12.03.10
  Калыгулдай калыс бол,
Кыргыз элине намыс бол

Ормон хан жана Калыгул
(Башталышы өткөн санда)
- Малың турса чачылып,
Мартабасы кең дүйнө.
Жаның турса ачыгып,
Мазасы жок көр дүйнө.
Көзү барга нур дүйнө,
Көзү жокко кур дүйнө.
Жансыз темир таш калып,
Жаныңды алган шум дүйнө.
Бар чагыңда жыйнатып,
Баарын, алган бул дүйнө.
Куу дүйнө,
Шум дүйнө,
Сур дүйнө!
Дүйнө бирде этин,
Бирде бетин көрсөтөт! -
деп Калыгул күңгүрөнгөн экен.

Алтындуу ээр атка бап,
Атка тынчы жок болсо,
Алтынын алып отко жак!
Акылдуу тууган болбосо,
Акырын айтып жатка жак!

Улугуң ойчул болбосо,
Убайым жеген эл карып.
Ак куусу көлгө конбосо,
Айдың чалкар көл карып -
деп дагы күңгүрөнгөн экен.

Арадан далай мезгил өтөр,
Адам каалабаган кез да жетер.
Кызыл-кызыл кыялар,
Кыргый талга уялар.
Такыясын колго алып,
Кыз жигитти кубалар.
Ал заман келет
Акыр замандын баласы,
Тапан чыккан тар заман келет.
Ээ, чиркин дүйнө?!
Адам бирин-бири жектеген
Зар заман келет.
Ал заманда ата-энеге ырайымсыз,
Таш боор, мерез адам келет.

Ээй, чиркин дүйнө?
Адам минтип, бирин-бири жектеп
Кырылышып отурса,
Аягы жаман болоор,
Калабалуу заман болор.
От чыкпай жер такыр болоор,
Ал заман алыс эмес, жакын болоор.
Корооң бош болоор,
Өз тууганың кас болоор.
Мингениң жыгач ат болоор,
Кылганың касам ант болоор,
Уй пул болоор,
Кул бий болоор,
Тоо токол болоор,
Токол байбиче болоор.
Аяккы адам баш болоор,
Баш адам пас болоор,
Ушундай кызык иш болоор -
деп Калыгул, оң ийнине кылчайып, айтып берчүлөрү менен сүйлөшкөнсүп, башын ийкеп дагы бир топко күңгүрөнгөн экен.
Этеги жок, жеңи жок кийим чыгаар,
Эң кийинки баласы кыйын чыгаар.
Акча кагаз пул болуп тыйын чыгаар,
Айылын жоодой аңдыган жыйын чыгаар.
Этек-жеңи чолоюп чапан чыгаар,
Атасынан баласы тапан чыгаар.
Эки башын кайкайтып кайык чыгаар,
Эримди өзүм бийлейм деп зайып чыгаар.
- Ээй, чиркин дүйнө?! - Ийинден тына күрсүндү Калыгул: "- Акыр заман адамы бакыл болот деп уккам. Эгини өнүп, чөп чыкпай такыр болот деп уккам. Акыр заман адамы алым болот деп уккам. Аят сөзүн бек тутпай залим болот деп уккам. Ээй чиркин дүйнө, ошондой болот деп уккам".
Бул жогорудагылар Калыгул Бай уулунун нускалап айткан кептеринин сүртүмдөрү. Дагы далайлары эл арасында айтылып жүрөт. Калыгул олуя атабыздын нускалары муундан-муунга өтүп бизге сабак болоор.




