02.03.10
  Ынтымак Курултайын утурлап

Ата Журттун аурасы агарсын
Адам ресурстарынын, интеллектуалдык ресурстун тышка агуусу күчөдү, Өлкөнүн эл аралык гана эмес, ички имиджине, мекенчилдик сезимге доо кетти. Адамдардын бейпилдиги бузулду, психологиялык травма алып жатышты. Парламент элге керектүү мыйзамдарды кабыл алуунун ордуна, керексиз маселелерди көтөрүп, депутаттар, чиновниктер, саясатчылар, а түгүл коомдук ишмерлер өздөрүнүн интеллектуалдык энергиясын өлкөнүн өнүгүүсү үчүн сарптоонун ордуна, жеке амбицияларын канааттандырууга жумшап жатышты.

Биримдикке доо кетирүүчү көрүнүштөр кайсылар?
Жогоруда кеп кылган мамлекеттин, өлкөнүн, элдин биримдигине доо кетирчү антипод элементтерди санап өтөлү. Алар төмөнкүлөр:
Биринчи. Өлкөнүн региондорго бөлүнүп, ыдырашы, ре-
гионализм. Кыргызстандын шартында бул - түндүк-түштүк маселеси. Түндүк-түштүк маселеси чынында географиялык гана масе-
ле. Бул азыр эле чыгып калган
жери жок. Кыргыздын алгачкы тарыхчысы Белек Солтоноевдин "Кызыл кыргыз тарыхы" деген китебинде XVI-XIX кылымдарда Та-
лас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын чөлкөмдөрүндө туруктаган кыргыздардын Фергана өрөөнүндөгү кыргыздар менен болгон катышы тоо шартына карата азыраак болуп, географиялык жактан ички-ферганалык же анжияндык кыргыздар, аркалык кыргыздар болуп бөлүнүп калгандыгынан кабар берет. Кийин совет доорунда Пишпек шаары (кийин Фрунзе, кайра Бишкек) борбор калаа болуп, саясый бийликте көбүнчө түндүк кыргыз өкүлдөрү туруп калгандыгы аларда түштүк кыргыздарына карата кайсы бир деңгээлдеги "артыкчылыкты" туюндурган мамилелерин калыптандыра баштаган. Бул психология айрыкча 60-80-жылдардагы, кийинчерээк эгемендүү мезгилиндеги 2005-жылга чейинки кадр саясатына байланыштуу күчөп кеткен. Так ушул психология саясый жараяндын курч мезгилинде (мисалы 2005-2007-жылдарда) мезгил-мезгили менен саясатчылардын өздөрүнүн аракетинин негизинде көбүртүп-жабыртылып келди. Бул маселе күнүмдүк турмушта кыргыз коомчулугунда көпкө чейин боло бериши мүмкүн. Бирок, туура кадрдык, регионалдык саясаттын натыйжасында келечекте жоюлуучу нерсе. Ошол эле учурда түндүк-түштүк маселеси саясый жашоонун айрым бир урунттуу учурларында жасалма жол менен күчөтүү аркылуу мамлекеттин биримдигине олуттуу зыян алып келүүсү мүмкүн.
Өлкө калкынын уруулук кландарга бөлүнүшү, башкача айтканда уруучулук (трайбализм). Бул фактор түндүк-түштүк маселесине да, жердешчиликке да, уруучулукка да, корпорациялык кызыкчылыктарга да таасирин тийгизип, айрыкча кыргыз элин ажырымга алып баруучу коркунучту камтып турат. Көчмөн турмушка байланыштуу жашап келген уруучулук көрүнүштөр өлкөнүн титулдук улуту аталган кыргыз элинде дагы да көпкө чейин жашай бериши мүмкүн. Биздин мамлекеттин азыркы саясат айдыңында уруулардын санжырасын изилдөө, "жети атаны таануу", айрым саясаттык түзүлүштө, мисалы партиялык куралыштарда уруулук принцип менен элдин биримдигин камсыздоо аракеттери болуп жаткандыгына күбөбүз. Андай аракеттер акыркы жылдарда жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып, ушул принцип аркылуу биригүүнү мамлекеттик деңгээлде сунуш кылып да жатышат. Кантсе да уруучулук сезим санжыралык деңгээлден жогору чыгып, саясатка, кадр саясатына аралашып кетсе, анын пайдасынан зыянынын көп болоорун байкообуз абзел. Өлкөнүн демократиялык жол менен туура өнүгүшү, турмуштун жакшырышы, экономиканын, маданияттын жана элдин интеллектуалдык деңгээлинин өнүгүшүнүн негизинде уруучулуктун тескери кесепеттеринен арылууга мүмкүн.
Саясый ажырым. Бул коркунуч расмий бийликке болгон оппозициячыл маанайдагы күчтөрдүн ашынган радикалдуу саясый экс-тремисттик аракеттерине байланыштуу. Оппозиция, албетте, туура жолдо бара жаткан ар кандай демократиялуу өлкөдө болуучу көрүнүш. Бирок, оппозиция конструктивдүүлүктүн чегинен ары өтүп, охлократиялык жол менен мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенип, экстремисттик жолго түшсө, бул мамлекеттин биримдигине олуттуу доо кетирет. Анын өлкөнүн биримдигине келтирген зыянын сом менен саноо кыйын экендигин турмуш көрсөттү.
