26.02.10 Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү
Мамлекетти башкаруу реформасынан кийин түзүлгөн Өкмөт курамынын иштеп жатканына жарым жылга жакындап бара жатат. Өткөн жылдын экономикалык көрсөткүчтөрү жана ал жаатындагы алдыдагы аракеттер кандай болууда? Мына ушул стратегиялык маанилүү жагдайлар боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Данияр Үсөнов журналисттердин суроолоруна жооп берди. Кесиптештердин суроолору Кыргызстандын кылым курулушуна айланып бараткан Камбар-Ата ГЭСтерине, тарифтердин көтөрүлүшүнө, баа саясатынын мындан аркы божомолуна, Кыргызстандын бажы союзуна болгон мамилеси сыяктуу бир топ маселелерге барып такалды.

Стратегиялык объектилер туурасында
-Камбар-Ата-2 ГЭСи Кыргызстандын өз каражаты менен курулуп жатат. Андагы үч агрегат биригип, кубаттуулугу 360 мгв.ка ылайыкталууда. Башкача айтканда ал жылына 1 млрд. кВт/саат электр кубатын өндүрмөкчү. Биринчи агрегатты ушул жылдын май-июнь айларында пайдаланууга беребиз. Калган экөөнүн курулушу 2011-жылы бүткөрүлүүсү үчүн пландуу каржылоо ишке ашырылат, - деп билдирди Өкмөт башчысы Д.Үсө-нов. Быйылкы жылы Казакстан, Өзбекстан республикалары менен суу маселеси боюнча талаш-тартыш жок.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча былтыркы жылы 3-февралдагы Москвада болгон жолугушууда Россия менен Кыргызстандын мамлекет башчыларынын ортосунда меморандумга кол коюлган. Эки өлкөнүн Өкмөтүнө аны ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишкана куруу, тараптардын ар бири ага 50 пайыздан ээлик кылуу принцибинде келишим түзүлгөн. Бүгүнкү күндө анын уставдык капиталы түптөлүп, компания Кыргызстанда каттоодон өттү. Камбар-Ата-1 акционердик коомунун директорлор кеңеши жана анын башкарма мүчөлөрү шайланып, техникалык-экономикалык негиздери жактырылды. Плотина курула турган жер болжолдонду. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жагдайы азырынча ушундай деңгээлде турат. Аталган долбоор буга чейин 1,7 млрд. доллардын тегерегинде эсептелип, 7-10 жылдын аралыгында курулуп бүткөрүлөрү болжолдонууда. Бул Россия мамлекети менен Кыргызстандын биргелешкен ири долбооруна айланмакчы", - деди Д.Үсөнов "Кыргыз Туусунун" Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча берген суроосуна. 27-февраль күнү Д.Үсөновдун Моск-вага иш сапары менен барары
күтүлүүдө. Ал жакта Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отуруму болот. Москвада Бишкектеги мурдагы Ленин атындагы машина куруу заводунун, "Дастан" ишканасынын, ошону менен бирге эле анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун айланасындагы сүй-лөшүүлөр болоору, жыйындын күн тартибине 14 маселе коюлуп жаткандыгы кабарланды. Эгерде апрель-май айларына Токтогул суу сактагычында 8 млрд. кубометр суу менен чыксак, анда Нооруз майрамынан кийин өлкө боюнча электр жарыгын өчүрүү токтотулат. Мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча бул ишке ашырылат. Тилекке жараша өтүп жаткан кышта кар калың жаап, суу кору көп болду. Март айынын башында вертолёт менен тоолордогу жааган кардын корун иликтеп чыгуу иштери жүргүзүлөт.

