02.03.10
  Кутман курак

Элүү жаш... Жигиттик менен кадырлуу карылыктын кылда ортосундагы, акылы ашып-ташып, ойду омкоруп, тоону томкоро турган убагы дешет. Ошон үчүн элүү жаш-эр ортону деп айтылат чыгаар?!
Жазды утурлап, кыштын эң акыркы күнү - 29-февралда жарык дүйнөгө келген, бир тууганыбыздай болгон кесиптешибизди туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Кудум бүгүнкүдөй болуп, ар дайым бешенеңизден нур, ууртуңуздан жылмаюу төгүлүп турсун, Аскарбек мырза!
Кесиптешибизге чыгармачылык ийгилик каалап, окурмандарыбызга анын калеминен жаралган тө-мөнкү макаласын сунуш кылмакчыбыз.

Айчырай кыз, бетпак талаа жана чек ара
Илгери өткөн заманда, күндөрдүн бир күндөрүндө бейпил күн кечирип жаткан кыргыз элинин чегине каардуу душман келип жайгашыптыр. Жаалданган аскерин бейпил заманда күн кечирип жаткан элдин чегине келип токтоткондон кийин, өз чабарманын ошол элдин Канына жибериптир. Мындай суук кабар чагылгандай тез тарап, эч нерседен кабарсыз өз тиричилигин өткөрүп жаткан карапайым калк кымгуут түшүп, күтүүсүз келген душманга кандай жооп кайтаруунун айласын издеп, ташпишке түшүп калат.Ошондо жергесине тынчтык орноп, карапайым букарасынын капарсыз күн кечирип жатканына топук кылып жашап жаткан кыргыз Каны эл арасындагы билермандарды чогултуп масилет курат.
Душмандын жөнөткөн чабарманы өз колбашчысынын шартын ортого салат. Ал: "Кыргыз каны жанындай көргөн ак боз атын берсин, болбосо элин чаап, уулдарын кулга, кыздарын күңгө айлантам",-деген арам оюн билдирет.
Эл жакшыларынан эмне кеп чыгат экен деген Кан ар кимисинин оюн укканга даяр турат. Ошондо көпчүлүгү каныбыздын ишенген атын кантип душманга берели, андан көрө колго курал алып, жоого каршы баралы, намысыбызды коргойлу деп чыгышат. Талаш- тартыш кызып, билермандар бир сөзгө келе албай жатканын көргөн Кан элинин өзүнө болгон урмат-сыйын, ызаатын түшүнүп, жыйынды өзү токтоткон экен.
-Эл-журтумдун тынчтыгынан, биримдигинен артык эч нерсе жок. Ак боз атты сактап калам деп элдин көз жашына, убалына калгым келбейт. Андан көрө ак боз атты берейин, кыргыз элинин чегинен кеткиле,-деп душмандын талабына өзү чекит коет. Ошентип акылман Кан кыргыз элин кыргындан сактап калган экен.
Арадан мезгил өтүп, баягы душмандар кайрадан чек арага келип токтошот. Бул жолу алардын шарты мурдагыдан да катаал болот. Баскынчылардын кол башчысы Кандын жалгыз кызын суратат. Эгерде кан өзүнүн карачечекей кызын берсе, жортуулдан баш тартып кайра кетерин билдирет. Кан ордого кайрадан эл жакшылары топтолуп, кеңешке отурушат."Акылгөй Каныбыздын жалгыз кызын душманга бергенче катылган душмандын катыгын беребиз, өлбөгөн жерде калабыз",-деп чыгышат. Элинин жаалданган түрүн көргөн Кан ары ойлонуп, бери ойлонуп жалгыз кызын душманга берүүгө макул болот. Кандын мындай чечимине элдин көпчүлүгү түшүнбөй ызы-чуу күчөйт. Каарданган калкынын көңүлүн жайгарган Кан кызын душманга узатып, элин кыргындан сактап калат. Ошентип кыргыз эли сырткы душмандардын кысымынан кутулуп бейпил турмушта жашап калат.
