02.03.10 Фрунзе Бишкекте төрөлгөн
(Башталышы өткөн санда)
Саясатка ыктоо...
1904-жылы Михаил Фрунзе гимназияны алтын медаль менен аяктап, Петербургдагы политехникалык институттун экономика бөлүмүнө кирет. Бул мезгилде Петербург революциялык добулдун болоорун сезүү алдында жашап турган. Россияда биринчи орус революциясы бышып жетилип калган болчу. Михаил Петербургда дароо эле саясый турмушка чөмүлүп кирди. Ал студенттердин жыйынына, жумушчулардын революциялык кыймылына катышат. 1904-жылы партияга өтөт да, дароо эле большевиктерге ыкташат. Жаштык жүрөгүнүн бардык жалынын Фрунзе революциялык ишке берет: партиянын ар түркүн тапшырмаларын аткарат, Петербургдун жумушчуларынын кружокторуна агитатор болот, саясый демонстрацияларга активдүү катышат. Аны падышалык сакчылар тез эле байкап калышат. Анын артынан аңдый башташат. Демонстрацияга катышканы үчүн камакка алышат да, бир аздан кийин "ишеничсиз" деген шылтоо менен Петербургдан кууп чыгышат. Бул окуядан кийин Михаил Фрунзе профессионалдуу революционер болот да, өзүнүн бүт өмүрүн элге, партиянын ишине арнайт.
1905-жылдын май айынын башында партиянын Москвадагы комитети Михаил Васильевич Фрунзени Иваново-Вознесенск шаарына жиберет. Ушул мезгилде ал жерде кездеме өнөр жайында иштеген жумушчулардын саясый иш таштоолору болуп жаткан.
Ошол иш таштоо күндөрү жумушчулардын арасында М.В.Фрунзе "Трифоныч" деген ат менен тез-тез пайда болуп турду. Өзүнүн жөнөкөйлүгү, адамга кылган мамилеси менен ал жумушчуларга дароо алынып кетти. Ал жыйналыштарда чыгып сүйлөп, аңгемелешип, турмуштун жөнөкөй мисалдары аркылуу саясый күрөштүн маанисин түшүндүрчү.
Революциялык ишмердиги үчүн М.В.Фрунзе бир нече жолу камакка алынган, эки жолу 1909- жана 1910- жылдары өлүм жазасына да тартылган. Бирок коомчулуктун күчү менен өлүм жазасы алты жылдык түрмө менен алмаштырылат да кийин Сибирдин Манзурка кыштагында, Иркутск губерниясынын Верхоленск уездинде жашоого буйрулат.
1915-жылдын 8-августунда М.В.Фрунзе айдоодон качып чыгат да, Чита шаарында Василенко деген жашы-руун фамилия менен жашайт. 1916-жылдын башында Михаил Васильевич Москвага келет, бирок качкындын бул жерде калышы тобокел иш эле, андыктан аны Белоруссияга жиберишет. Бул жерде ал Михайлов деген фамилия менен ишке орношот.
Миша -
начальник
1917-жылдын мартында М.В.Фрунзе Минск шаардык милициясынын начальниги болуп дайындалат. Милиция ал учурда жумушчулар жана солдаттар депутаттарынын аткаруу органы болуп эсептелген. Минск милициясы жумушчуларды согуш ишине үйрөткөн жана куралдандырган, массаны тарбиялоо боюнча чоң иштерди жүргүзгөн. Өткөрүлүп жаткан жыйналыштар, митингилер жана ар кандай жыйындар жөнүндө милициянын штабына сөзсүз билдирип туруу жөнүндө Фрунзенин колу коюлган буйрук чыгат.
1918-жылы жарандык согуш учурунда М.В.Фрунзе Чыгыш фронтунун 4-армиясынын командачысы болуп дайындалат. Бул мезгил Совет республикасы үчүн оор болгон, Колчактын баскынчылары Волгага келаткан мезгил эле. Бул согушта М.В.Фрунзе Уралды Колчактын армиясынан бошоткондугу жана ошондой эле согуш операцияларына жетекчилик кылгандыгы үчүн, жеке өзүнүн кайраттуулугу үчүн Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
1919-жылдын 13-августунда Чыгыш фронту эки фронтко бөлүнөт: Чыгыш жана Түркстан. Түркстан фронтунун командачысы болуп М.В.Фрунзе дайындалат. Түркстанды бошотуу жарандык согуштун чечилишинде чоң маа-ниге ээ болгон. Ошол мез-гилде ал пахта өндүрүүнүн жалгыз гана базасы эле. Оренбург фронтунун чегинен ары эң маанилүү район болгон Эмбион жана Небит-Даг нефтилери бар эле.