Узакбай Абдукаимовдун
100 жылдыгына карата
Кыргыз романынын классикалык үлгүсү
(Башталышы өткөн санда)
Кат романда жанрдык кандай функцияларды аткарат?
Демек, кат жанрга таандык төмөнкү көркөм функция-
ларды түздөн-түз аткарат:
1. Мезгил-мейкиндикти байланыштырат
Романдын мезгил-мейкиндигинин (хронотоп) ортосундагы байланышты камсыз кылууда негизги ролду ойногон. Майдандагы абал - согуш алааматынын аймагы улам кеңейип, улам жаңы шаар-кыштакты өрт каптагандай капташы менен романдын да мейкиндиги чоңоюп, анын баары кат аркылуу оорукка кабарланат. Каттын кандай гана түрүндө болбосун (Кыдырбектин Берметке, Качыкенин Апсаматка жазган, же согуштук беттешүүдө денеси талкаланган Тургамбайдын өзү жазууга алы келбей башка бирөөлөргө жаздырган каты болсун, келген катты окууга убакыт жок, же баштаган катты аягына чыга албай майданга кирген жоокерлердин абалы сүрөттөлсүн, тылдагы бейтааныш окуучу кыздын Качыкеге жазган жалындуу каты болсун согуштун ар кандай оор кырдаалдарынын элесин, демек мезгилдин опурталдуулугун көз алдыга келтирет. Ошол эле учурда, ушундай оор мезгилди багынткан адам рухунун күчү, Мекен үчүн улуу-кичүүнү бир максатка бириктирген Мезгил сыноосу жогорку көркөмдүктө сүрөттөлөт. Буга окуучу кыз Кларанын кичинекей белеги (махорка, кант, печенье, кол аарчы) менен кошо келген каты күбө: "Ардактуу жоокер аба! Сиз биздин ырысыбыз үчүн күрөшүп жатасыз. Балким мендей кызыңыз да бардыр. Душманды жеңип, аман-эсен үйгө кайтышыңызды тилеймин" - деп, жазган үчүнчү класстын секелек кызынын каттагы ак тилеги, андагы жөнөкөй сөздүн керемет күчү Качыкенин көзүнө жаш тегеретип, санаасын санга бөлүп, "чарк айлантып турду". Мезгил, согуш апаатына каршы турган эл ынтымагынын үлгүсүндөй болгон катты кайра-кайра окуп, Кларанын наристе жытындай каттагы жылуу сөзү менен белекке жиберген махоркасынан бирди тартып, адам сезимин дүүлүктүргөн эки нерсеге (жылуу сөз жана махорка) мас болуп турганда, аялынын заар катын окуп, жаркып турган көңүлүнө бир заматта кайра тополоң түшүп жаны сыздап кетет. Бир эле мезгилде Мекен тагдыры менен Качыкенин жеке тагдыры, эл кайгысы менен анын жеке трагедиясы жуурулушуп, кыйын кезеңдеги түркүн адамдардын түркүн жүзү көз алдыга элестей түшөт. Бир эле шаардын бир тарабында жашап, 3-класста окуган кичинекей кыз гүл жытындай үлбүрөгөн ак тилегин кат аркылуу жиберүү аркылуу жоокерге рухий азык тартуулап, колунан келишинче душман менен "күрөшүп" жатса, анын экинчи тарабында ооз жүзүндө мекенчилдик тууралуу жалындуу сөздөрдү сүйлөп, иш жүзүндө Асылкандай сулуунун колунан шампан ичип, жеке мансабына корголоп, кара жанын багып, бирок Качыкени "ары жок, жылаңач баатыр" кейпинде шылдыңдап олтурган Апсаматтын "маскасы" да кат аркылуу баян болот. Согуш азабынан жаш калган жесирлердин көз жашы, ачкачылык, тылдагы түркүн тагдырлар каттарда реалдуу сүрөттөлөт. Анткени эпистолярдык жанрдын табияты жеке адамдардын гана жан-дүйнөсүн чагылдырбастан, бүтүндөй бир доордун интеллигенциясынын рухий калыптануусун чагылдырууга жөндөмдүү келет. Эпистоляриянын ушул мүмкүндүгүн пайдаланып жазуучу "Майдан" романында кат аркылуу 40-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын бир муунунун рухий дүйнөсүн чагылдырууга жетишкен. Кат мезгил-мейкиндиктин татаал диалектикасынан турган көп катмарлуулукту, көп тилдүүлүктү камсыз кылган.
2. Драма психологиялуулукту терең ачып берет
Автордун дүйнөлүк адабиятты терең билген жогорку