Бул жайбаракат жыргал жашоо да күндөрдүн бир күнүндө кайрадан бүлгүнгө түшөт. Бетпак талаанын чегине баягы душмандар дагы келишет. Бул жолу алар коко тикенден башка эч нерсе өспөгөн бетпак талааны берүүнү талап кылышат. Ошондо билермандардын көбү эч нерсе өспөгөн, суу чыкпаган талаанын кимге кереги бар, андан көрө ошол жерди берип, элдин тынчтыгын сактап калалы дешет. Көпкө ойлонгон Кан ордунан козголуп, элге кайрылат.
-Оо, эл-журт, нысапсыз душманга атымды бердим, жалгыз кызымды бердим. Бирок, Ата Журттун бетпак талаасы эмес, карыш жерин да душманга ыраа көрбөйм. Эми жоого каршы аттанып, эл журтту коргой турган мезгил жетти, жоо жарагыңарды камдангыла,-деп өзү элдин алдына түшүп, мекенди коргоого аттанган экен.
Ылайым, Ата Журтубузду ыйык туткан, ушул уламышта айтылгандай атуулдук сезими бардыгынан жогору турган ак жүрөк патриотторубуз көп болсун. Анткени Президенттин демилгеси менен уюштурулуп жаткан Ынтымак Курултайы да өзүнүн багыты, вазийпасы боюнча биз жогоруда учкай баяндаган икаядагы Кан сыяктуу кыргыз элинин чыныгы патриот атуулдарын, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган, элибиздин эртеңкиси үчүн акыл-эсин, күчүн аябаган эл жакшыларын топтоп, ачык- айкын ойлорду ортого салат деген үмүттөбүз.
Урматтуу Президентибиз Курманбек Салиевич Бакиев да учурдун ургаалдуу көйгөй маселелерин эл арасынан ишеним мандатын алып келишкен, жергебиздин булуң бурчундагы карапайым калктын атынан ой-пикирин, сунушун айта ала турган атуул-дар менен талкуулап, ийри отуруп, түз кеңешели деген аруу тилекте Ынтымак Курултайын чакырганы да бекеринен эместир.
Анан калса, бүгүнкү оомал- төкмөл заманда кыргыз эли ата- бабасынан бери ыйык туткан жергесине көз арт-кандар чыкпайт деп ким кепил боло алат. Ал турсун жер шарында болуп жаткан ар кандай кан төгүүлөрдөн деле кабардар болуп жүрөбүз го бу күндө. Ошонун басымдуу бөлүгү жер талаштан чыкканы да жалган эмес. Кантсе да алдыда өтчү Ынтымак Курултайында элибиздин бүтүндүгүнүн негизги символу-чек ара маселеси да орчундуулардын бири болот деген өзөктүү көйгөй дээрлик басымдуу атуулдарыбыздын күткөнү,үмүтү.
Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары улам башка жакка көчүп кеткен сайын, биздин өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч күчөп баратканы учурда жашыруун деле болбой калды. Маселе, ошол аймактагы жергиликтүү калкты ордунда туруктуу кармап калууда. Аңгырап ээн калган айылдарды чек ара аскери менен кайтарып олтуруудан менимче майнап чыкпайт. Андан көрө илгери Орус падышалыгы казактарды куралдандырып, чек араны коргоо үчүн четки райондорго жөнөткөндөй кылып биз да чек ара айылдарында жашаган калкка өзгөчө макам берип, айлык маяналарын башка жактагылардан эки-үч эсе көтөрүп, ыңгайлуу шарт түзүп берсе кантет. Балким чек арачыларга кеткен чыгымдан бул ыкманын кайтарымы маани-маңыздуу болор. Айтор, көкүрөктү өйүгөн ойлор көп, баарына мезгил тараза...

Аскарбек Насирдинов, "Кыргыз Туусу"