Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_9.htm on line 2


п»ї
  Өкмөттө

Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
Премьер-министр Данияр Үсөновдун төрагалыгында өткөн Өкмөттүн жыйынында өлкөнүн өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылда өнүгүүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрү жана Өкмөттүн 2010-жылдагы аракеттеринин багыты талкууланды.

Экономиканы тескөө министрлигинин маалыматтарына ылайык, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң жыйым 196 миллиард сомдон ашуун сумманы түзгөн. Бирок, бул андан мурдагы жылдагыга салыштырганда реалдуу өсүш 6%га аз болгондугун билдирет.
Экономикалык абал бир жылдын ичинде бирдей болгон жок, анткени, биринчи жарым жылдыкта ички дүң жыйымдын азайгандыгы байкалган. Ошондой болсо да, июль айынан баштап, өлкөнүн экономикасы акырындык менен туруктуу жандана баштап, ички дүң жыйым 2%дан ашуун өсүшкө жетишкен.
Эл керектөөчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өзгөргөн эмес. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча инфляция жокко эсе болгон. Инфляциянын жок болушуна унга, эгинге, өсүмдүк жана малдын майына, сүт азыктарына, жашылча-жемишке баалардын арзан болушу таасир эткен. Ошондой эле, дүйнөлүк рыноктордо азык-түлүктөрдүн жана энергия булактарынын баалары турукташып, акырындап арзандоо жагына оогондугу түрткү болгон.
Тышкы сооданын көлөмү кыйла кыскарган. Анткени, дүйнөлүк каржы кризиси өз таасирин тийгизген. Алсак, биздин негизги соода өнөктөштөрүбүз, атап айтканда, Россия менен Казакстан төлөөгө жөндөмдүүлүгү болбогондуктан, өнөр жай ишканаларыбыздын көпчүлүгү токтоп калган.
Ошондой болсо да, өткөн жылдагы фискалдык саясат кризис шарттарындагы иштиктүү активдүүлүк жайлагандыгына карабастан, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого мүмкүндүк берген. Ошону менен бирге, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү камсыздалып, 2008-жылга салыштырмалуу 26%га жакын өскөн.
Агрардык сектор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун жана калкты иш менен камсыз кылуунун негизи болуп келген жана болуп кала бермекчи. Айыл чарбачылыгында 750 миңге жакын киши иштейт. Андан тышкары, экономиканын айыл чарба сектору кайра иштетүүчү өнөр жайын сырьё ресурстары жана калкты азык-түлүк менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Алсак, өткөн жылы айыл чарбасы 110 миллиард сомдук ички дүң жыйым өндүргөн. Мында айыл чарбасын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан 500 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнүп, колдоо көрсөтүлгөнү олуттуу роль ойногон.
Өткөн жылы, андан мурдагы жылга салыштырмалуу негизги капиталга инвестиция өздөштүрүүнүн деңгээли 20%га жакын өсүп, 38 миллиард сомдон ашуун болгон.Бул жерде, инвестициянын олуттуу бөлүгү жеке менчикке туура келерин белгилей кетүү керек. Анткени мамлекеттик капитал 14% болсо, жеке менчик капитал 86%ды түзгөн.
Өкмөттүн жыйынында ошондой эле, үстүбүздөгү жылдын социалдык- экономикалык өнүгүшү тууралуу да сөз болду. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, быйыл ички дүң жыйым 235 миллиард сомдук жана өсүш темпи 105,5% болот. Тармактар боюнча алганда, жылдык орточо өсүү темпи айыл чарбачылыгында 102%, өнөр жайында 103%га жакын, курулушта 117%дан ашуун, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө - 106,5% болушу күтүлөт.
2010-жылы болжол менен алганда, электр энергиясынын, газды жана суу өндүрүүнүн жана бөлүштүрүү реалдуу өсүү темпи 4%га чукул болот. Ошондой эле, 2010-жылы июнь айында Камбар-Ата - 2 ГЭСинин биринчи агрегаты иштеп баштаган шартта, 11,5 миллиард кВт саат электр энергиясын иштеп чыгаруу болжолдонууда. Буга суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, өлкөнүн тариф жана инвестиция саясаты олуттуу таасирин тийгизет.
Өкмөттүн жыйынында чыгып сүйлөгөндөрдүн айрымдары быйылкы жылдын бюджети чала иштелгендигин белгилешти. Мисалы, вице-премьер-министр Т.Калимбетова социалдык блокто, атап айтканда саламаттык сактоо, билим берүү министрликтеринде жана башка айрым мекемелерде көп маселелер бюджетте чагылдырылган эмес. Андыктан аларды кайрадан карап чыгуу зарылдыгы бар.
Жыйынды алып барган Өкмөт башчысы Д.Үсөнов быйылкы бюджетти ийине жеткире иштеп чыгуу үчүн чогулгандарды өздөрүнүн ой-пикирлерин тартынбай ачык айтып, кийин доомат койбоого үндөдү. Ал ошондой эле, экономикалык өсүшкө жетишүү үчүн Өкмөт бардык күч-аракеттерин жумшап жаткандыгын белгиледи. Өкмөт башчысы эмгек акы маселесин да эстен чыгарган жок. Атап айтканда, анын орточо өлчөмүн 7 миңден ашырууну Өкмөт болжолдоп жаткандыгын маалымдады. Ал эми, пенсия орточо алганда 23%га көтөрүлмөкчү. Ошондой эле, кедейчилик да кыйла азаймакчы.
Токтомуш ӨСКӨНОВ,
"Кыргыз Туусу"