Оргочор жөнүн билип койсоңор
Ар бир жердин нечен жылдардан бери эл оозунда айтылып келе жаткан купуя сырлары бар. Мындай уламыш Оргочор тоосу тууралуу да ар кимдин оозунда ушул бүгүн да айтылат. Айтылуу тоонун Оргочор деп аталып калышы жөнүндө эл ичинде эки түрдүүчө аңыз кеп бар.

Биринчиси, илгери кереметтүү Көл кылаасынын айланасын калмактар жердеп турган дешет. Ал эми көл жээгинде тоо кырларынан бөлүнүп турган ушул тоонун батыш тарабында көк кашка булак чыгып, азыр да ал соолбой "Ак-Булак" деп аталат. Анын тиш какшаткан мөлтүр суусу күн ысыгында нечендерди ырахатка бөлөп, кайрат-күч берет. Бул булактан жеке эле адам уулу даам сызчу эмес. Көпчүлүк учурда бул чөлкөмдөгү элдер өздөрүнүн үй жандыктарын да сугарууга айдап келет. Ал эми ээн эркин боло калганда жапайы айбанаттар, жандыктар келе калчу дешет. Адатта булак жээгинен уулуу жыландарды арбын учуратууга болоор эле. Ошондон уламбы эл оозунда "Булактын ээси бар, суусу касиеттүү" деген аңыз кеп кыйла элдин учуна чейин тарап кеткен дешет. Мына ушундан соң бул тоо калмактардын орго - дөбө , чор - булак деген сөзүнөн Оргочор аталып калган экен.
Ал эми экинчи бир уламыш мындайча айтылат. Өткөн замандарга бул аймакта каардуу бир хан эл бийлеп, өзү билгендей үстөмдүгүн көрсөтүп, кокусунан кимдир бирөө анын акыйкатсыз бийлигине нааразылыгын билдирсе катуу жаза колдончу экен. Ал учурдагы мындай оор өкүмдөрдүн бири - терең казылган орго салып, тегерегине сакчы коюп, күнөөлүүгө наар алдырбай кыйнап өлтүрүү болгон. Бул канкор эл бийлөөчүлөрдүн арбын пайдаланчу жазасы эле.
Эл айтымында ал убакта ушул көл жээгинде бөлүнгөн Оргочор тоосун бүтүндөй уулуу жыландар мекендеп, алардын көптүгүнөн адам түгүл айбан аттуу батынып аяк таштачу эмес экен. Ушундан улам ырайымсыз хан бийликтин күчү менен тоонун туу чокусуна ор каздырып, өлүмгө өкүм чыгаргандарды атка таңдырып, желдеттерине тапшырчу.
"Бөрк ал десе баш алган" жигиттери ойноктогон аттарын тоонун чыгыш түштүк тарабынан кыр бойлой көтөрүлгөн жалгыз жолго салчу. Алар чаптырган тейинче туу чокуга чыгып, тигил кызыл жаян болгон шордууну орго сала коё кайтадан желдей учуп түшүп келише турган. Антпегенде уулуу жыландардын кучагында калышы мүмкүн эле. Тоодогу орго кетүүчү жалгыз жолго сакчы коюлуп, хандын эбактан берки "Эгерде кимде-ким күнөөлүүгө жардам берүүгө аракеттенсе, ал жаш-карылыгына карабай катуу жазага тартылат" деген жарлыгы элдин эсин эки кылчу.
Күндөрдүн биринде хандын ырайымсыз бийлигине каршы баш көтөрүп, элдин оор турмушун, акыйкатсыздыкты тартынбай сүйлөгөн жигитке өлүм өкүмү чыгарылды. Даяр турган желдеттер жигитти ур токмокко алып, тоо башындагы орго алып жөнөшөт. Калдайган калың журт хандын кылычтарын жалаңдаткан жигиттерине кол көтөрүп, ажыратып калууга даабады, тек гана каңырыгы түтөп, көз жаштары менен узатып кала берди.
