) жетекчиси Максим Бакиевдин жалпысынан республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинен өнөр жайына, айыл чарбасына, мал чарбасын асылдандырууга, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө, дыйкандар менен фермерлерди, айыл чарба кооперативдерин, лизинг компанияларын колдоого жылдык 24 пайыз үстөгү менен 10 жылдык мөөнөттөгү кредиттер бериле тургандыгы боюнча жасаган билдирүүсү мага окшогондорду абдан кубандырды. Мүмкүн эми көп жылдан бери чечилбей келе жаткан, проблемалар чечилип калаттыр...

Мурдагы бийлик убагында кредиттер 28-52 пайыз үстөктөр менен берилүүчү. Бул карапайым элди кыйноо менен тете эле. Анткени элеттиктердин көпчүлүгү ал кредиттерди алып, аягында кайтара алышпай, көбү күрөөгө коюлган там-ташынан ажырашты. Эми ӨИИБА берген кредиттер ошондой болуп калбаса экен.
Менин оюм боюнча Россия Федерациясынан бизге жардам катары берилген 300 миллион долларлык кредиттен бизге окшогон карапайым адамдарга үстөк пайызын 10 пайызга чейин кылып, 10-15 жылдык мөөнөт менен күрөөсүз беришсе жакшы болмок.
Мындай кредиттердин зарылчы-лыгын өзүмдүн мисалымда түшүндүрөйүн. Биз 1998-жылы Чаткал районунда 39 мүчөсү бар "Ай-Көл" айыл чарба ассоциациясын түзгөнбүз. Анан анын атынан кредиттерди, гранттарды алууга 2,5 миллион сом суммадагы бизнес-долбоорлорду түзүп, 2005-жылга чейин КРнын Президентине, Өкмөткө, тиешелүү министрликтерге, атүгүл Жогорку Кеңешке да кайрылып келдик. Майнап чыккан жок, жада калса ынандырган жоопторду да албадык.
2003-жылы "Ай-Көл" айыл чарба кооперативинин 7 мүчөсү кооперативди кайра уюштуруп, облустук юстиция башкармалыгынан кайра каттоодон өттүк. 2006-жылы 3 миллион 865 600 сом суммадагы бизнес-долбоорлорду түзүп, кайрадан Президентке, Өкмөткө, Финансы жана Айыл чарба министрликтерине кайрылдык. Техникалык сервис, лизинг компанияларын уюштуруу 2008-2011-жылдардагы районду өнүктүрүү программасына киргизилгендиги жөнүндө гана тил эмизген жооп алдык.
Биздин кооперативге 5 миллион сом суммада кредит берилсе, 1 эгин оруучу комбайн, бардык шаймандары менен 1 "Беларусь" маркасындагы трактор, 1 ГАЗ маркасындагы жүк ташуучу автомобиль жана башка айыл чарба техникаларын сатып алып, ишибизди улантып кетмек элек. Бул боюнча кайрылуумду кайрадан Президентке, КРнын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигине, Өкмөткө, Жогорку Кеңештин депутаты А. Турсун-
баевге, Айыл чарба министрине каттарды жөнөтүп отурам.
Биздин өтүнүч орундалса, алыскы Чаткал районунун өнүгүшүнө өз салымыбызды кошкон болот элек.
Токторунбет МЫРЗАЛИЕВ,
"Ай-Көл" айыл чарба
кооперативинин төрагасы,
Чаткал району




Бала бакчаларда орун талаш
Кайра эле айланып келип, союздун учурундагы кененчилик эске түшөт. Ал мезгилде бала бакчалар, ж.б.у.с. көп нерселер тууралуу проблемалар жок болчу. Туура, ал жакшы кененчилик заман бир келип, бир кетти. Ал кездеги болгон бардык жакшы нерселерди азыркы жаштарга айтып берсек, алар үчүн кадимки жомоктогудай сезилет.

Мына, азыр
Бишкекте же-ке менчик бала бакчаларды кошпогондо, бар болгону 67 эле бала бакча бар экен. Айрымдары балдардын ырыскысын талашкан ачкөз адамдар тарабынан таланып-тонолуп кеткен. Миллионго жакын калк жашаган бишкектиктер үчүн бул өтө эле аздык кылат.
Мисалы, балдарды бала бакчага орноштуруу үчүн 5-6 айлап же жылдап кезекке туруу керек. Ар бир бала бакчада азыр 80-90го жакын бала тарбияланып, андан ашыкча алууга мүмкүнчүлүк болбой жатканы айтпаса деле түшүнүктүү. Борбор шаарыбызда бала бакчалардын жетишсиздиги коррупцияга жол ачкандай болууда. Бирок, бала бакчалардын аз болгондугуна карабай, мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоочу элге билим берүү мекемелердин жетекчиси Сабина Сарымсакова өз ишине абийирдүүлүк менен сылык мамиле жасап, ар кандай суроолор менен келишкендерди ка-нааттандырып иштеп келе жатат. Мындайча айтканда бара-бара балдарды бала бакчага орноштуруп киргизүүнүн өзү балдарды жогорку окуу жайларга орноштургандан кыйын болуп баратат. Айтайын дегеним, борбор шаарыбызда, ошондой эле республиканын бардык региондорунда биздин өсүп келаткан муундарыбыз үчүн Өкмөттөгүлөр кичине тынчсызданып, жаңыдан эле турмуш куруп, иштейм деп турган жаш балалуу ата-энелерге жардам кылып, бала бакчаларды көбөйтүп койсо жакшы болот эле.
А.УМАРОВ,
Бишкек шаары








кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
12-март, 2010-ж.:
1-бет
Баракелде, Атай!
2-бет
Көзөмөлдөө үчүн көрсөтмөңүз көңүл сыртында калабы?
3-бет
Аймактардагы мамлекеттик түзүмдөр реформаланат
4-бет
Кыргызстан Афганистандагы абалдын жөнгө
салынышына кызыкдар

5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Өлкөнү өнүктүрүүгө -жаңыча мамиле
7-бет
Ырыс алды - ынтымак
10-бет
Калыгулдай калыс бол,
Кыргыз элине намыс бол

11-бет
Кыргыз тарыхчысы
Осмонаалы Сыдык уулунун
135 жылдыгына карата
Бейити Текесте, эмгеги эллине жетпеген тарыхчы

12-бет
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
ректору, профессор Нур уулу Досбол:
Кыргыз улуттук университетинин жаңылануу жылы

13-бет
Американы Американы сүкүткө салган Манасчы
15-бет
Өспүрүмдөрдүн ден соолугу коркунучта
16-бет
Кыргыз улуттук университетинин
жаңылануу жылы

17-бет
Азыр Айтматов менен Жигитов баркталбай жатпайбы
Асыл касиеттер түбөлүк жашайт

18-бет
Кыргызстанда биринчи жолу!..
19-бет
"Кумтөрдө" бардык маалымат ачык
20-бет
"Кумтөр Оперейтинг Компани":
2009-жылдын жана
IV кварталдын жыйынтыктары

21-бет
Башка окуялар
22-бет
Жумагул Сааданбеков 70 жашта





Яндекс.Метрика