  Семинар

Айыл өнүксө, өлкө өнүгөт
Өткөн жумада Президенттик аппарат жана Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы тарабынан уюштурулган "Өлкөнүн жаңыланууга карай багыты" аталыштагы 3 күндүк семинар болуп өттү. Ага республикабыздын бардык аймактарынан 470 жетекчи катышты

Семинар учурунда айыл аймак башчылары бардык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери менен бетме-бет жолугушуп, чечилбей келе жаткан айрым маселелерди чечүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. "Биз үчүн мындай жолугушуу оңойго турбаган иш. Дал ушул семинарда Айыл чарба, Өзгөчө кырдаалдар ж.б. министрлер менен пикир алышып, оюбузду билдирүүгө үлгүрдүк. Менимче, мындай шарт сөзсүз түрдө өз жемишин бербей койбойт. Ошондой эле, бул окутуу жаңыдан ишке келген кызматкерлер үчүн абдан пайдалуу болду десек болот", - дейт Кемин районуна караштуу "Алмалуу" айыл аймагынын башчысы Улан Калыбеков.
Аталган семинарда айыл аймактарын өнүктүрүүгө, орчундуу маселелерди жеринен чечип берүүгө мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулары айтылды. Себеби, Президентибиз Курманбек Бакиев: "Күчтүү аймак, күчтүү мамлекет, күчтүү экономика", -деп белгилегендей, дегеле өлкөнү өнүктүрүүгө карай багытталган реформалардын натыйжалуу болушу, жергиликтүү айыл аймак башчыларынын алып барган ишине түздөн түз байланыштуу экени дагы бир ирет эскертилди. Ошондой эле, семинардын жүрүшүндө айыл тургундары үчүн зарыл жана ыңгайлуу болгон шарттарды түзүп берүүдө мамлекеттен бөлүнгөн каражат менен гана чектелип отуруп калбастан, кошумча акча каражаттарды кантип табууга болот? Аны кантип, кандайча, эмнеге жумшаса элге пайда? - деген сыяктуу суроолордун айланасында ар кандай пикирлер, сунуштар айтылды.
Үч күнгө созулган окутуунун акыркы күнүндө жергиликтүү бийликтин жетекчилери: "Иштөөнүн ар кандай жаңы ыкмалары менен жол-жоболорун үйрөнүүгө жетише алдык десек болот", - деп белгилешти. Айыл аймак башчылары сабактарга гана катышып тим болбостон, иш-чаранын соңку бөлүгүндө 5-6 негизги суроодон турган анкеталарды да толтурушту. Мындай максат алардын жалпы деңгээлин аныктоого багытталган эле. Окутуунун соңунда 470 жетекчиге кесиптик чеберчиликтерин окутуудан ийгиликтүү өткөндүктөрүн тастыктаган сертификаттар тапшырылды.
Анара АРЗЫБАЙ кызы,
"Кыргыз Туусу"






кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??