Ошентип эл таламын талашып, акыйкат издеген азаматтын туу чокудагы ор түбүнө түшүрүлгөнүнө экинчи күнгө кетти. Хан желдеттери мыкаачылык менен алып жөнөп жатканда боздоп кала бергендердин көбүнөн басса-турса эсинен кетпей, канткенде жабыр тарткан жигитти куткаруу керектиги ойлондурду.
Элде "Асыл таштан, акыл жаштан" деп айтылган акыл кеп бекеринен калбаса керек. Ооба, туу чокудагы орго баруунун жолун ошол чөлкөмдөгү койчу жигит тапты. Ал тоо этегинде бир байдын коюн бакчу. Койчу жигит таң ата эле узун аркан, бир күндүк азыгын алып, жер жайнаган койлорду тоонун батыш тарабына багыттады. Максаты хандын сакчылары көрбөгөндөй батыш тарабынан тоо чокусуна жетүү эле. Ал өзү белгиленген жерге жетип, иңир кире жер жайнаган кара ала койлорду түз эле туу чокуга айдап жөнөдү.
Койлордун алдынан өйдө-төмөн чубаган жыландар биринен сала бири кезигип жатты. Жыландар тикчийе тикесинен тура калса, койлор да ордунан козголбой, көз албай тиктешип калат. Аз өтпөй эле жылан көөп барып тарс жарылып калып жатты. Эл оозунда "карала койлор жыландар менен кыйын арбашат. Алар дайым жеңүүчү болуп чыгат" деген аңыз кеп балким ушундан улам калгандыр. Акыры койлор түндүн бир оокумунда туу чокуга чыга келди. Койчу алды менен ор кырына жоон талдан казык орнотуп , ага аркандын бир учун бекитти да өзү төмөн жылбышып түшүп барды. Ор түбү жагымсыз жытка уюп , адам чыдагыс, караңгы. Койчу оттук ташын чагып, бир тутам куу бадалды күйгүздү. Ана тигинде мурда жазаланган азаматтардын куу сөөктөрү. Наркы четте адамдын денесин курт жеп бүтөйүн деп калыптыр. Бүт денеси канга боёлгон жигит бир чети желдеттердин тепкисинен , бир чети ачкалыктан эс учтан танып, тирүүлүктөн белги берген кан тамыры билинээр - билинбес согот. Койчу жигитти аркан учу менен этият таңып, акыры чыгарып, өлүм алдындагы жигиттин оозуна суу тамызып, өзүнүн эскилиги жеткен тонуна жылуулап ороду да жонуна салып, кайрадан келген жолу менен койлорду алдына салды. Алар бая келаткандагыдай утур токтоп, жолго бөгөт болгон жыландарды чубалжыта ээсине тапшырып, улам төмөндөп баратышты. Кой артындагы жигит жонуна көтөргөн адам кыйналбасын деп этият басып, мезгил - мезгили менен акырын үн чыгарып , жол баштоочуларына "Оо, касиетиңден айланайын Чолпон-Ата! Балдарыңа күч-кубат бере көр! Тездей көргүлө менин жол башчыларым, жер бетине жарык из салгыча тоодон түшүп кетели, кудай, арбак колдо" деп жараткандан тиленип коёт.
Чыгыш тарап жаңыдан агара баштаганда койчунун койлору тоо этегинде жайылып жүрдү. Койчу болсо жабыр тарткан жигитти жакын арадагы койчунун үйүнө алып жөнөдү. Жаш жигит көңүлүндө шум ажал алкымдаган азаматтын жакын арада бутуна туруп, эл катарына кошуларына толук ынанып, кубанычтуу баратты.
Ошентип, эл камын ойлогон азаматтын өмүрүн чор таман койчу сактап калды. Ал эми хан желдеттеринен запкы жеген жигит кийин бул аймактагы элдин керегине нечен сапар жарап, карапайым калкка көп жакшылык кылган экен. Ошондон кийин эл уулу өлүм алдында жаткан "орго" "чор" таман, акылы жетик, кайраттуу койчу барып куткаргандан улам бул тоо Оргочор деп аталып калган экен.