Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/10/0226_7.htm on line 2


п»ї
  Ынтымак курултайын утурлап

Ата Журттун аурасы агарсын
2005-жылдын 24-мартындагы Элдик Ыңкылаптан кийинки эки жыл ичиндеги саясый таймаштар мезгилинде эгемендүү Кыргызстандын мамлекет катары биримдигине кайсы бир деңгээлдеги коркунуч болгондугун баамдоого болот. Ошол мезгилде айрым россиялык саясат таануучулардын (мисалы Мигранян), алардын таасири менен биздин саясый аналитик-серепчилердин (мисалы А.Князев) "Кыргызстандын келечеги жок, ал өлкө катары жакынкы жылдарда жок болуп кетиши мүмкүн, анткени ал бутуна тура албады", а түгүл "Кыргызстандын түштүгүн Өзбекстан, түндүгүн Казакстан кошуп алуу перспективасы көрүнүүдө" деген түркөй божомолдор эгемендүү өлкөбүздүн маалымат ааламында пайда болгондугу белгилүү. Өлкө башчысы К.С.Бакиевдин Ынтымак Курултайын өткөрүү демилгесинен улам мамлекет, өлкө, улут, идеология, келечек, баалуулуктар деген сыяктуу назарияттык категориялар тарыхчылар, философтор, саясат таануучулар, журналисттер, дегеле чыгармачыл адамдар тарабынан кайрадан талдоо-электерден өткөрүлүп, анын тигил же бул амалияттык жыйынтыктарын аталган демилгеге байланыштырып жатышат. Биз бул макалабызда өлкө биримдигине байланышкан азын-оолак ой-толгоону сунуш кылууну чечтик…

Улуттун биримдиги - мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылат
Мамлекет жана өлкө деген терминдер бир караганда бирдей маанини түшүндүрүп, белгилери окшош болгондой баамдалганы менен, алар мазмуну боюнча айырмаланып турушат. Өлкө бул негизинен коомду, атуулдук пайдубалды, турмуш-тиричиликтик, чарбалык белгилерди билдирсе, мамлекет дегенде көбүнчө саясый маанидеги белгилерди түшүнөбүз. Ошондуктан тигил же бул элдин, элдердин жана этникалык топтордун белгилүү бир тарыхый чөлкөмдүк чектердин аймагында жашап, алардын саясый-экономикалык, социалдык, тилдик, руханий жалпылыгы болсо өлкө дейбиз. Ал эми ошол өлкөнү башкарып турган башчысы, легитимдүү бийлик уюмдары, саясый системасы, заң-мыйзамдары, аткаруучу бийлиги болсо, ошол өлкөнүн мамлекеттик системасынын уюшуу деңгээли мамлекеттүүлүктү түшүндүрөт.
Мамлекет адатта мазмуну боюнча монархиялык, олигархиялык жана демократиялык болуп, ал эми формасы боюнча абсолюттук монархия, конституциялык монархия, республика жана демократиялык республика болуп бөлүнүшөт. Ал эми демократиялык республикалар болсо башкаруу түрүнө жараша президенттик, парламенттик жана аралаш башкаруудан турган республикалар, башкача айтканда президенттик-парламенттик же премьер-президенттик болуп бөлүнүшү мүмкүн. Кыргызстан мамлекеттик тиби боюнча республика, формасы боюнча президенттик-парламенттик республика. Мамлекетибиздин саясый-аймактык уюшулушу боюнча унитардык өлкөбүз.
Ар кандай мамлекетте анын аймактык-чек аралык бүтүндүгү - өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылат. Ал бүтүндүк белгилүү бир тарыхый аныкталган чөлкөмдө жашаган, саясый, административдик-башкаруу системасы калыптанган, бардык жеринде борбордук жана жергиликтүү бийлик структуралары иштеген биримдикти түшүндүрөт. Региондук бөлүнүп-жарылууга барбаган, коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелери чечилген, так жана бүтүн, келки көрүнүштү биз мамлекеттин бүтүндүгү деп түшүнөбүз. Ал эми мамлекеттин бүтүндүгү - бул өлкөнүн бүтүндүгүн камсыздайт.
Өлкөнүн бүтүндүгү болсо - бул элдин биримдиги. Анткени өлкө деген түшүнүктө негизги белги - бул эл. Мамлекеттин эли моноэтникалык же көп улуттуу болушу мүмкүн. Биздин Кыргызстаныбыз көп улуттуу өлкө, анда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Ар бир улуттун бири-биринен мыйзамдык артыкчылыгы жок, укук-милдеттери бирдей, конституция аркылуу корголуп турат. Алардын жашоо образы, турмуш деңгээли, кулк-мүнөзү, тили, дини башка болушу мүмкүн, бирок, бул айырмачылыктар биздин заң-мыйзамдарга ылайык элдердин биримдигине тескери таасирин тийгизе албайт. Демек, бул көп түрлөрдүн биримдиги (единство разновидностей) деп аталат.
Элдик биримдиктин өзөгү - саясый биримдик
Элдин биримдиги жө-
нүндө кеп кылганда бир мамлекетте жашап жаткан элдердин, улуттардын же этникалык топтордун биримдиги жөнүндө гана эмес, эл арасындагы саясый көз караштардын, турмушка, бийликке, мамлекеттеги тигил же бул орчундуу окуяларга карата болгон мамилелердеги биримдикти да эске алышыбыз абзел. Айрым учурларда бир мамлекеттеги элдердин, этникалык топтордун ажырымынан да бир улуттун ичиндеги саясый көз караштардын ажырымы коркунучтуу болушу мүмкүн. Мындай ажырымдарды көп учурда саясатчылар жаратышат. Кыргызстандын мисалында бул жараян 2005-2007-жылдардагы саясый окуялардан ачык-айкын эле көрүндү.
Элдин биримдигинде саясый биримдик чоң мааниге ээ. Анткени, элдин саясый биримдиги дайыма стабилдүүлүктү камсыз кылып турат. Стабилдүүлүк болсо бул өнүгүү. Татыктуу жашоо. Мына биз, кыргызстандыктар, 2005-жылдын мартынан баштап, 2007-жылдын жаз айларына чейин тынымсыз митинг, а түгүл атуулдук моюн сунбоого чейин барып, Кыргызстандын стабилдүүлүгүн жоготтук эле, канчалаган зыян тарттык. Экономиканын өнүгүүсүнө зыян келди, инвестициянын келүүсү солгундады.