Этникалык ажырым. Бул фактор көп улуттуу өлкөлөрдүн баарында жашап турат да, албетте анын ажырымдык белгилери адаттагыдан өөрчүп кетсе, мамлекеттин, өлкөнүн биримдигин бузушу мүмкүн. Мисалы, 1980-жылдардын ичинде, социализмди биротоло курдук деген доордун акырында кетирген улуттук саясаттын кемчиликтеринин, социалдык маселелердин курчушунан келип чыккан 1990-жылкы кыргыз-өзбек кагылышы же Ош окуялары этникалык ажырымды эң жогорку коркунучтуу деңгээлге көтөргөндүгүн жакшы билебиз. Бирок, ал Кудайга шүгүр токтоп калды. Бирок, айрым бир өзбек саясатчыларынын аракеттеринин кесепетинен 2006-жылдын жаз айларында бул ажырым дагы бир жолу активдешип кете жаздады. Искра, Петровка, жакынкы арадагы эле Көк-Жаңгак мисалдары этникалык ажырым коркунучу Кыргызстанда али да болсо актуалдуу бойдон калып келе жаткандыгынан кабар берет. Ошондуктан, бул маселеге дайыма дыкат мамиле жасап, туура улуттук саясат жүргүзүү зарыл.
Идеологиялык ажырым. Бул коркунуч Кыргызстандын шартында поликонфессиялык, башкача айтканда өлкөдө бир нече диндердин, конфессиялардын жанаша жашашына байланыштуу келип чыгат. Өлкөдө кийинки учурларда активдешкен диний экстремисттик топтордун (ИДУ, ИДТ), уйгур сепаратисттеринин, экстремисттик, террордук уюм болгон "хизбутчулардын" аракеттери так ушул
идеологиялык ажырымды күчөтүүдө. Бул коркунучтун айланасында мамлекеттик бийлик жана коомчулук өтө сабаттуу, кылдат саясат жүргүзүп, бул коркунучту азайтуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чы-гууну тездетүүсү зарыл. Мекенчилдик, гумандуулук, толеранттуулук идеологияны калыптандыруу кечиктирилгис милдеттер болуп калышы керек.
Идеологиялык ажырым коркунучуна азыркы Кыргызстандын шартындагы маалыматтык ажырымы да кошулуп турат. Дүйнөлүк ааламдашуу жараянынын алкагындагы кыргыз менталитети гана эмес, Кыргызстандагы көп улуттуу калктын басымдуу бөлүгүнүн менталитетине жат түрдүү чет элдик маалыматтардын ЖМКлар, айрыкча интернет аркылуу өлкө турмушуна, элдин аң-сезимине каптап кириши маалымат ажырымынын коркунучун улам күчөтүп жаткандыгын баамдабай коюуга мүмкүн эмес. Буга кошул-ташыл коңшу мамлекеттердин ЖМКнын таасири (мисалы Өзбекстандын теле-радио маалыматтары, Россиялык, Казакстандык маалымат таасири) өлкө ичиндеги мамлекеттик маалымат алкагында маалыматтык ажырымды туудурууда. Аталган коркунучту азайтууда, албетте, маданият чөйрөсүн тейлеген уюмдардын (Маданият агенттиги, Кыргызпатент, телеком, интернет, медиа компаниялары) ролу чоң.
Мамлекеттин географиялык чек аралык бүтүндүгүнүн коркунучу. Бул фактор көбүнчө Кыргызстандын Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек ара мамилелерине байланыштуу келип чыгууда. Негизинен, азыркы цивилизациялуу заманда бул коркунучтан өтө кооптонууга болбойт. Ошондой болсо да Борбордук Азиянын интеграциялануусуна кедергисин тийгизип жаткан суу-энергетикалык ресурстарына, жайыт саясатына байланышкан кыргыз-өзбек, кыргыз-казак мамилелеринин татаалдашынан улам чек ара маселелери курчуп кетүүсү мүмкүн. Учурда жүрүп жаткан демаркациялык иш-чаралардын натыйжасында кытай-кыргыз, казак-кыргыз чек ара маселелери чечилген. Бирок, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек ара талаштары али чечиле элек. Кыргызстанда саясый стабилдүүлүк солгундаса, же коңшу өлкөлөрдө баш-аламандык башталып кетсе, белгилүү деңгээлде мамлекеттин чек ара бүтүндүгүндө коркунуч пайда болушу турган иш. Кантсе да чек ара маселелеринин тезирээк чечилип, алар так жана ачык түрдө мамлекеттик жогорку уюмдар тарабынан ратификацияланып, чек ара статус-кво калыптанса аталган коркунуч жок бо-
лоору айдан ачык.
Жогоруда биз мамлекет бүтүндүгүн, өлкө биримдигин камсыз кылуудагы актуалдуу деп саналган жети коркунучту санап өттүк. Булардан тышкары тышкы саясаттагы, кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгүнө, дүйнөлүк экономикага, экологияга байланышкан глобалдуу коркунучтар да жок эмес. Кыргызстан ааламдашуу жана ошол эле учурда регионалдашуу жараянында дүйнөлүк заманбап интеграцияланууга кириши ыкчамдап жаткан учурда, өлкөнүн уникалдуу өзгөчөлүктөрүн сактап калуу зарылчылыгын унутпашыбыз керек. Демек, күтүлүп жаткан Ынтымак Курултайынын өлкө бүтүндүгү, мамлекет биримдиги үчүн тагдыр чеччү мааниси зор.
Ташманбет Кененсариев, ЖАМУнун ректору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых
илимдеринин доктору,
профессор