Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
ректору, профессор Нур уулу Досбол:
Кыргыз улуттук университетинин жаңылануу жылы
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети 80 жылга чамалап калган тарыхы бар, жогорку окуу жайларыбыздын флагманы. Тилекке каршы, айрым ички келишпестиктердин айынан соңку жылдардын ичинде бул университеттин баркы коомчулук арасында кыйла солгундай түшкөндүгү элге-журтка
маалым эмеспи.
Бирок, бүгүнкү күндө жагдай жакшы жагына оңолууда десе болот. Апта сайын окуу жайдын ар бир структуралык түзүмүнүн жетекчилери менен өткөрүлгөн өндүрүштүк
жыйында чыр-чатак, көйгөйлөр эмес, окуу процессин уюштуруу, анын сапатын жогорулатуу, окуу жайдын кадыр-баркын көтөрүү боюнча гана маселелер талкууланат. Учурда көңүл борборунда башкы бир гана маселе турат, ал университетте окуп, билим алып жаткан жаштарга келечектин татыктуу ээлери болушу үчүн заманбап шартты түзүп берүү.
Кандай гана жамаат болбосун, анын иштөөсү, ички ынтымагы жетекчиге жараша болот эмеспи. КУУнун ректору, профессор Нур уулу Досболдун бул университетке башчы болуп келгенине 6-мартта туура 100 күн болду. 24 миңден ашуун студенти, 1,5 миң профессор, окутуучусу бар мындай чоң мекеменин ишин уюштуруу үчүн бул, албетте, абдан кыска мөөнөт. Бирок, ошондой болсо дагы, Кыргыз улуттук университетинин учурдагы абалы, келечекке коюп жаткан иш-максаттары тууралуу ой бөлүшүүсүн өтүнүп, Досбол Нуровичти кепке тарттык.