кыргыз тилиндеги гезит "Кыргыз туусу"
email • архив • редакция 
26-февраль, 2010-ж.:
1-бет
Улуттун улуу инсандары
2-бет
Мектебибизден окуучулар ерт болбосо экен
3-бет
Жемейдин кусмайы бар
4-бет
Президент Курманбек БАКИЕВ:
Кыргыз автономиялуу облусу-
эгемендигибиздин башаты

5-бет
Алайкуда 6 адамдан дайын жок
6-бет
Курултайларда
элдин, мекендин келечеги аныкталган

7-бет
Ата Журттун аурасы агарсын
8-бет
Баанын өсүшүн
Өкмөт башчысы
өзү түшүндүрдү

9-бет
Айлык акы жети миң сомдон кем болбойт
10-бет
Улуттун жүрөгүнө
"Манасты" түнөткөнСаякбай ата

11-бет
"Кыргыздардын мурасы жана келечек" долбоору:
пикирлер, сунуштар
Тарыхыбыз баркталса, мурастар урматталса

12-бет
Түштүк борбор кайра жаралат!
13-бет
"Алдыңкы айыл аймагы" конкурсуна
14-бет
Жаз камылгасын кышта көрүп...
15-бет
(Кара кыргыз автономиясынын 85 жылдыгына карата)
Мамлекеттүүлүктүн кайра жаралышы

16-бет
Карылар үйүн караан туткан карылар
17-бет
Каныбек Осмоналиев:
Атак-даңктан Ата Журттун амандыгы артык

19-бет
Ооруну эрте аныктап, учурунда дарылайт
20-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
21-бет
Министерство Государственного Имущества Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
23-бет
Министерство сельского хозяйства Кыргызской Республики
24-бет
Ж. Абдыкалыков
Ач көздүк











??.??