Электр жарыгына баанын
өсүшү жөндүү
Үстүбүздөгү жылдын 16-февралында "Бишкектеплосеть", "Кыргызгаз", "Түндүкэлектр", "Түштүкэлектр" кайра бөлүштүрүү компаниялары ж.б. энергетикалык компаниялардын баарына аудит жүргүзүү боюнча тендер өткөрүлдү. Ал 20-февралда жыйынтыкталып, тендерди россия-америкалык компания утуп алды. Ага ылайык энергетикалык 9 компанияга аудит жүргүзүлө турган болду. Ушул учурда алардын төртөө аудит өткөрүүгө макулдугун берип, иш башталып калды. 1,5 айга созула турган аудит жүргүзүү бир топ комплекстүү жумуштарды өзүнө камтыйт. Айталы, энергетикалык тармактын системасын жакшыртуу менен быйыл жоготууну 30дан 25 пайызга түшүрүү, эмдиги жылы 21, андан кийинки жылы 18 пайызга азайтуу максаты коюлган. Андан тышкары энергетикалык тармакты башкарууну оптимизациялоону жолго коюу керек. Айталы, былтыркы жылы Бишкек ТЭЦнин 2,7 млрд. сомдук чыгашасы республикалык бюджеттин эсебинен жабылган. Быйылкы чыгашасы 1,5 млрд. сомго жетти. Техникалык байкоолорду ишке ашыруу, жаңы эсептегичтерди орнотуу, автоматташтырып башкарууну жолго коюп, жоготуулардын үстүнөн мониторинг жүргүзүү сыяктуу пландуу иштерди аткаруу- энергетикалык тармактын жакшырышына алып келе турган аракеттер. Тарифтердин көтөрүлүшү, албетте, баарына эле жага бербейт. Бирок, эртеби-кечпи биз ага барышыбыз керек болчу. Тарифтердин көтөрүлүшү көпчүлүк үчүн жаңы нерседей кабыл алынып жатат. 2006-жылы Кыргыз Өкмөтү тарифтерди көтөрүү боюнча чечим кабыл алган. Ал ар бир жарым жылда 12 пайыздан өсүп жүрүп отурушу керек эле. Же болбосо ал жылына 25 пайыздан көтөрүлүшү максатка ылайык болчу. Тилекке каршы, Өкмөттүн чечими 2007-2009-жылдар аралыгында аткарылган эмес. Тактап айтсак, ал ар кандай саясый окуяларга байланышып, эч ким элге жаман көрүнгүсү келген жок. Эгерде өткөн үч жыл ичинде тарифтерди акырындап көтөрүп отурсак деле бүгүнкү Өкмөт кабыл алган тариф саясатына келип такалмакпыз. Өлкөдө 1 млн. 200 миң абонентке электр кубатын компенсациялоо боюнча 200 сомдон кошуп жеңилдик бердик. Башкача айтканда ушунча үй-бүлөгө пенсия же айлык акы түрүндө кошумча каражат төлөнүп берилет. Бул боюнча анча карама-каршылык жок. Ал эми Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүн жылытуу, ысык суу берүү системасына баанын жогорулашы боюнча нааразы болгондор арбын. Бул Бишкек шаарында жашаган 100 миң абонентке тийиштүү. Ал республиканын бардык аймактарынын эсебинен каржыланып келе жаткан. Калган 900 миң шаардык абонент Бишкек ТЭЦнин жылытуу жана ысык суу менен тейлөөсүнөн пайдаланышпайт. Баа-рын коюп Чүй каналынан ылдыйкы тарабындагы эле шаардын аймагын алып карасак, алар жогорудагыдай жеңилдиктерсиз жашап, кыш-күрөөдө 15 миң сомго көмүр сатып алып жагышат. Аларга салыштырмалуу Бишкектин көп кабаттуу үйлөрүндөгү абонент 3000 сом төлөп коюп кыштан чыгып кетчү. Бул союз мезгилиндеги социалисттик системадан бери өзгөрүлө элек тариф болчу. Тарифтердин кезектеги көтөрүлүшү калкты социалдык колдоолор менен коштоло тургандыгы да айтылды.

Уюлдук байланыш тарифине Өкмөт кийлигишпейт
Премьер-министр Данияр Үсөновго журналисттердин берген суроолорунун бир кыйласы тариф саясатына байланыштуу болду.
- Кыргызстанга келип жайгаша баштаган 15 жылдан бери уюлдук байланыш компаниялары 470 млн. доллардын тегерегиндеги жеке менчик инвестицияларды тартып келишкен. Уюлдук байланыш системасы үчүн мамлекет эч бир каражат жумшаган эмес. Алар өлкө аймагына он миңдеген станцияларды өз каражаттарына орнотуп келе жатышат. Учурда тоолуу Суусамырга чейин уюлдук байланыш жеткирилгени ага далил. Компаниялар өз ара атаандаштыктын негизинде өнүгүп жүрүп отурушкан. Андыктан, алар тарифин 60 тыйынга көтөрүүсүнө Өкмөт кийлигише албайт. Эгерде, аталган тармакта монополист пайда болуп, өз кызыкчылыгына карата баа саясатын орнотууга аракеттенип, рыноктогу атаандаштык принцибине карама-каршы иш кылган учурда гана Өкмөт кийлигишет. Уюлдук байланыш компанияларынын жүгүртүүсү энергетика системасыныкына караганда эки эсе көп. Ал эми энергетиктердин карызы миллиарддаган сомдорду чапчыйт. Уюлдук операторлор өз ресурстары менен өнүгүп, андан тышкары мамлекетке салык төлөп жатышат, - деп Данияр Токтогулович уюлдук байланыш тармагындагы баа саясаты боюнча позициясын билдирди.