- Досбол Нурович, былтыркы жылдын ноябрь айында мамлекет башчысынын Жарлыгы менен Сиз бул окуу жайына ректор болуп дайындалып келдиңиз эле. Андан бери мына алгачкы 100 күн өтүптүр... Адегенде ишти эмнеден баштадыңыз?
- Рахмат. Сиздин сурооңузга жооп берээр алдында мен алгач университетибиздин жалпы жамаатына ыраазычылык билдиргим келет. Себеби, алардын колдоосу, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, чыныгы команда болуп иштөө ниети мага чоң дем болууда.
Албетте, биринчи күндөр жамаат, окуу имараттарынын абалы менен таанышууга кетти. Дээрлик бардык институттардын, факультеттердин жана кафедралардын башчылары менен жолугушууларды өткөрүп, алардын өтүнүч-көйгөйлөрүн, сунуш-пикирлерин уктум. Мындан тышкары, окуу корпустарын, жатаканаларды кыдырып, студенттерибиз тамактанып, эс алган, жуунуп-таранган жайларына чейин барып, абал менен жеринен таанышып чыктым. Ал эми студенттик актив менен болгон жолугушууларыбызды мындан ары салтка айландырып, квартал сайын өткөрүп турууну чечтик.
- Абал кандай экен?
- Мен өзүм ушул университетти бүткөм. Кийин бир учурда сабак да берип калдым. Бул жолу жетекчи катары таанышып чыкканымда, көп эле мүчүлүштүктөр бар экенин, ректорлор улам алмаша берип, жамаат да бир топ чарчап, көңүлү суз болуп турганын көрдүм. Кыскасы, мен билген университеттин аты бар, бирок заты бир топ майдаланып калгандыгы мени абдан кейитти.
- Сиздердин иш үзгүлтүксүз процесс болгондуктан, кыр-
даалды оңдош үчүн тез жана конкреттүү чаралар талап кылынып жаткандыр...
- Туура.Ошондуктан биз азыр университеттин өнүгүүсүнүн жылдын аягына чейин эсептелген кыска мөөнөттүү жана алдыдагы үч жылга деген орто мөөнөттүү программаларын тактап бүтөлү деп калдык. Бул программаларды түзүүдө биз алгач структуралык түзүмдөрдүн, тагыраак айтканда, университеттин курамындагы институт, борбор жана факультеттердин пикирин билип, аларды жалпылап, ар биринин өзгөчөлүгүн, өнүгүү сунуштарын эске алып жатабыз. Албетте, программалар кабыл алынганча иш токтоп калган жок. Ар аптанын алгачкы күнү структуралардын жетекчилери менен өндүрүштүк жыйын өткөрүүдөн башталат. Окумуштуулар кеңешинин жыйындары ай
сайын өтүп жатат. Ал эми проректорлор менен болгон кеңешмелерибиз ишемби сайын эс алуу күнү экенине карабастан тынбай өтүп келет. Бул жыйындарда өткөн жумадагы иштин жыйынтыгы, келерки жуманын милдеттери талкууланып, кандай маселе көтөрүлсө, анын чечилиши кийин биз тараптан катуу көзөмөлгө алынууда.
- Азыркы учурдагы билим берүү мекемелеринин ортосунда болгон атаандаштык окутуунун сапатын көтөрүү боюнча жаңы талаптарды жаратууда. Алардын бири - окутуучулардын айлык акысын татыктуу деңгээлге жеткирүү болсо керек...
- Ооба, бул бир жагы. Мындан тышкары, эң негизгиси, материалдык-техникалык базанын учур талабына жооп берээрлик болушу да зарыл.
Студенттин окуу процессине болгон оң жана чыгармачыл мамилесин калыптандыруу да негизги маселелерден. Студент эптеп диплом алуу үчүн эмес, чыныгы профес-
сионал болуу максатын алдына коюушу зарыл.
Мына, биз азыр кышкы сессиянын жыйынтыктарын чыгарып, карап жатабыз. Чынын айтсам, ич жылытарлык эмес. Студенттердин сабакка катышып, экзаменге келүүсү 100 пайызга жетпейт. Көбү канааттандырарлык же жетишээрлик баа албай калышты.
Өзүңүз карап көрсөңүз, биздеги илимдин доктору, профессордун айлык акысынын бир ставкасы үчүн бюджеттен 2 565 сом бөлүнөт. Эптеп акча алыш үчүн профессор-окутуучуларыбыздын көпчүлүгү 1,75 жана 2-2,5га чейинки ставка менен иштээри аныкталды. Анан кантип булар сапаттуу билим берүүгө жетише алышат? Илимий иштери боюнча сөз да болууга мүмкүн эмес.
Дагы бир мисал. Бир ай бою каржы, эсеп-кысап боюнча адистерибиз менен чогуу бир жыл ичинде бир студентти окутуунун чыныгы баасы канча болоорун эсептеп чыктык. Лицензиялык талаптардын бардыгына минималдык деңгээлде жооп бериш үчүн 1 жыл ичинде, мисалы, биология факультетинде 1 студентти окутууга кеткен каражат 119 миң 218 сомду түзүшү керек экен. Ал эми иш жүзүндө болсо бюджетте окугандардыкы 12-13 миң, контракттагылардыкы 15 миң сомдон эле айланууда. Бул көрсөткүчтөр көп нерседен кабар берип турат.Демек, биз студентти толук кандуу эмес, болгону 12-13%га эле окуткан болуп жатпайбызбы. Негизи, мындай болбошу керек. Профессор-окутуучулардын бүгүнкү материалдык, моралдык абалын көрүп туруп жүрөк ооруйт. Илим, билим берүүнүн "Генералдары" болуп туруп, алган бир айлыгы жашоонун эң төмөнкү деңгээлине жетпей жатса...
Бүгүнкү күндүн дагы бир маселеси - студенттерибиздин саны нормадан ашык. Мындан ары биз сандан сапатка өтүшүбүз керек. Ал үчүн университеттин окуу базасына ылайык, чектелүү гана сандагы студенттерди кабыл алып, бирок окуунун акысын жогорулатуудан башка жол жок. Ошондуктан, өлкө жетекчилигине, өкмөткө, министрликке кайрылып, контракттык негизде окутуу акысынын төмөнкү чегин жок дегенде 25 миңге чейин көтөрүп беришсе, көп маселелер чечилет эле деп жатабыз.
Айлык маселеси боюнча дагы бир кошумча. Мына, мен келгенде тазалап-жыйноочу кызматкерлерибиздин айлык акысы болгону 1800 сом экен. Алгач алардын маянасын 35 пайызга көтөрө алдык. Дагы көтөрөбүз.
- Досбол Нурович, контракттык негизде окутуу акысынын төмөнкү чегин 25 миңге чейин көтөрүп беришсе дедиңиз, андай болгондо сиздерге келип окууну каалаган жаштардын саны азая түшөт деп чочулабайсыздарбы?
- Сапаттуу билим эч убакта арзан болгон эмес. Азыр жогорку окуу жайы эмес, шаарда бала бакчаларда бир жылдын акысы 1 миң доллардан ашып жатат. А эмне үчүн университетте окуу болгону 10-15 миң сомдун тегерегинде гана болушу керек!?
- Демек, эгерде сиздердин сунуш өкмөттөн колдоого ээ болуп, оңунан чечилип калса, контракттын баасы кыйла жогорулап кетет турбайбы. Мындай кадамыңыздар ата-энелердин, студенттердин арасында нааразычылыкты пайда кылбайбы?
- Жок. Андай болбойт. Биз студентти кабыл алып жатканда ар бири менен келишим түзөбүз да. Азыркы окуп жаткандар кандай шарт менен кабыл алынса, ошол эле шарт менен окуусун аяктайт. Ал эми жаңы тартип келишимдер өзгөртүлгөндөн кийин гана күчүнө кирет. Кыскасын айтканда, эгерде сунушубуз колдоо тапса, жаңы кабыл алынган студенттер жаңыча шартта окуй башташат.
Кеп, окуу акысынын жогорулашында эмес, баарыбыз күрөшүп, бирок жеңе албай жаткан коррупцияга бөгөт коюуда. Эгер биз профессор-окутуучуларга жетишерлик айлык акы төлөп берсек, анда алар студенттердин чөнтөгүнө көз артпайт эле. А болбосо, биз төлөп бере албаган акчаны окутуучуларыбыз студенттердин эсебинен толуктап ала берүүсүн токтото албайбыз.
Мамлекеттик заказ системасы да айрым өзгөрүүлөргө муктаж. Менимче, бүгүнкү күндө биздин республикага эң керектүү үч кесиптеги адистерди: мугалим, дарыгер жана мал доктурларды (оорунун 80%ы малдан жугууда) даярдоо үчүн мамлекеттик заказ керек. Квота ар бир айыл өкмөтүнө берилип, каржылоо банк аркылуу жүргүзүлсө, окуу жайларга кирүү мезгилиндеги коррупциялык көрүнүштөргө да бөгөт коюлмак. Себеби, мамлекеттин эсебинен окууга укук ала турган балдарын айыл тургундары өзүлөрү тандап жиберсе, кийин алардын кайрадан ошол туулган айылына барып иштөөсүнө кепилдик болмок.
- Сапаттуу билим берүүнүн негизги талаптарынын бири катары Сиз жогоруда материалдык-техникалык базаны айттыңыз. Деги эле, окуу жайдын компьютерлер менен камсыз болуусу кандай абалда?
- Лицензиялык талап боюнча, 12 студентке бир компьютер болушу керек. А бизде азыр 30-35 балага бир компьютер туура келет экен. Ошондуктан, бул маселени тез арада чечүүгө аракет жасап, мына жакында тендер жарыяладык. Буюрса, тендердин биринчи этабында үч жүзгө жакын компьютер сатып алабыз, 7-8 жаңы компьютердик класс ачабыз деп тилек кылып турабыз.
Дагы бир жаңылык - окуу жайдын ата-энелер менен болгон байланышын түзүүнү пландаштыруудабыз. Прокси-карт деп аталган жаңы техникалык каражат студенттин окуу имаратына киргенден тартып, анын бардык кыймыл-аракетин, кайсы жакта жүргөнүн навигациялык жол менен көрсөтүп турат. Ал эми студент сабакка келбей калса, автоматтык түрдө ата-энесине СМС менен уюлдук телефонуна кабар берилет. Көзөмөлдөөнүн мындай жолун жөнгө салып алсак, студенттердин жоопкерчилиги жогорулап, жыйынтыгында билим алуу боюнча көрсөткүчтөрүбүз да кыйла жакшырат деп ишенем. Бирок, албетте, мунун бардыгы каражатыбызга жараша чечилет.
- Жакында сиздердин университет Казакстандын бирден-бир белдүү, атактуу делген Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университети менен кызматташуу боюнча документке кол койгонун билебиз. Келишимдин негизги максаты эмнеде?
- Ооба, быйылкы окуу жыл КУУ үчүн ушундай ири окуя менен башталып жатканы бизди, албетте, кубандырбай койбойт. Астана шаарынан ЕУУнун ректору, профессор Абдраим Бахытжан Жарылкасын уулу жетектеген расмий делегацияны тостук. Бул университет да бизге окшоп, мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндөгү окуу жай болуп эсептелет.