интеллектуалдык деңгээли кат аркылуу романда психологизмди, драматизмди берүүгө да мыкты өбөлгө түзгөн. Эпистолярия өзүнүн жаралуу тарыхын, өнүгүү масштабын адегенде интимдик аял-эркек байланышын чагылдыруучу кат формасындагы сүйүү романдары аркылуу кеңейткени белгилүү. Ошондуктан чыгарманын сюжети бой жетип, ажары тиктегенди арбап турган студентка Берметке Кыдырбектин ашыктык каттарынын изин кууп келиши менен башталганы да бекеринен эмес. Бирок автор катты ашыктык баяны катары эле колдонгон эмес. Зирек жазуучу каттын сыр катуучу функциясы аркылуу адамдын жан дүйнөсүнүнүн эң бир татаал, эң бир асыл, ошол эле учурда анткор, өзүмчүл миң түрлүү сырларын ачыкка чыгарат. Сүйүүнүн адам баласына таандык кудурет-күчү кыз назына керилген Берметтин, жигиттик шоктугу жаш денесине сыйбай "жинди" атка кондурган Кыдырбектин дымагын өчүрүп, эркин сындырып, сезим отуна алоолонто күйгүзүп, аларды психологиялык жактан кайра жаратат. Ашыктык каттардын жеке сюжети романдын жалпы сюжети менен жарыша өнүгүп, жарыша өөрчүп, ал эмес өз ара атаандашып тургандай. Бир жыл бою каттын жообун ала албай сүйүү тагдыры эки жашка белгисиз болуп турганда, согуш алааматындагы Мекен тагдыры да белгисиз, ал эми майданда согуш өртү өчпөөчүдөй тутанып, кан күйгөн кыргын болуп жатканда ашыктар да сүйүү отуна күйүп-жанып жатканын автор мындайча сүрөттөйт: "Кыдырбек калчылдаган колдору менен конвертти жыртты да, баштап окугандан эле "Кыдырбегим" дегенди окуду. Каттын аягына чыкканча бүткөн бою чымырап, от менен жалын болуп ысып-күйүп, кыпкызыл болуп чыңалып, кара терге түштү. Бетинен тер да, жаш да шорголоп, өмүрүндө биринчи ирет, бой тартып чоңойгону биринчи ирет ыйлап турду.
Экөөнүн тең көз жашы төгүлгөн бул кат менен Берметтен башка көзүнө эчтеме көрүнбөй, мас болуп турган Кыдырбек палатадан чыгып, коридордон басып келип аң-таң болуп, эси чыгып тиктеп тургандарды туйган да жок". Жазуучунун жогорку интеллектуалдык маданияты ушунда, ашыктардын башкаларга кол жеткис, өздөрүнө гана таандык каттагы аялуу сөздөрүн ачык айтпай, аны окугандагы эпистолдун психологиялык абалын чебер сүрөттөгөнүндө.
Жазуучу каттын текстин интимден сырткары учурда же эпистоляриянын жеке адамдар ортосунда эмес анын коомдук функциясын тааныган учурда гана жарыя айтат. Мындай каттарда мекенди сүйүүнүн, ага кызмат кылуунун жалындуу илеби бар: "Кыдырбек, жиндим! Сен эмне менин тагдырым Ата мекендин тагдыры менен байланган, өзүмдүн да эмне болорумду билбейм дейсиң? Сенин тагдырың, Ата мекендин тагдыры калтыс болуп турабы? Ушул каргашада биз жыгылсак баарыбыздын тагдырыбыз бир чечилип, баарыбыздын үмүт, тилегибиз бир кесилгени жатпайбы? Сенин чочуганың туура. Сен келечекти терең ойлойт экенсиң. Мен болсо сени баякы эле "жинди Кыдырбек" деп жүрүптүрмүн". Ушундай Мекен менен адам байланышы жөнүндө эң асыл баалуулукту баштан кечирип, сар-санаага батып олтуруп, Бермет Кыдырбекке "мен сеники" деген катын жазат.
3. Инсандын драмалуулугун чагылдырат
Ал эми романдагы драматизм адашып курулган үй-
бүлө драмасы Качыке менен Чынаркандын каттарында күзгүдөй чагылдырылган. Чынаркандын бир эле мезгилде күйөөсүн аялдык амалы менен жалбара бооруна тартып, кайра аны каарып-какшыган кубулма каттары Качыкени конвертти ачуудан жүрөкзаада кылып жан-дүйнөсүн дүрбөлөңгө салат. Кээде мындай эки түрдүү каттар бир күндө келип, Качыкени азапка чалчу. Ушундай азаптуу турмушка чайналган каармандын бири - байкуш, тартынчаак, жүүнү бош, экинчиси - интеллектуал, келечекке умтулган эки Качыке боло калганы да бекеринен эмес. Мына ушул "эки Качыкенин" ортосундагы драмалык күрөш романдагы драматизмди тереңдеткен.
Качыкеге зайыбы Чынаркандан, "көчө досторунан", тааныштарынан келген миң түрдүү каттардан башка да ар түрдүү улут өкүлдөрүнөн келген Сашанын, Люсянын, Суворов, Саякбаев, Сафроновдун каттары анын "кайра жаралышына" түрткү болот. Убагында катка кул болгондой, тили заар, кара мүртөз аялдын колунда калган жалгыз чүрпөсү үчүн Чынарканга аргасыз жалынган каттарды жазчу, аялынын өзүнө жазган адамдык наркын тебелеген кемсинтүү каттарынан кийин ооруп калчу, ал эмес ошол жүрөк эзген заар тилдүү каттардан кийин ойлонуп баратып, аскердик басыктан өтө албай элге шерменде болгон Качыкени кийинчерээк согуштук кырдаал улам өзгөртүп олтурат.