Азык-түлүктүн баасы асмандабайт
Журналисттер менен болгон жолугушуусунда Өкмөт башчысы азык-түлүккө, кеңири керектелүүчү товарларга болгон баанын учурдагы деңгээлине токтолду. Жакында КРнын Өкмөтүнө караштуу антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги алардын кыркка жакын аталыштарынын баасын иликтеп чыгып, сайтка чыгарган. Бир топ саясатчылар былтыркы жылдын ноябрында тарифтердин көтөрүлүшү азык-түлүккө болгон баанын асмандап жогорулашы менен коштолоорун, жалпы эл башына аябагандай каатчылык орноп, кыйын күндөрдүн келерин божомолдоп жиберишкен. Тилекке жараша андай божомолдор негизсиз болуп чыкты. Данияр Үсөнов 2009-жылдын жыйынтыгы менен инфляция 0 пайызга барабар болгондугун билдире кетти. Атүгүл ун, нан, өсүмдүк майы, жумуртка, пияз ж.б. тамак-аштын баасы арзандаган. Жаңы жылдын февраль айында помидор, бадыраң, чай сыяктуу азыктардын баасы көтөрүлгөн. Бул жаңы түшүм чыккан учурда кайра арзандай турган убактылуу көрүнүш. Эт азыктары болсо 1 пайызга кымбаттаган. Шекердин баасынын көтөрүлүшү дүйнөлүк рынокко байланыштуу болду. Ошондой болсо да ички рынокту шекер менен камсыз кылуу боюнча бардык аракеттери көрүлүп жатат. Быйылкы жылы кант кызылчасынын аянтын кеңейтүү каралууда. Колдо бар мүмкүнчүлүктөрдүн баарын пайдаланып, республиканын өзүндө 45-50 миң тонна шекер алууга аракеттер көрүлүүдө. Өлкө калкынын шекерге болгон керектөөсү жылына 100-120 миң тоннанын тегерегинде. Көрүнүп тургандай басымдуу бөлүгү импортко көз каранды. Ошондуктан Чүйдөгү Кошой, Ак-Суу, Кайыңды кант заводдорун газга болгон көз карандылыктан чыгарып, көмүргө өткөрүү иштери жүрүп жатат. КРнын өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жардамы менен дыйкандан кызылчаны кабыл алуу баасын 2500 сом-го чейин көтөрүүгө каражаттык колдоо көрсөтүлө турган болду. Былтыркы жылдагыга караганда буудай эки, ал эми 2008-жылга салыштырмалуу үч эсе арзандаган. Ошого карабай ундун баасы араң эле 30 пайызга түшкөн. Көрүнүп тургандай ун иштетүүчү ишканалардын кирешеси кыйла жогору. Андыктан аларга салыкты да ошого жараша көтөрүүгө туура келет. Баа-рынан кызыгы нан болгону 5 пайызга гана арзандаптыр. Айтор, мындай көрүнүштөрдү жөнгө салуу боюнча Өкмөт башчысы губернаторлорго, акимдерге, КРнын экономикалык тескөө министрине, Салык кызматына атайын тапшырмаларды бергенин журналисттер менен болгон жолугушуусунда кабарлады.
"Биз өткөн жылдын бардык социалдык төлөмдөрүнөн карызы жок чыктык. Ал турсун жаңы жылдын январь айында 1 млрд. сом каражат кору менен чыктык. Андан тышкары Улуттук банктын эсебинде Өкмөттүн 4,5 млрд. сому калган. Январь айынын эсеби менен салык чогултуу 180 пайызга аткарылды. Башкача айтканда 1 млрд. сомго ашыкча жыйналды.
-Кыргызстан үчүн Россиянын, Белорусиянын, Казакстандын бажы союзуна өтүүнүн кажети барбы же жокпу? - деген суроого Өкмөт башчысы төмөнкүдөй жооп берди: "Жогорудагы үч мамлекет Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна өтүү үчүн аракеттенишүүдө. Кыргызстан БСУнун мүчөсү. Андыктан биз эмне үчүн кайра артка кетишибиз керек? Ошого карабай бизде бажы союзуна өтүү зарылчылыгы барбы деген суроо жаралып жатат. БСУнун мүчөсү катары Кыргызстан өз аймагындагы бир уюмдун мүчөсү да болууга укугу бар. Эгерде зарылчылык жаралып калса, анда Кыргызстан бажы союзуна өтүүгө барышы мүмкүн".
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"