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
12-март, 2010-ж.:
1-бет
Баракелде, Атай!
2-бет
Көзөмөлдөө үчүн көрсөтмөңүз көңүл сыртында калабы?
3-бет
Аймактардагы мамлекеттик түзүмдөр реформаланат
4-бет
Кыргызстан Афганистандагы абалдын жөнгө
салынышына кызыкдар

5-бет
Ата Журт алкагында
6-бет
Өлкөнү өнүктүрүүгө -жаңыча мамиле
7-бет
Ырыс алды - ынтымак
10-бет
Калыгулдай калыс бол,
Кыргыз элине намыс бол

11-бет
Кыргыз тарыхчысы
Осмонаалы Сыдык уулунун
135 жылдыгына карата
Бейити Текесте, эмгеги эллине жетпеген тарыхчы

12-бет
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин
ректору, профессор Нур уулу Досбол:
Кыргыз улуттук университетинин жаңылануу жылы

13-бет
Американы Американы сүкүткө салган Манасчы
15-бет
Өспүрүмдөрдүн ден соолугу коркунучта
16-бет
Кыргыз улуттук университетинин
жаңылануу жылы

17-бет
Азыр Айтматов менен Жигитов баркталбай жатпайбы
Асыл касиеттер түбөлүк жашайт

18-бет
Кыргызстанда биринчи жолу!..
19-бет
"Кумтөрдө" бардык маалымат ачык
20-бет
"Кумтөр Оперейтинг Компани":
2009-жылдын жана
IV кварталдын жыйынтыктары

21-бет
Башка окуялар
22-бет
Жумагул Сааданбеков 70 жашта





Яндекс.Метрика